СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Абдыкадыр Орзбеков

Категория: История

Нажмите, чтобы узнать подробности

Абдыкадыр  Орозбеков  жөнүндө   маалымат

Просмотр содержимого документа
«Абдыкадыр Орзбеков»

Абдыкадыр Орозбеков ( 1889-1938-жж)-Кыргызстандын Совет доорундагы ири мамлекеттик ишмери, Кыргыз Совет мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири.



Адбыкадыр Орозбеков азыркы Кыргызстанга караштуу Баткен облусундагы Кадамжай районунун Охна кыштагында туулган.1907-1916-жж наавайчыга жалданып иштеген.Түркстандагы жумушчу кыймылына катышкан.Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга жана чыңдоо үчүн күрөшкөн.Граждандык согуш мезгилинде катардагы жоокер отряд-командирине жана саясий жетекчиге чейин көтөрүлгөн.1924-1925-жж Ош округдук эмгекчилер советинин жер бөлүмүнүн башчысы, катчысы болгон,Тоолуу Кара-Кыргыз областынын жумушчу,дыйкан жана солдат депутаттар уюштуруу съездине делегат болуп,анда Тоолуу Кара- Кыргыз областык Аткаруу Комитетинин төрагалыгына шайланган.



1936-жылы Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп,депутаттар тарабынан шайланган.Ошентип А.Орозбеков 1925-1937-жылдын октябрь айына чейин Кыргызстандын мамлекет башчысы,азыркыча айтканда Президенти болуп абийирдүүлүк менен иштеген.Сталинизм доорунда жалган айып менен камалып, атууга өкүм кылынган.1938-жылы май айында аттырылган, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө түн жамына башка Кыргыз интеллигенциясы (Ж.Абдырахманов,Т.Айтматов ж.б.) менен кошо коюлган.1956-жылы 21-майда партиялык жагынан акталган.

Биринчи биздин башчыбыз

Кыргыз калкым кыйын күнгө абалың

Түшкөн чакта аябаган кан жаның

Мансап менен дүнүйөгө кул болбос,

Шейит кетти Орозбеков султаның!



Бүт өмүрүн эл жери үчүн арнаган,

«Ак сакал»-деп бүткүл өлкө сыйлаган

Ата Түрктөй Абдыкадыр уулуңду,

Куткарбадың неге куру жалаадан!?



Куткарууга дараметиң жетпеди

Бир көзүңдү бир көзүңө жоо кылды

Полот хандай курч уулду чыгарган

Эл элең го, жоготуңбу сүрүңдү?

Калкым деп каккан жүрөк сокпой калды

Ала-Тоо деп соккон жүрөк токтоп калды

Жанынан кыргыз элин артык көргөн,

Акшумкар акыретке сапар алды.



Анын айткан осуяттары





«Акыйкат акыры жеңет»



«Ажал бизди алып кетсе,эл эмгектен эскерет»





«Бул дүйнөдө ким карып?Карышкырдан кайыр күткөн кой карып,каракчыдан кайыр күткөн калк карып.»


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!