СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Адам сатуунун алдын алуу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Адам сатуунун алдын алуу»


СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМҮ

ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ №2 ТОКТОГУЛ АТЫНДАГЫ

ТЕХНИКАЛЫК ЛИЦЕЙИ









Адам сатуунун

алдын алуу





Социалдык педагог Сабурова А.К.



Ачык тарбиялык класстык сааттын планы


Сабактын темасы: Адам сатуунун алдын алуу

Классы: 10-11-класс

Сабактын ыкмасы: Интерактивдүү ыкма, топтордо иштөө

Сабактын тиби: Жаңы материалды өздөштүрүү

Сабактын жабдылышы:

Сүрөт, карточкалар, буклеттер, атайын даярдалган

видео, ватмандар, проектор, кагаз, калемсап жана китептер

Сабактын максаты:

  • Окуучулар адам сатуунун алдын алуу жана анын кесепеттери тууралуу терең маалымат алышат.

  • Адам сатуунун курмандыгы болуп калбоо үчүн кеңири түшүнүктөргө ээ болуп, өз укуктарын билүүгө аракеттенишет.

  • Өздөрү сак болууга үйрөнүшөт.

Жаңы тема:

  • Сабактын максатын талкуулоо:

Сабактын максатын окуп, талкуулап,түшүнүү

  • Жаңы теманы түшүндүрүү:

Адам сатуу (траффикинг) – адамдын өмүрүнө эркин жүрүү, эркиндигине, кыйноого кабыл алынбашы үчүн адамдын фундаменталдык укуктары үчүн коркунуч алып келген олуттуу социалдык көйгөй. Көпчүлүк мамлекет адамдардын эркиндиктери жана укуктары, алардын аймагында толугу менен корголгондугу тууралуу билдирүү кылган учурда да, XIXкылымда кулчулук көрүнүшү дээрлик баардык өлкөлөрдө бар.

Адам сатуу кулчулуктун заманбап түрү болуп саналат, адамдын жынысына, жаш курагына, улутуна жана диний ынанымдарына карабастан бардык адамдар, адам сатуунун курмандыгы болушу мүмкүн.

Мамлекеттик миграция кызматынын расмий статистикасынын маалыматтары боюнча – 2022-жылга карата Кыргызстандын тышкы мигранттарынын жалпы саны – 740 500 киши, аныничинен 640 Кыргызстандык жарандар Россияда иштейт жана жашайт. Башкача айтканда, Кыргыстандык баардык мигранттардын 86,4% Россияда иштешет. Адамдарды мыйзамсыз ташуу жана сатуу кыргызстандын баардык аймактарында орун алган. Жаштардын ички жана тышкы миграцияга барышынын негизги себептери болуп:

Киреше булактарынын жоктугу, жакырчылык, жумушсуздук. Жаштар ишенчээк жана өтө оптимист болушат. Көп жаштар башка өлкөнүн тилин, мыйзамдарын билбегендиктен жана адамсатуу боюнча түшүнүктүн жоктугу, алар кордолуп, жабыр тартып калаарын билишпейт.

Аракечтер, норкамандар жана игромандар ошондой эле адам сатуунун курмандыктары болуп калышат, анткени аларга ошондой таасир көрсөтүүгө болот.

Үй -жайсыз, балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрү жана жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары көп учурда зарыл болгон коомдук байланыштары, колдоосу жок жана материалдык жактан муктаждык бар болот, ошондуктан алар тобокелдик тобуна киришет.

Жогорудагы тобокелдиктерди эске алуу менен жаштарды, адам сатуу көйгөйүн көрсөтүүдө жана жумушка орношуу үчүн өлкөлөргө кетип жаткан учурда өз укуктарын коргоодо, аларга минималдуу билим берүү үчүн иштеп жаткан көйгөйлөр жөнүндө маалымат берүү абдан зарыл.

Адам сатуу- глобалдык масштабдагы кылмыш болуп эсептелет. Ал белгилүү өлкөлөрдө арзан жумушчу күчүнө болгон керектөөдөн башталып, аягы сексуалдык эксплуатациялоо, мажбурлап иштетүү, кулчулук, күн кордук жана түрдүү курмандыктарга айлантуу менен бүтөт.

Адам сатуу деген түшүнүк өзүнө төмөндөгүлөдү камтыйт:

жалдоо, транспортировкалоо, адамдарды өткөрүп жиберүү жана өткөрүп алуу. Адам сатуучулар курмандыктарды бекем кармоо үчүн түрдүү кыйноолорду колдонушат. Адам сатуунун негизги максаты киреше табуу болуп эсептелет.

Презентация даярдоо





  • Бышыктоо үчүн суроолор:

  • Адам сатуу деген эмне?

  • Кыргызстанда жана дүйнөдө кандай көйгөйлөр бар?

  • Адам сатуунун негизги максаты эмне?

  • Адам сатуунун кулчулугу болуп калбоо үчүн эмне кылуу керек жана зарыл болгон эмнелерди билүү керек?

  • Адам сатууда силер жолуктурган окуялар болду беле?

  • Классташтарыңарга жана досторуңарга кандай сунуштарды айтат элеңер?



  • Үйгө тапшырма берүү: Дил баян жазуу

“Жаштар чет өлкөгө иштөөгө чыгуусу шартбы?”





















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!