Сабактын темасы: Айым, кунум-апакем.
Сабактын максаттары:
1) Билим беруучулук:8- март аялдардын Эл аралык майрамы экенин билишет.
2) Кыздар ар тараптуу онорлорун корсотуу менен онуктурот.
3)Тарбиялык: Эмгекке,тазалыкты,боорукерликке,ак конул болууга,адамгерчиликке,энелерди сыйлоого тарбиялоо
Сабактын усулдары: жекече иштоо,жупта иштоо.
Сабактын жабдылышы: техкаражаттар, карандаш,ак барактар.
Сабактын журушу: Уюштуруу иши.Окуучу кыздар тизилип турушат.Калыстар тобун шайлап алышат.
Мугалим сабакка келген меймандар менен саламдашып, класстык сааттын темасы менен тааныштырат.
-Кымбаттуу апалар,куттуу болсун 8- мартынар!
Класстык саатыбыз 8 болуктон турат.
1- озун тааныштырат
2- апа жонундо ырдоо
3- апасынын суротун тартуу
4- апама бийлеп берем
5- коз танмай оюну( козун танып,апасын издейт, апа жонундо музыка коюп койсо болот)
6- кыздарга тиешелуу макалдардан айтышат.
7- апама белек берем( оз колу менен даярдап жасап келген белегин тартуулайт,ар кандайча ыкма менен берсе болот)
8- апа+кыз оюну( карама- каршы турушат,ортосундагы аралык 3-5 метр болот,калам аттаган сайын менин апа же менин кызым деп кандай?деген суроого жооп берген создордон айтып турушат,айталбай калса утулат)
Жыйынтыктоо: Калыстар жыйынтык чыгарып,орундарды корсотушот.Жагымдуу музыканын коштоосу менен мугалим келген апаларды дагы бир ирет майрамдары менен куттуктап,коштошот.
Эскертуу:кыздарга чакан белектерди берсе болот.