СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

7-класстын геометрия сабагы боюнча "Уч бурчтуктар" темасына сабактын иштелмеси

Категория: Математика

Нажмите, чтобы узнать подробности

7-класстын геометрия сабагы боюнча "Уч бурчтуктар" темасына сабактын иштелмеси

Просмотр содержимого документа
«7-класстын геометрия сабагы боюнча "Уч бурчтуктар" темасына сабактын иштелмеси»

Геометрия боюнча ачык сабактын планы. 7 класс

Сабактын темасы: Үч бурчтуктар.

Сабактын максаты:

А)Билим берүүчүлүк: “Үч бурчтуктар” жөнүндө жалпы түшүнүк берүү, билимдерди өнүктурүү, логикалык ой жүгүртүүнү өздөштүрүү.

Б) Өнүктүрүүчүлүк: Окуучулар бүгүнкү сабакта үч бурчтуктар жана алардын түрлөрүнүн ар биринин өзүнүн орду жана эрежелердин бузулбас экендигин билдирүү. Касиеттерин түшунүү, анализдөө жана аларды салыштыра билүү. Терориядан алган билимдерди практикада колдоно билүү. В) Тарбия берүүчүлүк: Окуучулар бүгүнкү сабакта жекече иштөө менен жекече чечим чыгара билүүгө, өз ара жардамдашууга, ынтымакка жана достукка, ыймандуулукка жана адептүүлүккө, маданияттуулукка, биримдикке тарбияланышат.

Сабактын тиби: Жаңы теманы өздөштүрүү.

Сабактын формасы: Теория, практикалык.

Сабак аралык байланыш: Адабият, адеп, сүрөт, информатика, тарбиялык саат.

Сабакты жабдылышы: Темага байланыштуу сүрөттөр, чиймелер, ырлар, бор, сызгыч, транспортир, компюьтер, проектор ж.б.

Сабакта колдонулган онлайн каражаттар: Google форма, biouroki, Padlet

Сабактын жүрүшү:

1-этап. Уюштуруу: Сабакка даярдануу. Саламдашуу, окуучулардын көңүлүн жаңы чөйрөгө буруу(5 мүнөт).

2-этап. Даярдануу. Көрүүнү өнүктүрүү, кабыл алууну жакшыртуу. Теманы жаздыртуу. Презентацияларды демонстрациялоону баштоо (5 мүнөт).

3-этап. Теориялык бөлүк(15 мүнөт). Жаңы тема:

https://padlet.com/eorozalieva13/padlet-199s5q2szwegp216



Мугалим: Аныктама: Бир түз сызыкта жатпаган үч чекиттен жана аларды эки-экиден туташтыруучу үч кесиндиден түзулгөн фигура үч бурчтук деп аталат(1,2-слайддар). Сызгычтын жардамы менен АВС үч бурчтугун чийип түшүндүрүү. Үч бурчтуктун үч чокусу, үч бурчу, үч жагы бар. Үч бурчтуктун жактары жана бурчтары анын негизги элементтери деп аталат. Үч бурчтуктун А,В,С чокуларына каршы жаткан жактарды тиешелүү түрдө а,в,с тамгалары менен да белгилөөгө болот. Анда ВС=а, СА=в, АВ=с. Үч бурчтуктун бурчтарын чокуларына карата ∟А,∟В,∟С деп да белгилөөгө мүмкүн, аларды үч бурчтуктун ички бурчтары деп атайбыз. Ал эми АВС үч бурчтугу дегенди ∆АВС белгиси менен жаза баштайбыз.

Доскага үч бурчтуктун сүрөтүн тартылып, окуучуларга төмөндөгүдөй суроолор менен кайрылуу:

  1. Бул фигура эмне деп аталат?

  2. Сызгычтын жардамы менен К, М, Р үч бурчтугун сызгыла.

  3. К,М,Р чекиттери бир түз сызыкта жатышабы?

  4. Уч бурчтукка фигура катарында аныктама бергиле.

  5. Уч бурчтуктун белгиленишин эсиңерге түшүрүп, КМР үч бурчтугу дегенди кыскача жазгыла.

  6. ∆КМР нын чокуларын, жактарын, бурчтарын атагыла жана аларды кыскача белги менен жазгыла.

Окуучуларга алдын ала берилген ыр саптарын угузабыз. Окуучулар өздөрү айтып жаткан үч бурчтуктун тартылган сүрөттөрдү кармап турушат. Демек балдар үч бурчтук бул-...

Айдана:

Тегиздиктин бетине койобуз үч чекитти,

Чекиттерди туташтырат дагы үч кесинди .

Пайда болгон фигура үч бурчтук аталат,

Үч бурчу менен үч жагы-элементтери негизги.



Адилхан:

Уч бурчтуктун түрлөрүн,

Өздөрү айтсын ,,сүйлөсүн”.

Мени айпай кеттиң деп ,

Дагы бирөө капа болуп жүрбөсүн.




Мугалим:Үч бурчтуктардын жактарына карата түрлөрүнө токтолобуз.

https://padlet.com/eorozalieva13/padlet-199s5q2szwegp216





1)Эгерде үч бурчтуктун бардык жактары бири – бирине барабар болушпаса, анда ал түрдүү жактуу үч бурчтук деп аталат.2)Эгерде үч бучтуктун эки жагы гана барабар болсо, анда ал тең капталдуу үч бурчтук деп аталат. Барабар жактары анын каптал жактары, ал эми үчүнчү жагы анын – негизи болот. 3)Эгерде үч бурчтуктун бардык жактары барабар болсо, анда ал тең жактуу үч бурчтук деп аталат(3-4слайддар). Үч бурчтуктун чокусун каршысында жаткан жактын ортосу менен туташтыруучу кесинди анын медианасы(латын сөзүнөн которгондо “орто сызык” дегенди түшүндурөт) деп аталат. Үч бурчтуктун биссектрисасы(латын сөзү “экиге тең бөлүү” дегенди түшундүрөт) деп, үч бурчтуктун бир чокусунан чыгып, ошол бурчун тең экиге бөлүүчү кесиндини айтабыз. Үч бурчтуктун чокусунан анын каршысында жаткан жагына перпендикулярдуу түшүрүлгөн кесинди үч бурчтуктун бийиктиги деп аталат. Үч бурчтуктун медианасы, биссектрисасы, бийиктиги анын негизги сызыктары деп аталат(5-слайд).



Азамат:

Үч бурчтук дегендин баары бирдей көрүнөт,

Бирок, булар бурчтары боюнча да үчкө бөлүнөт.

Эми өздөрү жөнүндө өздөрү айтып беришсин:




Үч бурчтуктун бурчтарына карата бурчтарына карата түрлөрү:

1)Эгерде үчбурчтуктун бардык бурчтары тар болушса, анда ал тар бурчтуу үч бурчтук деп аталат.

2)Эгерде үч бурчтуктун бир бурчу тик болсо, анда ал тик бурчтуу үч бурчтук деп аталат.

3)Эгерде үч бурчтуктун бир бурчу кең болсо, анда ал кең бурчтуу үч бурчтук деп аталат(6-слайд).

Доскага транспортирдин жардамы менен үч бурчтуктун бурчтарына карата түрлөрүн чийип көрсөтүү. Медиана, биссектриса, бийиктик кесиндилерин да жүргүзүүнүү көрсөтүп, үйрөтүү.

Аяна:

Тең капталдуу үч бурчтук:

-Тең капталдуу үч бурчтук деген-мен,

Себеби: Каптал жактарым тең.

Негизимде жаткан бурчтарым да

Барабар бири-бири менен.




Нурай:

Тең жактуу үч бурчтук:

-Атым айтып тургандай

Жактарым дагы, бурчтарым да бири бирине барабар.

Мага баары бип-бирдей, негизиме түшүрүлгөн:

Биссектриса да, медиана да, бийиктик да

Айырмасы жок мен үчүн.




Мээрим:

Түрдүү жактуу үч бурчтук:

Менде болсо тескерисинче,

Баары башкача,

Бурчтарым да, жактарым да түрдүү

Ээ болот чоңдуктарга, узундуктарга.



Даниэль:

Кең бурчтуу үч бурчтук:

Кең бурчтуу үч бурчтукта

Бир бурчу гана кең болот, 900 тан чоң болот.

Калган бурчу тар болот, 900 тан кем болот.



Аделя:

Тар бурчтуу үч бурчтук:

Менин бардык бурчтарым тар болгондуктан,

Тар бурчтуу үч бурчтук деп аталам.

Бурчтарым тар болгону менен

Пейилим кенен.



Амина:

Тик бурчтуу үч бурчтук:

Бир бурчум тик, экөөсү тар

Тик бурчум 900 ка барабар

Тик бурчтуу үч бурчтук деп аталган ушундай үч бурчтук бар.




4-этап. Практикалык бөлүк (5 мүнөт).

Мугалим: Китебиңердеги 1-көнүгүүнү чыгарабыз. ДЭМ үч бурчтугу чийилет, тиешелүү чокуларын, жактарын, бурчтарын белгилеп көрсөтүү.

Тесттик иш (5 мүнөт). Атайын баракка жазылып, ар бир окуучуга варианты менен таратылат.


https://forms.gle/drqYeXqzJktvsMi8A



1-вариант.

  1. Үч бурчтуктун канча жагы бар? а)2, в)3, с)4, г)1.

  2. Үч бурчтуктун жактарына карата канча түрү бар? а)2, в)3, с)4, г)1.

  3. Үч бурчтуктун биссектрисасы бурчту канчага бөлөт? а)2, в)3, с)4, г)1.

  4. Үч бурчтуктун негизги элементтери канча? а)2, в)3, с)4, г)1.

  5. Кең бурчтуу үч бурчтукта канча тар бурч болушу мүмкүн? а)2, в)3, с)4, г)1.

2-вариант.

  1. Үч бурчтуктун канча чокусу бар? а)2, в)3, с)4, г)1.

  2. Үч бурчтуктун бурчтарына карата канча түрү бар? а)2, в)3, с)4, г)1.

  3. Үч бурчтуктун медианасы жакты канчага бөлөт? а)2, в)3, с)4, г)1.

  4. Тик бурчтуу үч бурчтукта канча бурчу тар? а)2, в)3, с)4, г)1.

  5. Тең капталдуу үч бурчтукта канча бурчу барабар? а)2, в)3, с)4, г)1.

5-этап. Бышыктоо бөлүгү (8 мүнөт). Тесттик иштин аркасындагы таблицаны толтурушат.

А)Үч бурчтуктарды эки негизи боюнча классификациялоонун төмөнкү таблицасын толтуруу(үч бурчтуктардын сүрөтүн тартып толтуруу). Тесттик иш менен таблица кийинки сабакка текшерүү үчүн жыйналат.

Бурчтары боюнча



Жактары боюнча



Кең бурчтуу



Тик бурчтуу



Тар бурчтуу



Ар түрдүү жактуу







Тең капталдуу







Тең жактуу












В )Төмөнкү сүрөттөрдөн канча үч бурчтуктарды көрүп турасыңар.













6-этап. Жыйынтыктоо (2 мүнөт).

Үйгө тапшырма берүү: 3,4-көнүгүүнү чыгарып келүү, параграф 9 окуп келүү. Окуучулардын билимин баалоо. Катышуучуларга жана окуучуларга ыраазычылык билдирүү.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!