Просмотр содержимого документа
«Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөм»
Кыргыз тили
9-класс
Мугалими: Мырзагелдиева Э.К.
Өнөр –агып жаткан булак,
Илим- жанып турган чырак.
Сабактын темасы:
Байламтасыз
тең байланыштагы
татаал
сүйлөм
Сабактын максаты:
- Тең байланыштагы татаал сүйлөм деген эмне?
- Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдөр кандай маанилик катышта колдонулат?
Өткөн сабакта:
Тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн
түзүлүшү.
136-көнүгүү. Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү гана көчүрүп жазгыла .
Жаңы тема:
Бештин айынын он бири.
Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөм.
Тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдүн тутумундагы
жөнөкөй сүйлөмдөрдүн өз ара интонация аркылуу байланышын
тең байланыштагы татаал сүйлөм
дейбиз. Мисалы: Көп жашаган билбейт,
көптү көргөн билет
Байламтасыз багынычсыз татаал сүйлөмдүн тутумундагы
жөнөкөй сүйлөмдөр өз ара төмөнкүдөй маанилик катышта колдонулат:
а) Мезгилдеш. Мындай сүйлөмдөрдө окуя бир же ар мезгилде
болгону көрсөтүлөт:
Сессия башталды, студенттер
экзамен, зачетторун тапшыра
башташты. Мен уктайм, сен сабагыңа
даярдан.
б) Карама-каршы . Бул сүйлөмдөрдө ой бири экинчисине
каршы мааниде болот: Тилден уу да тамат, бал да тамат. Ооору кетет – адат кетпейт.
в) Себеп-натыйжалаш. Мында татаал сүйлөмдүн тутумундагы
жөнөкөй сүйлөмдөрдүн экинчиси биринчи сүйлөмдөгү айтылган
ойдун натыйжасын билдирет:
Чагылган жарк этти – Айша жерде
сулап жатты.
г) Чечмелөө . Мындай сүйлөмдөрдүн тутумундагы жөнөкөй
сүйлөмдөрдүн бири жалпыланган ойду билдирет, калгандары анын
маанисин тактап, чечмелеп көрсөтөт: Бектурган бүгүн бактылуу: эки
уулу бала-чакасы менен кашында; алар ойноп-күлүп конокто
отурушат.
д) Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдүн
тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөрдүн экинчи сүйлөмү
биринчи сүйлөмдүн маанисин толуктап,
ага кошумча түшүндүрмө берет:
Студенттердин парламенти түзүлдү –
анын башчысы 3-курстун старостасы болду.
ж) Мында экинчи сүйлөм биринчи сүйлөмдө айтылган ойдун
себебин билдирет: Биз абдан чарчадык: жумуш абдан көп экен.
Бышыктоо:
140-көнүгүү.
Окугула. Байламтасыз тең байланыштагы татаал сүйлөмдөрдү таап жазгыла .
Кийинки сабакта
амандашканча
саламатта болгула!