СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адам жана коом Баарлашуу 9-класс №48 "Гүлбаар"мектеби

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Тема боюнча окуучулар кеңири түшүнүшөт

Просмотр содержимого документа
«Адам жана коом Баарлашуу 9-класс №48 "Гүлбаар"мектеби»

Адам жана коом сабагы 9-класс Тарых мугалими : Умаралиева Жаркынай Махаматовна

Адам жана коом сабагы

9-класс

Тарых мугалими : Умаралиева Жаркынай Махаматовна

Саламатсыңарбы менин сүйүктүү окуучуларым! Силер менен бүгүнкү сабакта аман-эсен жолугушуп турганыма абдан кубанычтамын. Маанайыңар кандай ? Маанайыңар жакшы экендигине ишенем. Анда бүгүнкү сабакты баштадык.

Саламатсыңарбы менин сүйүктүү окуучуларым!

  • Силер менен бүгүнкү сабакта аман-эсен жолугушуп турганыма абдан кубанычтамын. Маанайыңар кандай ?
  • Маанайыңар жакшы экендигине ишенем. Анда бүгүнкү сабакты баштадык.
Кана, балдар эсибизге түшүрөлү. Биз буга чейин адам жана коом сабагынын киришүү бөлүгүн, «Адам - инсан катары» деген чоң теманы окуп чыгып, өздөштүрдүк. Анда адам жана коом сабагы эмнени окутуп үйрөтө тургандыгын, адамдын инсан катары калыптанышы, адамга таандык сапаттар, адамдын кызыкчылыктары жана муктаждыктары жөнүндө маалымат алдык. Бүгүн болсо дагы бир «Адам - адамдар арасында» деген чоң теманы окуп үйрөнүүнү баштайбыз. Бул тема 3 сабактан турат. Баарлашуу жана маданият. Кызыкчылыктар дал келбей калганда. Мен жана чыр-чатак.

Кана, балдар эсибизге түшүрөлү. Биз буга чейин адам жана коом сабагынын киришүү бөлүгүн, «Адам - инсан катары» деген чоң теманы окуп чыгып, өздөштүрдүк. Анда адам жана коом сабагы эмнени окутуп үйрөтө тургандыгын, адамдын инсан катары калыптанышы, адамга таандык сапаттар, адамдын кызыкчылыктары жана муктаждыктары жөнүндө маалымат алдык.

  • Бүгүн болсо дагы бир «Адам - адамдар арасында» деген чоң теманы окуп үйрөнүүнү баштайбыз. Бул тема 3 сабактан турат.
  • Баарлашуу жана маданият.
  • Кызыкчылыктар дал келбей калганда.
  • Мен жана чыр-чатак.
1-сабак. Тема: Баарлашуу жана маданият

1-сабак. Тема: Баарлашуу жана маданият

Сабактын максаты: Окуучуларга баарлашуу жана маданият түшүнүгү тууралуу, баарлашуунун түрлөрү,  каражаттары, баарлашуунун маданияты жөнүндө маалымат берүү. Сүйлөө маданиятын, жүрүм-турум эрежелерин үйрөтүү менен өз жашоосунда  болуп жаткан окуяларды талдоого жана салыштырууга багыт берүү.  3. Айланасындагы бардык адамдар менен сылык мамиледе болууга, адептүүлүккө жана  сабырдуулукка тарбиялоо.

Сабактын максаты:

  • Окуучуларга баарлашуу жана маданият түшүнүгү тууралуу, баарлашуунун түрлөрү,

каражаттары, баарлашуунун маданияты жөнүндө маалымат берүү.

  • Сүйлөө маданиятын, жүрүм-турум эрежелерин үйрөтүү менен өз жашоосунда

болуп жаткан окуяларды талдоого жана салыштырууга багыт берүү.

3. Айланасындагы бардык адамдар менен сылык мамиледе болууга, адептүүлүккө жана

сабырдуулукка тарбиялоо.

Күтүлүүчү натыйжа: 1. Баарлашуу жана маданият жөнүндө маалымат алышат, башка адамдар менен мамиле түзүүнүн, сүйлөшүүнүн каржаттарын жана жолдорун үйрөнүшөт. 2. Айланасында болуп жаткан окуяларды анализдеп, андан жыйынтык чыгарууга аракет жасай башташат. 3. Баарлашуу маданиятын үйрөнүп, адептүүлүккө, сабырдуулукка тарбияланышат.

Күтүлүүчү натыйжа:

  • 1. Баарлашуу жана маданият жөнүндө маалымат алышат, башка адамдар менен мамиле түзүүнүн, сүйлөшүүнүн каржаттарын жана жолдорун үйрөнүшөт.
  • 2. Айланасында болуп жаткан окуяларды анализдеп, андан жыйынтык чыгарууга аракет жасай башташат.
  • 3. Баарлашуу маданиятын үйрөнүп, адептүүлүккө, сабырдуулукка тарбияланышат.
Сабактын планы: 1. Баарлашуу жана маданият түшүнүктөрү 2. Баарлашуунун түрлөрү жана каражаттары 3. Баарлашуу маданияты 4. Социалдык желелердеги баарлашуу

Сабактын планы:

  • 1. Баарлашуу жана маданият түшүнүктөрү
  • 2. Баарлашуунун түрлөрү жана каражаттары
  • 3. Баарлашуу маданияты
  • 4. Социалдык желелердеги баарлашуу
Баарлашуу деген эмне? Баарлашуу – адамдын чөйрө менен болгон негизги байланышы. Баарлашуунун натыйжасында адамдар бири-бири менен ой бөлүшүп, сезимдерин билдиришет. Ошондой эле кубанычын, кайгы-капасын бөлүшөт. Баарлашуу аркылуу пайдалуу маалыматтарды алышат, билимин, жөндөмдүүлүгүн өркүндөтөт. Адамдар баарлашуу учурунда өз ара тажрыйба алмашууга мүмкүндүк алат. Баарлашуу – бул эки адамдын, топтордун ортосундагы, ошондой эле үй-бүлөдөгү пикир алышуу, ой бөлүшүү, кандайдыр бир маселелерди чечүү, максаттарды ишке ашырууга багытталган байланыш.

Баарлашуу деген эмне?

  • Баарлашуу – адамдын чөйрө менен болгон негизги байланышы. Баарлашуунун натыйжасында адамдар бири-бири менен ой бөлүшүп, сезимдерин билдиришет. Ошондой эле кубанычын, кайгы-капасын бөлүшөт. Баарлашуу аркылуу пайдалуу маалыматтарды алышат, билимин, жөндөмдүүлүгүн өркүндөтөт. Адамдар баарлашуу учурунда өз ара тажрыйба алмашууга мүмкүндүк алат.
  • Баарлашуу – бул эки адамдын, топтордун ортосундагы, ошондой эле үй-бүлөдөгү пикир алышуу, ой бөлүшүү, кандайдыр бир маселелерди чечүү, максаттарды ишке ашырууга багытталган байланыш.

Маданият түшүнүгү

  • Маданият – латын тилинен которгондо «тарбия, тарбиялануу» дегенди түшүндүрөт. Ал мындан башка дагы көп маанини берген термин. Окумуштуулар белгилеп кеткендей, маданият түшүнүгү өтө көп тармактарда колдонулат. Маданиятты эки чоң топко бөлүшөт. Материалдык жана руханий маданият.
  • Материалдык маданиятка турмуш-тиричилик буюмдары, турак жайлар, курулуш каражаттары, кийим-кечелер ж.б кирет.
  • Руханий маданиятка адамдын чыгармачылык ишинин натыйжасында жаралган нерселер: адабий чыгармалар, музыка, ырлар, обондор, сүрөттөр, мындан тышкары салт-санаа, үрп-адаттарды да кошсо болот.
  • Жогоруда белгилеп кеткендей маданият түшүнүгү көп тармактарда ар кандай мааниде колдонулат. Мисалы: тарыхта адам баласы тарабынан ойлонуп табылып, өркүндөтүлгөн иш аракеттерди айтышат. Малды колго үйрөтүп, мал багуу менен күн көргөн адамдарды Андронов маданиятын алып жүрүүчүлөр деп аташат. Себеби эң алгач Андронов кыштагынан табылган. Ал эми дыйканчылык менен күн көргөн элди Чуст маданиятын алып жүрүүчүлөр деп аташат. Дыйканчылыкка тиешелүү болгон буюмдар эң алгач Чуст деген кыштактан табылган.
  • Биз бүгүн сөз кылуучу маданият адам баласынын жүрүм-турум, сүйлөө, мамиле түзүү аракеттерине байланышкан. Сабакта сүйлөө маданияты, баарлашуу маданияты, айланадагы адамдар менен кантип мамиле түзүү керек экендиги жөнүндө сөз кылмакчыбыз .
Түз Кыйыр Баарлашуунун түрлөрү Телефон, компьютер аркылуу жана жаңсоо жолу менен Бетме-бет туруп сүйлөшүү Кыйыр Инсандардын жана топтордун ортосунда Ролдук Массалык  Көпчүлүк тааныш эмес адамдардын массалык маалымат каражаттарынын жардамы менен жана соцжелелердеги баарлашуусу. О.э адабий кечелер, теартлар кирет. Бири-бирин тааныган, түшүнгөн чогуу иш-аракет жасаган эки адамдын же топтордун баарлашуусу. М: үй-бүлөдө, эмгек жамааттарында Социалдык ролдогу адамдардын баарлашуусу М: мугалим - окуучу, Сатуучу - сатып алуучу

Түз

Кыйыр

Баарлашуунун түрлөрү

Телефон, компьютер аркылуу

жана жаңсоо жолу менен

Бетме-бет туруп сүйлөшүү

Кыйыр

Инсандардын жана топтордун ортосунда

Ролдук

Массалык

Көпчүлүк тааныш эмес адамдардын

массалык маалымат каражаттарынын

жардамы менен жана соцжелелердеги

баарлашуусу. О.э адабий кечелер, теартлар кирет.

Бири-бирин тааныган, түшүнгөн

чогуу иш-аракет жасаган эки адамдын

же топтордун баарлашуусу.

М: үй-бүлөдө, эмгек жамааттарында

Социалдык ролдогу

адамдардын баарлашуусу

М: мугалим - окуучу,

Сатуучу - сатып алуучу

Баарлашуунун каржаттары 1. Сөз 2. Китеп, гезит-журналдар 3. Телевизор, радио 4. Интернет булактары 5. Адамдын кыймыл-аракет, жаңсоолору ( баш ийкөө, баш чайкоо, колу менен жаңсоо, көз караштары). Айрым учурда адамдын көз карашы, өңүнүн өзгөрүшү сөзгө караганда маалымат туюндурууга ыңгайлуу жана ийкемдүү келет. Адамдар жаңсоо жана көз караш аркылуу бири-бири менен саламдашат, коштошот, ыраазычылыгын жана нааразычылыгын, кайгысын, кубанычын билдиришет.

Баарлашуунун каржаттары

  • 1. Сөз
  • 2. Китеп, гезит-журналдар
  • 3. Телевизор, радио
  • 4. Интернет булактары
  • 5. Адамдын кыймыл-аракет, жаңсоолору ( баш ийкөө, баш чайкоо, колу менен жаңсоо, көз караштары). Айрым учурда адамдын көз карашы, өңүнүн өзгөрүшү сөзгө караганда маалымат туюндурууга ыңгайлуу жана ийкемдүү келет. Адамдар жаңсоо жана көз караш аркылуу бири-бири менен саламдашат, коштошот, ыраазычылыгын жана нааразычылыгын, кайгысын, кубанычын билдиришет.
Икая Бир адам Сократка келип, мындай деди: – Сенин досуң сен жөнүндө мага эмне дегенин билесиңби? – Токто, - дейт Сократ, - алгач айтчу сөздөрүңдү үч электен өткөр. – Үч электен?.. – Бир нерсе айтуудан мурда үч электен өткөрүү керек. Биринчиден, чындыктын элеги- нен. Сен айтаар сөзүңдүн чындыгына ишенесиңби? – Жок. Мен жөн эле уккам... – Абдан жакшы. Демек, сен чын-төгүнүн билбейт экенсиң. Анда экинчи электен – мээрим- дин элегинен өткөрөбүз. Сен менин досум жөнүндө жакшы нерсе айтканы жатасыңбы? – Жок. Тескерисинче! – Демек, - деп улантты Сократ, - сен ал жөнүндө жаман бир нерсе айткың келди, бирок анын чындык экенине кепилдигиң жок... Үчүнчү электен өткөрөбүз – пайда элеги. Сен айта турган нерсени мен сөзсүз угушум керекпи? – Жок, анча деле зарылдыгы жок. – Ошентип, - деп жыйынтыктады Сократ, - сен айта турган нерседе мээрим да, пайда да, зарылдык да жок экен. Анда айтуунун кажети барбы?

Икая

Бир адам Сократка келип, мындай деди:

Сенин досуң сен жөнүндө мага эмне дегенин билесиңби?

Токто, - дейт Сократ, - алгач айтчу сөздөрүңдү үч электен өткөр.

Үч электен?..

Бир нерсе айтуудан мурда үч электен өткөрүү керек. Биринчиден, чындыктын элеги-

нен. Сен айтаар сөзүңдүн чындыгына ишенесиңби?

Жок. Мен жөн эле уккам...

Абдан жакшы. Демек, сен чын-төгүнүн билбейт экенсиң. Анда экинчи электен – мээрим-

дин элегинен өткөрөбүз. Сен менин досум жөнүндө жакшы нерсе айтканы жатасыңбы?

Жок. Тескерисинче!

Демек, - деп улантты Сократ, - сен ал жөнүндө жаман бир нерсе айткың келди, бирок

анын чындык экенине кепилдигиң жок... Үчүнчү электен өткөрөбүз – пайда элеги. Сен

айта турган нерсени мен сөзсүз угушум керекпи?

Жок, анча деле зарылдыгы жок.

Ошентип, - деп жыйынтыктады Сократ, - сен айта турган нерседе мээрим да, пайда

да, зарылдык да жок экен. Анда айтуунун кажети барбы?

Баарлашуу маданияты Баарлашууда эске алуучу эрежелер: 1. Ким менен сүйлөшүп ой бөлүшүп жатканыңды эске ал (жаш өзгөчөлүгүнө, кесибине, жынысына, билим деңгээлине ж.б. көңүл бур ) 2. Сени угуучунун кызыкчылыгын эске ал. 3. Токтоо, сылык, адептүү, сабырдуу бол, сүйлөшүп жатканда орунсуз күлбө жана түшүксүз суроолорду бербе. 4. Баарлашууда көпчүлүк болсо алардын кызыкчылыгын да эске алуу керек. Уруксаат алып, кезек менен сүйлө, сөз талашпа. 5. Угуу маданиятын да сакта.

Баарлашуу маданияты

  • Баарлашууда эске алуучу эрежелер:
  • 1. Ким менен сүйлөшүп ой бөлүшүп жатканыңды эске ал (жаш өзгөчөлүгүнө, кесибине, жынысына, билим деңгээлине ж.б. көңүл бур )
  • 2. Сени угуучунун кызыкчылыгын эске ал.
  • 3. Токтоо, сылык, адептүү, сабырдуу бол, сүйлөшүп жатканда орунсуз күлбө жана түшүксүз суроолорду бербе.
  • 4. Баарлашууда көпчүлүк болсо алардын кызыкчылыгын да эске алуу керек. Уруксаат алып, кезек менен сүйлө, сөз талашпа.
  • 5. Угуу маданиятын да сакта.
Социалдык желелердеги баарлашуу Азыркы мезгилде бардык адамдар социалдык желеде баарлашат десек жаңылышпайбыз. Баарлашуунун бул түрү дүйнө жүзүндө кеңири тараган. Андан көптөгөн маалыматтарды алууга, ой бөлүшүүгө, көз карашын билдирүүгө, көздөгөн максаттарын иш жүзүнө ашырууга болот. Кыргызстанда 1млн.600миң адам социалдык желелердин колдонуучулары болуп эсептелет. Фейсбук – 37% Твиттер – 17% В контакте – 20% Инстаграм – 30%

Социалдык желелердеги баарлашуу

  • Азыркы мезгилде бардык адамдар социалдык желеде баарлашат десек жаңылышпайбыз. Баарлашуунун бул түрү дүйнө жүзүндө кеңири тараган. Андан көптөгөн маалыматтарды алууга, ой бөлүшүүгө, көз карашын билдирүүгө, көздөгөн максаттарын иш жүзүнө ашырууга болот.
  • Кыргызстанда 1млн.600миң адам социалдык желелердин колдонуучулары болуп эсептелет.
  • Фейсбук – 37%
  • Твиттер – 17%
  • В контакте – 20%
  • Инстаграм – 30%
Сабакты бышыктоо Суроолор: 1. Адам баласы баарлашуусуз жашай алабы? 2. Үй бүлөдөгү ата-эне менен баланын ортосундагы маектешүү баарлашуунун кайсы түрүнө кирет? 3. Баарлашууда кандай эрежелерди сактоо керек? 4. Социалдык желелердеги баарлашуунун кандай оң жана терс жактарын көрсөтө аласыңар?

Сабакты бышыктоо

  • Суроолор:
  • 1. Адам баласы баарлашуусуз жашай алабы?
  • 2. Үй бүлөдөгү ата-эне менен баланын ортосундагы маектешүү баарлашуунун кайсы түрүнө кирет?
  • 3. Баарлашууда кандай эрежелерди сактоо керек?
  • 4. Социалдык желелердеги баарлашуунун кандай оң жана терс жактарын көрсөтө аласыңар?
Үйгө тапшырма: Силер ким менен көбүрөөк баарлашкыңар келет? Ким менен баарлашууну оор деп эсептейсиңер? Эгерде баарлашуу мезгилинде пикир келишпестик келип чыкса, андан чыгуунун жолун кантип табууга болот? Жогорудагы суроолорго жооп жазгыла.

Үйгө тапшырма:

  • Силер ким менен көбүрөөк баарлашкыңар келет?
  • Ким менен баарлашууну оор деп эсептейсиңер?
  • Эгерде баарлашуу мезгилинде пикир келишпестик келип чыкса, андан чыгуунун жолун кантип табууга болот?
  • Жогорудагы суроолорго жооп жазгыла.
Көңүл бурганыңар үчүн чоң рахмат. Кийинки сабактарда жолугушканга чейин сак-саламатта болгула!

Көңүл бурганыңар үчүн чоң рахмат.

  • Кийинки сабактарда жолугушканга чейин сак-саламатта болгула!


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!