СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ак калпактын тарыхы ( доклад)

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Ак калпактын тарыхы жонундо доклад

Просмотр содержимого документа
«Ак калпактын тарыхы ( доклад)»

5-март Ак калпак күнү

Жылда 5-мартта Кыргызстанда улуттук баш кийим ак калпактын урматына Ак калпак куну белгиленет. Бул күн Жогорку Кенештин 2016-жылдын 29-июнундагы №825-VI токтому менен улуттук баш кийимдин маанисин сактоо жана сыйлоо, улуттук салты колдоо жана элдин кыргыз маданиятына болгон сыймыктануу сезимдерин ойготуу максатында кабыл алынган.

Ак калпак куну официалдуу эмес түрдө 2011-жылы майрамдала баштаган. Кунду белгилөөнүн инициатору катары режиссер Рысбек Жабиров болгон. Анын сөзү боюнча ак калпак, улуттук символ катары кийин муундар тарабынан унутта калбаш керек, ошондуктан ал өзүнүн майрамдык датасына ээ болуш керек деген ойлорун билдирген. Ал эми 5 март калпак куну байчечекейлер чыгып, жаздын күндөрүнүн бири болуп, эң ылайыктуу күн катары кабыл алынган. Жылдан-жылга майрамдык күн массалык популярдуулукка ээ болуп, 2016-жылы официалдуу статус алган.

Ак калпак тарыхы
Ак калпак байыртан эле кыргыз эркектеринин улуттук баш кийими, ата-бабаларыбыздын мурасы катары саналып, өзүнө терең философияны камтыйт. Формасы, оймо-чиймелери, өзгөрбөстөн муундан-муунга өтүп келген. Калпак аркылуу кыргыздар адамдын жашын, коомдогу абалын билишкен. Бүгүнкү күнү дагы бул байыркы улуттук баш кийим өлкөбүздө кеңири колдонулат. Калпакты ардактуу, кадырлуу адамдарга белекке беришип, майрамдарга, жумушка, кыскасы кадимки турмуш-тиричиликте кийишет.

Айтмакчы, учурда түрдүү иш-чараларда, майрамдарда ижара калпак тартуулоо салтка айланып барууда. Ал эми Кыргызстан спортчуларынын эл аралык спорт мелдештериндеги параддык формаларына сөзсүз түрдө калпак кирет.

Ак калпак - тоолордун жана тазалыктын символу. Анын формасы Кыргызстандын ак кар, көк муз баскан тоо чокуларын элестет. Кыргыздардын "Манас" эпосунда да Кыргыздар калпагы башынан түшпөгөн эл деп айтылат. Калпакка болгон мамиле кыргыздарда өзгөчө десек болот, аны таза кармап, ыргытып же тегеретишпейт, эки колдоп гана чечүү керек, илгери кыргыздар жерге койбой бийигирээк же жанына коюп алышкан. Кыргыз өз калпагын сатпайт, бирөөгө бербейт, бир гана мурас катары берсе болот. Калпакты жоготсо же бирөөгө берсе анда адам кадыр-баркынан, акылынан жана аброюнан ажыраган болот деп айтылат.

Кыргыз калпактары бычылышы боюнча түрдүү болгону менен, негизинен ылдый жагы кең болгон аны төрт кыйыктан тигишкен. Кыйыктарды капталдарынан тигишпейт, бул калпактын талаачаларын өйдө же төмөн түшүрүүгө мүмкүндүк берген. Салтка ылайык оймолорун жибек жип менен тигишип, талаачаларын кара баркыт менен бастырышкан. Чокусун чачыча менен көркөмдүп, ал калпакта салаңдап турат. Тышкы жөнөкөйлүгүнүн артында кылымдар бою туураланып келген ыңгайлуулук менен тыкандык жатат.

Кыргыз маданиятында ак калпак эң демократиялуу баш кийим болгон. Аны бүт эркектер кийишкен - бай-манаптан баштап кедей-кембагалдары, жашы, карысы. Формасы жана түстөрү менен гана айырмаланып турган. Мисалы, ак сөөктөр, ырчылар бийигирээк калпак кийишип, ичке кылдуу жүндөн, кымбат баркыттан бычылып, өзгөчө оймолор менен кооздолгон.

Бүгүнкү күнү Кыргызстандын тикмечилери түрдүү фасондогу калпактарды даярдашат, майрамдык, күнүмдүк, балдарга, карыларга. Калпактын 80дей түрү бар деп айтылат, алар формасы, татаалдыгы, мааниси жана ыңгайлуулугу менен айырмаланышат. Чыныгы ак калпак табигый, жаңы тазаланган, ак ичке кылдуу койдун жүнүнөн дайындалат. Дал ушундай жүндөн жасалган калпак кышкысын сууктан сактап, жайкысын ысыктан коргоп, жаанда суу өткөрбөйт, формасын жоготпойт.

Жылда Ак калпак куну Республикабызда, өгөчө Бишкек шаарында, майрамдык салтанат, атайын иш-чаралар, жарманкелер, концерттер, флэшмобтор өткөрүлөт. Мектептерде маданий-массалык иштер жүрүп, бардык эркектер бул күнү калпак кийишет.

[ushka=seredina] КАЛПАК ТУРЛОРУ

Калпакты өңү түсү боюнча ажыратуу
Кыргыз элт баласы бойго жете электе кыюуусу жашыл калпак кийгизишкен. Ал баланын жетилип келе жаткандыгын туюндурат.

Бойго жеткенде кыюуусу кызыл түстүү калпакка кийгизип, андай баш кийим кийген жигит кыз жандоого, омурлук жар байкоого акылуу эле. Мурда кыштакка кыюуусу кызыл калпак кийип келген жигитти "аа бойдок экен" же "жар издеп жургон экен" деп билишкен.

Эр-жигит кыз алып, турмуш улаганда, үйлу-жайлу болгондо кыюуусу кара калпак башынан тушкон эмес. Андай калпакты мурда кыз жак даярдап, күйөө балага беришкен. Кара кыюуулуу калпак эр-жигиттин үй-булосу бар, кара менен ак аралашкан турмушта жашап жатканын билдирген. Кырсык болуп, омурлук жары жашоодон отуп кетсе, эри кара кийиз калпак кийген.

Эр-жигиттин кадыры которулуп, калк башында турууга кучу жетсе, мындай жигит ак калпак кийген. Калпагына карап, жигитти төргө карай өткөрүп, кээде эт тарттканда, тааныбаган адамдарга баш кийимине жараша устукан тарткан. Ак калпакты айкол, калыс, адилеттуу, акылман адамдар кийишкен.

Манаптар, айыл башы, деги эле бийликте турган адамдар жонокой элден айырмаланып, төбөсү шуншуйган калпак кийген. Мындай калпактар кийинчирээк Бакай калпак атка конду.

Даражалуу адамдардын кадыр-даражасы канчалык экенин калпактын кыюуусуна салынган оюу, ошол оюулардын арасына кыстырыла кеткен асыл таштар айкындап турган.

Оюмдардын мааниси
Жаш балага колдоп, жандап жүрсүн деген мааниде умай эне, жаман коздон сактасын деп карганын тырмагын, акыл-ою таза болсун деп булак жана башка ушул сыяктуу оюм менен калпагын коркомдошкон. Ушуга байланыштуу оюм


Эр-жигит ан улоого менен алек болсо, калпактарына мисалы, тоо теке, буркут, аркар оюмдарын түшүргөн.

Калк тынчтыгын сактаган баатыр-балбандар карышкыр, илбирс, жолборс, буркут сыяктуу оюуусу бар калпактар башынан тушкон эмес.

Калпак жөнүндө
Кыргыз калпагы, бир жагынан турмуш-жашоого ынгайлуу, аптада күндөн, ызгаарда сууктан сактаган, женил, ошол эле убакта олуттуу, салмагы оор эмес баш кийим.

Калпактын түзүлүшү кандай
Калапак бири-бирине дал келген төрт талаадан турат. Ал илгерки замандадагы адам башаты жер, аба, суу, отту туюндурат деген имиштер бар. Эгер андай болсо калпактагы 4 талаа кандайдыр бир философиялык ойду камтып, адамдын акыл-ээси башында, баш кийимде деген мааниде.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!