СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Атомдук тузулушу. Тест №2

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Атомдун өлчөмү анын электрон кабыкчасынын өлчөмү менен аныкталат жана ядрого караганда атом кыйла чоңдук кылат (Атомдун сызыктуу өлчөмү 10-8 см, ядронуку 1012 - 1013 см). Электрон катмарынын так белгиленген чеги болбойт жана атомдун өлчөмү аздыр-көптүр аны аныктоо ыкмасына жараша болот. Ядронун заряды атомдун негизги мүнөздөмөсү - ал белгилүү элементке тиешелүү болот жана абсолюттук мааниси боюнча электрондун зарядына барабар.

Просмотр содержимого документа
«Атомдук тузулушу. Тест №2»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Тест №2

Сабактын методу: репродуктивдүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: өз алдынча иштөө


Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Атомдордун электрондук конфигурациясы s, p, d, f орбиталдарынын толтурулушу, Кличковскийдин эрежеси боюнча өз билимин текшерет

  • Атомдордун электрондук конфигурациясы;

  • s, p, d, f орбиталдарынын толтурулушу;

  • Кличковскийдин эрежесин айтып бере алышса;

  • Атомдун электрондук формуласын туура жаза алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Атомдун түзүлүшү, электрондук деӊгээл, деӊгээлче, электрондорду ячейкаларга толтуруу ирети, атомдун электрондук конфигурациясын жазуу эрежелери, Хунд эрежеси, Паулинин принциби боюнча түшүнүгү өнүгөт. Ынтымактуу болууга тарбияланышат.

  • Атомдун түзүлүшү;

  • электрондук деӊгээл;

  • деӊгээлче;

  • электрондорду ячейкаларга толтуруу ирети;

  • атомдун электрондук конфигурациясын жазуу эрежелери;

  • Хунд эрежеси;

  • Паулинин принциби боюнча алган билимдерин туура пайдаланып атомдун электрондук түзүлүшүн жаза алышса


Күтүлүүчү натыйжа:

  • Атомдордун электрондук конфигурациясы;

  • s, p, d, f орбиталдарынын толтурулушу;

  • Кличковскийдин эрежесин айтып бере алышса;

  • Атомдун электрондук формуласын туура жаза алышат;

  • Атомдун түзүлүшү;

  • электрондук деӊгээл;

  • деӊгээлче;

  • электрондорду ячейкаларга толтуруу ирети;

  • атомдун электрондук конфигурациясын жазуу эрежелери;

  • Хунд эрежеси;

  • Паулинин принциби боюнча алган билимдерин туура пайдаланып атомдун электрондук түзүлүшүн жаза алышат

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): Атомдордун электрондук конфигурациясы s, p, d, f орбиталдарынын толтурулушу, Кличковскийдин эрежеси, атомдун электрондук формуласы боюнча алган билимине анализ жүргүзүшөт.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Атомдун түзүлүшү, электрондук деӊгээл, деӊгээлче, электрондорду ячейкаларга толтуруу ирети, атомдун электрондук конфигурациясын жазуу эрежелери, Хунд эрежеси, Паулинин принциби боюнча билими бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.


Жагымдуу маанай түзүү: Жарганат тести


Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

1.Күкүрт, көмүртек, азот, мышьяк, калий, хлор, ванадий, таллий атомдорунун электрондук формулаларын жазып, алардын нормалдуу жана козголгон абалдагы валенттүүлуктөрүн аныктагыла


Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

Атом (химияда) - химиялык элементтин касиеттерин сактоочу эң майда бөлүкчө. Ар бир химиялык элементке өзүнө гана тиешелүү атом туура келет, ошондой эле өзүн түзгөн бөлүкчөлөрдүн (протон, нейтрон, электрон) саны жана атомдук массасы менен айырмаланат. Атом эркин (газда) жана байланышкан абалда болот. Атомдор өз ара түздөн-түз же молекуланын курамындагы атом менен байланышып, суюк же катуу заттарды пайда кылат. Атомдун физикалык жана химиялык касиеттери анын түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү менен аныкталат. Атом оң электр заряддуу оор ядродон жана анын айланасындагы жеңил бөлүкчөлөр терс электр заряддуу кабыкчаны түзүүчү электрондордон турат. Атомдун өлчөмү анын электрон кабыкчасынын өлчөмү менен аныкталат жана ядрого караганда атом кыйла чоңдук кылат (Атомдун сызыктуу өлчөмү 10-8 см, ядронуку 1012 - 1013 см). Электрон катмарынын так белгиленген чеги болбойт жана атомдун өлчөмү аздыр-көптүр аны аныктоо ыкмасына жараша болот. Ядронун заряды атомдун негизги мүнөздөмөсү - ал белгилүү элементке тиешелүү болот жана абсолюттук мааниси боюнча электрондун зарядына барабар.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):

тест

1.Атом эмнеден турат?

а) ядродон жана электрондордон

б) протон жана нейтрондордон

в) молекулалардан

г) антиматериядан

2.атомдун ядросунда эмне жайгашкан?

а) электрондор б) протондор жана нейтрондор в) суутек г) боштук

3. Электрондор кандай зарядка ээ?

а) оң б) нейтралдуу в) терс г) күчтүү

4. атом бир электронду жоготуу менен кандай зарядка э болот?

а) +1 б) -1 в) 0 г) -2

5. Натрия (Na) атомунда канча электрон бар?

а) 1 б) 10 в) 11 г) чексиз көп

6. 2-чи мезгилдеги элементтердин атомдорунда канча энергетикалык деңгээл болот?

а) 1 б) 2 в) 3 г) бир канча миң

7. Фразаны аяктагыла: "сырткы электрондук деңгээлден электрондорду берүүгө жөндөмдүү болгон ........... атомдору"

а) металлдардынм б) металл эместердин в) кычкылтектин г) баардык элементтердин

8. Металдык касиеттери күч алган – метал эместик касиеттери азайган элементтердин катарын көрсөткүлө:

а) Be - Mg - Ca б) Cl - S - P в) Si - Ge - Sn г) C - N - O

9. кайсы элементтин атомдорун металлдык касиети күчтүүрөөк?

а) кычкылтек б) фтор в) натрий г) кремний

10. Азот атомунун ядросунун заряды канчага барабар:

а) 7 б) 13 в) 4 г) 29 д) 11

11. Криптон атомунун ядросундагы протондордун саны:

а) 36 б) 17 в) 4 г) 31 д) 36

12. Цинктин атомунун ядросундагы нейтрондордун саны канчага барабар:

а) 8 б) 35 в) 11 г) 30 д) 34

13. Цинк атомунун ядросундагы электрондордун саны:

а) 11 б) 8 в) 56 г) 26 д) 30

14. Фразаны аяктагыла: "электрондорду кошуп алууга жөндөмдүү болгон ......... атомдору"

а) металлдардын б) металл эместердин в) суутектин г) жегичтүү элементтердин


Үйгѳ тапшырма:

1.Катар саны: 78, 97, 104, 56, 37 болгон элементтердин атомдук ядродогу нейтрондордун санын аныктагыла

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!