СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Ачык сабак 1-класс

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Ачык сабак 1-класс»


Алиппе майрамынын сценарийи

1. Гимн ырдалат

2. Соз мектеп директору жана ОББга берилет.

3. Саламдашуу

4. Окуучуларды тааныштыруу(чакыруу)

5. Алиппе жонундо ырлар

6. Алиппени чакыруу

7. Тамгалар жонундо ырлар

8. Макалдар

9. Жанылмачтар (апалары кайталайт)

10. Китептеги ырлар

11. Манас айттыруу

Концерт

12. Жеке номер

13. Бий

15. Ата-энелер оюну

16. Жомок. (Ырыс алды ынтымак)

17. Апа жөнүндө ыр

18. Жеке номер

19. Хор (Мектебим)

20. Бий

21.Жыйынтыктоо ( ОББ на соз беруу, окуучуларга

грамота тапшыруу)


Алиппе майрамы

ГИМН ЫРДАЛАТ

Соз мектептин директору, ОББ башчысына берилет.

1. Мугалим:

Саламатсыздарбы урматтуу ата-энелер, кымбаттуу мугалимдер, ардактуу окуучулар жана бугунку майрамдын катышуучулары.

Эмесе, ушул кичинекей аруу журок, таза тилек наристелердин кучу менен даярдалган алиппе майрамын баштоого уруксат этиниздер.

Мугалим :

Конгуроонун кумуш уну чачырап

Биринчи ирээт классына чакырат,

Талпынагой темир канат бобоктай

Таалай жолун ушу бугун ачылат-демекчи, конур куздун конгуроо уну менен кече эле алгачкы билим сабагына келген 1-класстын окуучулары мына бугун жыл айланып бир ашууну ашып отурат. Алгач ирет колдоруна китеп кармап, тамга тааныган окуучулардын «Ырахмат сага Алиппе» аттуу коштошууга арналган майрамына кош келипсиздер. Анда эмесе майрамдык кечени баштоо алдында турушкан окуучуларды чакырып алсак.


Мугалим: Кечиктим деп тез басып,

Уйунон келет ал шашып.

Убакыт болсо дайыма,

Жетишсем дейт баарына.

Абдуллаева Айша


Озу тыкан таптаза,

Биздин эстүү балабыз,

Айтып берет бут баарын,

Эмнелерди жаттаса.

Абдикаримов Алихан.


Бул класста айымдар коп,

Анын бири Акдаана

Эл журтунду урматтап,

Кызматын кыл ар дайым

Аширматова Акдана


Узун бойлуу сулуу кыз,

Анын аты Кадича

Уйдо билбейм кандайын,

Мектепте созулат ар дайым.

Азаматова Кадича.


Атына заты жарашкан,

Боюна келсе талашкан.

Кулуп турат коздору,

Ыр бийлерди тараткан.

Абдазова Алфия


Уй булонун эркеси,

Бетинен дайым нур тамат.

Ийгилик аттуу балабыз.

Нурдуу болуп шаттанат.

Арзиев Ийгилик.


О тамагасы кошулат,

Орозбектин атына.

Окусам деп дайыма,

Мектепке келет шашыла.

Абдалиев Орозбек.



Уй булонун кенжеси,

Нурислам деген балабыз.

Балдарды кээде коркутат,

Биринчиде атамандыкта бул турат.

Абдыганыев Нурислам.



Атына заты жарашкан,

Аруузут деген кызыбыз.

Сабакка дайым кечикпей,

Бирге окуп барабыз.

Изантуллаева Аруузат.


Билимге дайым умтулган,

Жардамга да кол сунган,

Сабактарда кунт коюп,

Конул буруп олтурган.

Исмаилова Миряна


Кичинекей бою бар,

Копту билген жагы бар.

Кичинекей баракка,

Коп нерсени батыраар.

Калыбеков Умарбек



Жоош, момун сабырдуу,

Искендер деген балабыз.

Мындай балдар коп болсо.

Биз алдыга чыгабыз

Качыбек к Искендер!



Жарашыктуу бою бар.

Жакшы окусам деген ою бар.

Тай энесинин колунда,

Эркелеген жагы бар.

Мураталиев Кайрат.


Добушу бар ип ичке,

Баястан деген балабыз.

Уйронуптур бул ишке.

Каникул болгон учурда.

Барып келет тай энеге.

Муратбеков Баястан.


Бою узун шамдагай,

Суроо берет байма-бай,

Өлкөбүздө белгилүү

Болсом дейтго аалымдай.

Райимбеков Амангелди.






Орто бойлуу бою бар,

Таза тунук оюу бар,

Себепсиз сабак калтырбайт,

Нур жуздуу бул кызыбыз.

Сатинбаева Бурулай.


Эрте ашыгат мектепке

Келтире албайсын эч кепке,

Уялчактык жагы бар,

Гулдой назик аты бар.

Султаналиева Сумая


Сабакта да кочодо,

Адепти дайым сактаган.

Айтып берет бүт барын

Тапшырмасын аткарса

Султаназаров Элмырза


Озун таза кармаган

Класста жакшы окуган.

Тартипти да сактаган.

Билим алганга умтулган,

Султанов Амантур.


Адептуу да тартиптуу,

Улгу болот баарына,

Эч бир сабак калтырбай,

Оозуп чыгат алдыга.

Хабибиллаев Алихан


1а класстын, 14 уул, 10 кызы бар.

Алардын эн кенжеси,

Бегалы деген балабыз .

Класстын эң эркеси класстын эң кенжеси.

Шакарбеков Бегалы.


Гулдой назик пейли бар,

Гулду суйор жагы бар.

Гул жыттанып мектепке,

Кулуп келер жагы бар.

Гулпери.

Озу тыкан таптаза,

Биздин эстүү балабыз,

Бизге жаңы кошулган

Бул Якубов Айдан.



Мугалим : Кана, балдар бугун бизде кандай майрам?

Окуучулар: Тыбыштардын салтанаттуу майрамы.

Мугалим: Дагы?

Окуучулар: Алиппе майрамы.

Мугалим: Анда эмесе бугунку майрамга келген ата-энелерди, ага-эжелерди.

Окуучулар: Алиппе майрамына кош келиниздер.

Мугалим: Кымбатту окуучулар, бугун биз учун кубанычтуу кундордун бири болгон АЛИППЕ МАЙРАМЫН тосуп олтурабыз

1-класстын окуучулары суйуктуу Алиппеси менен коштошоор алдында турат. Силер Алиппе китеби менен билимдин биринчи

эшигин ачтынар. Алдыда дагы биз биле элек, биз уга элек коп нерселер кутуп турат.

Мугалим:

Адабий окууну окуйсунар. Андан силер шар, корком окууга жетишуу менен бирге суйуктуу Ата Мекенди, кыргыз эли, жери, эмгек каарамандарын, шаар жана айыл кыштактарын, жаратылыш кубулуштары, уй жана жапайы айбанаттардын тиричиликтери жонундо окуп , ырларды, табышмактарды, макал-лакаптарды, жомокторду уйроносунор. Эми балдар бугунку кунго чейин алиппе силерге эмнелерди уйротту озунор айтып бергилечи.

ХОР:

Тамгаларды, тыбыштарды, ырларды, макалдарды, жомокторду


Акдана: Арыбаныздар агай эжекелер,ата- энелер,

Барсынарбы окуучулар.

Созумо кулак салыныз.

Бир серпилип калыныз.

Алиппеге арналат.

Бугунку ыр кечебизди баштайбыз



Айша: Бугун биздин мектепте,

Алиппенин майрамы.

Окуп калдым бут таанып,

Отуз алты тамганы.


Орозбек: Алгач журсок апкаарып.

Анан коно баштадык.

Жанылмачка тил конуп,

Жакшы ырларын жаттадык.


Алихан : Копту билдик, коп окуп,

Алиппе менен достошуп.

Сезимдерди ойготту,

Оюбузга ой кошуп.


Алфия: Суйуктуу ушул алиппе,

Китептердин тол башы.

Жолуктурган доолорго,

Жомогу бар коп жакшы.


Искендер: Быйтын-быйтын басамын,

Мектепти коздой шашамын.

Сабагымдан беш жылдыз алып.

Конулумду ачамын.


Миряна: Отуз алты тамганы,

Оной эле уйрондум.

Созун окуп алиппенин.

Эжейимдей суйлодум.


Кайрат: Жакшы окуп билим алдык,

Болсун бизге калайык,

Эмне уйронуп, эмне билдик.

Кана, ортого салайык.


Элмырза: Өттү бизде сан сабак,

Бугун бизде салтанат.

Башка окуу менен достоштук,

Алиппе менен коштоштук.


Алихан Х: Алиппе менен кош айтышып калабыз

Эми колго башка китеп алабыз.

Ата-эне кубанычка орток бол.

Сабаттуу болуп чыкты эми баланыз.


Мугалим: Балдар уккулачы.

Ичи толгон арипке,

Билим берген бул бизге,

Биринчи колго кармаган.

Кайсы китеп ал сенде?


Хор: Келечекке жол ачкан, ак суйукту алиппе.

Мугалим: Андай болсо баарыбызга кымбат болгон дос алиппени

ортого чакырып алалы.

Хор: Балдар хор менен окуучулар чакырат. Алиппе.

Алиппе: Арбаныздар жаш достор,

Келечекке жол ачар.

Алиппен келди ортого,

Билим деген баланын.

Алиппесин мен берген,

Тамгаларды билсенер,

Мени урматтап журсонор.

Айткылачы угайын.

Ар бириндин ырларын.


Баястан: Ооба алиппе биз бугун.

Даярданып келгенбиз.

Тамгалардын ырларын,

Баарын айтып беребиз.


Аруузат: Ынтымактуу баарыбыз,

36 тамгабыз.

Ундуу, унсуз тамга деп,

Топторго болуп алганбыз.


Асенат: Бугун бизде чон майрам,

Алиппенин майрамы.

Тыбыш менен тамгалар,

Бизди алга кадамдар.


Бурулай: Кана эмесе бир бирден,

Тыбыштарды козгойлу.

Тамгаларды кезектеп,

Ролу менен ойнойлу.




Кадича: Майрамы деп алиппенин,

Ыр жаттап келдик баарыбыз.

Кайсы тамга экенин,

- Ырларынан тааныныз.


Мугалим: Урматтуу алиппе. Балдар алиппеден алган

билимдерин ырларын айтып беришсин анда.

Тамгалардын ырлары.

Х. Алихан: Алфавиттин башаты,

А тамгадан башталат.

Ата, апа ыйык соз .

А тамгада айтылат.


Баястан: Билек туруп баатырларча,

Б тамгасы боломун.

Жакшы окуп келечекте,

Билим алуу тилегим.


Айша: Венера кут деп досуна,

Воронежге барам деп.

Билбеймин канча кун отту,

Ватсаптан кабар жонотту.


Асенат: Гул бакчамды карадым,

Гулдорумду санадым,

Гулдотуп туулган кананы,

Гений болуу талабым.


Орозбек: Д деген тамга мен болом,

Достукту бекем колдогон.

Душманды чектен откозбой,

Эр болом мекен коргогон.


Миряна: Жаа сыяктуу ийилген,

Ж тамгасын билип ал.

Жыргалдуу кен заманда,

Жакшы окуп билим ал.


Алихан: З тамгадан башталат.

Зулфия акын эжем бар.

Ыр жазууну ойлосон,

З тамганы билип ал.




Кадича: Илимпоз оссун кыргызда,

Издегин кыргыз кыймылда.

Изилдеп аалам сырларын.

Из калтыргын жылдызга.


Кайрат:Й тамгадан башталган,

Соз жок экен кыргызда.

Ай дегенде бар экен,

Й жок экен жылдызда.


Аруузат:Коншулаш кытай кыр ашкан,

Кыргызды даалай сынашкан.

Кайратын коруп баалашып,

Калыс дос деп аташкан.


Сумая: Лента байлап чачына,

Лола келди кашына.

Лабиринт оюн кайда деп,

Лимон кошом чайга деп.


Ийгилик: Мыкты окуп мектепте,

Медаль менен бутуром.

Министр болуп бишкекте,

Мен апамды суйунтом.


Алфия: Нандын ыйык экенин,

Нуржан эстейт кезинде,

Нан болсо ыр болоору,

Наристе балдар эсинде.


Андан отсо чон атам,

Чапаны чан болуптур,

Танда чыгып кечинде,

Айылга барып конуптур.


Искендер: Ондогон улут жашаган,

Ошумда тынчтык тараган,

Орус, озбек кыргыздын,

Ойлору бийик самаган.


Ожорлонуп бек туруп,

Онор жайды коп куруп.

Ондурууго киришсек,

Онугот олком кулпуруп.


Бегалы: Пайдасы учун мекендин,

Пайдубал болуп турайын.

Пальма менен чекендин,

Пайдасын кимден сурайын.


Амангелди: Региондорду онуктуруп,

Райондорду остуруп.

Рахмат алып улгулуу окуп журушум,

Олкомо кошкон улушум.


Гулпери: Суу менен омур уланат,

Суу менен гулдойт туш тарап.

Суудан тушум мол алып,

Сурахмат абам кубанат.


Нурислам:Турк атанын балдары,

Туугандай болуп журолу.

Таарынышты билбестен,

Тынчтыкта омур суролу.



Умарбек: Урмат кылып Чынгызды,

Улуу эл деп кыргызды.

Угуп келсе достору,

Утурлап сунат кымызды.

Утук, улул, уйго,

У келет деп билемин.

Уйубуздун тынчтыгын, Умут менен тиледим.


Ф тамгадан башталат,

Форма, фартук такталат.

Формалар турго болунду,

Номер 7 сонун корунду.


Халваны жакшы коромун,

Халаты уйдо киемин.

Хан боломун мен дагы,

Созун уккан улуунун.


Ценьзяндан Кытайлар келишти,

Цемент завод курушту.

Цехтерге конул бурушту,

Центрлеп ченеп турушту.


Чон энемдин колунда,

Чоноюп жаткан бир кызмын,

Чынара, Чолпон эжемдей,

Чыгааны болом кыргыздын.


Шаарды кесип отуптур,

Шаркырап аккан дарыя.

Шашылып айтты Шарипа,

Ак Буура -деп жарыя.

Щ деген тамга бар,

Щетка созго келет ал.

Тазалыкты суйгун деп,

Жардамын сага берет ал.

Шаарларды карадым,

Подьезддерди санадым.

Жумшартуучу белгини, Досторумдан сурадым.


Ыйласан соороткон,

Ырдатып ойноткон.

Ырыстуу эжекем,

Ыймандуу энекем.


Акдана: Эшик, элек элине,

Э келет деп билемин.

Элик эмне экенин,

Эжекемден билемин.


Элмырза: Юрий агам сыяктуу,

Шарипов учкан космоско.

Юлия учкуч болом дейт,

Юпитерге коном дейт.

Я тамгасын 36 деп,

Шатырата кол чаптык.


Якубов: Я дан кийин тамга жок,

Шар окууга жол таптык


Мугалим: Айткылачы тезирээк,

Алиппеден окуган ырлардан,

Макалдардан ким билет.

Жанылмачты жанылбай.

Бат айтканды ким билет.

Макалдар:


Эне сыйлаган,элине жагат

Ар бир кесип ардактуу.

Онорун болсо орго чап.

Эр эмгегин жер жебейт.

Билим кенч, эмгек анын ачкычы.

Улууну урматта, кичууну ызатта.

Аш атасы-нан, нан атасы-дан.

Ат адамдын канаты. Сен деген сенек соз,

Сиз деген сылык соз.

Дары -чоптон, акыл- коптон.

Карысы бардын ырысы бар.

Жакшы эл камын ойлойт,

Жаман оз камын ойлойт.

Мугалим: Жанылмач айтуу(Ата-энелер кайталайт.)

Ак кептер ,

Кок дептер.

Толтура.

Кок кептер.

Топ дептер.

Бир туп тыт,

Бир туп турп,

Турп тытты туртот,

Тыт турпту туртот.

Шарак шурак, шатым урап,

Шашма улак, карап турат.

Апам алмадан учту узду,

Алмуруттан учту узду.

Жетпегенин кубусо,

Жерге баары туз тушту.

Мугалим: Китептеги жаттаган ырлардан да айтып береличи балдар.

Окуучу: Эй адамзат пендеси,

Аккан суну булгаба!

Суу чыйлаган зор болор,

Суу кордогон кор болор.

Кыргыз тили-эне тилим,Орус тилин билемин.

Эми болсо англисче, Билсем деген тилегим.

Жайы-кышы кетпеген,

Монгусу бар Ала-Тоо,

Асман менен тирешкен,

Белгиси бар Ала-Тоо

Балдан ширин туптунук,

Булагы бар Ала-Тоо,

Тукабадай кулпурган,

Туланы бар Ала-Тоо.

Кыш кеткенде жаз чыгат,

Жаз алдында ким турат,

Байчечекей биринчи,

Баш чыгарып кымпыят.

Кыш кеткенде жаз чыгат,

Жазды тосуп ким турат.

Калын кара чыйырчык,

Учуп келет чыркырап.

Турун баркыт онундой,

Каралыгын комурдой,

Кайда журдун чыйырчык,

Куздон бери корунбой.

Келсе экен деп айылга,

Сени кутум айылда,

Ала шалбырт жаз менен,

Уя салдым бутакка.

Китепти суй, баркын бил,

Китептин коп акылы,

Ким китепке дос болсо, Ал ошонун жакыны.


Суттой таза тилеги,

Дениздей кен талабы,

Коктой тунук акыйкат,

Анын ар бир барагы.

Ырыскынды бекерге,

Токпогуло балдар ай.

Акарат кылып бироону,

Сокпогуло балдар ай.

Атка минсен сыланып,

Токтогула балдар ай,

Илим-билим пайдалуу,

Окугула балдар ай.

Математика: Бул сандыктын ичинде,

Бирдик, ондук сандар бар.

Бут бардыгын салууга,

Батпай калды калгандар.

Мен деген нолмун,

О тамгасына окшотуп коргун.

Менин атым бир,

Санаттын башы экенин бил.

Бирге кошулган бирмин,

Эки эмей анан киммин.

Экиге бирди кошкун,

Сабакты орто билгендерге досмун.

Улактын канча буту бар. Билбеген мени утулар.


Менин атым беш,

Кээде эн жакшы дешет.

Мен алтымын, алтымын,

Бир нолу бар жалкымын.

Жалгыз буттуу жетимин,

Беш кошулган экимин.

Мен сегизмин, сегизмин,

Эки нолдуу эгизмин.

Бир орундуу сандардын, Мен он деген чондукмун,

Чону болуп калганмын. Кенжесимин ондуктун.

Мугалим: Калайманды баштады.

Эки жуз экен балбаны.

Эсил Манас кабылан.

Баарын жайлап таштады.

«Манас- кыргыз рухунун туу чокусу»-дегендей кезекте манас эпосунан узунду айтуу.

АЛИППЕ: Азаматсынар балдар, копту уйронупсунор. Мындан ары адабий окуу китебин окугула.

Адабий окуу: Уруксатпы? Саламатсыздарбы?

Хор: Саламатсызбы?

АЛИППЕ: Мына адабий окуу да келип калды. Жалпы урматтап

Окугула. Барактарын кирдетпей, таза кармагыла. Эми балдар кош болгул.

Хор: КОШ АЛИППЕ!

АДАБИЙ ОКУУ:

Таанышып алалы балдар,

Мына мен адабий окуу.

Кир кылбай окуп билим ал.

Баарына тиет керегим.

КОНЦЕРТ.

Мугалим:

Мугалим жаркын омур эн бир кымбат,

Адамга ак жол тилейт чебер кылдат.

Билимдин акыл эстин саяпкери.

Мугалимге мин мертебе алкыш урмат-демекчи бизге билим тарбия берип жаткан агай-эжелерибизге да ырларыбызды тартуулап келсек.

Окуучу: Билимим алып ар убак.

Алдыга карай умтулам.

Келечекте мен дагы

Фатима эжеме окшойм деп турам.

Эжеке турат шаттанып,

Ар бир ишти колго алып,

Балдарды коргоп ар убак.

Келип турат баш багып.

Уч жыл журдук бакчада,

Билим алдык ал жакта.

Окуп, жазып, ыр ырдап,

Бий бийледик шаттана.

Жаштыгына карабай.

Билимин берет аябай.

Жазгулуну дилгири,

Эжекебиз Гулмира.


Акдана: Мектепке кадам таштадык.

Колго калем кармадык,

А тамгадан баштадык.

Алиппебизди аяктап.

Т.Орозов мектебининдеги.

Инилерге таштадык.




Мектепте чон озгоруш.

Болуп калды акыры.

Директор Алымбаева Дамира,

Бизди турат жетектей

Тилчи болуп дайыма,

Балдарды бирге окутат.


Окуу билим тарбия,

Бизге келет комиссия.

Аны бирге ээрчиткен,

Окуу болум башчы Гулзат Турганбаева.


Мектептеги эн мыкты,

Эжекебиз

Тарбиялык иштерди,

Алып барат дайыма.

Концерттерди жетектеп.

Алга суройт дайыма

Окуу тарбия иштеринин

Алып барган Мээрим Мамытова


Мугалимди ар убак,

Ардактаймын данктаймын.

Орус тили сабагын.

Мунара эжемдей барктаймын.

Мугалим момолуу дарак дешет.

Мээрими ай аламга жетет дешет

Ыраазыбыз бизди окуткан мугалимге,

Убакыт болуп карап тендеп келсе.

Жеке номер. Мугалим алтын чырагым.

БИЙ:

АТА-ЭНЕЛЕР ОЮНУ.

Мугалим: Кана балдар, бизди багып чонойтуп, ушул даражага жеткирген ата-энелерибизге да арналган ырларыбызды айтып отсок.

Окуучу:

Эненин акылдыгын барктай билгин,

Даназалап дуйного данктай билгин.

Жэтишээр деп даназалап койбостон,

Кулча иштен ак сутун актай билгин.

Айым кунум ата-энем.

Айланайын апакем.

Ак сутунду актайм мен,

Кичинемден бактын сен.

Ардагым менин апакем,

Тугонгус байлык берекем.

Алпештеп журуп остургон.

Алтындай менин апакем.

Ата-энем ардактуу.

Бар болгула ар дайым

Ата-энемдин айтканын.

Дайым кылам заматта.

Мээримин тогуп остургон,

Ардагым менин апакем.

Тендеши жок дуйнодо.

Алтындан кымбат берекем.

Жеке номер. Апакем

АТА-ЭНЕЛЕР ОЮНУ.

ЖОМОК: Ырыс алды ынтымак..

ЖЕКЕ НОМЕР. БИЙ. ХОР. ЖЫЙЫНТЫКТОО: Грамота тапшыруу. Соз ОББ га, ата-энелерге берилет.

Таблица «Тамга (тыбыш) жана тамга, ырлар, бийлер, макал-лакап, дидактикалык материалдар, топтор. Максаты

Негизги компотенттүүлүк

Билим берүүчүлүк

Көрсөткүчтөр

Маалымат:а)жөнөкөйб)чыгармачыл

в)жемиштүү кабыл алышат

Окуучулар «Тыбыштардын салтанаттуу майрамында» жыл боюнча алган билими боюнча айтышат, ж.о.э. сөз байлыгын өстүрүү.

Окуучулар жыл боюнча алган билимдерин оозеки ыр, макал-лакап инсценировкалап, аркылуу бышыктайт.

Өнүктүрүүчү

Социалдык-коммуникативдик компотенттүүлүк

Окуучулардын жыл боюнча алган билимин дидактикалык материалдарды колдонуу менен билимин бышыктоо инсценировкаларды аткарууда… актерлук жөндөмдүүлүгүн өстүрүү.

Окуучулар топторго бөлүнүү менен диалог, ролдорду 1-1ин сыйлоо менен аткарышат.Тамгалардын ырларын так, туура айта алышат.

Тарбия берүүчү

Өзүн-өзү уюштуруу көйгөйлөрдү чечүү.

Адептүү, эмгекчил, билимдүү болууга тарбиялоо

Өз алдынчалуулугу артат



34



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!