СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ар бир кесип ардактуу

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ар бир кесип ардактуу»

Сабактын темасы: Ар бир кесип ардактуу

 


Сабактын максаты:
1. Турдуу жана керектуу кесиптер жонундо изилдешет жана таанышышат.
2. Оз алдынчалуулукка жана кызыгуучулукка тарбиялоо.
3. Кесип тандоодо туура багыт алуусуна оболго тузуу.


Сабактын жабдылышы: суроттор, лозунгалар.
Сабактын формасы:  Жарыш-сабак.
Сабактын журушу:


I. Уюштуруу:
-Окуучулардын сабакка даяр экендигин текшеруу.
- Тема жана анын максаты менен окуучуларды тааныштыруу.


II. Негизги болугу:
“Эн кыйын кесип- бул адам болуу.”(Хосе Марти)
Класс эки командага болунот, команданын капитандары шайланат, ошондой эле оздоруно ат коюшат. Ар команда бирден адамды эсептоо комиссиясына дайындышат.


1. Разминка. (Анаграммалар)
Тамгалар адашып ката жазылган кесиптерди туура жазабыз:  вапор- повар, ссирак-кассир, мольде- модель, алмяр- маляр, ферша- шофер, гердасоо- соодагер, тордок-доктор, мушчужу-жумушчу.

  1. Капитандар конкурсу:
    1-команданын капитанына суроо: томонку создордун ичинен кайсынысы кызматты билдирер ин тап: хирург, маляр, мектеп директору, адабий сынчы, окутуучу, электрик, химик-лаборант, бычмачы, пианист, жыгач уста,министр.
    Жооптор: хирург, мектеп директору, адабий сынчы, химик-лаборант, министр.
    2- команданын капитанына суроо: томонку создордун ичинен кайсынысы кесипти билдирерин тап: мугалим, ветеринар-врач, токарь, врач, китеп сатуучу, айыл башчы, инженер, судья, чачтарач, айдоочу, тигуучу, ашпоз.
    Жооптор: мугалим, врач, инженер, тигуучу, судья.
    3. Уй тапшырмасы- “Таап айт”
    Уйго берилген тапшырма боюнча ар бир командадан бирден окуучу чыгып, карточка алат, анда жазылган кесип боюнча муноздомо берет, ал кесип боюнча кыска ыр же табышмак айтса да болот. Карточкада жазылган кесиптер мурда маалымдалган: актер, дизайнер, инженер, чачтарач, мугалим,юрист.


4. Коруучулор менен оюн:
Томонку белгилуу адамдардын кесиби ким болгон? Бул суроону коруучулорго беребиз. Алар жоопту табуу менен бирге кайсы командага куйорман экендигин айтат жана упай ошол командага берилет.
1. Н.А. Назарбаев-металлург.
2. Р.Рейган-актер.
3. А.Акаев- окутуучу.
4. В.Шекспир-актер.
5. А.П.Чехов-врач.
6. Ч.Айтматов- ветеринар.
7. М.Ю.Лермантов- офицер, военный.
8. С. Чокморов- суротчу.


5. Конкурс- “Кимдин колунан жаралган?”
Томонку суроттордогу предметтер кайсы кесип ээсинин колунан жаралган?
Тамак, сойко, автомобиль, койнок. Жооптор: ашпоз, ювелир, инженер-машина куруучу, тигуучу.


6. Конкурс- “Сен бул кесипти билесинби?”
Бул конкурс бул же тигил кесипти ачык муноздоочу суроолордон турат:
1. Ооруларды аныктап, адамга диагноз коёт...- ж:врач.
2. Закондорду суудай билет...-ж: юрист.
3. Самолетторду жаратат...- ж: авиакоструктор.
4. Уйду ысытуу учун катуу нерсени казып алат...-ж: шахтер.


7. Блицтурнир.
Бул конкурс мурда жолуккан суроолордон тузулгон жана бышыктоо иретинде откорулот:
1-командага суроолор.
1. Тигуучуго керектуу каражаттар (ийне, кездеме, оймок, кайчы)
2. Мугалим бул кесиппи же кызматпы? (кесип)
3. Инжнердик кесипти кайсы жерде оздоштурууго болот?(ЖОЖ)
2-командага суроолор.
1. Жыгач устага керектуу каражаттар кайсылар?(жыгач, араа, балка, кычкач, мык)
2. Президент-кызматпы же кесиппи?(кызмат)
3. Электрик кесибин кайсы жерде оздоштурууго болот?(кесиптик окуу жайында)


8. Музыкалык тыныгуу.
Ар бир команда даярдап келген оздук чыгармачылыгын корсотот.

9. Жыйынтыктоо:
Азыр бизге эсептоо комиссиясы мелдештин жыйынтыгын угузат.
  Ал эми силер уйдон озунор тандаган кесибинер жонундо сочинение жазып келгиле. Кесиптер абдан коп жана ар бир кесип –ардактуу.  Оз кесибинди туура тандаганын- келечегине кам коргонун. Оз кесибинин устаты болуу менен адам коомдун онугуусуно да салым кошот.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!