Тест №1
ОРГАНИКАлык ХИМИЯ 10 класс
I вариант
1. Органикалык заттардын түзүлүш теориясы ким тарабынан негизделген.
1) М.В.Ломоносов 2) Д.И.Менделеев
3) А.М.Бутлеров 4) Я.Берцелиус
2.Илимге «органикалык заттар», «органикалык химия» деген түшүнүктү киргизген окумуштуу.
1) М.В.Ломоносов 2) Д.И.Менделеев 3) А.М.Бутлеров 4) Я.Берцелиус
3.Органикалык бирикмелердин кайсы катарында углеводороддор?. 1) С2Н6, С4Н8, С2Н5ОН; 2) СН3СООН, С6Н6, СН3СОН;
3) С2Н2, С3Н8, С17Н36; 4) С6Н5NO2, СН2Cl2, С3Н7NН2
4.Алкандарды (чектүү углеводороддорду) көрсөткүлө 1.С2Н6, С3Н8, С4Н10; 2) С2Н2, С4Н8, С6Н6;
3) С11Н20, С8Н16, С3Н6; 4) СН4, С2Н4, С4Н6.
5. CnH2n формуласына ээ болгон зат.
1) бензол 2) циклогексан 3) гексан 4) гексин
6. Төмөнкү структуралык формулага ээ болгон заттын аты.
СН3 – СН – СН 2 - С ≡С - СН 2 - СН3 ,
|
СН3
1) 6-метилгептин-3 2) 2-метилгептин -4 3) 2-метилгексин -3 4) 2-метилгептен -3
7. Метил циклобутандын жалпы формуласы.
1) СnH2n+2 2) СnH2n 3) СnH2n-2 4) СnH2nО
8. Алкиндерди көрсөткүлө.
1) С2Н4 2) СН4 3) С2Н6 4) С2Н2
9. Алкандарга мүнөздүү болгон байланыш. 1) кош 2) бир 3) σ- байланыш 4) π- байланыш
10. Алкандарга мүнөздүү болгон гибриддешүү: 1) sp- 2) –sp2 3) sp3 4) s-s жана p-p
11.Метандын малекуласынын мейкиндиктеги формасы. 1) тетраэдрдик, 2) түз сызыктуу 3) көлөмдүк 4) жалпак.
12. Арендердин гомологиялык катарларынын жалпы формуласы.
1) CnH2n 2) CnH2n -2 3) CnH2n -6 4) CnH2n +2
13.Алкадиендердин гомологиялык катарларынын жалпы формуласы.
1) СnH2n+2 2) СnH2n 3) СnH2n-2 4) СnHn-2
14. Малекуладагы П-байланыштын эсебинен жүрүүчү алкендерге мүнөздүү болгон реакция. 1) орун алмашуу 2) ажыроо 3) алмашуу 4) кошулуу
15.Чектүү үглеводороддордун хлордоо реакциясы-бул 1) 1.кошулуу 2) ажыроо 3) орун алмашуу 4) изомерлешүү
II-вариант
1. С5Н12 , формуласына ээ болгон заттын изомери.
1) 5 2) 2 3) 3 4) 4
2.. Бутандын бутенге айлануу реакциясы .
1) полимерлешүү 2) дегидрирлөө 3) дегидратациялоо 4) изомерлешүү
3. Синтетикалык каучукту 2-метилбутадиена-1,3 төн алуу реакциясы.
1) поликонденсации 2) изомерлешүү 3) полимерлешүу 4) деполимерлешүү
4. метандын хлор менен болгон реакциясы.
1)кошулуу 2) орун алмашуу 3) алмашуу 4) кычкылдануу.
5. Изомерлер бири-биринен айырмаланат. 1) химиялык касиетинен, 2) химиялык активдүүлүгүнөн 3) физикалык касиетинен 4) химиялык түзүлүшүнөн
6.Гомологдор бири-биринен айырмаланат.
1).көмүртек атомунун саны 2) химиялык структурасы 3) сандык жана сапаттык курамынан. 4) гомологиялык катардынк урамынан
7. Пропандын күйүү реакциясынын теңдемесиндеги коэфиценттер
1) 6 2) 12 3) 13 4) 24
8.Ацетилендин (С2Н2 ) кальций карбидинен алынган реакциясынын теңдемесиндеги коэфиценттер.
1) 2 2) 3 3) 4 4) 5
9. 1 Моль пропан күйгөндө пайда болгон заттардын саны.
1) 1 Моль СО2 и 1 Моль Н2О 2) 3 Моль СО2 и 4 Моль Н2О
3) 2 Моль СО2 и 3 Моль Н2О 4) 4 Моль СО2 и 6 Моль Н2О
10. 1 Моль этан күйгөндө пайда болгон заттын саны. 1) 1 Моль СО2и 1 Моль Н2О 2) 1 Моль СО2 и 2 Моль Н2О
3) 2 Моль СО2 и 3 Моль Н2О 4) 2 Моль СО2 и 4 Моль Н2О
11. Бутен – 2деги σ-байланыштын саны канча?
1) 4 2) 6 3) 9 4) 11
12. Бензолдун малекуласындагы σ-байланыштын саны канча?.
1) 6 2) 12 3) 18 4) 24
13. 2-метилбутандын малекуласындагы σ-байланыштын саны канча ?.
1) 6 2) 8 3) 14 4) 16
14. бутадиен-1,2нин малеклуасындагы σ-байланыштын саны канча?.
1) 4 2) 6 3) 9 4) 11
15.Ацетиленди гидратациялоодон пайда болгон зат. 1) кумурска кислотасы 2) уксус альдегиди
3) формальдегид 4) уксус кислотасы