СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

А.М.Бутлеровдун түзүлүш теориясы. Негизги жоболору

Категория: Химия

Нажмите, чтобы узнать подробности

А.М.Бутлеровдун  органикалык заттардын түзүлүш теориясынын негизги жоболорун окуп үйрөнүшөт.

Просмотр содержимого документа
«А.М.Бутлеровдун түзүлүш теориясы. Негизги жоболору»

Сабакка чейин

Сабактын темасы: А.М.Бутлеровдун түзүлүш теориясы. Негизги жоболору

Сабактын методу: Түшүндүрүү

Сабактын тиби: Аралаш

Сабактын формасы: Жаңы теманы түшүндүрүү


Сабактын максаты

Көрсөткүчтөрү

А)Конкреттүү максаты (билим берүүчүлүк): А.М.Бутлеровдун органикалык заттардын түзүлүш теориясынын негизги жоболорун окуп үйрөнүшөт.

  • А.М.Бутлеровдун органикалык заттардын түзүлүш теориясынын негизги жоболорун мисалдардын негизинде түшүндүрүп бере алышса.

Б)Конструктивдүү (ѳнүктүрүүчүлук, тарбиялоочулук): Органикалык заттардын молекуласынын түзүлүшү, касиеттери, терс электрдүүлүк, атом, молекула, заттардын көп түрдүүлүгү боюнча алган билимдери өнүктүрүлөт. Боорукер болууга тарбияланышат.

  • Органикалык заттардын молекуласынын түзүлүшүн;

  • Касиеттерин;

  • терс электрдүүлүктү;

  • атом, молекула, заттардын көп түрдүүлүгүн айтып бере алышса.

Күтүлүүчү натыйжа:

  • А.М.Бутлеровдун органикалык заттардын түзүлүш теориясынын негизги жоболору;

  • Органикалык заттардын молекуласынын түзүлүшү;

  • Касиеттери;

  • Терс электрдүүлүк;

  • Атом, молекула, заттардын көп түрдүүлүгү билишет.


Сабактын мотивациясы (бул сабак эмнени берет): А.М.Бутлеровдун түзүлүш теориясын, заттардын касиеттери, негизги жоболорун жана органикалык заттардын өзгөчөлүгү алардын көп түрдүүлүгү менен таанышат, түзүлүшүн окуп үйрөнөт.

Сабактын ѳбѳлгѳсү (Окуучунун априордук билими (мурунку билими):

Зат, химиялык байланыштар жана түрлөрүн, терс электирүүлүк, атомдун түзүлүшү, валентүүлүк, органикалык заттардын өзгөчөлүгү алардын көп түрдүүлүгү химиянын өнүгүү тарыхы боюнча түшүнүгү бар.

Сабактын жабдылышы: Слайддар, сүрөттөр, моделдер, анимация колдонулат.

Убакыт: 45 минута

Убакытты бѳлүштүрүү:Чакыруу этабы:6-8мин

Түшүнүү этабы(сабактын негизги бѳлүгү):22-25 мин

Ойлонуу этабы (сабакты бышыктоо):12-12 мин

Сабак

Сабактын жүрүшү:

Чакыруу этабы:

Сабактын чөйрөсү: Саламдашуу,класстын тазалыгына кѳз салуу,тактоо.

Жагымдуу маанай түзүү: Сүрөттөгү жакшы көргөн гүлдү тандагыла.Ал гүлгө туура келген мүнөздөмөнү окуп берүү.

Үй тапшырмасын текшерүү жана ѳтүлгѳн теманы кайталоо:

Суроолорго жооп берүү

1.Химиялык байланыштын электрондук жаратылышы боюнча кайсы окумуштуулардын пикири менен таанышсыӊар?

2.Органикалык заттарда химиялык байланыштын кайсы түрү басымдуулук кылат?

Түшүнүү этабы(сабактын негизги болүгү):

Органикалык заттардын түзүлүш теориясы негизинен тѳрт жобо түрүндө берилгенин билесиңер. Эми ошол төрт жобонун алкагында илимий божомолдоо ыкмаларын пайдаланып, окулуп өтүлгөн зат­тардын түзүлүштөрүн жана касиеттерин, ар кандай заттардын мисалдарында аныктоого аракеттенели.

1. Органикалык заттардын молекулаларын түзгөн атомдор валенттүүлүккө жараша байланышып, белгилүү ырааттуулукта жайгашат. Бул абал бардык органикалык заттардын

класстарына мүнөздүү. Мисалы, С4Н10-бутан бул бирикменин молекуласы эки түрдүү элементтен туруп, алар валенттүүлүктөрү толук каныккан абалда белгилүү бир тартипте орун алышат:

Бул бирикменин молекуласын түзгөн көмүртектин 4 валенттүүлүгү сакталып, өзү менен өзү жана суутек элементинин атомдору менен байланышты.

Ар түрдүү органикалык заттардын класстарынын айрымдарынан дагы мисалдар келтирели.

СНзСООН - уксус кислотасы,

НСНО - кумурска альдегиди,

СНз- СН2- ОН - этил спирти.


Ойлонуу этабы(сабакты бышыктоо):


Мугалимдин иш аракети:

Суроо-жооп, аӊгемелешүү менен сабак лекция түрүндө өтүлөт.

1 Органикалык заттардын түзүлүш теориясынын

1- жобосу кандай?

2 - жобосу?

3 - жобосу?

4- жобосу кандай ?

мисалдар менен түшүндүргүлө.



Үйгѳ тапшырма: А.М.Бутлеровдун түзүлүш теориясы, негизги жоболоруна бирден мисал

Баалоо:




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!