СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

7-класс Сайт конструкторлору

Категория: Информатика

Нажмите, чтобы узнать подробности

Сайтты ачууну колдонууну  үйрөнүү

Просмотр содержимого документа
«7-класс Сайт конструкторлору»




7 - класс Тема 4.2. Сайт конструкторлору


Сабактын жалпы максаты: WIX серверинде өзүнүн сайтын түзүү.

Сабактын жүрүшүндө колдонулган таяныч үшүнүктөр:

  • веб-сайт, веб-барактар, текстти редактирлөө, шаблон;

Сабактын жүрүшүндө колдонулган жаңы түшүнүктөр:

  • сайттын кыймылдаткычы, CMS, Wix, лендинг, лонгрид, контент.

Аткарыла турган окуу маселелери:

  • Сайт конструкторлорунун мүмкүнчүлүктөрүнүн жардамы менен сайттын макетин түзүү көндүмдөрүн калыптандыруу, WIX сервиси менен таанышуу;

  • Өз алдынча өздүк сайтын түзүү көндүмдөрүн калыптандыруу;

  • Көркөм-эстетикалык тандоого үйрөтүү.

Сабакта колдонулган МКТ каражаттары:

  • мугалимдин персоналдык компьютери (ПК), мультимедиялык проектор, экран;

  • Окуучулардын ПКлары.

Сабакты өткөрүү методикасы:

Сабактын проблемасын түзүү

Интернеттин өнүгүшү жана веб-сайттардын санынын дүркүрөп өсүшү менен жаңы үйрөнчүктөр да HTML тилин билбей туруп, өзүнүн сайтын түзүүгө мүмкүндүк берген атайын конструкторлор пайда болду.

CMS (cotent managvent system) – бул сайт конструкторлору, алардын башка аталышы сайтта камтылгандарды же кыймылдаткычын башкаруу системасы. Алардын жардамы менен сайттын барактарын түзүп жана структуралоого болот, сайтта камтылгандарды редактирлөөгө болот б.а. документтер, метафайлдар ж.б. менен толтуруу.

Көпчүлүк CMS терде атайын даяр чыгарылыштар бар: бул сайт-дүкөндөрдүн, сайт-визиткалардын, лэндингдердин (кайсы бир аракетти жасоого чакырган сайттар) ар түрдүү шаблондору. Бирок эгер силер мындай типке туура келбеген сайт жөнүндө ойлонуп жүрсөңүз, анда аны нөлдөн баштап түзүүгө туура келет.

Лэндинг (landing page) – негизги максаты сайтка киргкен колдонуучуну конкереттүү(максаттуу) аракетти жасатууга үндөгөн веб-баракча: мисалы, бир нерсе үчүн добуш берүү, кайсы-бир товар менен таанышып, аны сатып алуу, китепке буйрутма берүү ж.б.

Кээ бир С CMS тер дүйнө жүзү боюнча популярдуу: мисалы, WordPress, Drupal, Joomla. Биз болсо CMS ти Wix тин мисалында карайбыз.

Визитканы же блокту иштеп чыгуу үчүн Wix тин официалдуу сайтына кирип, “Кирүү” деген баскычты басуу керек.

Жөнөнкөй каттоодон кийин сайт менен иштеп баштай берсе болот. Конструктор ондогон мүмкүн болгон шаблондорду сунуштайт. Тиешелүү шаблонду категорияны колдонуп табууга болот.


Жаккан шаблонду тандагыла жана ишти андан ары уланткыла.

Шаблон тандалгандан кийин “Редактор” баскычын баскыла. Бардык башкаруучу элементтер барактын сол жагында жана жогору жагындагы бөлүгүндө жайгашкан. Биринчи кезекте өзүңөрдүн ресурсуңардын структарасын аныкташыңар керек. “Страницы” деген баскычка басуу менен категория жана суб-барактарды түзгүлө, аларга ат бергиле.

Кошулган барактардын жайгашуусун аларды керектүү багытта тартып жылдыруу менен категория жана бөлүмдөрдү түзүү менен өзгөртсө болот.

Андан соң дизайнын өзгөртүүгө өтсөңөр болот. Бул жерде шрифттерди, түстөрдү тандаса болот, блокторду чоңойтуп же кичирейтсе, өзүңөрдүн сүрөтүңөрдү жүктөөгө же конструктор сунуш кылган сүрөттөрдү колдонууга болот.

Бардык тескөөлөр(настройкалар) экрандын сол жак жогорку бөлүгүндө, ошондой эле ага басканда оң жак бөлүгүндө тескөөлөрдү өзгөртүү үчүн терезе пайда болгон “Инструмент” салмасы да жеткиликтүү.

Система кеңешме берип турат. Эл. чычкандын курсорун каалаган элементке жакындатуу менен тигил же бул аспаптын жардамы менен эмне жасаса боло тургандыгын билүүгө болот.

Конструктордун абройлуулугу бул сайттын башка тиркемелер менен бирдикте иштөө мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Анын негизинде сайтты жарялоодон кийин эле аны менен социалдык тармактарда жана форумдарда бөлүшүүгө болот.

Добавить” салмасына баскыла, тиешелүү категорияны тандагыла, мисалга – бул “Соцтармактар”, жаккан белгинин курсор менен тартып келгиле жана сайттын каалаган жеринде жайгаштыргыла.

Ушуну менен ресрстун негизги тескөөсү аяктайт, эми аны пайдалуу жана сапаттуу контент менен толтуруу гана калды.

Wix контентти толтурууну ар тараптуу жана кызыктуу кылууга мүмкүндүк берет. Текст, сүрөт, видео, аудио кошууга болот.

Текстти редактирлөө үчүн шрифтти тандоого, баш сөздөрдү бөлүп алууга, керектүү түстү орнотууга, текстке шилтемени коюга ж.б. жасоого болот.

Изменить фон” жана “Настроить дизайн” баскычтарын басуу менен, тамгалардын оптималдуу өлчөмдөрүн тандоого, алардын түсүн, шрифтин ж.б. өзгөртүүгө болот.

Добавить пост” баскычын басканда система баш сөздү жана текстти киргизүүнү сунуштаган терезе ачылат. Текстти башка документтен да мисалы, word файлынан көчүрүп койсо да болот.

Текстти киргизгенден кийин оң жакта жайгашкан “Сохранить” жана “Опубликовать” баскычтарын басуу керек.

Редактировать посты” баскычына басуу менен керектүү жазууну тандап алып, “Редактировать” баскычын басуу керек. Жогорку панелде система фото, видео, галерея ж.б. кошууга сунуш берет.

Алдын ала даярдалган сүрөттү (компьютерге жүктөлгөн) системанын кеңешмесине ылайык конструктордун терезесине тартып келүү керек. Андан соң “Готово”, “Применить”, “Обновить текст” баскычтарын басуу керек.

Ушуну менен сайтты түзүү аяктайт.

Сайтты ар күнү жаңы контент, сүрөттөр, жана видео менен толтуруп туруу керек, анткени ресурсту издөө системаларында андан ары алдыга жылдырууда бул маанилүү этап болуп саналат.

Сайттын мазмунун ар түрдүү кылып, көптөгөн ар кандай визуалдык контент, мисалы, лонгриддер жана кызыктуу презентациялар менен кооздосо болот.

Лонгрид (англ. longread) – ар кандай мультимедиялык элементтер: сүрөттөр, фотографиялар, видео, диаграмма ж.б. жардамы менен блокторго бөлүнгөн узун текст(макала, баян).

Контент (англ. мазмуну) – бул аны колдонгон колдонуучуга арналган маалымат жана тажрыйба. Сайттын контенти – бул ичинде текстти, сүрөттү, видео жана аудиону камтыган сайтта жайгашкандын бардыгы. Readmag конструктору лонгриддерди версткалоо үчүн эң ыңгайлуу онлайн-платформалардын бири болуп саналат. Анын жардамы менен макалаларга сүрөттөрдү, слайдшоуну, видеофайл, музыканы оңой кошууга болот.

Дагы башка онлайн-сервис бар, www.canva.com деген. Ал сайт үчүн кооз открыткаларды, постерлерди, баннерлерди, чоцтармактар үчүн презентация, заставкаларды тез арада түзүүгө жардам берет. Текст, картинка же фотографиялар менен болгон бардык манипуляцияларды түздөн-түз сайтта жүргүзсө болот.


Окуучулар үчүн тапшырмалар:


Тапшырма 1.

Силер үчүн кызыктуу теманы тандап, сайт түзгүлө:

          1. Жаңылыктар сайты

          2. Математикалык сайт

          3. Белгилүү бир товарды жарнамалаган сайт

          4. Электрондук окуу китеби

          5. Билим берүү сайты

          6. Зоопарк

          7. Саякат, эс алуу

          8. Кайсы бир спорт командасынын күйөрмандарынын сайты

          9. Класстын сайты

          10. Кайсы бир белгилүү адамдын жактыруучуларынын сайты

          11. Мектеп сайты

          12. Логикалык оюндарды жактыруучулардын сайты


Окуу китебинен тапшырмалар


Силердин мектебиңердеги Бүтүрүүчүлөр Балынын афишасынын графикалык дизайнын онлайн платформаны колдонуп жасагыла.

Жыйынтык чыгаруу.

Рефлексия.

Эгерде сабак силерге жакса – кызыл стикерди, жакпаса – көк стикерди көтөргүлө. Эгерде силердин маанайыңар биздин күндүн маанайына дал келсе, анда ага нурларды жабыштыргыла.



Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!