СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алкендердин касиеттери

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

    Этилен катарындагы углеводороддор . Этилендин курамы,  малекуласынын түзүлүшү. Изомериясы, номенклатурасы деген теманы окутуунун ыкмасы.

 

Бул теманы өтүүдө  окуучулар текст менен иштешип  тексти окуп, аны канчалык деңгээлде түшүнөт  жана  илимий текст менен көркөм тексти окуп түшүнүүсүн салыштырууга болот. Тексти түшүнүү менен  кубулушту анализдейт, ал эми анализ түшүнүктү тереңдетет.Илимий тексти түшүнүү үчүн фактыларга таянабыз. Ошондуктан химия предметиндеги чектүү, чексиз углеводороддор конкретүү илимий тема болгондуктан фактылар                           ( формулалар, реакциялар ) менен гана түшүнүүгө болот. Ушул коюлган максатка жетүү үчүн 10- класстарга «алкандар», «алкендер», «алкадиендер», «алкиндер» ,”аренедер”деген темаларды  өтүүдө башкарып окутуу стратегиясын – колдонууга болот.

Просмотр содержимого документа
«Алкендердин касиеттери»

Улуттук компьютердик гимназиянын химия предмети боюнча

сабактардын иштелмеси. Женалиева. З.А.










Этилен катарындагы углеводороддор . Этилендин курамы, малекуласынын түзүлүшү. Изомериясы, номенклатурасы деген теманы окутуунун ыкмасы.


Бул теманы өтүүдө окуучулар текст менен иштешип тексти окуп, аны канчалык деңгээлде түшүнөт жана илимий текст менен көркөм тексти окуп түшүнүүсүн салыштырууга болот. Тексти түшүнүү менен кубулушту анализдейт, ал эми анализ түшүнүктү тереңдетет.Илимий тексти түшүнүү үчүн фактыларга таянабыз. Ошондуктан химия предметиндеги чектүү, чексиз углеводороддор конкретүү илимий тема болгондуктан фактылар ( формулалар, реакциялар ) менен гана түшүнүүгө болот. Ушул коюлган максатка жетүү үчүн 10- класстарга «алкандар», «алкендер», «алкадиендер», «алкиндер» ,”аренедер”деген темаларды өтүүдө башкарып окутуу стратегиясын – колдонууга болот.Бул стратегияны пайдалануу менен окуучуларга углеводороддордогу байланыштын пайда болушун, гибриддешүунүн түрлөрүн , көмүртектин валенттик абалын окуучулар өзү иштеп чыгып менчиктештирилген билимге ээ боло алат. Жогоркуда көрсөтүлгөн темалар бири- бири менен байланыштуу болгондуктан окуучулар мугалимдин нускамасы менен өз алдынча иштеп, ой-жүгүртүп, көнүгүулөрдү иштеп жана аны конструкциялаганга жетишип түптүү билимге ээ болушат. Химия предметиндеги «алкандар», «алкендер», «алкадиендер», «алкиндер» , «арендер» - деген темаларды башкарып окутуу стратегиясы менен өтүү өтө ыңгайлуу деп мугалимдерге сунуштаймын. Бул стратегиянын артыкчылыгы мугалимдин нускамасы менен теманы аз –аз өлчөмдө окуп түшүнүп отуруп окуучулар чоң теманы өздөштүрүүгө жетишет. Татаал түзүлүштөгү заттардын малекуласынын түзүлүшүн, касиеттерин салыштыруу менен кабыл алышат жана түшүнүп, анализдеп отуруп маалымат алышат.


Сабактын темасы: Этилен катарындагы углеводороддор .

Этилендин курамы, малекуласынын

түзүлүшү. Изомериясы, номенклатурасы

САБАКА ЧЕЙИН


Сабактын максаты:

Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)

Окуучулар углеводороддор боюнча билим алат, этилендин молекуласынын түзүлүшүн окуп үйрөнөт, каситтери менен таанышат. Окуучулар этилендин курамын анализдеп, формуласын жазганды үйрөнөт, гибриддешүүнүн пайда болушун жазып, гибриддешпей калган электрондор жөнүндө маалымат алат. Ал электрон аркылуу пайда болгон байланышты аныктап, этилендин гомологдорун жазууну үйрөнөт.

этилендин практикалык мааниси боюнча билим алышат.


Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)

-Окуучулар этилендин0 катарындагы углеводороддордун касиетин түзүлүшүн окуп үйрөнүү менен углеводороддордун башка класстарына кирген заттардын касиетин айтып бере алат;

-окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнүшөт.

Сабактын тиби:

Жаң ы билимдерди өздөштүрүү

Сабактын түрү: (формасы)

Интерактивдүү сабак

Сабактын методу: мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: Башкарып окутуу стратегиясы, топ менен иштөө ж.б.

Сабактын жабдылышы: 1.Этилендин химиялык касиети боюнча практикалык иштер, этилендин молекуласынын түзүлүшү боюнча сүрөттөр. Слайд.

С абактын жүрүшү :

Өтүлгөн теманы кайталоо үчүн суроолор же жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.

Мисалы: 6 сүйлөмдөн турган тапшырма берүүгө болот. Мугалим сүйлөмдөрдү окуп берет, окуучу угат. Сүйлөмдү окуучулар угуп, анализдеп туура жана туура эмес деген жыйынтыка келгенден кийин окуучу жообун цифра менен белгилеп турат.Туура жоопко 1, туура эмес жоопко 0 деген цифраларды коюшат.

  • алкандар бром суусунун өӊү түссүздөндүрөт,

  • Чектүү углеводороддордун молкуласында кош байланыш бар,

  • Диендик углеводороддордун молекуласында бир кош байланыш бар,

  • 2-метилбутан менен пентандын курамы бирдей

  • Изомерия кубулушу – бул курамы бирдей касиети ар түрдүү,

  • Этилен катарындагы углеводороддордо 1 байланыш бар.

Туура жообу: 0,0,1,1,11.

Жана башка тапшырмалар менен окуучулардын билимдери бааланат.

сабактын темасы берилет.


Сабак

Сабактын темасы доскага жазылат. Алкендер. Алкендин курамы,

малекуласынын түзүлүшү.

Изомериясы, номенклатурасы.


Суроо: Алкендер чексиз углеводороддордун катарына киреби?

(Окуучулар өз алдынча, экиден иштеп ойлорун айтышат)


М угалим: Бул суроого толук жооп алуу үчүн окуучулар текст менен иштешет. ( текст окуучуларга таратылып берилет)

1-тыным.

Этилендин эмприкалык формуласы - С2Н4 Молекуласында бир кош байланышы бар.Көмүртек-көмүртек ортосунда 1 байланышы жана 1 байланышы бар. Структуралык формуласы:

СnН2n





.

Э тилен кадимки шартта түссүз, абадан жеӊил газ абалындагы зат. Сууда жакшы эрийт( 100мл сууда 25,6мл) эриткичтерде жакшы эрийт. Тыгыздыгы 1,178кг/м3.

Этилен төмөнкү заттарды алууда колдонулат.

  • Винилацетат,

  • Полиэтилен,

  • Стирол,

  • Уксус кислотасы,

  • Этиленгликоль,

  • Этил спиртин алууда кеӊири колдонулат.

  • Этилендин кычыкылтек менен аралашмасын 1980-жылдардын ортосуна чейин медицинада наркоз катары колдонулуп келген .
    Этилен мөмөлөрдүн бат бышып жетилүүсүнө жардам берет. Помидор, коон, дарбыз, апельсин, мандарин, лимон, банан. Ошондой эле бышып жетилган мөмөлөрдү төгүлүп түшүп калуудан сактайт.

Этилендин молекуласындагы көмүртектин атому Sp2 гибриддешүү абалында болот.

Көмүртектин атому мезгилдик системада 6- катарда тургандыктан, 6 электронду деӊгээлдерге бөлүштүрүп жазабыз. Алар төмөнкүдөй:



2S



1S








2S









Гибриддешүүгө катышпай калган 2р деӊгээлинде жайланышкан 1 электрон тегиздике перпендикуляр жайланышып 1 байланышын пайда кылат.Натыйжада

этилендин молекуласындагы көмүртектин атомдору бири-бири менен кош байланыш менен

байланышат. Гибриддешкен электрондук орбиталдар тегиздикте жайланышып алардын арасындагы бурч 1200 градуска барабар болгон үч бурчтукту берет.Этилен катарындагы углеводороддор калий перманганатынын жана бром суусунун өӊүн түссүздөндүрөт.



Демек көмүртектин курамында суутектин саны азайган сайын байланыштын саны көбөйөт.

Теманы окуучулар окуп бүткөндөн кийин топто талкууланат.

  • Окуучу: Этилендин молекуласында байланыштын саны көбөйөт ,анткени суутектин саны азайышынын эсебинен көмүртектин атому төрт валенттүү болгондуктан байланыштын саны көбөйөт. Демек этилендин молекуласында кош байланыш бар.

  • Окуучу: Углеводороддордун бул тобунда көмүртек үчүнчү валенттик абалда болот же ацетилендин катарындаг углеводороддор Sp2 гибриддешүү абалында болот. Молекулада көмүртек менен көмүртек атомдорунун ортосунда 1 байланыш жана 1 байланыш пайда болот.

М угалим: Жообуӊар туура анда эмесе этилен катарындагы углеводороддордун гомологдорун жазабыз деп окуучулар менен бирдикте гомологиялык катар жазылат.










С уроо: Этилен катарындагы углеводороддор изомерлениши мүмкүнбү?

1.Кош байланыштын жайланышы боюнча изомерленет.

М: С4Н8



бутен-1





бутен-2








2-метилпропен-1





2. Мейкиндик изомерия: (С2Н2CI2)














3. Классстар арасындагы изомер: С3Н6 пропилен




циклопропан

пропен-1




Изомерелери берилип талкуулангандан кийин окуучу бир нече мисалдар менен билимдерин бышыктайт. Мисалы:
















2.Төмөнкү суроолорго жооп берет.

  • Алкендер кайсы углеводороддордун классына кирет?

  • Алкендердин түзүлүшүндө кандай өзгөчөлүк бар ?

  • Алкендер деп кандай заттарды айтабыз?

  • Алкендерде көмүртек канчанчы валенттик абалда?

3.Алкенднрдин бром суусун жанна калий перманганатынын өӊү өзгөргөндүгү боюнча практикалык иш көрсөтүлөт.

(практикалык иш дискте берилген)


Практикалык иш боюнча окуучулар өзүнүн байкаганын дептерге жазып жыйынтык чыгарат.

Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.









Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!