Просмотр содержимого документа
«Атом түзүлүшүн түшүндүрүүчү алгачкы теориялар, квант теориясынын негизги жоболору»
Сабакка чейин
Сабактын темасы: Атом түзүлүшүн түшүндүрүүчү алгачкы теориялар, квант теориясынын негизги жоболору
Сабактын методу: Жаӊы сабак
Сабактын тиби: аралаш
Сабактын формасы: Лекция
Максаты | Көрсөткүчтөрү |
А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): Атом түзүлүшүн түшүндүрүүчү алгачкы теориялар, квант теориясынын негизги жоболорун окуп үйрөнүшөт. | Резерфорддун теориясы жана кемчиликтерин; Мозли законун; Бордун теориясын; Квант теориясын; Паулинин принцибин; Гунд эрежесин; Кличковскийдин эрежесин айтып бере алышса; Атомдун электорндук түзүлүшүн жазып бере алышса. |
Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Зат, молекула, атомдун түзүлүшү, мезгилдик система, атомдун электрондук түзүлүшү, электрондорду толтуруу ирээти боюнча билими өнүгөт. Жоопкерчиликтүү болууга тарбияланышат. | . Зат; Молекула; атомдун түзүлүшү; мезгилдик система боюнча алган билимин пайдалануу менен: атомдун электрондук түзүлүшүн; электрондорду толтуруу ирээтин туура жаза алышса. |
Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет?): Атом түзүлүшүн түшүндүрүүчү алгачкы теориялар, квант теориясынын негизги жоболору боюнча маалымат алышат.
Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими(мурунку билими)):
Зат, молекула, атомдун түзүлүшү, мезгилдик система, атомдун электрондук түзүлүшү, электрондорду толтуруу ирээти, Кличковскийдин эрежесин билишет.
Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.
Убакыт: 45 минута
Убакытты бѳлүштүрүү: Чакыруу этабы:5-8мин
Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):20-25 мин
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):10-12 мин
Сабак
Сабактын жүрүшү:
Чакыруу этабы:
Сабактын чөйрөсү:
Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.
Жагымдуу маанай тартулоо:
Өзүӊөргө жаккан сүрөттү тарткыла.
Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:
Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):
Атом түзүлүшүн түшүндүрүүчү алгачкы теориялар
Резерфорддун планетардык-динамикалык теориясы
Бул теория 1911-жылы ачылган. Өзү жүргүзгөн көп тажрыйбаларына таянып, Резерфорд атом түзүлүшү теориясын төмөнкүчө баяндаган: «Атом он заряддалган эң кичине бөлүкчөдөн - ядродон жана анын айланасында тынымсыз айланып жүргөн терс заряддалган эң кичине электрондон турат. Окумуштуу бул моделди күн системасы сыяктуу көрсөткөн Ал: атом электр жактан нейтралдуу, электрондун саны ядро зарядына барабар, - деген негизги жыйынтыкка келген. Бул теориянын негизинде илимге керектүү натыйжа келип чыгат: «Ядронун заряды, электрондун саны элементтин катар номерине барабар». Ошентип злементтин катар номери жөн гана аларды санап өтүү эмес, тескерисинче, атомдун негизги мүнөздөмөсү экендиги белгилүү болду. Элементтин катар номери кийинчерээк 1913-жылы Мозли тарабынан математикалык түрдө эсептелинип чыгарылган.
Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):
Мугалимдин иш аракети: | Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт. |
Бышыктоо: 1. Томсон, Резерфорд, Бор, Зоммерфельд жана Иваненко -Гапондордун атомдук моделдерин түшүндүрүп бергиле? 2. Канча кванттык сан бар, аларды атагыла жана алардын мааниси эмнеде? Ар бир кванттык санга мүнөздөмө бергиле. 3. Суутектин изотопторун санап, айырмачылыктарын көрсөтүп бергиле? | |
Үйгѳ тапшырма:
Суроолорго жооп берүү
1. 1- жана 2- мезгилдердеги элементтердин атомунун түзүлүшүн түшүндүрүп электрондук формулаларын жазып бергиле?
2. Эмне үчүн инерттүү газдар химиялык жактан активсиз болушат?
3. Эмне үчүн S, p элементтер дейбиз, аларга кайсылар кирет?
Баалоо: