СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Акыл ордо интеллектуалдык оюну 9-класс

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Акыл ордо интеллектуалдык оюну 9-кдасс учун тузулгон Ворд формасында

Просмотр содержимого документа
«Акыл ордо интеллектуалдык оюну 9-класс»

АКЫЛ ОРДО интеллектуалдык оюну. 7-а-б класстар арасында өткөрүлөт

Урматтуу окуучулар жана мугалимдер!

АКЫЛ ОРДО интеллектуалдык оюнуна кош келиңиздер!

Математика акылдын гимнастикасы демекчи акыл-эсибизди өстүрүү,логикалык ойлообузду өнүктүрүү ,кругозорубузду кеңейтүү ,так илимдерине болгон кызыгуубузду арттыруу үчүн “АКЫЛ ОРДО” интеллектуалдык оюнун баштоого уруксат этиңиздер!

Акыл ордо интеллектуалдык оюнун өткөрүүнүн максаты:

Окуучулардын билим, билгичтик, кѳндүмдѳрүн калыптандыруу, системалуу билим деңгээлине ээ

болгонун текшеруу, так илимдерине болгон кызыгууларын жогорулатуу .

1.Билим берүүчүлүк максаты: Окуучулар түзүлгөн тесттер аркылуу ѳтүлгѳн теманы кайталап, бышыкташат.

2.Өнүктүрүүчүлүк максаты : Жоопту ылдам таба билүү аркылуу маалыматтарга ээ болуу, ой жүгүртүү жана сынчыл ойлонуу кѳндүмдѳрүн калптандыруу менен ѳзүн-ѳзүн ѳнүктүрүу.

3.Тарбиялык максаты: Маалымдуулугун кеӊейтүү менен интелектуалдык деңгээлин жогорулатууга, жекече, топто иштѳѳгѳ бири – бирине жардамдашууга, тез ойлонуп жооп таба билүүгѳ тарбиялоо.

Акыл-Ордо таймаш оюнунун катышуучулары: 7-а-б класстын 13 окуучусу катышат

  1. Өзүлөрүн тааныштыруу

  2. «Акыл ордо» оюнуна катышуунун максатын айтуу

Оюндун жүрүшү:

1-тур.Тесттик суроолор

2-тур.Категориялар

3-тур.Финал

1-тур.Тесттик суроолор :

1. Математика кайсы сөздөн келип чыккан жана эмнени билдирет?

а) орус. Эсептөө в) латын.А,В,С... б) грек. Илим,билим г) англис гуд бай

2. Экиге калдыксыз бөлүнүүчү бүтүн сандар эмне деп аталат?

а) так сан б) жуп сан в) курама сан г)рацоналдык сан

3. 50 гө чейинки бардык жөнөкөй сандардын саны?

а) 25 б) 37т в) 42 г) 16

4. Бир мүчөлөрдүн алгебралык суммасы эмне деп аталат?

а) бир мүчө б) көп мүчө в) даража г) сумма

5. Тик бурчтуу үч бурчтуктун тик бурчунун каршысында жаткан жагы

а) диогонал б) гипотенуза в) хорда г) катет

6. а саны n жолу көбөйтүүчү катарында алынуучу алгебралык амал

а) даражага көтөрүү б)тамырдан чыгаруу в) көбөйтүүчүгө ажыратуу г) бөлүштүрүү

7. Кыргызстандагы белгилүү математик

а)А.Абдраев б) Б.Жайчыбеков в) И.Бекбоев г) А.Токтосунов

8. Нөлдөн кичине болгон сан эмне деп аталат?

а) оң сан б) натуралдык сан в) бөлчөк сан г) терс сан

9. Өзүнөн жана бирден башка да бөлүнүүчүсү болгон натуралдык сан

а) бүтүн сан б) жуп сан в) курама сан г) так сан

10. Бир санды экинчи санга бөлгөндөн ашып калган сан

а) бөлүнүүчү б) тийинди в) калдык в) бөлүүчү

2-тур. Категориялар

1.Математиканын суроолору:

1.Эң кичине натуралдык сан

а) 0 б) 1 в) -1 г) №

2. Математикада кайсы чоңдук Х тамгасы менен белгиленет ?

а) жашыруун б) амалкөй в) белгисиз г) каалагандай

3.Теңдеме деген эмне?

а) Пирогду барабар бөлүккө бөлүү б) Тараза таштары

в) Белгисизи бар барабардык г) Кандай айырмасы бар

4. (а-в)²=

а) а²+2ав+в² б) (а- в)(а²+ав+в²) в) а²-2ав+в² г) (а-в)(а+в)

5.Эки сандын суммасы 120 айырмасы 8. Ал сандарды тап.

а) 86;24 б) 64;56 в) 64;66 г) 76;44

6.Сызыктуу теңдемеде канча белгисиз бар?

а) бирөө б) көп болсо жакшы болмок в) бирөө да жок г) эки

7.Теңдеменин тамырын тап : 2(х+4)=2х+8

а) х каалагандай б) тамыры жок в) өткөн эмеспиз г) 0

8.Канча цифра бар?

а) 9 б) 10 в) чексиз г) 1000

9. 202 коз канча адамга таандык

а) 1 б) 2 в) 101 г) 202

10.

а) 60 б) 20 в) 0 г) чыгарылышка ээ эмес

2.Физиканын суроолору :

1. Жер шартында үч абалга ээ болуучу зат

А) Таш Б) Суу В) Аба

2. Нерсенин массасын өлчөөчү курал

А) Диномометр Б) Тараза В) Манометр

3. Алыста бара жаткан машинанын кыймыл багытын кантип аныктайбыз?

А) Ылдамдыкка салыштырып Б) Массасына салыштырып В)Нерселерге салыштыруу менен

4. Адам тайгаланып кеткенде кайсы жакты көздөй жыгылат?

А) Артка жыгылат Б) Алдыга жыгылат В) Капталдап жыгылат

5. Кыш мезгилинде жолго кум себишет : сүрүлүүнү көбөйтүү үчүнбү же азайтуу үчүнбү?

А) Көбөйтүү үчүн Б) Азайтуу үчүн В) Жөн эле

6. Сүрүлүүнүн канча түрү бар?

А) 3 Б) 4 В) 2

7. Күчтүн бирдиги кайсы?

А) Ньютон Б) Джоуль В) Кг

8.Күчтүү өлчөөчү курал кайсы?

А) Диномометр Б) Тараза В) Мензурка

9.Кыймылдын кандай түрлөрү бар?

А) 1 Б) 2 В) 3

10.Космоско учкан алгачкы космонавт?

А) В. Терешкова Б) Ю.Гагарин В) С.Шарипов

3.Геометриянын суроолору :

1.Геометрия эмнени окутуп үйрөтүүчү илим?

А) Мисалдарды чыгарууну Б) Фигуралардын касиеттерин В) Даражанын касиеттерин

2. Геометрия деген термин кайсы сөздөн алынган?

А) Грек.Жер өлчөө Б) Англис. Гуд бай В) Немец.Фигура

3. Геометрия канча бөлүмдөн турат?

А) 1 Б) 2 В) 3

4. Аксиома деген эмне?

А) Далилдөөнү талап кылган математикалык сүйлөм Б) Жай сүйлөм

В) Далилдөөсүз кабыл алынган математикалык сүйлөм

5.Теорема деген эмне?

А) Далилдөөсүз кабыл алынган математикалык сүйлөм Б) Далилдөөнү талап кылган математикалык сүйлөм В) Жөнөкөй сүйлөм

6. Үч бурчтук деп эмнени айтабыз?

А) Бир түз сызыкта жатпаган үч чекиттен жана аларды эки-экиден туташтырган үч кесиндиден түзүлгөн фигура

Б) Бир түз сызыкта жаткан үч чекиттен жана аларды эки-экиден туташтырган үч кесиндиден түзүлгөн фигура

В) Бир түз сызыкта жаткан үч чекиттен жана аларды эки-экиден туташтырган эки кесиндиден түзүлгөн фигура

7. Үч бурчтуктун канча түрү бар?

1.Жактары боюнча 2 түрү, Бурчтары боюнча 2 түрү

2.Жактары боюнча 3 түрү, Бурчтары боюнча 3 түрү

3. Жактары боюнча 6 түрү, Бурчтары боюнча 6 түрү

8. Туз сызыктын каалагандай эки чекитинин арасында жаткан чекиттердин коптугу

а) түз сызык б) кесинди в) бурч

9. Тик бурч боюнча кесилишуучу эки туз сызык

а) перпендикулярдуу төз сызыктар б) параллель түз сызыктар в) түз сызыктар

10. Египетдеги жети керметтин бири

а) призма б) конус в) пирамида

4.Биологиянын суроолору:

1. Кайсы класстагы жаныбарлардын саны эң көп ?

А) Балыктар классы Б) Курт-кумурскалар классы

В) Канаттуулар классы Г) Жөргөмүш сымалдар класс

2. Кайсы коңуз картошкага зыян келтирет?

А) Бугу коңузу Б) Тарпы коңузу В) Калорада коңузу Г) Май саратаны

3. Ланцетниктин хордасы канчага чейин сакталат?

А) Убактылуу Б) Жарым ай В) Бир ай Г) Жашоонун аягына чейин

4. Амёбалар кантип кыймылдайт?

А) Кирпикчелер менен Б) Жалган буттар менен В) Шапалакчалар менен Г) Түкчөлөр менен

5.Курт –кумурскалардын бөлүп чыгаруу органы кайсы?

А) Бөйрөк Б) Майлуу дене В) Мальпигиев түтүкчөсү Г) Кан айлануу түтүкчөсү

6. Гигант кит сымал акула азыгы ?

А) Ири жаныбарлар Б) Адам В) Майда рактар Г) Балырлар

7.Белгилүү аймактагы өсүмдүктөр жыйындысы эмнени түзөт?

А) Фауна Б) Бентос В) Флораны Г) Фитон

8. Клетка деген терминди кайсы окумуштуу илимге киргизген ?

А) Роберт Гук Б) Ч.Дарвин В) К.Линней Г) Жан Батист Ламарк

9.Үт клеткалар жалбырактын кайсы жагында жайгашат ?

А) Эки клетканын ортосунда Б) Жалбырактын үстүңкү бетинде В) Жалбырактын астынкы бетинде Г) Үт клеткасы жок

10. Өсүмдүктөр кандай газды сиңирип алат?

А) Кычкылтекти Б) Крахмалды В) Белокту Г) Көмүр кычкыл газы

5. Географиянын суроолору :

1. Жер шарында канча дүйнө бөлүгү бар?

А) 6 Б) 5 В) 4 Г) 1

2. Бүткүл кургакчылыктын аянтын тапкыла ?

А) 150,5 млн.км2 Б) 360,59 млн.км2 В) 149,12 млн.км2 Г) 40,076 млн.км2

3. Эң чоң көлдү атагыла?

А) Каспий Б) Ньяса В) Виктория Г) Байкал

4. Картадагы жашыл түс эмнени билдирет?

А) Түздүктү Б) Көлдү С) Тоону Г) Чуңкурдукту

5. Анды тоосу кайсы материкте жайланышкан ?

А) Түндүк Америка Б) Түштүк Америка В) Африка Г) Австралия

6. Мак-Кинли чокусунун бийиктигин тапкыла?

А) 6362 м Б) 6194 м В) 6500 м Г)5890 м

7.Сахара чөлүнүн аянты канча?

А) 250000 км2 Б) 9000000 км2 В) 330000 км2 Г) 40000 км2

8. Эң узун дарыяны табабыз ?

А) Нил Б) Амазонка В) Янузы Г) Миссисипи

9. Дүйнөдөгү эң ысык материк кайсы ?

А) Африка Б) Евразия В) Австралия Г) Түндүк Америка

10. Австралия жана Океаниянын аянты канча?

А) 8,9 км2 Б) 30,2 км2 В) 17,8 км2 Г)54,5 км2

6. Логикалык суроолор:

1. 9дан 99га чейин канча 9 бар? Жооп : 20

2. Кыргызстандагы кочкор Өзбекстандын чек арасына өтүп кеткен. Бул кочкордун сүтү кайсы мамлекетке таандык? Жооп : Кочкордун сүтү

3. 1 сомдук купюрада кимдин сүрөтү бар? Жооп : А.Малдыбаев

4. Талда 5 канаттуу конуп турат. Мен бир канаттууну мылтык менен аттым . Канча канаттуу калды? 1 канаттуу

5.Паркта 8 отургуч,анын үчөөсүн краскалап койду,ошондо паркта канча отургуч калды ? Жооп : 8

6.Унаа сол жака бурулуп жатканда кайсыл дөңгөлөгү айланбайт? Жооп: запас балону

7.Баардык ай 30 же 31-кундон кайтат экен ? Суроо кайсыл айда 28 кун бар ? Жооп : февраль

8. Айнурдун атасынын 5 кызы бар,Батма,Зуура,Айгул,Нургул, бешинчи кызынын аты ким ? Жооп : Айнур

9. Бир киши бир аял менен аажыга кетип бараткан экен жолдон бирөө чыгып, бул аял сага ким болот десе бул аялдын кайненеси менин кайненемди апа дейт,ал аял сага ким болот ? Жооп : Эч ким

10.Өрдөк сууга кайсы буту менен кирип кайсы буту менен чыгат ? Жооп : Каалаган туш келген буту менен



7. Жалпы кругозор:

1.Алгебраны ким ойлоп тапкан?

А) Лобачевский Б)Каменский В) Пифагор Г) Мухаммед Аль-Хорезм

2. 48 барактан турган дептердин беттерин номерлеш үчүн канча цифра жазышка туура келет?

А) 48 Б) 96 В) 144 Г) 183

3. Чырпык, чымчык болгон. Чымчык 2 ден консо, 1 чырпык ашып калат, 1 ден консо, 1 чымчык ашат. Канча чымчык, канча чырпык болгон?

А)3Чымчык 4 Чырпык Б)4 Чымчык 3 Чырпык

В)5 Чымчык 4 Чырпык Г)4 Чымчык 5 Чырпык

4.Топ өрдөк учуп бара жатат бирөө астында экөө артында, бирөө экөөнун ортосунда учушту канча өрдөк учуп бара жатат.

А) Көп Б) 3 В) 6 Г) 50

5. Дене тарбия сабагында окуучулар ар биринин аралыгын 1м ден болуп тизилип турушту. Окуучулардын катары 25 м ге созулду, катарда канча окуучу бар?

А) 25 Б) 24 В) 26 Г) 27

6. Комнатанын дубалында 2 чымын, комнатада канча чымын бар?

А) 8 Б) 10 В) 2 Г) 12

7. Бир ананаска 3 лимон же 6 апельсин берет, бир лимонго канча апельсин берет?

А) 3 Б) 4 В)2 Г)6

8. Китеп 5- беттен 18- бетке чейин жыртылган. Китепте канча барак жыртылган?

А) 8 Б) 5 В) 7 Г) 13

9. Класста 23 окуучу 2 ден отуруш учун канча парта керек?

А) 11 Б) 12 В) 13 Г) 10

10. Сууда кандай таш жок?

А) Майда таш Б) Кургак таш В) Чоң таш Г) Сүйрү таш

8. К тамгасы категориясы

1.С. Шарипов ким? Жооп: Косманавт

2. Бардык жагы бирдей болгон тик бурчтук. Жооп: Квадрат

3. Салыштырма атомдук массасы 12ге барабар болгон химиялык элемент

Жооп :Көмүртек

4. Кайсыл газ менен дем алабыз? Жооп: Кычкылтек

5. Заттын абалынын бири . Жооп: Катуу

6. Табигый жарык булагы . Жооп: Күн

7. Информатика предметинин техникалык каражаты . Жооп : Компьютер

8. Кыймылдаганда кандай энергияга ээ болобуз? Жооп : Кинетикалык

9. «Чечекей» кайсыл органдын тузулушуно кирет. Жооп : Көз

10 . Салмактын бирдиги Жооп : Килограмм

9. Математикалык макал - лакаптар .Макал-лакаптарды улап айтат

1. Акылдуунун бир сөзү, Акылсыздын 1000 сөзүнө татыйт

2.Жакшы болуу аста-аста, Жаман болуу бир паста.

3.Жакшы атка бир камчы, Жаман атка миң камчы.

4.Жалгыз уук түндүк көтөрбөйт, 40 уук түндүк көтөрөт.

5.Миң кишинин атын билгиче, Бир кишинин сырын бил.

6. Уурунун күнөөсү бир , Молдонун күнөөсү миң.

7. Миң күндүк бейиштен ,бир күнчүлүк жарык күн артык.

8. Бирди жеп атың чыккыча , Миңди жеп атың чыксын.

9.Миң уккандан , Бир көргөн артык.

10.Эр азыгы бир айлык , Жер азыгы миң айлык.

.

10 . Табышмактуу 7-саны :

1.Канча түс бар? Жооп: 1.АК 2.КАРА 3.САРЫ 4.ЖАШЫЛ 5.КӨК 6.КЫЗЫЛ 7.КҮРӨҢ

2. 7-ата кандай аталат ?Жооп: 1.АТА 2.ЧОҢ АТА 3.БАБА 4.БУБА 5.ЖОТО 6.ЖЕТЕ 7.ТЕГИ

3. Канча нота бар? Жооп : 1. ДО 2 . РЕ 3. МИ 4. ФА 5.СОЛЬ 6. ЛЯ 7.СИ

4. 7 токоч эмне үчүн жасалат?

Жооп : Кыргыз эли 7 токоч баабединди ыйык тутуп келген . Алыс сапарга чыккан учурда , ар кандай коркунуч туулган мезгилде , «Эл баабедин колдо» - деп тилек кылган.

5.7 бала кандай аталат?

Жооп: 1. БАЛА 2. НЕБЕРЕ 3. ЧЕБЕРЕ 4. ЧӨБҮРӨ 5. КЫБЫРА 6. ЧЫБЫРА 7. ШЫБЫРА

6. 7 күндү тартиби менен айтып бер

Жооп : 1.Дүйшөмбү 2.Шейшемби 3.Шаршемби 4.Бейшемби 6.Жума 7.Жекшемби

7.Кыргызстанда канча область бар?

Жооп : 1. Ош 2. Жалал-Абад 3. Баткен 4.Чүй 5.Талас 6.Ысык-Көл 7.Нарын

8.Манастын канча осуяты бар?

Жооп :

1.Эл журттун биримдиги жана бир жакадан баш,бир жеңден кол чыгарган ички биримдик.

2.Улуттук ар-намыс жана атуулдук ариет.

3.Улуттар аралык ынтымак ,достук, кызматташтык,интернационалдык тарбия.

4.Арыбас мээнет,алдыңкы өнөр билим аркылуу бакубат дөөлөткө умтулуу.

5.Гумандуулук ,айкөлдүк,кечиримдүүлүк.

6.Табият менен таттуу мамиледе болуу.

7.Кыргыз мамлекетин чыңдоо жана аны көздүн карегиндей сактоо.

9. 7 саны менен байланышкан жылдыздын аталышы кандай?

Жооп : Жетиген

10. 7 саны менен байланышкан макал-лакаптардан айт

Жооп : 1.Жети өлчөп бир кес

2.Жетинин бири кызыр

3. Алты күн ачка калсаң атаңды сыйла , Жети күн ачка калсаң энеңди сыйла.

11. ЭҢ , ЭҢ ,ЭҢ категориясы

1.Дүйнөдөгү эң узун эпос. Жооп : Манас

2.Эң кичине натуралдык сан Жооп : 1

3. Эң чоң көл. Жооп : Каспий

4. Эң биринчи профессор наамын алган окумуштуу математик аял. Жооп : С.Ковалевская

5. Эң биринчи космоско учкан адам . Жооп : Ю.Гагарин

6. Эң кичине чымчык . Жооп: Колибри

7. Кыргызыстандагы эң чоң адам.

Жооп : Кожомкул Каба уулу.1888-ж.туулган. Боюнун узундугу :2.36 м,салмагы:165 кг,

Азыркы учурдагы эң чоң кыргыз Жеңишбек Айылчиев (1979-ж.туулган) Боюнун уз : 2.20м,салмагы 120кг

8. Эң чоң сууда сүзгөн жаныбар. Жооп : КИТ

9. Эң биринчи Кыргызстандан космоско учкан адам. Жооп : Салижан Шарипов

10. Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти Жооп : А.Акаев

12. П тамгасы категеориясы



1.Сандын жүздөн бир бөлүгү. Жооп : Процент

2. Фигуранын жактарынын суммасы Жооп : Периметр

3. V=a*b*c кайсы фигуранын көлөмүн табуу формуласы . Жооп : Параллелепипед

4.Дүйнөдөгү жети кереметтин бири ошол фигурадан түзүлгөн. Жооп: Пирамида

5.Жарандын жарандыгын тастыктаган документ. Жооп : Паспорт

6. КР да мамлекетти ким башкарат? Жооп : Президент

7. 7.Метеп окуучусу көп пайдаланган буюм . Жооп : Пенал

8. Тойдо барган адамдарга эмне беришет? Жооп : Пакет

9. Ал нерседен каалаган буюмдарды жасоого болот. Жооп : Пластилин

10. 3,14 эмнени билдирет? Жооп: ПИ санын



3-тур. Финалдык таймаш

1-суроо: 1-суроо:Сексен күнү сабакта,токсон күнү табакта

Жооп: Сабиз

2-суроо. 12 төө,10 жылкы,9 сыйыр,5 эчки,жарым коён ,үч түлкү.Таба албасаң сен күлкү.

Жооп : Жаныбарлар ушунча айдан кийин туушат

3-суроо:14 жоргосу бар,эки молдосу бар,алты тешиги бар,ачык турган эшиги бар

Жооп : Тогуз коргоол

4-суроо.Дүйнөдө 4 нерсе жок.Эмнелер.

1.Асмандын устуну жок 2.Деңиздин капкагы жок

3.Аш бычактын кыны жок 4.Жердин түркүгү жок



Финалга чыккан эки окуучу жеңүүчү болот.





Азаматсыңар жеңишиңер кут болсун!!!



Кубок жана мыкты окуучу деген эмблема берилет.

7-класстагы эң мыкты окуучуларга кол чабуулар!

Көңүл бурганыңыздарга чоң рахмат!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!