СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Аралыктан окутууда окуучуларга жана ата-энелерге кеңеш

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Аралыктан окутууда окуучуларга жана ата-энелерге кеңеш»

Аралыктан окутууда ата-энелерге жана окуучуларга кеңеш.

Ош шаарындагы “Мээрим” балдар билим борборунун мугалими Нарматалиев Мирлан


Дүйнө жүзү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ар атарптан чоң сыноолорду башынан кечирүүдө. Алардын катарында билим берүү тармагында да болуп көрбөгөндөй тездик менен санариптешип жатат десек аша чапкандык болбос. Була аралыкта офлайн окутуулар онлайн форматка өтүп эч кандай курстар октулбастан мугалимдердин 80% аз убакыт ичинде санариптешип, онлайн же аралыктан окутууга өз алдынча аракеттенүүлөрү менен жетише алды. Бул этап “Аралыктан билим берүү” деп аталды. Бул аталыш мурун дистанттык деп белгилүү болгон. Санариптештирүү менен бирге бул окуунун системасы өнүгүп келген. Жалпыга жакшы белгилүү болбогон бул система илгерки сырттан окуу деген терминди алмаштырып жүрөт. Биз мектеп темасында кеп кылгандыктан бул системага көп кайрылбайбыз.

Биздин тема мектеп курагынын 5-11-класстары үчүн арналат. Аралыктан окутуунун толук эмес орто жана орто билим үчүн Ата-энелерге болгон сунушубуз жана аралыктан окутуунун принциптери, кандай мамиледе болуу, эмнелерди аткарууну жеткирүүгө аракет кылабыз. Жөнөкөй шаардагы орто мектептин жана жалпы региондогу орто мектептердин проблемаларын алып чыгуу, ата-энелерге жеткирүү биздин максатыбыз болот.

Аалам мейкининде технологиянын өнүгүүсү бир топ жогорулап санариптештирүү мезгилинде жашап жаткандыгыбыз белгилүү. 21-кылымда билим алуу жаңы деңгээлге чыкты, билим берүүнүн өзгөчө бир формалары ачылды, башкача айтканда, аралыктан байланыш жүргүзүү менен билим бериле баштады. Аралыктан окутуу өнүккөн мамлекеттердин окутуу системасына бир нече жыл мурун калыптанса, биздин окутуу системага эпидемияга байланыштуу мажбур менен кирип калды. Биздин система буга даяр эмес болчу. Билим берүү системасы бул проблеманы жоюу үчүн мектеп жана мектепке чейинки билим берүүдө жалпы маалымат берүү тармагын колдонуу менен республикадагы баардык окуучуларга жана бала бакчадагы тарбияланып жаткандарга берилүүчү билимдерди жеткирүүгө аракеттенип жатат. Бирок, телесабактын жадыбалы мектептин жадыбалына туура келбей жатат. Эки теманы бириктирип жада калса 45 минута өтүүчү сабактын экөөсүн бириктирип 20 минутада жеткирип жатышат.

Түшүнөбүз эфирден убакыт жетпейт бирок интернет сайттарда жана порталдарда убакыттын ченеми жокко. Сабакты толугураак тартып же республикада таланттуу мугалимдер көп ошолорго кандайдыр бир жол менен берип сабакты жок дегенде 30 минутадан ашык кылып окуучулуар кеңири түшүнүп ар түрдүү көңүлдү буруучу программалар тесттик порталдар менен улантса.

Бул аудиторияда маалымат ресурстарын жеткирүүчүлөр жана интернет менен камсыздоо болгондуктан сиздерге бир нече порталдарды бекер колдонсо боло тургандыгын көрсөтүп сунуштайт элем. Азыр бизде Кыргызстанга тиешелүү гана порталдар ачык, бирок биздин порталдарда кызыктуу тест түзүү толук камтыла элек.

Мындай маселеде окуу мекемелер окутуунун ар кандай заманбап форматтарын колдонуп жатышат. Алдыңкы окуу мекемелер окутуунун жаңы техникалык форматтарын мыкты өздөштүрүү менен технологиянын өнүгүүсүнө байланыштуу онлайн окутуулар да ыңгайлаштырылып, ар кандай жаңы программалар учурда ойлонуп табылууда. Мисал ала турган болсок: Түрк лицейлеринде Zoom программасы аркылуу 40 мүнөттөн кадыимкидей жадыбал менен саатарды бир аз кыскартып, дене тарбия, музыка, эмгек сыяктуу сабактарды убактылуу киргизбеген жолдор аркылуу онлайн сабактарын улантып, окуучулар ар күнү 9:00 дөн 13-14:00дөргө чейин сабактар болуп жатат. Ал эми телесабактарга байланган мамлекеттик мектептерде 30 окуучудан 5-6 окуучу кирсе кирет, кирбесе кирбейт. Окуучулар жаныбызда болбогон соң мугалимдерге көзөмөлдөө бир топ кыйынчылыктарды туудуруп жатат.

Акыркы убакта заманбап усулдарды колдонууда биздин өлкөдө кээ бир мугалим, студент, окуучу жана ата-энелер ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болгону анык. Мисал алсак, калктын болжол менен 75% да үй-бүлөдө бир телевизор, 6,7- класска чейинки балдарында смартфондор жок. Компьютер жана ноутбук менен 90% ата-энелерибиз балдарын камсыздаган эмес.

Бир ай мурун мен өзүм иштеген мектептин окуучуларына сурамжылоо жүргүзгөм. Сурамжылоого 6,7,8,9 – класстардан 220 окуучу катышып алардын 97% сабакка смартфон колдонору, 4 окуучу планшет жана 6 окуучу ноутбук колдонобуз деп жооп берген. Сурамжылоого катышкандардын смартфон колдонобуз дегендерден 9-класстардын 76,5% смартфон өзүбүздүкү десе 8-класстардан 67%, 7-класстар 43%, 6-класстар 31% гана телефон өзүбүздүкү деп жооп берген. Катышуучулардын көбү апасынын, азырагы атасынын жана бир нечеси таята, таене, чоң атасынын жана чоң энесинин телефондору ошондой эле эжемдики менен агамдын телефонун колдоном деген окуучулар да болду.

9-класстардын жообу

6- класстардын жообу

Коронавирус пандемиясына байланыштуу башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстандын баардык билим берүү мекемелери жабылып, билим берүү онлайн форматка өттү. Демек, дистанттык (аралыктан) онлайн окутуу, окуучуга билим берүүдө техникалык каражаттар аркылуу үзгүлтүксүз байланышта болууну түшүндүрөт.

Дистанттык окууда окуу материал жана тапшырмаларды окуучуларга электрондук почта, атайын окууга арналган платформалар аркылуу жөнөтүлөт. Бул система билимге жоопкерчилик менен көңүл буруп, окууга аракеттенүүгө үгүттөйт. Аралыктан туруп жөнөтүлгөн тапшырмаларды окуучулар жадыбалга ылайык аткарып, кайра аны мугалимге жиберет, мугалим аткарылган тапшырмалардын жыйынтыгын чыгарып, атайын окуу үчүн арналган электрондук күндөлүктүн жардамында окуучуларга өз бааларын, тапшырманын аткаруу деңгээлдерин көрсөтө алат жана окуучулардын билимин текшерүү үчүн атайын тесттерди программага орнотушат. Тесттин убактысын чектөө, суроолорун дал келбегендей (окшош суроолорду катарын бузуп) коюу менен аралыктан туруп, алып жаткан билимди да текшерип коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Онлайн окуу деген эмне?

Онлайн окуу бул жаңыдан пайда болгон жок, бирок акыркы жылдары, пандемияга чейин деле, окутуунун заманбап түрүнө айланып калды десек жаңылбайбыз. Онлайн окууда, атайын Learning Management System (LMS) окууну башкаруу системасынын жардамы менен мугалим үзгүлтүксүз окуу процессин жүргүзө алат. Баардык аралыктан мугалим платформалар ушул системаны колдонушат.

LMS эмнени түшүндүрөт талдап көрөлү:

LMS - Learning management system – которууда “Окууну башкаруу системасы” деп которулат.

Learning – окуу. Бул платформанын жардамы менен электрондук курстардын жана окуу материалдарынын бирдиктүү маалымат базасын түзөт.

Management – башкаруу. Процессти жетектеген жакшы уюшулган система. Окууну баштоо үчүн, кызматкерлерди жана окуучуларды кошуп, аларга курстарды дайындайт.

System – Система электрондук курстарды түзүүгө жана сактоого, окуучуларга кирүүгө мүмкүнчүлүк берет жана натыйжаларды баалоого жардам берет.


Виртуалдуу класс порталына компьютер, планшет же смартфон аркылуу кирип, сабак материалдарын жүктөп, окуучулар менен окуу байланышын жүргүзүү аркылуу сабак өткөрүп, тапшырма берип жана аларды кабыл алат. Окуучулар окуу порталдарына кирип, материалдар менен таанышат жана көнүгүүлөргө катышып, берилген тапшырманы аткарып кайра жүктөшөт. Демек, окуучу онлайн сабакка кайдан жана кайсы учурда болсо да, интернет байланышы болсо эле кире алат. Ата-энелердин миссиясы окуучуларды үзгүлтүксүз интернет жана сабакка керектүү гаджеттер менен камсыздап туруу.

Онлайн окууну дүйнө жүзүндө колдонуп жатышат. Бирок, ошол эле учурда онлайн окуу жөнүндө ар кандай туура эмес түшүнүктөр бар. Алар окуучулардын жигердүү билим алуусуна тосколдук кылбашы керек. Ата-энелерге болсо окуу убагында эле эмес башка убакта да балдарынын гаджетке болгон аракеттерин көзөмөлдөп туруу зарыл.

Онлайн окуу жандуу окууга караганда жеңил деген туура эмес түшүнүк. Кээ бир окуучулар сабакка катышпай эле тапшырмаларды бүтүрүп, мугалимге жөнөтө берсе болот дегендер болушу мүмкүн. Бул туура эмес. Мугалимдердин сабак жүктөмү кадимкидей эле болот жана алар жандуу сабакка катышпаганы менен мугалимдин даярдаган окуу материалдарын өздөрү окуп чыгышы керек, же болбосо, мугалим тарабынан окуучулар жоктолуп сабакка кирбей калган окуучулар үчүн чара колдонулушу зарыл. Ата-энелер сабакка кирген кирбегендиги жөнүндө көзөмөлдөө менен предметтик мугалимден баласы сабакка катышкандыгы жөнүндө сурап коюуну сунуштайбыз. Ошол эле учурда, окуучулар жеке жоопкерчиликти сезип, өздөрүн тартипке чакырып билим алуусу зарыл, себеби, алардын артынан түшкөн адам жок болот. Жакшы жагы, онлайн окутуу окуучулардын өздөрүнө ийкемдүү график түзүп билим алуусуна шарт түзөт. Ошондуктан, жандуу сабактан айырмасы, окуучулардын өздөрүнө окуу үчүн эң ыңгайлуу учурду тандап алуу мүмкүнчүлүгү болот.

Тапшырманы тез бүтүрүп тапшырып коюп, андан кийин эс ала берсе болот же тапшырманы чейреке чейин күтүп, андан кийин баарын аткарып койсо болот деген туура эмес түшүнүк. Ата-энелер тапшырма аткаргандыгы жөнүндө балдарынан бир күндө бир жолу сурап туруусу керек. Мугалимдер тапшырмаларды ар бир жумага жана чейректин башынан аягына чейин киргизишет. Бардык тапшырманы бир учурда бүтүрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, окуучулар эптеп эле тезирээк тапшырманы бүтүрүүгө

ашыкпастан, предметтерден бир нерсе үйрөнүүгө аракет кылуусу талап кылынат. Ар бир тапшырманы аткаруу мөөнөтү мугалим тарабынан коюлуп, анын мөөнөтү бүткөндөн кийин тапшырманы аткарган окуучуларды (жоопкерчиликти сезбеген) баалоодо эске алынуусу зарыл. Бул окуучулардын окууга болгон жеке жоопкерчилик мамилесин күчөтүп, аларды тактыкка үгүттөйт. Өздөрүнүн убактысын туура пландаштыра алган

окуучулар онлайн окууда жакшы ийгиликке жетет.

Онлайн сабакка катышпай койсо болот, аны мугалим байкабай калат деген ой туура эмес түшүнүк. Реалдуу окууда мугалим окуучулардын баарын көрүп турат, бирок онлайн окууда бул мүмкүнчүлүк жок. Ошого карабастан, мугалимдер окуучулардын аткарып жаткан тапшырмаларынан алардын сабакка кандай катышып жатканын билип алат. Онлайн сабакка катышуу абдан маанилүү жана мугалимдер катышууга катуу көңүл бурушат. Кызык жери, мугалим өз окучуларын онлайн окууда сабакка даярдыгы жана катышуусу жөнүндө жандуу сабакка караганда алда жакшырак билип алышы мүмкүн. Ошондуктан, окуучулар чын ыкластан окууга умтулуш керек. Онлайн талкуулар башында окуучуларга өтө таң калыштуу жана кызыктуудай сезилет, бирок, бара-бара окуучулар онлайн сабактарды кадимкидей түшүнүп, пайдалуу жактарын көрүп окуп калышат. Жакшы жагы, окуучулар онлайн окууга катышууда ченелүү убакыт же дагы башка лимиттерге дуушар болбостон, өздөрүнүн ойлорун мыкты даярдап, андан кийин алар менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Класста сүйлөөдөн тартынган окуучулар үчүн онлайн окуу, өз оюн билдирүү, окутуучу менен байланышуу эң ыңгайлуу.

Онлайн окуу үчүн кээ бир окуучулар технологияны билем жана аны өздөштүрүүнүн кереги жок деп ойлосо, кээ бирлери менин мугалимим билет, ал баарын үйрөтүп коет деп ойлойт. Бул ой менен өздөрүн алдап коёт. Анткени ар күнү жаңы программалар колдонууга чыгып өзгөрүүлөр тез болуп жатат. Сабак башталганга чейин бардык онлайн окуу ресурстарын табууну үйрөнүп, аны билген жакшы болот.

Онлайн окуу окуучуларга арзаныраак болушу мүмкүн деген түшүнүк болушу мүмкүн. Жок, бул дагы туура эмес түшүнүк. Анткени, окуучулар мурдагыдай эле дептер, ручка карандаш алышат. Бирок, онлайн окууда дагы таптакыр чыгым болбойт деп айтуу туура эмес, себеби, интернеттин жакшы иштешин, техникалык каражаттар менен камсыз кылуу, атайын гаджеттерди сатып алууда чыгымдар болот. Бул чыгымдарды ата-энелер, окутуучуларды

туура түшүнүү менен кабыл алып, окууга шарт түзүп берүү, баламдын келечеги үчүн инвестициялап жатам деп түшүнгөнү туура болот.

Мугалим дайыма окуучулардын суроосуна заматта жооп бериши керек деген ой туура эмес түшүнүк. Кээ бир окуучулар окутуучуларга электрондук кат жазып, аны дароо окуп, ошол заматта жооп берет деп күтүшү мүмкүн. Ошол эле учурда окуучулар билбеген темаларын, суроолорун бири-биринен сурап үйрөнүүгө аракет кылышы абзел, эгер окуучулардын арасынан эч ким билбеген суроолор же талкуу кыла турган темалар пайда болсо, анда мугалимден сурап кеңеш алса болот. Мындай ыкма окуучулар ортосунда билим алмашууга да чоң жардам болуп эсептелет. Мугалим окуучулардын ар биринин суроосун кабыл алып, ар бирине жооп берип убактысын кетире берсе, анда алдыда өтүлүүчү темаларга убакыт жетишпей калышы мүмкүн. Ошондуктан, окутуучу ар бир кат менен келген суроолорго жооп жазуусу зарыл эмес. Мындай учурду Ата-энелер да түшүнүү менен кабыл алуусу керек.

Онлайн окууда тапшырма аткара албай калган учурда ар кандай шылтоолорду айтуу оңой. Албетте, технологиялык кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Бирок, “Компьютерим бузулуп калды”, “Интернет иштебей калды”, “Телефонум жок”, “Апам иштен келе элек” же “Тапшырманы башка файлга жүктөп алыпмын” жана башка ушул сыяктуу шылтоолорду айтуу абалдан сактабайт. Бул шылтоолордун көбүн Мугалимдер көп жолу уккан жана кайсы учурда окуучулар алдап жатканын оңой эле билип алышат.

Убакытты жакшы пландаштыруу менен окууга ынтызарлык аракет кылуу жана берилген тапшырмаларга жеке жоопкерчилик менен көңүл буруп аны аткаруу, өзүн-өзү өнүктүрүү үчүн машыгуу, аралыктан билим берип, убактысын бөлүп жаткан мугалимди сыйлоо менен онлайн сабактарга катышуу окуучулар үчүн чоң ийгиликти жаратат.


Жакшы окуп кетүү үчүн төмөнкү негизги ойлорду эске алса болот:

Бул сабактын окуу натыйжалары кандай?

Кандай платформалар аркылуу болот?

Кандай билим берүү платформа же гаджеттерди колдонгонго болот?

Сабакты окугандыгы үчүн кандай баалоо болот?

Убакытты кандай бөлүштүрүү керек?


Онлайн сабактарда тапшырмаларды эффективдүү аткарганга негизги кадамдарды кылуу зарыл.

Өзүнө пайдалуу нерселерди колдунууну пландаштыруу;

Бетме-бет өтүлүүчү сабактарга даяр болуп кирүү;

Мугалимге тартынбастан, суроолорду берүү;

Тапшырма аткарууга эрежелерди туура түшүнүү;

Дароо эле тапшырманы кечиктирбестен аткарганга калыптануу.


Бул заманбап окуу чөйрөсү болгондуктан, төмөнкү негизги принциптерди ала жүрсө болот:

Ачык болуу (жаңы билим алууга умтулуу);

Ийкемдүүлүк;

Көз карандысыздык;

Өзүн-өзү чагылдыруу;

Ой жүгүртүүнүн өсүшү;

Кызматташтык.





Колдонулган адабияттар

1. Жаңы окуу жылына карата студенттерди жана ата-энелерди онлайн окутууга даярдоо. Усулдук сунуштамалар. – Бишкек 2020ж
































Ош шаарындагы №27 партсъезд орто

мектебинин жана “Мээрим” билдар билим

борборунун мугалими Нарматалиев

Мирлан Давлаталыевич


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!