СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Англис тили сабагында фонетикалык көнүгүүлөр менен иштөө

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Кунарсыз өтүлгөн сабак, предметти да жек көрсөтөт" деп айткан улуу педагогдордун бири. Чындыгында жакшы пландаштырылбаган сабак, тузу жок тамак сыңары болоору баарыбызга маалым. Андай сабакта окуучулар же студенттер эч нерсеге кызыкпастан, сабакка болгон жек көрүү сезими пайда болоору практикада көп жолу кездешет.

 

Просмотр содержимого документа
«Англис тили сабагында фонетикалык көнүгүүлөр менен иштөө»

Англис тили сабагында фонетикалык көнүгүүлөрдү пайдалануунун усулдары



Кыргызстандын билим берүү министирлиги тарабынан кабыл алынган жалпы билим бурүүчү орто мектептердин 5-11 класстарындагы чет-тилин окутуу боюнча програмасында мындай деп айтылат: «… весь изучаемый в школе иноязычный материал должен быть доведен до уровня рецептивного владения т.е. умение познавать и понимать его приь чтении, которое опирается на знание информативных признаков, схем, правил познавания, многозначности и.т.п»

Ушул программанын 2-бөлүмү болгон класстар боюнча окутуунун маңызы (мааниси) окутуунун баштапкы этабында айтымдык (речтик) ишмердүүлүктү камсыз кылуучу көптөгөн ык жана шык жөндөмдөрдүн калыптануусу түзүлөт деп айтылган. Ошондуктан бул этап тилди окутуу курсунун бирден бир эң жооптуу учуру болуп саналат.

5-класстагы айтымдын (речтин) фонетикалык тарабы окуучулар бардык тыбыштарды айтып жана угуп ажырата алышы керек, үндүүлөрдүн созулмалуулуктарын жана кыска айтылыштарын талапка ылайык сактоосу зарыл. Сөздүн аягында жумшак үнсүздөр жок болуп кетпеши керек. Кызматчы сөздөр өз алдынча айтылышы керек. Мисалы: (a pen, in the morning etс.). Кептеги (фразадагы) басым туура коюлушу керек, жана сүйлөмдү маани берүүчү группаларга (синтагмаларга) туура ажыратуу керек. 5-класста 300 сөздү, анын ичинде 30га чейинки эсепти, ошону менен бирге ат атоочторду, байламталарды, кызматчы сөздөрдү үйрөнүшү керек.

6-класста 500 сөздү, анын ичинде иреттик сан атоочторду, сын атоочтун салыштырма даражаларын,-ing мүчөсү (суффикс) катышкан зат атоочторду үйрөнүү жана сөз запастарын байытуу сунуш кылынган.


7-11- класстарда үйрөтүүчү жана тааныштыруучу түрлөрү менен айырмаланган китеп окуунун салмагы бир кыйла жогорулайт.

Окууга үйрөнүү лексиканын жана грамматиканын базасы аркылуу ишке ашырылат көпчүлүк учурда белгисиз сөздөрдүн маанисин сүйлөмдүн маңызы аркылуу же окуу китебинин сөздүгү (сөздүк) аркылуу жүргүзүлүп, окуучулардын өз алдынча китеп менен иштөөсүн калыптандырат.Ушул этапта окуучулардын оозеки речтеринде (айтымдарында) кээ бир татаал нерсе же кыйналуу болуп өтөт. Диалогдук кеп (айтым) белгилүү бир жаңы даяр репликалардын негизинде жүргүзүлөт. Ушул этаптын өзгөчө маселеси болуп мурда өтүлгөн лексикалык материалдарды б.а. үйрөтүлгөн сөздөрдү жана грамматикалык материалдарды эсте сактап калуу зор мааниге ээ.

Ошондуктан ушул этапта б.а. 7-9 класстарда ар бир сабакта 3-5 мүнөттүк фонетикалык көнүгүүлөрдү жүргүзүү сөзсүз керек.

7- класста 600 лексикалык бирдикти өздөштүрүү менен бирге, алар аркылуу жасалган ат атоочтордун түрлөрү үйрөтүлүшү керек. Ушул учурдан баштап сөз жасоочу префикстер, суффикстер жана конверсия түрүндөгү түшүнүктөр кеңири берилет.

8- класста, 700 сөз өздөштүрүлүп, аны менен бирге өздүк атоочтор үйрөтүлөт. Сөз жасоочу префикстер, суффикстер, этиштер, re- префикси аркылуу жасалган сөздөр менен сөз запасы кеңейтилет.

9- класста 800 сөз өздөштүрүлөт.Сөз жасоочу сын атоочтун, зат атоочтун суффикстери аркылуу көптөгөн сөздөр үйрөтүлөт.

10-11 класстарда англис тилин үйрөнүүнүн өзгөчөлүгү окууга болгон шыгын, жөндөмүн өстүрүү жана окулган жана уккан материалдар аркылуу оозеки речти өнүктүрүү болуп саналат. Ушул этапта өз алдынча иштөөнүн ролу бир кыйла жогорулайт.

10-класта коомдук саясий, илимий-популярдуу жана жалпы техникалык негиздеги ичинде 5% көлөмдөгү тааныш эмес сөздөрдү камтыган, бир бет өлчөмүндөгү тексттерди окуп, түшүнүү керек болот. Мында кош тилдүү сөздүктөрдү пайдалануу ишке ашырылат. Ошону менен бирге мугалимдин чыгармачылыгына жараша гезиттерден же илимий-популярдуу журналдардан материалдарды алып пайдалануу сунушталат.

11-класста ичине 5% тааныш эмес сөздөрдү камтыган, көлөмү 1 же 1,25 беттен турган тексттерди үйрөнүү керек. Окуунун темпи жогорулап, берилген информацияларды түшүнүү жана кайра айтып берүү жагы сунушталат.

Мына ушул жогорудагы билим берүү министирлигинин чет-тилин үйрөнүү боюнча түзүлгөн окуу программасын ишке ашыруу үчүн ар бир класста сабактын башталышында же жаңы теманы түшүндүрүүдө фонетикалык көнүгүүлөрдүн жүргүзүлүшү сөзсүз керек. Анткени, ал окуучулардын тилдик айтымдарынын (речтеринин) калыптануусуна, өнүгүшүнө жана эске тутуусуна зор өбөлгө түзөт. Бул үчүн ар бир класстын жаш өзгөчөлүгүнө, өздөштүрүлгөн сөздөрдүн көлөмүнө жараша фонетикалык көнүгүүлөрдүн комплексин иштеп чыгып, аны туура пайдалануу керек.

Фонетикалык көнүгүүлөр өзүнүн курамына макал-лакаптарды, табышмактарды, жаңылмачтарды, тамашалуу ырларды жана обондуу ырларды ичине камтылган сабактар аркылуу ишке ашырылса натыйжалуу болоору шексиз. Мисалы: [i: ] үндүү тыбышынын үстүнөн иштөөдө төмөндөгү макалдарды пайдалануу ылайыктуу.

Extremes meet.

A friend in need is a friend indeed.

East or west home is best.

Seeing is believing. etc.

Фонетикалык көнүгүүлөр үчүн табышмактар да пайдаланылат. Мисалы:

What has hands, but no fingers? (A watch)

What has four feet and two hands? (an armchair)

Which letter is like a wedding ring? (O) (D)

What makes road broad? (B)

Жаңылмачтар (tongue-twisters) фонетикалык көнүгүүлөрдүн өзгөчө түрүнө кирүү менен тил үйрөнүүчүлөрдүн зор кызыгууларын жаратат. Алар жаңылмачтарды айтуу машыгуусу аркылуу англис тилинин шар айтуу (автоматизмдик) көндүм адатына ээ болушат.

Don’t trouble, trouble, until trouble troubles you!

Hiccup, snick up, rise up, right up, three drops in the cup are good for hiccups.

Swan swam over the sea,

Swim swan swim.

Swan swam back again,

Well swam swan.

Peter Piper picked a peck of pickled peppers,

A peck of pickled peppers, Peter Piper picked.

If Peter Piper picked a peck of pickled peppers,

Where is the peck of pickled peppers, Peter Piper picked?


When the weather is wet, we must not fret,

When the weather is cold, we must not scold.

When the weather is warm, we must not storm,

But be thankful together, whatever the weather.

Мындан сырткары тамашалуу ырлар дагы фонетикалык көгүгүүлөрдүн бир түрү катары пайдаланылса жакшы болот. Тамашалуу ырлардын өзгөчө мелодиясы, тону, интонациясы менен өзгөчөлөнүп турат.


There was a student whose name Bessor,

Whose knowledge grew lesser and lesser.

It at last grew so small,

He knew nothing at all,

Now, today he is a college professor!


Англис тили сабагында обондуу ырларды фонетикалык көнүгүүлөр катары пайдалануусу тил үйрөнүүчүлөрдү англис тилине кызыктыруу мекнен фонетикалык көнүгүүлөрдүн өзөгүн түзөт. Мында чет тили мугалиминин өзгө чө устаттыгы жана педагогикалык чеберчилиги менен музыкалык таланты негизги ролду ойнойт. Ал эми кайсы бир музыкалык аспапта ойной алуусу көздөгөн максатына жетүүсүнө өбөлгө түзөт.


My land

This land is your land

This land is my land.

From California,

To the New-York, Ireland.

From that wood forest,

To the Gulf-Stream waters.

This land is made for you and me.

This land is made for you and me.


Jingle, bells

Dashing through the snow,

In a one-horse open sleigh.

Down the hill we go,

Laughing all the way.

Refrain: Jingle, bells!

Jingle, bells!

Jingle all the way!

Oh, what fun it is to ride,

In a one-horse open sleigh.


Bells on bobtail ring,

Making spirits bright.

What fun it is to ride and sing,

A sleighing song to-night.

Refrain: Jingle, bells!

Jingle, bells!

Jingle all the way!

Oh, what fun it is to ride,

In a one-horse open sleigh.

Twinkle, twinkle little star

Twinkle, twinkle little star,

How I wonder what you are?

Up above the world so high,

Like a diamond in the sky.

When the blazing sun is set,

And the grass with dew is wet.

Then you show your little light,

Twinkle, twinkle all the night.

Then the traveler in the dark,

Thanks you for your little spark.

He could not see which way to go,

If you did not twinkle so.

In the dark blue sky you keep,

Often through my curtain peep.

for you never shut your eye,

Till the sun is in the sky.


My bonnie

My Bonnie is over the ocean,

My Bonnie is over the sea.

My Bonnie is over the ocean,

And bring back my Bonnie to me.

Bring back, bring back,

Bring back my Bonnie to me.

Oh, blow ye winds over the ocean,

Oh, blow ye winds over the sea.

Oh, blow ye winds over the ocean,

And bring back my Bonnie to me.

Bring back, bring back,

Bring back my Bonnie to me.


Cuckoo

Cuckoo, Cuckoo, Cuckoo, Cuckoo,

Cries in the wood. Cries in the wood.

Happy and gay are, Cuckoo is here,

Children in May. Summer is near.

Cuckoo, Cuckoo, Cuckoo, Cuckoo,

Cries in the wood. Cries in the wood.

Cuckoo, Cuckoo,

Cries in the wood.

Oh, let us sing,

And dance in a ring.

Cuckoo, Cuckoo,

Cries in the wood.

Корутунду

Англис тилинде бүткүл дүйнөдө сүйлөшөт. Улуу Британияда, АКШда, Канадада, Австралияда, Индияда, Жаңы Зелландияда мамлекеттик же расмий тил катары пайдаланылса, ал эми Бразилияда, Шри Ланкада, Заирде, Африка менен Азиянын көптөгөн мамлекеттеринде расмий тил катары сүйлөнүп келүүдө. Бүгүнкү күнү чет тилин билүү жана үйрөнүү абдан керек. Чет тилин билүү адамдардын, атап айтканда, башка элдердин ортосундагы достук мамилелерди, соода-сатык кызматташтыкта, саясий-маданий чөйрөлөр арасындагы алакалар менен бирдикте экономикалык байланыштарда ж.б.у.с. тармактарда кеңири колдонулаары айкын ачык белгилүү эмеспи. Англис тилинде сүйлөгөн өлкөлөрдө тилдик байланыш каражаты биринчи зарылдык менен муктаждыккты алып келээри шексиз. Дүйнө элдеринин тилдеринин арасында англис тилинин орду, кадыр-баркы, ролу өзгөчө. Анткени англис тили ООНдогу официалдуу кеңири пайдаланылган 6 тилдин бири болуп саналат. Мындан сырткары англис тили дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө чет тили катары окутулуп жатат.

«Сиз англис тилинде сүйлөйсүзбү? же Сиз англис тилинде сүйлөй аласызбы?» мына ушундай фразалар менен адамдардын ортосунда сүйлөшүү башталат. Англис тили бүгүнкү күндүн шартында компьютердин, илим менен билимдин, спорт менен туризмдин, медицина менен маданият тармагынын, бизнес менен экономикалык мамилелердин, саясий кызматташуунун тили болуп саналат. Азыркы учурда бул тилде дүйнөнүн 750 миллиондон ашуун калкы сүйлөй тургандыгы статистикалык маалыматтар булагында айтылып келүүдө. Ал эми информациялык технологиялардын маалыматтарынын 80%га жакыны англис тилинде жүргүзүлөт. Азыркы учурда англис тилин окуп үйрөнүүндө эбегейсиз зор мүмкүнчүлүктөр жаралган. Атап айтканда, билим берүүчү мекемелерден сырткары интернет булактары аркылуу, атайын кыска мөөнөттөгү курстар аркылуу, теле-радио берүүлөр аркылуу англис тилин үйрөнүү кеңири масштабда жүргүзүлүп жатат. Аны окутуп-үйрөтүүнүн бүгүнкү заманбап усулдары чыгарылууда. Ошонун катарында фонетиканы жана фонетикалык көнүгүүлөр менен иштөөдөгү усулдарды жайылтуу керектиги турмуштук зарылдык болуп саналат. Мына ушул маселелердин үстүндө иштөөдө бир нече проблемаларга туш болобуз. Алар төмөнкүлөр:

  1. Мектеп жана окуучу тарабынан кетирилип жаткан кемчиликтер;

  2. Мугалим же тил үйрөтүүчүлөр тарабынан кетирилип жаткан кемчиликтер;

  3. Мамлекет жана ЖОЖдор тарабынан кетирилип жаткан кемчиликтер;

  4. Сырткы булактардагы (чөйрөдөгү) кемчиликтер.

Биринчи пункт боюнча проблемалар англис тили сабагына, анын жадыбалына, окутуу процессинде анын кандай ишке ашырылып жаткандыгына, окуучулардын канчалык деңгээлде өздөштүрүп жаткандыгына мектеп администрациясы тарабынан көңүл буруусу тарабынан келип чыгат. Ата-энелердин өз балдарынын билим алуусуна салкын көз караш менен кароосу аларга шарт түзүп берүүдөгү көз караштарынын төмөндүгү. Окуу куралдары, анын ичинде окуу китептери, сөздүктөрү ж.б. тиешелүү окуу каражаттары менен аз же начар камсыз болуусу.

Экинчи пункт боюнча мугалимдин же тил үйрөтүүчүнүн өз предметин канчалык деңгээлде биле тургандыгы менен, анын кайсы усулдар менен окутуп жаткандыгынан келип чыгат. Мында кээде англис тили мугалими жетишпеген жайларда башка кесиптин ээлери татабынан да ишке ашырылып жатканын тана албайбыз.

/чүнчү пункт боюнча мамлекет тарабынан билим берүү тармагындагы өзүнүн кемчиликтери бар. ЖОЖдор тарабынан толук кандуу, өз предметине жан дили менен берилген кдрлардын даярдыгындагы кемчиликтер. ЖОЖдор менен билим берүүчү мектептердин (мекемелердин) ортосундагы тыгыз кызматташуунун жоктугу же начар деңгээлде экендиги.

Төртүнчүдөн окуучулар өз теңтуштарынын арасында билим алууга умтулуудагы атаандашуунун жоктугу, тескерисинче мыкты үлгүдөгү телефонго, жаңы модадагы кийимдерге, чет өлкөлөрдүн унаасына, интернет оюндарына ж.б.у.с. пайдасыз нерселерге убактыларын кетирип жатышы ачык айкын. Ал эми интернет булактары аркылуу тарбиянын зор баалуу булактары жабыр тартып, окуучулардын жүрүш-туруш нормалары, сүйлөө маданияттары, сабактарга болгон кызыгууларынын жоголуп баратышы бүгүнкү күндү № 1 проблемасы бойдон калууда.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!