Байыркы мезгил боюнча тесттер жана тапшырмалар
1 .Адамдар айбандар дүйнөсүнөн бөлүнүп чыккандан кийин (2,5 млн жыл мурда) кандай коомдо жашаган?
А) алгачкы жамааттык коомдо * Б) матриархат доорунда
В) кул ээлөөчүлүк түзүлүштө Г) капиталисттик коомдо
2.Байыркы адамдар жаныбарлар дүйнөсүнөн кайсы мезгилде бөлүнүп чыга баштаган?
А) 2 млн жылдай мурда Б) 2,5 млн жыл мурда *
В) 5 млн жылдай мурда Г)10 млн жылдай мурда
3. Байыркы мезгилде адамдар жапайы жаныбарлардан коргонуу жана аларга аңчылык кылуу максатында үйүр-үйүр болуп жашашкан. Байыркы адамдардын алгачкы кесиби эмне болгон?
А) аңчылык Б) жыйноочулук жана аңчылык *
В) малчылык жана дыйканчылык
4 .Төмөнкү варианттардын кайсынысы алгачкы адамдардын куралдары болгон?
А )жаа,найза,кылычтар,бычактар, ороктор Б) кырдуу таштар,жер казуучу союлдар*
В )балталар,канжарлар,кош миздүү кылычтар
Г) найза,кылыч,калкан, ай балта,жаа-жебе
5. Байыркы адамдар ар түрдүү сүрөттөрдү тартышкан:
А )кагазга
Б) жыгачка
В) ташка*
Г) папируска
6 .Дыйкандардын эң байыркы мезгилде отурукташкан жерлерин белгилегиле:
А )15 миң жыл мурда Түндүк Кытайда Б) 10миң жыл мурун Алдыңкы Азияда*
В) 6миң жыл мурун Батыш Африкада Г) 5миң жыл мурун Түштүк Азияда
7. Адамзат тарыхында темир доору кайсы жерде башталган?
А) Египеттин аймагында Б) Алдыңкы Азияда*
В) Эки дарыя аралыгында Г )Европанын чыгышында
8 .”Аксакалдар кеңеши” кандай иштерди аткарган?
А )уруудагы бардык маанилүү иштерди башкарган*
Б) диний ырым-жырымдарды өткөрүп турушкан
В) эч кандай маселени чече алган эмес
Г) мамлекеттеги эң ардактуу инсандар болушкан
Кошумча маалымат!
1). Байыркы таш доору – палеолит
2). Ортоңку таш доору – мезолит
3). Жаңы таш доору – неолит
4) Жез-таш кылымы – энеолит
9 .Алгачкы жамааттык коомдун эң узакка созулган мезгили таш доору болуп саналат. Таш доору үчкө бөлүнөт. Кайсы таш кылымы-мезолит деп аталат?
А) байыркы Б )ортоңку * В) жаңы Г) билбейм
10. Байыркы таш доору кандай аталат.
А) палеолит * Б) мезолит В) неолит Г) Энеолит
11. Эрте палеолит доору кайсы мезгилди камтыйт?
А) б.з.ч. 2,6 млн-б.з.ч. 40 миң
Б) б.з.ч. 140 миң-б.з.ч 40 миң*
В) б.з.ч. 2,6 млн-б.з.ч. 800 миң
Г) б.з.ч 2,4 млн-б.з.ч. 500 миң