СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

"Адамзат асиретин айтып"

Категория: Истоки

Нажмите, чтобы узнать подробности

"Адамзат асиретин айтып"

Просмотр содержимого документа
«"Адамзат асиретин айтып"»

Тема: Адамзат асиретин айтып

Адамзат алмустактап азыркы доорго чейин акыл жеткис алыс жол арытып, эң бир татаал эволюцияны башынан өткөрүптүр. Жер койнун уюктаган жан- жаныбарлардын арасынан өңчөй акыл-эсинин, аң-сезиминин аркасы менен суурулуп чыгып, табигый дүйнөнүн заң-закондорун аңдап, рухий дөөлөттөр жыйнап планетага Акыл менен Ойдун өчпөс чырагын жагыптыр. Социалдык жана маданий өнүгүүнүн өр жолуна түшүп, цивилизация жаралып, канча бир каргашалуу апаат замандар артта калып акыркы адам баласы бүгүнкү күндүн бийигине өрмөлөп чыгып келиптир, минтип жыйырманчы кылымдын кыр белине жетиптирбиз. “ Ушул кылымдын соңуна чыгып, кийинки миң жылдыктын астанасын аттаганга көп болсо беш миңге жетпеген күн калыптыр, деп башталат айтылуу “ Ысык-Көл шернесинин” жардыгы. Төгөрөктүн төрт бурчуна тегиз таралган, аябагандай татаалдашып кеткен кризистер жалпы эле адамзат жамиятынын келечегине коркунуч келтирмекте. Алдыда мындан да татаал проблемалар жарала тургандыгы айдан ачык, аны чечүүгө караманча жаңы көз караш, дүйнө мамлекеттеринин биргелешкен күч аракети керек”.

Азыркы адамзат не бир акылга дыйкан азаматтары, илим менен искусстводо аттын кашкасындай таанымал устаттары бирге басып, бирге жүрүп, кыргыз деңизинин кылаасында он беши бирдей ой тегеретип отуруп жазган ушул жардыкты окуганда аргасыз бүгүнкү дүйнөнүн алда-недей татаал акыбалын, коогалуу түйшүктөрүн тереңирээк туябыз, кандайдыр заман шүйкүмү чалкеш тартып, адамзаттын ала булут асманы мына азыр нешөр куюп ийчүүдөй уйгу туйгуланып купуя баамдайбыз. Анан калса илим менен техника күн санап өсүп, акылдын арашы жеткен мейкиндер канчалык кеңейсе да, ошончолук түйшүк көбөйдү. Табият тонолуп, деңиздер соолуп, бүт жер жүзүнө таркаган илдеттер пайда болду. Термоядролук курал дүйнөнү кай күнү болсо да астын-үстүн сапырганга даяр турган кези. Эгер инсанияттын эртеңки техникалык Эльдорадого кеткен сапарын илгерки “Жибек жолдогу” кербендерге салыштырсак, анда анын азыркы рухий акыбалы ошол кербендер непаада кыямат туюкка капталып, артта чубаган көч алдыңкы көчтү шыкап барып токтогондой, бүт калайык жапырт жол чалып, карайлап тургандай элес калтырат. Караңгыда көз тапкан көсөмдөр, капилеттен сөз тапкан чечендер, озгун ойчулдар ушул дүйнөлүк туюктан кантип суурулуп чыгыштын аргасын издеп, адамзатты ушул акыбалга алып келген ар кыл социалдык, саясий жана моралдык этикалык себептерди ар тарабынан анализге алышууда. Азыркы илимий ой-пикир, көркөм чыгармачылыкка билим көзүн ачкан билгич мугалимдин эмес, келечекте не замандар күтүп турганын алдын ала айткан пайгамбардын да милдетин аткармакта.

Чыңгыз Айтматовдун “ Кыямат” романы планетанын башына түшкөн ошол глобалдык мүшкүлдөрдү, өтө кыйын экологиялык кырдаалды, айрыкча адам ыманынын экологиясын талдаган, азаркы адам менен табигый дүйеөнүн ортосундагы улам тереңдеп бараткан жараканы, карама- каршылыктарды ачып көрсөткөн албан чыгарма болду. Баса, экология демекчи, бул термин баарыдан мурун табигый чөйрөнүн өз закондоруна ылайык өнүгүшүн жаратылыш менен коомдун эриш аркак алакасын түшүндүрөт эмеспи. Андыктан окурманга дароо эле эскерте кетким келет. “ Кыямат” көтөрүп чыккан маселелердин түйүнү жалаң эле Ысык-Көл жакасындагы малчылардын же болбосо наша издеп Казакстанга, Чүй бооруна те Европадан ооп келген баңгилердин тагдырында эмес. Романдын көтөргөн жүгү алда канча салмактуу, философиялык, өрүшү кенен бул чыгарма жалпы эле адамзат коомун кооптонткон орчундуу маселелер жөнүндө. Алар: адамдардын алкын, пейил-ниетин оңой турган не бир таасирдүү философиялык, этикалык жаңы акыйкаттарды, ишенимдерди табуу маселеси. Алар табият жана адам темасы, жашоодогу жамандык менен жакшылыктын, ымандуулук менен кара ниеттиктин ортосундагы кагылыштар. Алар совет коомундагы социалдык жана руханий процесстерге терс таасирин тийгизген жексур бюрократизм, ооз көптүрүүчүлүк. Ушул жана ушул сыяктуу бир катар маанилүү маселелер “Кыямат” романынын идеялык философиялк өзөгүн түзөт.

Роман үч бөлүктөн турат: Биринчи бөлүктө чөл бөрүлөрү Акбара менен Ташчайнардын жомогу уланып, диний (духовный) семинарийден ыйыктын ыйыгы деген чиркөөгө шек келтиргени, акаарат айтканы үчүн айдалып кеткен Авдий Каллистритондун нашакечтер арасына кантип аралашканы: Экинчи бөлүктө анын жан кечти болуп бараткан жаш балдарды адал жолго салам деген аракетинин кейиштүү акыбети баяндалган. Үчүнчү бөлүктө Акбара менен Ташчайнардын Ысык-Көл жакасына ооп келгенден кийинки тагдыры, Бостон чабандын тири укмуш трагедиясы сүрөттөлөт. Бирок бул тек гана сырткы сюжет. Окуялардын үстүрт тизмеги, сынчылар айткандай, архитектоника. Чыгарманын көркөм дүйнөсү, философиялык мазмуну алда-канча татаал жана терең. Андыктан эски көнүмүш боюнча Ч.Айтматовдун жаңы чыгармаларын “Эмне окуялар жөнүндө экен?” деген ой менен окуган адам бери эле болгондо театрга спектакль көрүш үчүн эмес, сахнадагы жасалгаларды, артисттердин кийим кечесин, өңү-түсүн байкаш үчүн келген, театрдын эшик төрү менен таанышууну көздөгөн көрүүчүгө окшоп калышы толук мүмкүн. Асыресе, азыр дүйнөлүк адабиятта Ч.Айтматов анын алдыңкы арыш керген таанымал устаты экендиги белгилүү, сюжеттин же окуянын жүрүшүнө эмес, анын универсалдык маанисине, философиялык куйкумуна, каймана мазмунуна кызыгуу өтө күчөп турган убак. Сынчылар аны архитеп, философиялык тамсил же масел, көркөм метафора, мифо- поэтикалык ой жүгүртүү деген түшүнүктөр менен туюнтушту. “Кыямат”, андан мурун жазылган “Кылым карытар бир күн”, андан да мурунку “ Деңиз бойлой жорткон Ала Дөбөт” так ушундай көп маанилүү, универсалдуу уңгусу бар улуу чыгармалардан экенин эскерте кетмекчибиз. Баса, кыргыз элинин эпосторунда, легендаларында азыркы замандын актуалдуу маселелерине үндөш, өзөктөш идеялар көп. Маселен, тоодогу кийиктерди калтырбай терип, кайберендердин каргышына калган Кожожаш. Же көзүнө чалдыккан жан жаныбарды тирүү узатпаган башка бир кийик деп жалгыз перзенти Карагулду жайратып алышы. Арийне, архитеп дегенибиздин бир мисалы дал ушу. Айтса-айтпаса, табигый дүйнөнү керегинче талкалап, жан жаныбарларды аёосуз кырып жоюп, акыры жаратылыштын миллиарддаган жылдардан берки көнүмүш ыргагын астын-үстүн кылган, акыры минтип экологиялык кыямат туюкка камалып, өз тамырына өзү доо кетирип отурган адамзат бир карасаң ошол чыгармадыга Кожожаш сыңары. Ч.Айтматов да “Кыяматта” ак жал бөрү Акбара Бостондун кичинекей Кенжешин кантип көтөрө качканын, аптыккан чабан бөрүнү сулатам деп, өз баласын атып алганын, андан соң бардык балакеттерди баштаган Базарбай наалатыны өлтүргөнүн тек курч сюжетке окурмандарды, кызыктырыш үчүн жазган жери жок. Окуялардын ичкерки философиялык данеги адамзатты эскертүү болуп саналат. Өз миссиясына манчыркап, техникалык кудуретине сыйынып, жер бетиндеги өзүмчүл адамзатка коюлган айып, кеч боло элегинде пейил түзөшүн талап кылуу! Антпесе бүгүнкү инсаният Чыгармадагы Карагулдун атасы сыңары эртең өз тамырын өзү кыркат, кыяматты өзү тилеп алат.
















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!