СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адепсиздик –кылмыш, кылмыштын акыры – жаза ” деген темадагы ачык сабактын иштелмеси.

Категория: Внеурочка

Нажмите, чтобы узнать подробности

Адепсиздик –кылмыш, кылмыштын акыры – жаза ”  деген темадагы ачык сабактын иштелмеси.

Просмотр содержимого документа
«Адепсиздик –кылмыш, кылмыштын акыры – жаза ” деген темадагы ачык сабактын иштелмеси.»

Токтогул атындагы №1 мектеп –гимназиясынын англис тили мугалими Куйпиева Меис Райымкуловнанын “ Адепсиздик –кылмыш, кылмыштын акыры – жаза ” деген темадагы ачык сабактын иштелмеси.



Тема: Адепсиздик –кылмыш, кылмыштын акыры – жаза.

Сабактын максаты:

1.Билим берүүчүлүк: Окуучулар адепсиздик, кылмыштуулук боюнча түшүнүк алышат.

2. Өнүктүрүүчүлүк: Кылмыштуулуктун жана адепсиздиктин акыры жакшылыкка алып келбестигин билишет.

3. Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар бирин- бири уга билишет, ар дайым адептүү болууга аракет кылышат.

Сабактын тиби: Жаңы материалдар менен тааныштыруу, тарбия берүүчүлүк

Сабактын усулу: Көрсөтмөлүү.

Сабактын формасы: аңгемелешүү, топтор менен иштөө

Сабактын жабдылышы: Батман, ноутбук, сурөттөр, маркер, кылмыштуулук боюнча буклеттер, макал-лакаптар жана учкул сөздөр жазылган кагаздар.

Сабактын жүрүшү:

Уюштуруу:

Саламатсыздарбы, урматтуу тарбиялык саатыбыздын коноктору жана окуучулар! Бүгүн биздин коомдун алдында турган эң актуалдуу кыйынчылыктардын бири өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук болуп саналат.Анда силер менен бүгүнкү сабагыбызда адепсиздик жана кылмыштуулук жөнүндө аңгемелешебиз.

Сабагымды төмөндөгү бир сап ыр менен баштагым келди:

Адептүү бол, салам айтып дайыма,

Улуу-кичүү, кары-жашы, барына.

Эстүү экен кимдин уулу ,кызы деп,

Ээ болосуң өзүңдагы алкышка.

Өз кезегинде белгилей кетчү нерсе, жалпы эле жашы жете элек учур, башкача айтканда өспүрүм курак – инсандын татаал өсүү мезгили. Ушул учурда көпчүлүк балдар –кыздарыбыз туура эмес жолдорго барып, улуулардын айткан сөздөрун укпай, көптөгөн адепсиз кыймыл –аракеттерди жсап жатышат. Бул учур өтө тез өткөнүнө карабастан, ар бир инсан андан наркы тагдырын чечет. Себеби өспүрүм куракта мүнөздүн эң оор негизги өзгөрүүлөрү жүрүп, айланадагылардын , коомдун таасири астында инсан катарында калыптанат. Бүгүнкү күндө мына ушундай өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту баарыбыз үналгы, сыналгыдан көрүп, угуп, массалык маалыматтардан жана социалдык тармактардан окуп, жада калса өзүбүз күбө болуп жатабыз.

Кылмыштуулук ар түрдүү себептерден келип чыгат. Бул көйгөйдү чогулуп чечип, чогуу жеңсек деген ойдомун.

Урматтуу мугалимдер жана окуучулар,алгач адепсиздик менен кылмыштуулукту бири-биринен айырмалап, түшүнүп алуу үчүн кластер түзөлү.

-Адепсиздик деген эмне?

- Бул коомдогу адеп- ахлак нормаларын бузуу.

- Кандай сапаттар кирет?

Адепсиздик, калпычылык, ушактоо, мазактоо, ыймансыздык , оройлук, ач көздүк жана көрө албастык.

  • Кылмыштуулук деген эмне?

  • Кылмыштуулук деген бул бирөөгө зыян келтирүү, коомго туура эмес мамиледе болуу.

  • Кандай сапаттар кирет?

  • Кылмыш, уурулук, рэкетчилик, баңгилик, аракечтик, бейбаштык, мушташуу, ж.б кирет.

Ал эми азыр кылмыштуулуктун чыгуу себептерине кайрылсак:

Албетте, бекерчилик, бейбаштык. Кароосуз калган балдардан, чыр –чатактуу үй-бүлөлөрдөн, интернет, убакытты туура эмес пайдалануудан, максатсыз көчөдө жүрүүдөн жана эң башкысы ата- энелердин шалаакылыгынан, өз балдарына жетиштүү деңгээлде көңүл бурбаганынан, үйдө көзөмөл жоктугунан келип чыгат.

Рэкетчилик – англис тилинен которгондо “зордук зомбулук” дегенди түшүндүрөт. Ал эми азыр кылмыштуулукка карата тартылган видео тасманы көрөлү.

Ал эми азыр баарыңыздардын көңүлүнүздөрдү доскадагы макал-лакаптарга бурмакчымын.

  • Окуучулар кыска-нуска кылып, өз ойлоруңарды айтып чечмелеп бересиңер.

  1. Жакшы болгон баланын атасы жаман болсо да, төрдө отуруп сый табар. Жаман болгон баланын атасы жакшы болсо да, тоо үстүнөн ит кабар.

  2. Өсөрүбүз да, өчөрүбүз да тарбиядан.

  3. Балдарга мээримибиз, бактылуу келечегибиз.

  4. Майда кылмышты жазаласаң, чоң кылмыштын алдын аласың.

Кыргыз эли илгертен эле балдарды тарбиялоодо учкул сөздөрдү , макал-лакаптарды, кылымдарды карыткан акылдарды айтып келишкен. Мына ошолорду силерден уксак.

Алтынай: Жакшы киши ачык сүйлөйт,

Сөз тамырын казып сүйлөйт,

Жаман киши сасык сүйлөйт,

Өзгөлөрдү басып сүйлөйт.

Амалкөй былык сүйлөйт,

Адептүү сылык сүйлөйт.



Руслан: Улама менен бир жүрсөң,

Сөз кадырын билесиң,

Жакшы менен бир жүрсөң,

Эл кадырын билесиң.



Айболот: Жакшылыкка жакшылык - ар кишинин ишидир,

Жакшылыкка жамандык – кор кишинин ишидир,

Жамандыкка жакшылык – эр кишинин ишидир,

Жамандыкка жамандык- кем кишинин ишидир.



Бактыгул: Жалтанат адам эмнеден?

Жаман сөз айткан пендеден,

Тартынат адам эмнеден?

Табалап күлгөн пендеден.

Талантка таамай сын берген,

Тараза болот эл деген.

Жыйынтык: Улуу адамымыз И. Раззаков айткандай “Сен таза болсоң, мен таза болсом , коом да таза болот”- деген сөздү өзүбүзгө ураан кылып, бир жакадан баш , бир женден кол чыгарсак гана кылмыштуулукту, рэкетчиликти, адепсиздикти жеңебиз деген ойдомун. Ар бирибиз кылмыштуулуктун акыры – жаза менен бүтөрүн унутпасак жакшы болор эле.

Сабагымдын акырында төмөндөгү улуу инсандардын учкул сөздөрү менен аяктагым келет жана үйгө тапшырмага “ кылмыштуулукту кантип алдын алуу керек” деген темада дилбаян жазып келгиле.

Антуан Ривароль: Адамзат эңкейишке аккан дарыя, аны артка агыза албайсың.



Кенже Плиний: Жеке кызыкчылык коомдун кызыкчылыгынан кийин туруш керек.



Анри Бек : Эркиндик менен ден соолук окшош: алардан ажыраганда гана “аттиң” дейсин.



Георг Лихтенберг: Эң коркунучтуу калп- бурмалап айтылган чындык.










Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!