СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адамдын көркү адеп

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Адамдын көркү адеп

Просмотр содержимого документа
«Адамдын көркү адеп»

Адеп- адамдын көркү.

Адеп- бул бузукулуктун чегине чейин жеткирбей турган адам баласындагы асыл сапат. Жулунуп жулкунбай, нысаптуу , өзүн да , өзгөлөрдү да сыйлай билүү адептүүлүккө жатат.

Инсандын ар тараптан өсүшү үчүн акыл тарбиясы, адеби эл турмушунда эзелтеден чоң мааниге ээ болуп келген. “ Адеби бар азамат ар бир сөздү кынаптаар” деген сыяктуу макалдын жардамы менен ар тараптан өскөн, намыскөй жигиттерди даңкташкан. Ал эми бабыз Жусуп Баласагын “Жаман иштен сактаса, абийир сактайт, жакшы ишке баштаса, абийир баштайт “ деп айткан экен. Ошентип адамдагы бардык жакшы сапаттар абийирдүүлүк, ар намыстуулук, жүйөөлүү ой пикир чынчылдык, сөз менен иштин айкалышуусу сыяктуулар анын адептүүлүгүн айгинелейт. Жаман сапаттарды адамдын адепсиздигине ыйгарып коёбуз.

Адептүүлүктү адамдардын өз ара мамилесинен, башкалар менен болгон карым-катнашынан улам баамдап, байкап билебиз. Адамдын адамга ишенүүсү,андан ийменүүсү, туура эмес жоругу үчүн эл алдында кыйналып кысталуусу анын адептүүлүгүн айгинелейт.

Карыбы, жашпы, эгер ал элди көзүнө илбесе, өзүнүн олдоксон, орой кыймыл- аракети менен айланасындагы элдерди беймазалыкка, бушаймандыкка салса, адамдардын көзүнчө өзүн адептүү кармай албаса, эл аны адепсиз деп дайыма жээрип келген. Адамдын тазалыгын, абийирдүүлүгүн өлчөөчү чен өлчөгүчтүн түрлөрү да ар түрдүү, нары татаал болгон. Адептүү адамдан эл кара кылды как жарган калыстыкты күтүшкөн. Ал эми адепсиздердин катарына “ өзүмдө болсо болду башка менен ишим жок” деген өзүмчүлдөрдү кошушкан.

Эгер адебибиз сакталбаса , анда дүйнөдөгү кара күчтөргө каршы туруу жана аны жеңүү оңой эмес.

Демек, адеп адамдын тобоо-толук кылуусунан, напсини агытпай, араанын ачпай, көптү албай, өзүн-өзү каниет алдыруусунан, өзүнүн керектөөчүлүк табитин чектеп, өзүнө-өзү тыюу салуусунан келип чыгышы мүмкүн.

Эгер адам өзүнүн напсин тыйбаса көр оокаттын айынан, кандай жол менен болсо да баюунун артынан түшсө, анда ал түркөйлүкө кабылып, адеп сапаттарынан ажырап калышы ыктымал.

Ар бир кылган кыймыл-аракетибиздин өзүнчө адеби бар: саламдашуу адеби, дастаркондогу жүрүм-турум адеби, тамактануу адеби,улуу-кичүү менен мамилешүү адеби,мейман күтүү адеби, убадага бек болуу, сөзүнө тура билүү,достук жана кызматташтык, көчөдө; коомдук жайларда өзүн алып жүрүү адеби, камкордук жана башкалар.

Адам эч качан бөлүнүп, обочолонуп жалгыз-жарымдап жашабайт. Адам -адам менен адам. Ал дайыма эл менен аралашып жашап келген. Ошондуктан биз ар башка адамдар менен жакшы маанайда болууну өзүбүздүн парзыбыз деп эсептейбиз. Адептүү киши бой көтөрүүчүлүккө, текеберчиликке барбайт. Адамды кордобойт, көңүлүн чөгөрбөйт. Адептүү адам улууну урматтап,кичүүнү орду менен сыйлап турат. Одонолук ,оройлук адамдын жаман сапаты. Ал адепсиздиктин белгиси. Ал эми адепсиз адам бул ыймансыз адам. Ал эл ичиндеги мамиле-катнашты бузат, ыркты кетирет. Ал эми мындай ырксыздыктан бир эле адам эмес, жамаатчылыктагы жалпы адам баласы азап чегет. Ошондуктан өз ара мамиледе, сүйлөшүү учурунда сылык болуу, улууга урматтуу, ызаттуу болуу керек. Сүйлөшүп жаткан адамдын сөзүн кунт коюп угуу, сөзүн ыгы жок бөлбөө. Бирөөнүн пикирин

сыйлоо, талаш-тартышта сабырдуу болуу, токтоолукту көрсөтүү.” Сөз билбеген муштуму менен коркутат”. Өзү сүйлөй бербей сөзгө конок берүү, өз оюн бирөөгө таңуулабоо. Сүйлөшүп жаткан адамдын оюн түшүнүүгө аракет кылуу. Сөздөн жаңылса, “ак чөп башта” деп сөздү кайра ала билүү же кечирим суроо-маданияттуулуктун белгиси. Адамдын жакшы жагын корө билип, аны колдоп, көтөрмөлөп мамиле жасоо өз ара алака-мамиледеги ийгиликтин ачкычы.

Адептүү адамдагы эң үлгүлүү касиет сапаттардын бири-убадага бек туруу. Бул дагы баланын кичинесинен баштап калыптанат. Убадага туруктуу болуштун өзү тартиптүулүктү, туруктуулукту, акылы жетиктикти көрсөтөт. Убадага бек бала-адептүү, ыймандуу бала.

Көчөдө жүргөндө этияттык менен жүрүү, кийимдерди ыпылас нерсеге урунтуп алуудан сактоого аракет кылуу керек. Оозун ачып, ар нерсеге элеңдеп карай берүү жакшы сапаттардан эмес. Базарда жанан адамдар жыйылган жайларда өтө этияттык менен абайлап жүрүү сунуш кылынат. Басып баратып, адамдардын бутун басып кетүү же түртүп өтүү туура эмес. Эгер эки адам сүйлөшүп турган болсо, алардын ортосунан жарып өтүү тарбиясыздык болуп саналат. Эгерде жолдо карыя адам учурап калса, урмат көрсөтүү үчүн, алардын соңунан гана жүрүү зарыл.

Дастаркон үстүндө тамактанууда төгүп- чачпай,шоркуратпай,улунуп-жулунбай,түз отуруп,таза ичүүгө үйронгүлө. Тамакты улуулата сунуп, сунуу учурунда колуңарды тамакка салбай “ келиңиз” –деп оң кол менен сунуу керек.

Адеп-адамдын адамдык сапаттарынын күзгүсү. Атам замандан бери карай адам баласы жаратылыштагы бардык жандуулардын аң-сезимдүүсү.Бардыгынан аны жогору көргөзүп турган анын адамдык ыйык сапаттарынын бири адептүүлүк.Эл жаш адамдын өзүндө ынсап болуусун каалап, “Адептүү бала алкыш алат. Адепсиз бала каргыш алат “ деп айтышкан.

Баарынын да инсандын өзүнүн уят-сыйытынын, ыймандуулугунун, адептүүлүгүнүн көзөмөлү күчтүү болот.

Улутубуздун алдыңкы жөрөлгөлөрүн туу тутуп, адеп-ахлагыбызды таза алып жүрүүгө көнүгөлү.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!