СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

«БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАРБИЯЛООНУН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ (башталгыч класстын окуу китептеринин мисалында)»

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

Теманын актуалдуулугу:  Учурдагы татаал жана карама-каршы тенденцияларга толгон дүйнөдө экологиялык көйгөйлөр глобалдык масштабга өткөндүгү баарыбызга маалым. Адамзат менен табияттын ортосундагы улам татаалдашып бара жаткан маселелер цивилизациянын негизине коркунуч алып келүү менен көп учурда адамзат жашоосунун мүмкүнчүлүктүрүн алдын ала айтууну татаалдаштырат. Ошондуктан экологиялык коопсуздукка атайын илимдин адистери гана эмес, дүйнө жүзүндөгү жалпы коомчулук абдан чоӊ көӊүл буруп жатышат.

Просмотр содержимого документа
««БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАРБИЯЛООНУН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ (башталгыч класстын окуу китептеринин мисалында)»»

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ  ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ  ПЕДАГОГИКА, ПСИХОЛОГИЯ ЖАНА ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИ   Магистрдик диссертациялык иш «БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАРБИЯЛООНУН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ (башталгыч класстын окуу китептеринин мисалында)»    Аткарган: МНО(м)-1-18 тайпасынын  магистранты Камбарова Назира  Жетекчиси: п.и.к., доцент Колдошев М.К.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ ПЕДАГОГИКА, ПСИХОЛОГИЯ ЖАНА ДЕНЕ ТАРБИЯ ФАКУЛЬТЕТИ

  • Магистрдик диссертациялык иш
  • «БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАРБИЯЛООНУН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ
  • (башталгыч класстын окуу китептеринин мисалында)»
  •  
  • Аткарган: МНО(м)-1-18 тайпасынын
  • магистранты Камбарова Назира
  • Жетекчиси: п.и.к., доцент Колдошев М.К.
Теманын актуалдуулугу: Учурдагы татаал жана карама-каршы тенденцияларга толгон дүйнөдө экологиялык көйгөйлөр глобалдык масштабга өткөндүгү баарыбызга маалым. Адамзат менен табияттын ортосундагы улам татаалдашып бара жаткан маселелер цивилизациянын негизине коркунуч алып келүү менен көп учурда адамзат жашоосунун мүмкүнчүлүктүрүн алдын ала айтууну татаалдаштырат. Ошондуктан экологиялык коопсуздукка атайын илимдин адистери гана эмес, дүйнө жүзүндөгү жалпы коомчулук абдан чоӊ көӊүл буруп жатышат.

Теманын актуалдуулугу: Учурдагы татаал жана карама-каршы тенденцияларга толгон дүйнөдө экологиялык көйгөйлөр глобалдык масштабга өткөндүгү баарыбызга маалым. Адамзат менен табияттын ортосундагы улам татаалдашып бара жаткан маселелер цивилизациянын негизине коркунуч алып келүү менен көп учурда адамзат жашоосунун мүмкүнчүлүктүрүн алдын ала айтууну татаалдаштырат. Ошондуктан экологиялык коопсуздукка атайын илимдин адистери гана эмес, дүйнө жүзүндөгү жалпы коомчулук абдан чоӊ көӊүл буруп жатышат.

Магистрдик диссертациялык иштин объектиси: башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруу процесси. Иштин предмети:  башталгыч класстын окуу китептерин окутуу процессинде башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруу.

Магистрдик диссертациялык иштин объектиси: башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруу процесси.

Иштин предмети: башталгыч класстын окуу китептерин окутуу процессинде башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруу.

Магистрдик диссертациялык иштин максаты : башталгыч класстын окуу китептерин окутуу процессинде башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруунун педагогикалык шарттарын иштеп чыгуу жана анын натыйжалуулугун эксперимент аркылуу текшерүү.

Магистрдик диссертациялык иштин максаты :

башталгыч класстын окуу китептерин окутуу процессинде башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруунун педагогикалык шарттарын иштеп чыгуу жана анын натыйжалуулугун эксперимент аркылуу текшерүү.

Бул максатка жараша иштин алдында төмөнкү милдеттер коюлган: 1.  Окуучулардын экологиялык  маданиятын  калыптандыруу проблемасынын педагогикалык теориядагы жана практикадагы абалын, анын методологиялык негиздерин аныктоо. 2.  1-4-класстардагы адабий окуу, мекен таануу сабагында окуучулардын экологиялык маданиятын калыптандыруунун технологияларын, формаларын, методдорун жана каражаттарын иштеп чыгуу. 3.  Адабий окуу, мекен таануу сабагын окутуу процессинде экологиялык билим берүү жана тарбиялоо боюнча Кыргыз Республикасынын  алдыӊкы мугалимдеринин тажрыйбаларын үйрөнүү жана жалпылоо. 4. Адабий окуу, мекен таануу сабагын окутуу процессинде башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруунун педагогикалык шарттарын аныктоо жана алардын натыйжалуулугун эксперимент аркылуу текшерүү.

Бул максатка жараша иштин алдында төмөнкү милдеттер коюлган:

1. Окуучулардын экологиялык маданиятын калыптандыруу

проблемасынын педагогикалык теориядагы жана практикадагы абалын, анын методологиялык негиздерин аныктоо.

2. 1-4-класстардагы адабий окуу, мекен таануу сабагында окуучулардын

экологиялык маданиятын калыптандыруунун технологияларын, формаларын, методдорун жана каражаттарын иштеп чыгуу.

3. Адабий окуу, мекен таануу сабагын окутуу процессинде экологиялык

билим берүү жана тарбиялоо боюнча Кыргыз Республикасынын алдыӊкы мугалимдеринин тажрыйбаларын үйрөнүү жана жалпылоо.

4. Адабий окуу, мекен таануу сабагын окутуу процессинде башталгыч класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруунун педагогикалык шарттарын аныктоо жана алардын натыйжалуулугун эксперимент аркылуу текшерүү.

Магистрдик диссертациялык иштин курамы (структурасы) : Киришүүдөн, эки главадан, 6 параграфтан, корутундудан, пайдаланылган 104 адабияттардын тизмесинен жана 2 тиркеме болуп 124 беттен турат.

Магистрдик диссертациялык иштин курамы (структурасы) :

Киришүүдөн, эки главадан, 6 параграфтан, корутундудан, пайдаланылган 104 адабияттардын тизмесинен жана 2 тиркеме болуп 124 беттен турат.

«БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАРБИЯЛООНУН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИНИН ТЕОРИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕРИ» – деп аталган 1-главада биз     Окуучулардын жаратылышка карата адептүү мамилесин калыптандыруу көйгөйүн дүйнө жүзүндө көптөгөн окумуштуулар активдүү талкулоодо алар: Н.Н. Моисеев, В.С. Степин, Н.Ф. Федоров, С.А. Степанов, Л.П. Буева жана биздин Кыргызстандын окумуштуулары А.М. Мамытов, А.Т. Токтосунов, К.К. Касиев, А.М. Мурсалиев, Б.М. Дженбаев, Э.Дж. Шүкүров, Б.А. Токторалиев, М.Ж. Чоров, А. Байбосунов, Б. Алышбаев, С. Кадыркулова, Б.К. Кулназаров ж.б. экологиялык көйгөйлөрдүн ар кандай аспектилерин изилдешкен жана салымы зор экендигин аныктадык.

«БАШТАЛГЫЧ МЕКТЕПТИН ОКУУЧУЛАРЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАРБИЯЛООНУН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИНИН ТЕОРИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕРИ» – деп аталган 1-главада биз

 

Окуучулардын жаратылышка карата адептүү мамилесин калыптандыруу көйгөйүн дүйнө жүзүндө көптөгөн окумуштуулар активдүү талкулоодо алар: Н.Н. Моисеев, В.С. Степин, Н.Ф. Федоров, С.А. Степанов, Л.П. Буева жана биздин Кыргызстандын окумуштуулары А.М. Мамытов, А.Т. Токтосунов, К.К. Касиев, А.М. Мурсалиев, Б.М. Дженбаев, Э.Дж. Шүкүров, Б.А. Токторалиев, М.Ж. Чоров, А. Байбосунов, Б. Алышбаев, С. Кадыркулова, Б.К. Кулназаров ж.б. экологиялык көйгөйлөрдүн ар кандай аспектилерин изилдешкен жана салымы зор экендигин аныктадык.

II -ГЛАВА. БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАРБИЯСЫН АДАБИЙ ОКУУ, МЕКЕН ТААНУУ АРКЫЛУУ КАЛЫПТАНДЫРУУНУН ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ   Азыркы мектептер мекен таануу, математика, адеп сыяктуу окуу предметтеринин чегинде экология маселелерин окутуу боюнча бай тажрыйбага ээ. Бул предметтер Республиканын көптөгөн мектептеринде эффективдүү иштеп жаткан интеграцияланган «табият таануу» курсунун ажырагыс бөлүгү болуп калды. Изилдөө ишибизде биз, окуучулардын экологиялык маданиятын калыптандырууда адабий окуунун таасири көз карашында анын башталгыч класста окутулушунун теориялык негизине талдоо жүргүздүк.

II -ГЛАВА. БАШТАЛГЫЧ КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫНЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК ТАРБИЯСЫН АДАБИЙ ОКУУ, МЕКЕН ТААНУУ АРКЫЛУУ КАЛЫПТАНДЫРУУНУН ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ  

Азыркы мектептер мекен таануу, математика, адеп сыяктуу окуу предметтеринин чегинде экология маселелерин окутуу боюнча бай тажрыйбага ээ. Бул предметтер Республиканын көптөгөн мектептеринде эффективдүү иштеп жаткан интеграцияланган «табият таануу» курсунун ажырагыс бөлүгү болуп калды.

Изилдөө ишибизде биз, окуучулардын экологиялык маданиятын калыптандырууда адабий окуунун таасири көз карашында анын башталгыч класста окутулушунун теориялык негизине талдоо жүргүздүк.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүүчү орто мектептердин башталгыч класстары үчүн адабий окуу боюнча программаны 2006-жылы бекиткен.

Адабий окуу курсунун негизги мазмунун түзүүчүлөрү белгилегендей, байыркы доордогу жана орто кылымдардагы адабий мурастардын үлгүлөрү, улуттук фольклор, акындар поэзиясы, жазма адабиятыбыздын жана профессионал көркөм сөз өнөрүбүздүн чыгармалары түзөт. Ошондой эле батыш классикасына жана түрк элдеринин, чыгыш классикасынын үлгүлөрүнө да орун берилген.

Программада адабиятты окутуунун кайсы гана этабы болбосун чыгарманын көркөм образын, эстетикалык сулуулугун анын идеялык адеп- ахлактык мазмуну менен бирдикте окутуп үйрөтүүгө көңүл буруу зарылдыгы айтылган. Адабиятты окуп жатып, окуучу сөз даамын татсын, көркөм образдан рахат алсын, жазуучунун тилине тамшансын, сөз байлыгы өссүн, каармандар менен кошо толгонсун, күлсүн, ыйласын жана алар менен бирге азапка кабылсын, турмуштук татаал суроолорго жооп издесин, адабий табити тарбиялансын, эң негизгиси, руху арууланып, инсан катары өссүн, ошол өсүүдө окуган адабий чыгармасы көмөк көрсөтсүн делет.

Бизди экологиялык көйгөйлөргө байланыштуу болгон окуу материалдары кызыктырды. Адамдардын жаратылыш менен болгон өз ара аракеттешүүсүнө арналган чыгармалар башталгыч класстын окуу программасында 3-класстар үчүн Тоголок Молдонун «Бодононун тулкуну алдаганы», Т.Абыкеевдин «Кумурска менен жалкоо», Д.Сулаймановдун «Балапан», Кырчын журналынан «Дарак ыйлаба», Т.Сыдыкбековдун «Мээримдуу канаттуулар» ангемелери, Ч. Айтматовдун «Ак кеме» повести, ал эми 4-класста К.Жусуповдун «Тулпар кадырын сынчы билет», К.Сабыровдун «Токойдун керемети», К.Жантошевдин «Ысык-Кол жонунду соз» , Д.Сулаймановдун «Булбул менен жылан» ангемелери, М.Алыбаевдин «Сот болгон коен» тамсили, «Кожожаш», «Эртоштук» эпостору берилген.

Бизди экологиялык көйгөйлөргө байланыштуу болгон окуу материалдары кызыктырды.

Адамдардын жаратылыш менен болгон өз ара аракеттешүүсүнө арналган чыгармалар башталгыч класстын окуу программасында

3-класстар үчүн Тоголок Молдонун «Бодононун тулкуну алдаганы», Т.Абыкеевдин «Кумурска менен жалкоо», Д.Сулаймановдун «Балапан», Кырчын журналынан «Дарак ыйлаба», Т.Сыдыкбековдун «Мээримдуу канаттуулар» ангемелери, Ч. Айтматовдун «Ак кеме» повести, ал эми

4-класста К.Жусуповдун «Тулпар кадырын сынчы билет», К.Сабыровдун «Токойдун керемети», К.Жантошевдин «Ысык-Кол жонунду соз» , Д.Сулаймановдун «Булбул менен жылан» ангемелери, М.Алыбаевдин «Сот болгон коен» тамсили, «Кожожаш», «Эртоштук» эпостору берилген.

Жогорудагы чыгармаларды окуп үйрөнүү аркылуу окуучулар жаратылышка болгон мамиле жана коомдогу социалдык акыйкаттык сыяктуу маселелердин үстүндө ой толгоолорду жүргүзүп, аларды талдоого алуулары зарыл. Программада да бул чыгармаларды окутууда ушуну эске алуу керектиги белгиленген. Себеби, окуучулардын бул курагы, адептик идеалды издөө, айлана-чөйрөдө өз ордун аныктоо, аларга болгон мамилелешүүнүн стилинин жана ыкмасынын калыптануучу мезгили катары аныкталат.

Жогорудагы чыгармаларды окуп үйрөнүү аркылуу окуучулар жаратылышка болгон мамиле жана коомдогу социалдык акыйкаттык сыяктуу маселелердин үстүндө ой толгоолорду жүргүзүп, аларды талдоого алуулары зарыл. Программада да бул чыгармаларды окутууда ушуну эске алуу керектиги белгиленген. Себеби, окуучулардын бул курагы, адептик идеалды издөө, айлана-чөйрөдө өз ордун аныктоо, аларга болгон мамилелешүүнүн стилинин жана ыкмасынын калыптануучу мезгили катары аныкталат.

Биз адабиятты окуу программасына талдоо жүргүзүү менен катар эле башталгыч класстар үчүн жазылган адабий окуу китебин анализден өткөрдүк. Окуу китеби - окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн уюштуруунун негизги куралы болуп эсептелинет. Окуу китеби бүткүл окуу системасынын микроүлгүсү болуп, практикада окутуунун максаттарын ишке ашыруунун негизги каражаты катары каралат. Мугалим менен окуучунун ортосундагы ишмердүүлүктү аныктоочу, багыттоочу жана уюштуруучу негизги жана борбордук звено катары саналат. Бирок, окуу китеби мугалимдин окуу ишмердүүлүгүн толугу менен алмаштыра албайт. Мугалим сабак убагында окуучулардын билимин өркүндөтүп, акыл-эстик, адеп-ахлактык ж.б. тарбия берүүдө ар түрдүү окутуунун түрлөрүн, бир нече методдорду, каражаттарды да колдонууга тийиш. Ошентсе да окуу китеби окуучулардын толук кандуу өсүп-жетилиши, туура тарбия алышы үчүн алмаштырылгыс каражат .

Биз адабиятты окуу программасына талдоо жүргүзүү менен катар эле башталгыч класстар үчүн жазылган адабий окуу китебин анализден өткөрдүк.

Окуу китеби - окуучулардын окуу ишмердүүлүгүн уюштуруунун негизги куралы болуп эсептелинет. Окуу китеби бүткүл окуу системасынын микроүлгүсү болуп, практикада окутуунун максаттарын ишке ашыруунун негизги каражаты катары каралат. Мугалим менен окуучунун ортосундагы ишмердүүлүктү аныктоочу, багыттоочу жана уюштуруучу негизги жана борбордук звено катары саналат. Бирок, окуу китеби мугалимдин окуу ишмердүүлүгүн толугу менен алмаштыра албайт. Мугалим сабак убагында окуучулардын билимин өркүндөтүп, акыл-эстик, адеп-ахлактык ж.б. тарбия берүүдө ар түрдүү окутуунун түрлөрүн, бир нече методдорду, каражаттарды да колдонууга тийиш. Ошентсе да окуу китеби окуучулардын толук кандуу өсүп-жетилиши, туура тарбия алышы үчүн алмаштырылгыс каражат .

Биз изилдөөгө алган башталгыч класстын 4-классынын окуучулары үчүн жазылган адабий окуу китеби Б.Абдухамидова, С.Рыспаев, К.Ибраимовалар тарабынан жазылган. Бул китеп Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулары тарабынан түзүлүп, 1993-жылы «Мектеп» басмасынан жарык көргөн кыргыз адабиятынын программасынын (түзүүчүлөр: С. Байгазиев, А. Муратов) негизинде жазылган. Окуу китеби 3- класстагы адабият курсунун түздөн-түз уландысы болот, башкача айтканда кыргыз адабиятынын 1960-1990-жылдардагы тарыхына обзор берилет. Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов, У. Абдукаимов, Т. Касымбеков, С. Эралиев, Б. Сарногоев, Т. Абдумомунов, М. Байжиев сыяктуу жазуучулардын өмүрү жана чыгармачылыгы ачылып берилет, ошондой эле кыргыз публицистикасына да орун берилген (1920-1990). Бул китепте «Манас» таануу курсу көркөм-эстетикалык жана тарыхый логикалуу алкакта негиздүү таржымалданган. Китеп факт-материалдардын тактыгы, талдоолордун негиздүүлүгү, ойлорунун логикалуулугу менен айырмаланат. Окуучулардын адабий билим алышына, мезгилди таанып билишине өбөлгө түзөт.

Биз изилдөөгө алган башталгыч класстын 4-классынын окуучулары үчүн жазылган адабий окуу китеби Б.Абдухамидова, С.Рыспаев, К.Ибраимовалар тарабынан жазылган. Бул китеп Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулары тарабынан түзүлүп, 1993-жылы «Мектеп» басмасынан жарык көргөн кыргыз адабиятынын программасынын (түзүүчүлөр: С. Байгазиев, А. Муратов) негизинде жазылган.

Окуу китеби 3- класстагы адабият курсунун түздөн-түз уландысы болот, башкача айтканда кыргыз адабиятынын 1960-1990-жылдардагы тарыхына обзор берилет. Т. Сыдыкбеков, Ч. Айтматов, У. Абдукаимов, Т. Касымбеков, С. Эралиев, Б. Сарногоев, Т. Абдумомунов, М. Байжиев сыяктуу жазуучулардын өмүрү жана чыгармачылыгы ачылып берилет, ошондой эле кыргыз публицистикасына да орун берилген (1920-1990). Бул китепте «Манас» таануу курсу көркөм-эстетикалык жана тарыхый логикалуу алкакта негиздүү таржымалданган. Китеп факт-материалдардын тактыгы, талдоолордун негиздүүлүгү, ойлорунун логикалуулугу менен айырмаланат. Окуучулардын адабий билим алышына, мезгилди таанып билишине өбөлгө түзөт.

Ошентсе да коюлган максатка ылайык, биз, башталгыч класстар үчүн жазылган окуу китебин талдоонун негизинде төмөнкүдөй жыйынтыкка келдик: -  акын, жазуучулардын өмүрү жана чыгармачылыгында алардын жаратылышка карата мамлелери, коомдук салымдары кеңири берилсе ; -  окуу китебиндеги жаратылыш маселелерин камтыган чыгармалар экологиялык өңүттөн кенен талдоого алынса; -  окуучулардын жаратылышка жана ал жөнүндө адабиятка болгон баалуулук багыттарын ачып бере турчу суроо-тапшырмалар түзүлсө .  Биздин оюбузча, сабактардын уюштуруу формаларын өзгөртүү, окутуунун методдорунун жана ыкмаларынын системаларын кеңейтүү, жаратылыштын жана адабияттын интеграциясынын таасири окуучунун инсандык-эмоционалдык чөйрөсүнүн өнүгүшүндө маанилүү роль ойнойт. Экологиялык билим берүү процессинде курчаган дүйнө жөнүндө билим окуучулар үчүн актуалдуу болуп саналат жана адабият таануу билими менен интеграцияланат. Андыктан чыгармада жазылган конкреттүү учурга жана аймакка байланыштуу предметтүү, түшүнүктүү кабыл алынат.

Ошентсе да коюлган максатка ылайык, биз, башталгыч класстар үчүн жазылган окуу китебин талдоонун негизинде төмөнкүдөй жыйынтыкка келдик:

- акын, жазуучулардын өмүрү жана чыгармачылыгында алардын жаратылышка карата мамлелери, коомдук салымдары кеңири берилсе ;

- окуу китебиндеги жаратылыш маселелерин камтыган чыгармалар экологиялык өңүттөн кенен талдоого алынса;

- окуучулардын жаратылышка жана ал жөнүндө адабиятка болгон баалуулук багыттарын ачып бере турчу суроо-тапшырмалар түзүлсө .

Биздин оюбузча, сабактардын уюштуруу формаларын өзгөртүү, окутуунун методдорунун жана ыкмаларынын системаларын кеңейтүү, жаратылыштын жана адабияттын интеграциясынын таасири окуучунун инсандык-эмоционалдык чөйрөсүнүн өнүгүшүндө маанилүү роль ойнойт.

Экологиялык билим берүү процессинде курчаган дүйнө жөнүндө билим окуучулар үчүн актуалдуу болуп саналат жана адабият таануу билими менен интеграцияланат. Андыктан чыгармада жазылган конкреттүү учурга жана аймакка байланыштуу предметтүү, түшүнүктүү кабыл алынат.

Эксперименталдык иштин жүрүшүндө биз, жаратылыш жөнүндө адабиятка карата жогорку таанып-билүүчүлүк кызыкчылыкка ээ болгон окуучулар «эң жакшы» калыптанган экологиялык ынанымга ээ болоруна көңүл бурдук.  Негизинен, окуучулар башталгыч класска келгенде экологиялык билим, билгичтик жана көндүм, экологиялык иш-аракет боюнча жетиштүү маалыматка ээ болуп калат. Ошентсе да изилдөөгө алынган мектептин 1-4-класстарынын окуучуларына максаттуу-багыттуу байкоо жүргүзүү процессинде биз байкагандай маалыматтарын күнүмдүк өз жүрүм- турумдарында ар дайым эле колдоно беришпейт. Ошол себептен, биз окуучуларга бир нече экологиялык сабактарды жүргүздүк. Сабакта жаратылышка карата адабий каармандарынын мамилесинин мүнөзүн түзүү менен алар экологиялык көйгөйдү чечүүдө өздөрү үчүн адептик-этикалык багыттарды белгилешти. Адабий каармандарынын жаратылышка болгон мамилеси жөнүндө эксперименталдык класстын окуучуларынын айткан сөздөрүнөн мисал келтирип кетсек.

Эксперименталдык иштин жүрүшүндө биз, жаратылыш жөнүндө адабиятка карата жогорку таанып-билүүчүлүк кызыкчылыкка ээ болгон окуучулар «эң жакшы» калыптанган экологиялык ынанымга ээ болоруна көңүл бурдук.

Негизинен, окуучулар башталгыч класска келгенде экологиялык билим, билгичтик жана көндүм, экологиялык иш-аракет боюнча жетиштүү маалыматка ээ болуп калат. Ошентсе да изилдөөгө алынган мектептин 1-4-класстарынын окуучуларына максаттуу-багыттуу байкоо жүргүзүү процессинде биз байкагандай маалыматтарын күнүмдүк өз жүрүм- турумдарында ар дайым эле колдоно беришпейт. Ошол себептен, биз окуучуларга бир нече экологиялык сабактарды жүргүздүк. Сабакта жаратылышка карата адабий каармандарынын мамилесинин мүнөзүн түзүү менен алар экологиялык көйгөйдү чечүүдө өздөрү үчүн адептик-этикалык багыттарды белгилешти. Адабий каармандарынын жаратылышка болгон мамилеси жөнүндө эксперименталдык класстын окуучуларынын айткан сөздөрүнөн мисал келтирип кетсек.

Бермет: (Ч. Айтматовдун «Ак-кеме повестинен) Орозкул – зөөкүр, мансапкор адам. Ал мас болгон сайын аялын көк-ала кылып сабайт, кайын атасына кол көтөрөт. Анын адилетсиздиги адамдарга гана эмес, жаратылышка да ошондой. Ошондуктан коруктагы карагайларды кыйып алып аракка алмаштырып сатат.

Тынчтык: (Кожожаш эпосунан) Кожожаш бир урууну мергенчилиги менен багууда табиятка ашкере көрсөткөн айыбынан жаза тартат. өзүнүн кылган Сурэчкинин жалдырап суранганына карабай балдарын кырганына өкүнөт. Ж.б.

Адабий каармандарынын жаратылышка карата мамилесин мүнөздөөдө башталгыч класстын окуучулары ага карата өз мамилесин да билдиришет. Окуучулардын башка адамдардын жана адабий каармандарынын жаратылышка карата мамилесин жана кылган ишин баалоосу, алардын өзүн өзү баалоосуна түрткү берет. Бул эксперименталдык иштин аягында окуучулар жана эксперт-мугалимдер тобу белгилешкендей, натыйжада өзүнүн жүрүм-турумун жакшыртуу каалоосун активдештирет. Демек, экологиялык тарбия беруу боюнча окуу- тарбиялык процесстин өзгөчөлүгү болуп андагы окуучулардын жаратылыш жөнүндө адабиятка жана экологияга болгон таанып-билүү кызыкчылыгына активдүү түрдө түрткү берүү эсептелинет.

Учурда окумуштуулар педагогикалык технология түшүнүгүн мындай аныктап жатышат: «Бул эффективдүү педагогикалык натыйжаларга жетүү үчүн педагогикалык системалардын бардык жактары менен байланышкан билим берүү жаатындагы теория жана практиканын изилдөөлөр системасы» (П. Митчелл); «Окутуу жана тарбия берүүнүн педагогикалык жана психологиялык методдорунун суммасы, процесстин уюштуруучу- методикалык куралы болуп саналат» (Б.Т. Лихачев); ж.б. Демек, педагогикалык технологияны алдын-ала долбоорлонуп пландалган педагогикалык процессти иреттүү түрдө ишке ашыруудагы мугалимдердин иш аракеттеринин байланыштуу системасы деп эсептөөгө болот.

Учурда окумуштуулар педагогикалык технология түшүнүгүн мындай аныктап жатышат:

«Бул эффективдүү педагогикалык натыйжаларга жетүү үчүн педагогикалык системалардын бардык жактары менен байланышкан билим берүү жаатындагы теория жана практиканын изилдөөлөр системасы» (П. Митчелл); «Окутуу жана тарбия берүүнүн педагогикалык жана психологиялык методдорунун суммасы, процесстин уюштуруучу- методикалык куралы болуп саналат» (Б.Т. Лихачев); ж.б.

Демек, педагогикалык технологияны алдын-ала долбоорлонуп пландалган педагогикалык процессти иреттүү түрдө ишке ашыруудагы мугалимдердин иш аракеттеринин байланыштуу системасы деп эсептөөгө болот.

Эксперимент учурунда жүргүзүлгөн сурамжылоонун негизинде мугалимдердин көпчүлүгү экологиялык маданиятты калыптандыруу адабият сабагынын мугалимдерине эч кандай тиешеси жок, бул милдет табигый илимдер сабагынын мугалимдерине гана тиешелүү деген пикирлерин билдиришкен (1-анкета). Бул жаңылыш көз караш.

Контролдук салыштыруулардын натыйжаларын анализге алганда эксперименттик класстарда сынактан өткөрүлгөн программа балдардын экологиялык билимин байытууга, табият чөйрөсүндөгү жүрүш-туруштун практикалык көндүмдөрү менен жосундарын калыптандырууга, адеп-ахлак жана эстетикалык жактан жетилүүсүнө шарт-ыңгай түзөрү далилденди. Калыптандыруучу эксперимент кыргыздын элдик педагогикасынын прогрессивдүү идеялары менен тажрыйбаларынын негизинде сабактарда, класстан тышкаркы иштерде, мектеп менен үй бүлөнүн биргелешкен иш аракети аркылуу окуучуларды экологиялык жактан тарбиялоонун формаларын методдорун өркүндөтүүгө багытталды.

Тажрыйба-практика ишинин жүрүшүндө «Мекен таануу» жана «Адабий окуу» «Кыргыз тили» «Математика, сүрөт сабактарына маани бердик.

Биз тарабынан жүргүзүлгөн эксперимент–тажрыйба иштери экологиялык таалим–тарбияны башталгыч клаастардын бардык окуу предметтерининин алкагында өркүндөтүүгө болоорун тастыктады.

Азыркы учурда төмөндөгүдөй технологиялар практикада активдүү колдонулуп келе жатат: Проблемалык окутуу. Өнүктүрүп-өстүрүүчү окутуу. Оюнга негизделген окутуу. Экологиялык тарбия берүүдө өзгөчө роль экскурсияларга таандык. Алар окуучуларга айлана-чөйрөнүн абалы менен табигый шартта таанышууга мүмкүндүк берет. Биз азыркы шартка байланыштуу экскурсияны «онлайн-экскурсия» кылып откордук…….

Азыркы учурда төмөндөгүдөй технологиялар практикада активдүү колдонулуп келе жатат:

  • Проблемалык окутуу.
  • Өнүктүрүп-өстүрүүчү окутуу.
  • Оюнга негизделген окутуу.

Экологиялык тарбия берүүдө өзгөчө роль экскурсияларга таандык. Алар окуучуларга айлана-чөйрөнүн абалы менен табигый шартта таанышууга мүмкүндүк берет.

Биз азыркы шартка байланыштуу экскурсияны «онлайн-экскурсия» кылып откордук…….

ЖАЛПЫ КОРУТУНДУ

Башталгыч класстын окуучулары үчүн жазылган окуу китептер менен окуу куралдарын анализге алганыбызда, алардын авторлору экологиялык тарбиянын программалык талаптарын аткаруу үчүн этнопедагогикалык материалды иргеп пайдаланууда бир кыйла чар жайыттыкка жол беришкендиктери аныкталды. Ошондуктан, биз окуу адабияттарынын тарбиялык потенциалын күчөтүү максатында аларды: табият таануучулук жана фольклордук материалдарды колдонуунун кыйла жетик системасын түзүү; элдик педагогиканын каражаттарын пайдалануудагы уланмалуулукту жүзөгө ашыруу; тексттерди жана усулдук аппаратты байытуу; предмет аралык байланышты чыңдоо ж.б.у.с. жолдор менен өркүндөтүү зарыл деген жыйынтыкка келдик.

Эксперименттин жүрүшүндө башталгыч класс окуучулардын экологиялык жактан тарбиялангандыгынын шарттуу түрдөгү үч башка деңгээли аныкталды. Табиятка карата этият, дилгир мамиленин калыптануу динамикасын кыйла толук чагылдырган бул деңгээлдер "жогору", "орто" жана "төмөн" деп бөлүндү. Башталгыч класс окуучуларынын табиятка карата эмоциялык-эстетикалык мамилесин калыптандыруунун таасирдүү жолдорунун бири болгон экскурсияны уюштурууда балдардын жаратылыш менен жакындашуу чөйрөсү кеңейтилди, анын таасирдүүлүгү улуттук майрамдардын, үрп-адаттардын, оюндардын фольклордун каражаттарын айкалыштыра колдонуу аркылуу жогорулатылды. Изилдөөдө көптөгөн ата-энелер балдарды табиятка карата жоопкерчиликтүү мамиле жасоого тарбиялоо үчүн эчен кылымдар бою топтолуп, сыналган элдик эң жакшы салттарды али да жетиштүү даражада пайдаланбай келе жатышкандыктары айкын болду.

 Көӊүл бурганыӊыздар үчүн чоӊ рахмат!!!

Көӊүл бурганыӊыздар үчүн чоӊ рахмат!!!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!