СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Айтемир санжырасы, Кадыралы Раев, Кызыл-Кыя

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

«… Бодончар хан, анын уулу Токо хан, уулу Дутуман хан, Койду хан, Байшумкар хан, Түмөн хан, уулу Кабылды хан, уулу Бартан хан, Эсегей хан, Чыңгыз хан, Жоочу хан, Шейбани хан» (Кыргыздар, 38-41-беттер), Өзбек хан, Абулхайир хан, Түркмөн баатыр, Төлө датка, Абдулла кушбеги, Бодончар, Айтемир баатыр, анын уулдары Каракозу, Кулуштан, Каратума, Тегешен, Ындыстан.

Просмотр содержимого документа
«Айтемир санжырасы, Кадыралы Раев, Кызыл-Кыя»

Кадырали Раев тарабынан жазылып, 1997-жылы Кызылкыя шаарында жарык көргөн «Айтемир баатыр же жазма санжыра» аттуу тарыхый очеркинен алынган

кыска маалымат

Бабабыз баатыр Айтемир,

Бата окуп аны эстей жүр.

Күмбөзгө келип сыйынып,

Бейитке койгун десте гүл.

«… Бодончар хан, анын уулу Токо хан, уулу Дутуман хан, Койду хан, Байшумкар хан, Түмөн хан, уулу Кабылды хан, уулу Бартан хан, Эсегей хан, Чыңгыз хан, Жоочу хан, Шейбани хан» (Кыргыздар, 38-41-беттер), Өзбек хан, Абулхайир хан, Түркмөн баатыр, Төлө датка, Абдулла кушбеги, Бодончар, Айтемир баатыр, анын уулдары Каракозу, Кулуштан, Каратума, Тегешен, Ындыстан.

Айтемир уруусунун жазма санжырасын Каракозунун тун уулу Меңдибайдан тарагандар сактап жүрүшүп, Мамашер Темир уулу Иметовдун колуна тапшырышыптыр. Мамашер Иметов санжыранын тарыхын төмөнкүчө баяндап берди: Каракозунун уулдары Муратов Доорук, Молдо Курбан Таштанов 1949-жылы Канабаддагы туугандарынан (Каракозу уруусу) кабар алганы барышат. Ошол айылда жашаган атактуу молдо (Айтемир уруусунан болгон, аты белгисиз) аларга сактап жүргөн араб тамгасы менен жазылган санжыраны аманат катары тапшырат. Тапшырган учурда адегенде абройлуу аксакалдарды, билимдүү жаштарды жыйнап окуп бергиле, андан кийин араб арибинен орус арибине которуп, ишеничтүү адамдарга тараткыла деген шарт койгон экен.

Санжыранын кыскача мазмуну

Түркмөн баатыр айтылуу Чыгызхандын тун уулу Жоочунун 5-уулу Шейбаниден тараган Өзбек хандын тукуму болгон. Өзбек хандын бийлигинде көпчүлүк букаралары мусулман динине өтө баштаган (монголдор). 1327-жылы Өзбек хан Орусиянын Торжок шаарын талкалаган жана Москвага жүрүш жасаган. Крымга мечит, медресе курдурган. Ал өлгөндөн кийин Кыпчак талаасы Өзбек талаасы же Көк ордо деп атала баштаган. Көк ордонун букаралары (тейит, кыпчак, найман, каңды, коңурат, керей, аргын, уак ж.б.уруулар) өзбектер деп хандын атында айтылып калды. Өзбек хан 1342-жылы Крымда ааламдан өткөн.

Өзбек хан Самаркан, Бухара шаарларын басып алган. Ал 15-кылымда Иран мамлекетинен Хорасан, Герат аймактарын тартып алган. Өзбек хандан Абулхайир хан, анын тукуму Түркмөн баатырдан Төлө датка*. Төлө датканын уулу Абдулла кушбеги.

Абдулла кушбегинин** уулу Бөжөн Чоро агасы*** (Бодончар) хандын тукуму катары так талашка катышып, шейит болот. Аялы Гүлбар эне балдарын сактап калуу аракетинде төркүнүнө (азыркы Ош шаарына) уулдары Айтемир, Карагунас, Учарды, кызы Канышайды алып келет. Азыркы Учар айылы бабабыздын атына коюлган. Гүлбар энебизди Чал тейит уруусундагы Сатыбалды хан токолдукка алып, андан Сарыбай, Жансарык, Түкө, Ороз (Акчал), Таканай, Култай деген уулдуу болгон. Ал кезде Памир-Алай тоолорундагы кыргыздар Самаркан хандыгына баш ийген. Сатыбалды хан Самаркан хандыгына кыр көрсөткөндүгүнүн натыйжасында зынданга түшөт. Аны куткарып келүү боюнча эл башчыларынын, аксакалдардын өтүнүчүн Айтемир аткарат. Айтемир тандалма 40 жигити менен Самаркандагы хандын ордосуна тартынбастан, чоң сүр менен кирип барат. Анын чечкиндүүлүгүнө, эр жүрөктүгүнө тан берип, хан Сатыбалды ханды эркиндикке чыгарат. Ошол эле күнү Сатыбалды хан тун уулу Сарыбайга «Чал тейит уруусунун ханы» деген буйрук алат.

Айтемир бабабыз хандан суранып, убагында Иранды, Гератты, Индиянын түштүгүн согуш аркылуу басып алган хандын аскер башчысынан 6 ай бою 40 жигити менен бирге согуш ыкмалары боюнча сабак алат.

Айтемир Самаркандан келгенден кийин жигиттерди жыйнап, аларга согуш тартиптерин, ыкмаларын үйрөтүп, усталарга найзаларды, кош миздүү канжарларды, курч кылычтарды жасатып, душмандан коргонуу үчүн даярдык көрө баштаган. Тоолуу шартта аз күч менен көп аскерлерди кыйратуу ыкмаларын өздөштүрүшөт.

Сарыбай адилет хан болгон. Күндөрдүн биринде Сарыбай хан Самаркан ханынын жөнөткөн сарбаздарын жазага тартат. Бул окуяга кыжыры кайнаган хан аскер башчысын Сарыбай ханды жазалоого жөнөтөт. Андан кабардар болгон оргу, тейит, төөлөс, найман, каңды ж.б.ичкилик урууларынын башына коркунуч түшөт. Аскер башчы каардуу душман катары Айтемир баштаган жигиттердин күчү менен Памир-Алай тоолорунда кыргынга дуушар болот. Аскер башчысын колго түшүрүшүп, элди кыргындан сактап калышат.

Бабабыз Айтемир баатыр 1450-жылдары төрөлгөн. 1530-жылдары Үчкоргондо 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

* датка - хан тарабынан шайланып, элдин датын ханга билдирип, жообун ооз эки же жазуу жүзүндө элге билдирип турган адам.

** кушбеги – хандардын аң уулоо, куш салуу салтанаттарын уюштуруучу ордо кызматкерлеринин башчысы.

*** агасы - элге кызматы сиңгендигинен, акылдуулугунан, кең пейилдигинен «элдин агасы», «журттун агасы» катары «агасы» деген атка ээ болгон






Өзбек хан


















Абулхайир хан


















Түркмөн баатыр


















Төлө датка


















Абдулла кушбеги


















Бөжөн Чоро агасы


















Карагунас


Айтемир


Учар


Канышай































Каракозу


Кулуштан


Каратума


Тегешен


Ындыстан



Ындыстан – кээ бир варианттарда Султан










Кабыл хан

Монголдун

1-ханы
















Бартан


















Еесуге


















Чынгыз хан


















Жоочу хан

Чынгыз хандын

1-уулу
















Шейбани хан


















Өзбек хан


















Абулхайир хан


















Түркмөн баатыр


















Төлө датка


















Абдулла кушбеги


















Бөжөн Чоро агасы



















Карагунас


Айтемир


Учар


Канышай































Каракозу


Кулуштан


Каратума


Тегешен


Ындыстан

Ноокатта








Жети Өгүздө







Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!