СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Атомдор жана молекулалар. Жөнөкөй жана татаал заттар

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жөнөкөй  заттар бир түрдүү химиялык элементтердин  атомдорунан турушат. Атомдордун ортосундагы химиялык байланыштардын түрүнө жараша жөнөкөй заттар металлдар жана металл эместер деп бөлүнөт. Мезгилдик таблицанын негизги подгруппалары боюнча бордон астатты көздөй диагональ жүргүзсөк, анда металлдар диагоналдын төмөнкү сол жагынан, ал эми металл эместер жогорку он жагынан орун алган.

Просмотр содержимого документа
«Атомдор жана молекулалар. Жөнөкөй жана татаал заттар»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: Атомдор жана молекулалар. Жөнөкөй жана татаал заттар

Сабактын методу: түшүндүрүп берүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: аӊгемелешүү

Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Атомдор жана молекулалар, жөнөкөй жана татаал заттарды окуп үйрөнүшөт.

  • Атомдор;

  • Молекулалар;

  • Жөнөкөй заттар;

  • татаал заттарды жөнүндө айтып бере алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук):

Зат, атом, молекула, заттын көп түрдүүлүгү боюнча түшүнүгү өнүгөт. Бири-бирин сыйлоого тарбияланышат.

  • Зат;

  • заттын көп түрдүүлүгү боюнча айтып бере алышса;

  • Өз алдынча жана топто иштей алышса.

Күтүлүүчү натыйжа:

  • Атомдор;

  • Молекулалар;

  • Жөнөкөй заттар;

  • татаал заттарды жөнүндө айтып бере алышат.

  • Зат;

  • заттын көп түрдүүлүгү боюнча айтып бере алышат;

Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): жөнөкөй жана татаал заттын курамы, жөнөкөй зат менен татаал заттын айырмачылыгы боюнча маалымат алышат.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими)): Зат, таза зат, заттардын касиеттери боюнча түшүнүгү бар

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.

Жагымдуу маанай түзүү:

Окуучулар өздөрүнүн атын чечмелеп атына байланыштуу кылып сүрөт тартып же ыр ж.б аны чечмелеп беришет


Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

Бөлүп алуу ыкмаларын аныктап келгиле:

Темир-күкүрт

Суу-чопо

Суу-май

Темир-жез (таарындылары)

Суу-туз

Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

Жөнөкөй заттар

Жөнөкөй заттар бир түрдүү химиялык элементтердин атомдорунан турушат. Атомдордун ортосундагы химиялык байланыштардын түрүнө жараша жөнөкөй заттар металлдар жана металл эместер деп бөлүнөт. Мезгилдик таблицанын негизги подгруппалары боюнча бордон астатты көздөй диагональ жүргүзсөк, анда металлдар диагоналдын төмөнкү сол жагынан, ал эми металл эместер жогорку он жагынан орун алган. Металл эместерге 22 элемент таандык: суутек, бор, көмүртек, кремний, азот, фосфор, мышяк, кычкылтек, күкүрт, селен, теллур, фтор, хлор, бром, иод, астат, гелий, неон, аргон, криптон, ксенон жана радон. Калгандары металлдарга таандык. Диагональ боюнча жайгашкан элементтер: Be, AI, Ge, Nb, Sb ж.б, амфотердик касиетке ээ. Көпчүлүк металл эместердин атомдору химиялык жактан абдан активдүү болгондуктан, алар молекула түрүндө болот, мисалы суутекти (Н2 молекуласы), кычкылтекти (О2 молекуласы), хлорду (Сl2 молекуласы) келтирүүгө болот.

Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):


Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

1.Жөнөкөй зат деп эмнени айтабыз?

2.Татаал зат деп эмнени айтабыз?

3.Атом, ион жана заряддалган бөлүкчөлөрдүн бири- биринен айырмасы барбы? Болсо түшүндүрмө бергиле.

4. Заряд, ион жана валенттүүлүк деген түшүнүктөрдүн бири - биринен айырмасы барбы? Болсо түшүндүрмө бергиле?


Үйгѳ тапшырма:

Жөнөкөй жана татаал заттарды бөлгүлө:

H2O, Cl2, BaO, O3, H2SO4, H2S, Nа, N2, C, NH3

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!