СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Атомдун ядросу жана электрондук катмарлар алардын электрон менен толтуруу ирети, принциптери жана эрежелери.

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

1927-ж. Луи-де-Бройль электрон жалаң гана массасы бар бөлүкчө эмес, толкун түрүндө кыймылдай тургандыгын тажрыйба түрүндө далилдеп, теңдеме сунуштаган.

Просмотр содержимого документа
«Атомдун ядросу жана электрондук катмарлар алардын электрон менен толтуруу ирети, принциптери жана эрежелери.»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Атомдун ядросу жана электрондук катмарлар алардын электрон менен толтуруу ирети, принциптери жана эрежелери.

Сабактын методу: иллюстрациялап түшүндүрүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: аӊгемелешүү


Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Атомдун ядросу жана электрондук катмарлар алардын электрон менен толтуруу ирети, принциптери жана эрежелерин окуп үйрөнүшөт

  • Атомдун ядросу;

  • электрондук катмарлар алардын электрон менен толтуруу ирети;

  • принциптери жана эрежелерин айтып бере алышса

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Атом, атомдун түзүлүшү, электрон, протон, нейтрон, орбиталь, мезгилдик система, мезгил, топ, атомдордун касиеттери, металл жана металл эместер боюнча түшүнүгү өнүгөт. Жоопкерчиликтүү болууга тарбияланышат.

  • Атом;

  • атомдун түзүлүшү;

  • электрон;

  • протон;

  • нейтрон;

  • орбиталь;

  • мезгилдик система;

  • мезгил;

  • топ;

  • атомдордун касиеттери;

  • металл жана металл эместер боюнча айтып бере алыса


Күтүлүүчү натыйжа:

  • Атомдун ядросу;

  • электрондук катмарлар алардын электрон менен толтуруу ирети;

  • принциптери жана эрежелерин айтып бере алышат.

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): ): Атомдун ядросу жана электрондук катмарлар алардын электрон менен толтуруу ирети, принциптери жана эрежелери, атомдун түзүлүшү жөнүндө маалымат алышат.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Атом, атомдун түзүлүшү, электрон, протон, нейтрон, орбиталь, мезгилдик система, мезгил, топ, атомдордун касиеттери, металл жана металл эместер боюнча билими бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.


Жагымдуу маанай түзүү:

Чымчыктын сүрөтүн бул баракка тарткыла

Эгереде чымчык ортосундагы тегерекчеде болсо:

Сиздин максатыңыз сиздин кызыкчылыгыңыз менен байланыштуу. Сизге пайда алып келген нерселер менен гана кызыгасыз. Эч кимди өз моюнуңузга отургузуп, жардам бергиңиз келбейт.

1-4

Сиз башкаларды аяган, жоопкерчиликтүү, башканын кайгысын кошо тең бөлүшкөн адамсыз. Сиздин жашооңуздагы ойлоруңуздун көбүнчөсү өзүңүздү ойлогонго караганда, башкаларда көбүрөөк ойлоносуз. Досуңузду эч качан колдоосуз калтырбайсыз. Өтүп кеткен мүмкүнчүлүктөрүңүздү көп ойлоносуз, мындай ойлор максатыңызга жетүүгө тоскоолдуктарды кезиктирет. Учурду туура колдунууңуз зарыл. 1-2 Сиздин максатыңыз ачык көрүнбөйт. Сиз тунук эмес, болбой турган максат менен кыялданасыз. Асман менен жердей, мүмкүнчүлүккө туура келбеген кыялдар. Күнүмдүк турмуш-тиричилик проблемасы сизге кызыгы жок 2-3 Сиз кыялыңызга жетүү үчүн бардык кыймыл-аракетиңизди жумшайсыз. Эртеңики күнүңүздүн ийгиликтүү болушун каалайсыз. Эртеңкини гана ойлонбостон бүгүнкү күнүңүздүн кызыктуу, жагымдуу өтүүсүнө дагы аракеттениңиз. 3-4 Сиздин кыялыңыз мүмкүнчүлүккө жетишээрлик. Сиз практиксиз, реалист адамсыз. Сиз болбой турган нерсени кыялданбайсыз. Эч кандай аракети жок эле «диванда кыялданган» адамдар сиздин кыжырыңзга тиет. Кыялданууну көп деле жактыра бербей, андан көрө пайдалуу иш менен алектенесиз. Бүт квадрат ичине тартылса Сиз өтө фантазияңыз жогору, башкаларга окшобогон адамсыз. Сизден көп адамдар үлгү алуусу жакшы. Фантазияңыз менен ойлоруңузду айкалыштыра алган өзгөчө адамсыз.


Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

1. α, β, γ - нурларынын өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүп бергиле?

Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

Ошентип Бор-Зиммерфельд теориясы жаратылыштагы макробөлүкчөлөр закондорун микробөлүкчөлөргө (атом, электрон, фотон ж. б.) түздөн-түз колдонууга болбой тургандыгын көрсөттү жана микробөлүкчөлөргө ылайыкталган жаңы физикалык теориянын иштелип чыгышына объективдүү шарттары түзүлдү.

Кванттык механика илими атом түзүлүш теориясынын жаңы маалыматтар менен толуктады:

1927-ж. Луи-де-Бройль электрон жалаң гана массасы бар бөлүкчө эмес, толкун түрүндө кыймылдай тургандыгын тажрыйба түрүндө далилдеп, теңдеме сунуштаган.


Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):


Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

  1. Элементтин катар саны эмнени көрсөтөт?

  2. Атом деген эмне?



Үйгѳ тапшырма:

1.Төмөнкү берилген элементтердин катар санын билүү менен нейтрондордун санын эсептегиле: 8O, 16S, 20Ca, 24Cr, 26Fe, 29Cu

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!