СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Апаке дуйнодогу кымбатымсын.

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Апаке дуйнодогу кымбатымсын.»

Апаке дүйнөдөгү кымбатымсың.

Сабактын максаты: а) Окуучулар 8-март аялдардын эл аралык күнү боюнча

түшүнүк алышат. Аялдардын коомдогу ээлеген ордун билишет. б) Аң сезими, сынчыл ойлоосу, сөз байлыгы өсөт.

в) Энелердин эмгегин баалоого, аялзатын урматтап сыйлоого

тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы:Учкул сөздөр, макал-лакаптар, дубал газета гүлдөр.

Сабактын жүрүшү:1)Уюштуруу

2)Жагымдуу маанай түзүү:

Окуучулар “Жылмаюу” ырын ырдашат.

3) Жаңы тема:

8-март- Аялдардын эл аралык күнү.

8-Март – энелердин,эжелердин жана карындаштарыбыздын Эл аралык майрамы.Бул майрам бардык майрамдардын сулуусу,сүйкүмдүүсү.Анткени ал,адегенде,бизди жарык дүйнөгө апкелген,наристе курагыбыздан бери күнү-түнү алпештеп өстүрүп,түн уйку,күн тынчтыгын бизге арнаган энелерибиздин майрамы.Ошол үчүн силер энелериңерди бул күнү айрыкча урматтап, сыйлап,белек тартуулашыңар керек.Бардык сабактарыңарды «бешке»окуп,адептүү,тартиптүү,таза жүрүп,жакшы адам болуп энелериңерди кубанткыла.

Бирок,биз бир нерсени эстейли.Энелерибизди ушул майрам күнү гана эмес,ар күнү урматтап,эч качан капа кылбай,эмгегин сыйлайлы.Энелерибизге түбөлүк карыздар экенибизди эч качан унутпайлы!



Макалдар

*Бейиш эненин таман астында.

*Эне үйдүн куту.

*Энени сыйлаган элге жагат,атаны сыйлаган абийир табат.

*Баланын билеги ооруса эненин жүрөгү ооруйт.

*Ападан – акыл,атадан тарбия.

*Ата жакшы – уул жакшы,эне жакшы кыз жакшы.

*Ата данкы,эне баркы балага дем.

*Энесиз дүйнө карангы.

Сегизинчи март.

Сегизинчи март күнү,

Гүлдөн тандап алабыз.

Энелерди куттуктап,

Биз мектепке барабыз. (Сагынбек)



Достук бийин биз бийлеп,

Сонун концерт беребиз.

Кыздар балдар бир болуп,

Күнгө жетип төбөбүз. (Малика)



Бүгүнкү күн дүйнөдө,

Апалардын майрамы.

Тынчтык ырын ырдайбыз,

Күбө көктө ай дагы. (Амантур)



Мен дүйнөнү апам менен тааныгам.

Саидова Аделянын аткаруусунда обондуу ыр.

Хор :Тынчтык ыры.

Бий: Торгойум.

Кызыктуу оюн: Апасын колунан таануу.

Кластер түзүү:Окуучулар «Эне» сөзүнө кластер түзүшөт.

Көркөм айтуу: Эне жердин жүрөгү.

Жаны ачылган жашыл гүлдөй,

Аял – улут жүрөгү.

Эч, эч кимди сүйбөгөндөй,

Биз аларды сүйөлү.



Ал анткени – алар эне,

Эне жердин жүрөгү.

Ошондуктан түбөлүккө,

Кармап турат дүйнөнү.

Жомок аткаруу: Кимдин уулу мыкты?

Хор: Мээрим

4.Бышыктоо

-Бүгүнкү сабактан эмнелерди үйрөндүңөр?

-Эмне себептен 8-март майрам күнү деп эсептелинет?

-Энелердин эмгегин баалоо дегенди кандай түшүнөсүңөр?

5.Жыйынтыктоо.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!