СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Балдарды аң-сезимдүүлүккө тарбиялоодо ата-эне менен мугалимдин ролу

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Балдарды аң-сезимдүүлүккө тарбиялоо

Просмотр содержимого документа
«Балдарды аң-сезимдүүлүккө тарбиялоодо ата-эне менен мугалимдин ролу»

Тема: Балдарды аң-сезимдүүлүккө тарбиялоодо педагогдун жана үй-бүлөнүн ролу

Улуу педагог А.С.Макаренко: “Адамды бактыга үйрөтүү мүмкүн эмес, бирок бактылуу кылып тарбиялоого мүмкүн” деген. Мына ушу сыяктуу адептик аң-сезимдүүлүккө тарбиялоо бала үчүн урагыс чеп сыяктуу. Мыкты тарбия көргөн бала жакшы менен жаманды, ак менен караны ажыратат. Андай окуучу ак ниеттүү, чынчыл болот. Акыйкат издейт, адамга чын жүрөктөн мамиле кылат, ачык айтып, ак сүйлөйт, сөзү маанилүү, мазмундуу, ак көңүл, жакшылык кылууга умтулат, жашоонун маанисин баамдайт, жоопкерчиликтүү болот, башкаларды кунт коюп угат. Жогорку аң-сезимдүү окуучу олуттуу, орчундуу нерсени түшүнөт, дүйнөнү бирдиктуу кабылдайт. Айлана-чөйрөгө, жаратылышка, улуу-кичүүгө, курбуларына туура мамиле жасайт. Тааныштарынын позитивдүү ишин өз пайдасын ойлобой колдой билет, чыгармачыл, энергиялуу болот, өзүнө жана коомго пайдалуу ишти тез кабылдайт. Мыкты тарбияланган балага Батыш менен Чыгыштын терс тарбиясы таасир тийгизе албайт.

Жогорудагыдай окуучуну тарбиялаш үчүн педагог өзү кандай болуш керек? Балдардын көз карашын калыптандырууда ыйык жоопкерчиликти сезген, өзүнө көргөзүлгөн ишенимди актай билген, жогорку аң-сезиимдүү ойчул болуш керек. Окуучулардын адептик аң-сезимдүүлүгү алардын (келечектеги) тагдырындагы орчундуу маселе экендигин түшүнгөн болуусу абзел.

Акыркы мезгилде адептик аң-сезим, жашоонун маңызы , адамдын руху, дили, насили, акыл-эси, ойлому, көз карашы жана башка ушул сыяктуу философиялык категориялар традициялык абстрактуу маанисин жоготуп, өзүнүн функциясына, маңызына, мазмунуна жараша дүйнө таануусуна адекваттуу мааниге ээ. Адамдын жүрүш-турушу, иш-аракети анын ой жүгүртүүсүнө, көз карашына, аң-сезимине өнүгүү деңгээлине байланыштуу. Педагогдун дүйнөнү кантип таанып билгендигин, мектептин функциясынын нукура маңызын түшүнүүсүн, дүйнөлүк педагогикалык актуалдуу маселелер боюнча ой жүгүртө билүүсүн, педагог теоретик катары билим берүүнүн философиясын түшүнүүсүн – мамлекеттин, жалпы эле адамзаттык маданияттын өнүгүүсүнө түрткү болчу күч катары караса болот. Анткени жашоого жаңыдан келген окуучунун адептик аң-сезиминин өнүгүүсү, рухий дүйнөсүнүн тазалыгы, көз карашынын туура калыптанышы мектеп мугалимдеринин аң-сезимдүүлүгүнөн, көз карашынан, ойчулдугунан, педагогикалык чеберчилигинен көз каранды. Педагогдун өзүнүн дүйнө таанымы, билиминин потенциалы мамлекеттин эртеңки келечегин аныктайт. Педагогдор бүткүл өмүрүн жаш муундарды тарбиялоо ишине арнаган, өздөрүн ушул кесип үчүн жаралгандай сезишкен асыл инсандар болушат. Окуучусу үчүн болгон иш-аракетин жумшап, тарбиялашат, бирок бул окуучу үчүн жетишсиз. Себеби, жаш муундар ар тараптан тарбияланышы керек. Ата-эне да өз баласына үлгү болгондой сапаттарга ээ болушу керек, ар дайым көзөмөлгө алып, улуу кыргыз элинин макал-лакаптары, улуу асыл ойлору менен тарбиялагандан тажабашы керек.

Бүгүнкү күндө окуучулардын логикалык ойломунун, интелектинин өнүгүшүнө көбүнчө көңүл бурулуп, адептик аң-сезимине, ыйманына, рухий маселелерге жеткиликтүү көңүл бурулбай калууда. Бул маселе мугалимге гана тиешелүү эмес. Анткени, окуу планында каралган предметтердин чегинде адептик аң-сезимди калыптандырууга мугалимдин мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Ошондуктан, бул маселеде үй-бүлөнүн мааниси өтө зор деп эсептейм. Үй-бүлө тарбиясы менен андагы тартиптин мааниси зор. Ал максатка ылайык болсо, балага таасири күчтүү болот. Үй-бүлөнүн милдети балдарды болочок турмушка даярдоо, анын адам катары калыптанышына кам көрүү, телегейи тегиз болуп өнүгүшүнө шарт түзүү, жашоо эрежелерин үйрөтүү, акыл-эсин өстүрүү, адептүүлүккө үйрөтүү, маданий байлыктар менен тааныштыруу, эмгекке үрөтүү, чыгармачылык аракетке кызыктыруу жана башка.

Мухаммед (сав) пайгамбар: “Ата-эне үчүн өз балдарына жакшы тарбия берүүдөн өткөн жакшы мурас жок” деген. Ата-эне менен баланын ортосундагы гумандуу мамиле адептүүлүктүн башаты. Эгер ата-энелер балдары менен туура мамиле түзсө, алар аракетчил болушат. Бала адептик аракетке, жакшылыкка дилгир эмес болсо, үй-бүлөдө көйгөй пайда болот. Бүгүнкү күндө гумандуулук аз, кайдыгерлик көп деп капаланабыз. Бул чындык. Гумандуу мамилени балдар улуулардан көрбөсө, кимден үйрөнөт?

Бала тарбияны эң биринчи кимден алат? Албетте, ата-энеден, башкача айтканда тарбия үй-бүлөдөн башталат. Калган бөлүгүн мектептен, чөйрөдөн жана башка жактардан алат. Тарбия берүүдө атага караганда эненин ролу өтө чоң. Ошондуктан, “Атасы жамандын бирөө жаман, энеси жамандын баары жаман” дешет. Азыркы мезгилде көпчүлүк ата-энелер турмуштун айынан өз балдарына тарбия берүүгө убактылары жок болуп жаткандыгы ачуу чындык. Мына ушундан улам мамлекеттик деңгээлдеги чоң көйгөйлөр пайда болууда. Бул маселелерге өз жанын өзү кыюу (суицид), зордук-зомбулук, уурулук өңдүү терс көрүнүштөрдү киргизсек болот. Мунун баары ата-энелер балдарына көп көңүл бурбагандыгынан, чет мамлекеттерге иштеп кетип (мигранттар), балдарын жакын адамдарына таштап окутуусунан, мектеп менен тыгыз байланышпагандыгынан, балдарга жогорудагы айтылган тарбияларды толук бере албай жаткандыгынан келип жатат деген ойдомун. Балдарды аң-сезимдүүлүккө тарбиялоода бала, ата-эне, мугалим үчөө өтө тыгыз байланышта болуш керек

Тоң районуна караштуу Коңур-Өлөң айылынын К.Иманалиев атындагы жалпы орто мектебинин кыргыз тили, адабияты мугалими жана социалдык педагогу касымбаенва Роза Шаршеевна


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!