СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Баланын укуктары

Категория: Право

Нажмите, чтобы узнать подробности

Баланын укуктары 

Просмотр содержимого документа
«Баланын укуктары»

Тема: Баланын укуктары жана Конвенция.


Сабактын максаты



1.




Билим берүүчүлүк




Балдар коомдо өзүн-өзү таануу аркылуу коомдо аларды коргогон уюмдар жөнүндө түшүнүк алышат.



2.






Өнүктүүүчүлүк






Балдар салыштырышып изилдөө менен маалымат алышып,топтордо бирге даярданышып,жооп берүү көндүмдөрүн өнүктүрүшөт.



3.




Тарбия берүүчүлүк




Окуучулар өз алдынча жана мугалим менен бирге иштеп сабактын жүрүшүн камсыз кылышат.




Сабактын тиби: Стандарттык эмес интеграцияланган сабак.


Сабактын усулу: Интерактивдүү усул.


Сабактар аралык байланыш: Кыргыз тил,адеп,тарых ж.б.


Сабактын жабдылышы: Слайд,сүрөттөр,класстер,мыйзамдардан

беренелер,батман,скотч,маркер.


Сабактагы жаңы түшүнүктөр: Декларация,Конвенция,


Сабактын жүрүшү: Уюштуруу

1.Саламдашуу

2.Окуучуларды жоктоо

3.Окуучулардын эске тутуусун билүү максатында акыл чабуул

уюштуруу.

4.Түзүлгөн алтын эрежени эске алуу.

5.Үй тапшырманы суроо.

6.Топторго бөлүнүшөт.

7.Жаңы теманы баяндоо.


Тема боюнча окуучулардын билимин билүү максатында акыл чабуулу:

-Балалык деген эмне?

-Балдардын укугун коргогон уюм барбы,болсо эмне деп аталат?



Ар бир топ бирден ак кагаз алып класстер түзгүлө,силердин топтогулардын ою боюнча балага,баланын чоңоюшунда,инсан катары калыптанышында ага кимдер таасир этет?


Класстер болжолдуу болушу мүмкүн:


Декларация- а) жарыя кылуу,салтанаттуу жарыялоо.

б) кандайдыр бир маалыматты камтыган кээ бир документтердин

аталышы.

Конвенция-кабыл алуу, милдеттенүү.


Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) – эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту колдоо жана бекемдөө, мамлекеттер аралык тынчтык кызматташтыгын өнүктүрүү максатында суверендүү мамлекеттердин ыктыярдуу биригүүсүнүн негизинде түзүлгөн эл аралык уюм.


БУУну түзүү антигитлердик коалициялык негизги мамлекеттердин демилгелери менен ишке ашырыла баштаган. БУУнун аткара турган негизги иш чаралары жана түзүлүшү 2-дүйнөлүк согуштун убагында эле (Москвадагы СССР, АКШ, Улуу Британия  мамлекетинин тышкы иштер министрлеринин жыйынында (1943-ж.), Думбартон – Оксфорд конференциясында (1944-ж.), Крым  (Ялта) конференциясында (1945-ж.),Сан-Франциско  конференциясында (1945-ж.) талкуулана баштаган. Сан-Франциско конференциясында 51 мамлекеттин өкүлдөрү кол койгон (анын ичинен бешөө Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү).

БУУнун уставы күчүнө кирген 24-октябрь 1945-жыл – жыл сайын БУУнун түзүлгөн күнү катары белгиленет. БУУнун Уставында бекиген башкы максаттары: эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту коргоо, мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү; дүйнө элинин бейкуттугун буза турган ар кандай агрессиялык актыларды, эл аралык талаш-тартыш маселелерин тынчтык жолу менен чечүү жана жөнгө салуу; улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен улуттар арасындагы достукту, тең укуктуулукту өнүктүрүү; адам укуктары  тилине, дилине, расасына,  жынысына карабастан бардык адамдарга бирдейлигин бекемдөө жана эл аралык маданий, социалдык, экономикалык проблемаларды чечүүдө эл аралык кызматташууну камсыз кылуу. БУУнун Уставында эл аралык кызматташуунун бир нече демократиялык принциптери каралган жана бекитилген: мисалы,

  • баардык мүчөлөрдүн суверендүү тең укуктуулугу;

  • кабыл алган Уставдагы милдеттерди ак ниеттүүлүк жана жоопкерчилик менен аткаруу;

  • эл аралык талаш-тартыштарды чечүүдө эл аралык тынчтыкка, коопсуздукка, адилеттүүлүккө коркунуч алып келбей тургандай негизде чечүү.

Азыркы учурда БУУда 193 мамлекет мүчө болуп катталган.

БУУнун башкы органдары:
1. Генералдык Ассамблея;
2. Коопсуздук Совети;
3. Экономикалык жана социалдык Совет;
4. Кам көрүү Совети;
5. Эл аралык Сот;
6. Секретариат же Башкы секретарь,
7. Адам укугу боюнча Жогорку комиссар



Штаб-квартирасы


Нью-Йорк (АКШ)

Кошумча кеңселери


Женева, Вена, Найроби.

Колдонулуучу тилдер


англис, араб, испан, кытай, орус, француз

Жетекчиси


Пан Ги Мун

Түзүлгөн датасы


24 октябрь 1945 жыл




Балдарды коргоо боюнча түшүнүк берилет:


Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 1959-жылдын 20-ноябрында Балдар укуктарынын Декларациясы кабыл алынган.

1989-жылы Бала укуктары тууралуу Конвенция кабыл алынып,ал эми 1990-жылы балдардын кызыкчылыгы үчүн бүткүл дүйнөлүк жолугушуу чакырылган, ага 71 өлкөнүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышкан.

Бүгүнкү күндө Конвенцияга 191 мамлекет катышат, ал эң кеңири таанылган эл аралык документ.

Кыргыз Республикасы баланын укуктары тууралуу Конвенцияны 1994-жылы январь айында кабыл алган.


БУУнун Генералдык Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган балдар укуктары жөнүндөгү Конвенциянын беренелери менен тааныштыруу.

Конвенция 54 беренеден турат.Анын ичинен 43-54-беренелерде мамлекет жана чоңдор тарабынан балдардын укуктарынын сакталышы тууралуу айтылат. Ар бир өспүрүм өзүнүн негизги укуктарын билүүсү зарыл.

Мисалы:

1-берене. Эгерде сен 18 жашка чыга элек болсоң, сен өспүрүм болуп эсептелесиң.


2-берене. Бардык балдар бирдей укукка ээ.


3-берене. Мамлекет сенин укуктарыңдын сакталышына жооп бериши керек.


6-берене.Сен жашоого,ден соолукта өнүгүүгө укуктуусуң.


24-берене. Сен мыкты медициналык кызмат алууга укуктуусуң.


31-берене. Сен эс алууга,ойногонго жана чыгармачылык менен иштөөгө укуктуусуң.


41-берене. Сен өз укуктарыңды билүүгө укуктуусуң. Аны чоң кишилерда билип

сыйлашы керек.


Балдардын укуктарынын бузулушунун себептерине класстер түзүүшөт жана талкуулашат.




















Бышыктоо: Өтүлгөн жаңы тема боюнча суроолор.

1.БУУ качан түзүлгөн?

2.БУУнун башкы катчысы ким?

3. Балдардын укуктары жөнүндө конвенция качан кабыл алынган?

4.Ал канча беренеден турат?

5.Балдардын кандай укуктары бар?





Баалоо: Топтордогу жооп берген окуучулардын жөндөмүнө карап

бааланат,ыраазычылык билдирилет.



Үй тапшырма: Ар бир топко эгер силер Жогорку Кеңештин депутаттар болсоңор,балдар жөнүндө кандай мыйзам кабыл алмаксыңар? Эмне себептен? деген

суроого жооп жазып келүү.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!