СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Абдыкерим Муратов

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Абдыкерим Муратов»

Илимдин багбаны

  • Энем ушундай энем эле....Энемдин ыйманын толугу, мээриминин молдугу.....

  • Ата Мекен, Ата Журт деген сөздөргө “АТА” деген сөздүн кошулуп айтылганы бекер эмес......

  • Адам денесин таза кармаса, жүрөгү таза болот......

  • Балдарга эли журту, эли жери, укум – тукуму жөнүндө көбүрөөк билим бергиле......

  • Кайсыл айылдын мектеби өзгөрсө, ошол айылдын жашоосу өзгөрөт, кайсы айылдын мектеби өзгөрбөсө, ошол айылдын элинин жашоосу өзгөрбөйт......

  • Мени чөп, пахта турмушка бышырды........

  • Мугалимдеримдин тарбиясын жугуздум, таалимин сиңирдим –деп улуу сөздү уламалап айткан, аалмадашуу доорунда өз айылынын эле эмес, Ата Журтубуздун мекенчил атуулу-Абдыкерим Муратов жөнүндө кеп салгым келип турат.

Бүгүн (13.04.2019-жыл) Ош шаарындагы Ноокат районуна караштуу Шаңкол айылындагы Шаңкол орто мектебинде эң сонун саамалык орун алды. Бир ай мурун жарыяланган Ош шаарындагы кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин ортосундагы сабактардын иштелмелеринин жарышы, Шаңкол айылындагы мектеп окуучуларынын арасындагы “Абыдкерим Муратов” жөнүндөгү дил баян сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталып, Абыдкерим Муратовдун китептери атайын дипломдор менен сыйланышты.

Шаңкол орто мектебинде учканга канат болгон, укканга санат болгон, “ИЛИМДИН БАГБАНЫ” Абыдкерим Муратов атындагы окуу каанасы ачылды. Каана толугу менен санариптештирилгенине күбө болдук. Тамыры тереңге жайылып бараткан Абдыкерим Муратов элдик мугалим болуп, элдин уулу болуп, элге сиңип баратканына дагы бир жолу ынандык. Агайдын шакирттеринин көптүгү бизди таң калтырыды. Айтайын дегеним аалым болсо да “АЖООНУН” “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” деген жарлыгына баш ийип, атуулдук вазийпасын аткарды. Кыргызстандагы аттуу баштуулар Абдыкерим Муратовдон үлгү алып бул иш-чараны жөрөлгө катары улантышса деген аруу тилек изги максаттар менен кайтык.

Сөзүңүз мурч, калемиңиз курч болсун! Муратовдук окуу түбөлүктүү болуп, сиздей аалым, окумуштуу, мугалимдерди устат тутуп, шакирт болуу бизге окшогон сары ооз балапандарга насип этсин!

Ош шаарындагы №27 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Тайыр кызы Нургүл




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!