СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Алкадиендердин касиеттери

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

Этилен катарындагы углеводороддор . Этилендин курамы,  малекуласынын түзүлүшү. Изомериясы, номенклатурасы деген теманы окутуунун ыкмасы.

 

Бул теманы өтүүдө  окуучулар текст менен иштешип  тексти окуп, аны канчалык деңгээлде түшүнөт  жана  илимий текст менен көркөм тексти окуп түшүнүүсүн салыштырууга болот. Тексти түшүнүү менен  кубулушту анализдейт, ал эми анализ түшүнүктү тереңдетет.Илимий тексти түшүнүү үчүн фактыларга таянабыз. Ошондуктан химия предметиндеги чектүү, чексиз углеводороддор конкретүү илимий тема болгондуктан фактылар                           ( формулалар, реакциялар ) менен гана түшүнүүгө болот. Ушул коюлган максатка жетүү үчүн 10- класстарга «алкандар», «алкендер», «алкадиендер», «алкиндер» ,”аренедер”деген темаларды  өтүүдө башкарып окутуу стратегиясын – колдонууга болот

Просмотр содержимого документа
«Алкадиендердин касиеттери»


Улуттук компьютердик гимназиянын химия предмети боюнча

сабактардын иштелмеси. Женалиева. З.А.










Алкадиендер . Алкадиендердин курамы, малекуласынын түзүлүшү. Изомериясы, номенклатурасы деген теманы окутуунун ыкмасы.


Бул теманы өтүүдө окуучулар текст менен иштешип тексти окуп, аны канчалык деңгээлде түшүнөт жана илимий текст менен көркөм тексти окуп түшүнүүсүн салыштырууга болот. Тексти түшүнүү менен кубулушту анализдейт, ал эми анализ түшүнүктү тереңдетет.Илимий тексти түшүнүү үчүн фактыларга таянабыз. Ошондуктан химия предметиндеги чектүү, чексиз углеводороддор конкретүү илимий тема болгондуктан фактылар ( формулалар, реакциялар ) менен гана түшүнүүгө болот. Ушул коюлган максатка жетүү үчүн 10- класстарга «алкандар», «алкендер», «алкадиендер», «алкиндер» ,”аренедер”деген темаларды өтүүдө башкарып окутуу стратегиясын – колдонууга болот.Бул стратегияны пайдалануу менен окуучуларга углеводороддордогу байланыштын пайда болушун, гибриддешүүнүн түрлөрүн , көмүртектин валенттик абалын окуучулар өзү иштеп чыгып менчиктештирилген билимге ээ боло алат. Жогоркуда көрсөтүлгөн темалар бири- бири менен байланыштуу болгондуктан окуучулар мугалимдин нускамасы менен өз алдынча иштеп, ой-жүгүртүп, көнүгүулөрдү иштеп жана аны конструкциялаганга жетишип түптүү билимге ээ болушат. Химия предметиндеги «алкандар», «алкендер», «алкадиендер», «алкиндер» , «арендер» - деген темаларды башкарып окутуу стратегиясы менен өтүү өтө ыңгайлуу деп мугалимдерге сунуштаймын. Бул стратегиянын артыкчылыгы мугалимдин нускамасы менен теманы аз –аз өлчөмдө окуп түшүнүп отуруп окуучулар чоң теманы өздөштүрүүгө жетишет. Татаал түзүлүштөгү заттардын малекуласынын түзүлүшүн, касиеттерин салыштыруу менен кабыл алышат жана түшүнүп, анализдеп отуруп маалымат алышат.


Сабактын темасы: Алкадиендер .

Алкадиендердин курамы, малекуласынын

түзүлүшү. Изомериясы, номенклатурасы

САБАКА ЧЕЙИН

Сабактын максаты:

Конкреттүү максаты: ( билим берүүчүлүк)

Окуучулар углеводороддор боюнча билим алат, алкадиендердин молекуласынын түзүлүшүн окуп үйрөнөт, каситтери менен таанышат. Окуучулар этилендин курамын анализдеп, формуласын жазганды үйрөнөт, гибриддешүүнүн пайда болушун жазып, гибриддешпей калган электрондор жөнүндө маалымат алат. Ал электрон аркылуу пайда болгон байланышты аныктап, этилендин гомологдорун жазууну үйрөнөт.

этилендин практикалык мааниси боюнча билим алышат.


Конструктивдүү максаты:(өнүктүрүүчүлүк,тарбиялык)

-Окуучулар алкадиендердин катарындагы углеводороддордун касиетин түзүлүшүн окуп үйрөнүү менен углеводороддордун башка класстарына кирген заттардын касиетин айтып бере алат;

-окуучулардын таанып-билүүлөрү өсөт, тексти окуп үйрөнүүнү, талдап окууну үйрөнүшөт.

Сабактын тиби:

Жаң ы билимдерди өздөштүрүү

Сабактын түрү: (формасы)

Интерактивдүү сабак

Сабактын методу: мугалимдин сөзү; аңгемелешүү; сынчыл ойломдун айрым ыкмалары: Башкарып окутуу стратегиясы, топ менен иштөө ж.б.

Сабактын жабдылышы: 1.Диендик углеводороддордун химиялык касиети боюнча практикалык иштер, бутадиендин молекуласынын түзүлүшү боюнча сүрөттөр. Слайд.

С абактын жүрүшү :

Өтүлгөн теманы кайталоо үчүн суроолор же жаңы теманы кабыл алууга даярдоо.

1.Этилен катарындагы углеводороддордун жалпы формуласы:

 а) C nH2n+2
 б) CnH2n
 в) CnH2n-2
 г) CnHn

2. Этилендин молекуласында валенттик бурч:

1) 109028

3) 1800

2) 1200

4) 10405

3.Төмөнкү заттардын кайсынысы бири-бирине гомолог болуп саналат?

1.гексан жана гексен; 3) 2-метилгексен-2 жана 2-метилгептен-2

2) циклопропан жана пропан; 4) 2-метилпентен-2 жана 3-метилгексан.

Жана башка тапшырмалар менен окуучулардын билимдери бааланат.

сабактын темасы берилет.


Сабак

Сабактын темасы доскага жазылат. Алкадиендердин курамы,

малекуласынын түзүлүшү.

Изомериясы, номенклатурасы.


Суроо: Алкадиендер чексиз углеводороддордун катарына киреби?

(Окуучулар өз алдынча, экиден иштеп ойлорун айтышат)


Мугалим: Бул суроого толук жооп алуу үчүн окуучулар текст менен иштешет.

1-тыным.

Диендик углеводороддордун негизги өкүлү бутадиен-1,3. эмприкалык формуласы – С4Н6 Молекуласында бирэки кош байланышы бар.Көмүртек-көмүртек ортосунда 1 байланышы жана 1 байланышы бар. Диендик углеводороддордун жалпы формуласы,структуралык формуласы төмөнкүдөй:

СnН2n-2





.



Физикалык касиети:

Төмөнкү диендик углеводороддор кадимки шартта түссүз, суюк зат. Сууда жакшы эрибейт,эриткичтерде эрийт.











Диендик углеводороддордон төмөнкү заттар алынат.

  • каучук,

  • курулуш материалдары,

  • электротехника,

  • суу түтүктөрү,

  • бут кийимдер,










Полимерлешүү реакциясынын натыйжасында каучук алынат. Каучуктун эки түрү бар. Алар Жаратылыш каучугу, синтетикалык жол менен алынган каучук. Жартылыш каучугунун алынышына көңүл бурсаңар! Натуралдык каучук Бразилиядагы гевея дарагынын сүт ширесинен алынат.Каучукту алуу үчүн гевея дарагынын кабыгын кертип кесишет.Кесилген жеринен чыккан каучуктун сүт ширесин керамика идишке чогултулуп алынат. Бул процесс 5-6 саатка созулат. Ширеси алынган өсүмдук кайра калыбына келүү үчүн 2-3 күн алынбайт. 2-3 күндөн кийин өсумдүктун башка жеринен кесишип сүт ширесин чогултулат.Сүт ширеси ак түстөгу каллоиддик зат.Чогултулган каллоиддик сүт ширесине кумурска кислотасын кошуп 10-15 минута коюлат. Андан кийин ал каогуляциланып, ( латекс терс заряддалган иондор болгондуктан ага электролит кошулат, электролиттеги оң заряддалган иондор латекстеги терс заряддаалган иондорду тартып алат да каучук каогуляцияланат) камыр сыяктуу болуп, белгилүү формага келүүгө ыңгайлуу болуп калат.Аларды андан кийин жайыуучу түзүлүштөн өткөруп кургатууга ыңгайлуу болгон формага келтирилет. 5-6 саат кургатылат. Каучуктун баалуулугу анын касиетинде: созулгучтугу, кичине күчтун таасири астында формасын өзгөрткөндүгү, газды жана сууну өткөрбөгөндүгүндө. Европада 19-кылымдын башталышында каучуктан жасалган буюмдар колдонула баштаган.

( каучук боюнча дискте берилген)







Диендик углеводороддордун молекуласындагы көмүртектин атому кандай гибриддешүүгө ээ болот?

2 -тыным:

Диендердин молекуласындагы көмүртектин атому Sp2 гибриддешүү абалында болот.

Көмүртектин атому мезгилдик системада 6- катарда тургандыктан, 6 электронду деӊгээлдерге бөлүштүрүп жазабыз. Алар төмөнкүдөй:



2S



1S




Гибриддешүүгө катышпай калган 2р деӊгээлинде жайланышкан 1 электрон тегиздике перпендикуляр жайланышып 1 байланышын пайда кылат.Натыйжада

этилендин молекуласындагыдай эле диендик углеводороддордо да көмүртектин атомдору бири-бири менен эки кош байланыш менен байланышат. Гибриддешкен электрондук орбиталдар тегиздикте жайланышып алардын арасындагы бурч 1200 градуска барабар болгон үч бурчтукту берет .Диендик углеводороддор калий перманганатынын жана бром суусунун өӊүн түссүздөндүрөт. Мугалим окуучу менен бирге диендердин молекуласынын түзүлүшүн талкуулап иштеп чыгышат.


2S























Демек көмүртектин курамында суутектин саны азайган сайын байланыштын саны көбөйөт. Диендик углеводороддор да чексиз углеводороддордун классына кирет.

Теманы окуучулар окуп бүткөндөн кийин топто талкууланат.

  • Окуучу:Диендердин молекуласында байланыштын саны көбөйөт ,анткени суутектин саны азайышынын эсебинен көмүртектин атому төрт валенттүү болгондуктан байланыштын саны көбөйөт. Демек диендин молекуласында эки кош байланыш пайда болуп, суутектин саны дагы 2ге азаят.

  • Окуучу: Углеводороддордун бул тобунда көмүртек экинчи валенттик абалда болот же диендерин катарындаг углеводороддор Sp2 гибриддешүү абалында болот. Молекулада көмүртек менен көмүртек атомдорунун ортосунда 1 байланыш жана 1 байланыш пайда болот.

Мугалим: Жообуӊар туура анда эмесе диендердин катарындагы углеводороддордун гомологдорун жазабыз деп окуучулар менен бирдикте гомологиялык катар жазылат.


С3Н4 пропадиен-1,2



С4Н6 бутадиен-1,3



С5Н8 пентадиен- 1,3




С уроо:Диендик углеводороддор изомерлениши мүмкүнбү?

Диендик углеводороддор : а) структуралык, б).мейкиндик, в).класстар арасындагы изомерияга ээ болот.

1.Структуралык изомерия: Кош байланыштын жайланышы жана көмүртек атомдорунун бутактанышы боюнча изомерленет.

М: С5Н8


пентадиен-1,4



пентадиен-1,3



3-метилбутадиен-1,3



Изомерлерди талкуулаганда мугалим окуучу менен биргеликте иштешет.


2. Мейкиндик изомерия: (С5Н8)









транс-пентадиен-1,3








цис-пентадиен-1,3



3. Классстар арасындагы изомер: С4Н6 бутадиен-1,3

Класстар арасындагы изомерияга ээ болот. Мисалы бутадиендин изомери ацетилен катарындагы углеводороддор болуп саналат.


бутадиен-1.3




бутин-2




Изомерелер берилип талкуулангандан кийин окуучу бир нече мисалдар менен билимдерин бышыктайт.

Т өмөнкү суроолорго жооп берет.

  • Алкадиендер кайсы углеводороддордун классына кирет?

  • Алкадиендердин түзүлүшүндө кандай өзгөчөлүк бар ?

  • Алкадиендер деп кандай заттарды айтабыз?

  • Алкадиендерде көмүртек канчанчы валенттик абалда?

3.Алкадиендер да этилен сыяктуу бром суусун жанна калий перманганатынын өӊү өзгөртөт.


Сабак жыйынтыкталып, окуучулардын билимдери бааланат.









Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!