СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

6-класстар учун жаратылыштагы озгочо кырдаалдар

Категория: Всем учителям

Нажмите, чтобы узнать подробности

Жаратылыштагы озгочо кырдаалдар

Просмотр содержимого документа
«6-класстар учун жаратылыштагы озгочо кырдаалдар»


VI класстар үчун Жаратылыштагы өзгөчө кырдаалдар жана ден соолук жөнүндө түшүнүк жана ага таасир кылуучу факторлор.

Жаратылыштагы өзгөчө кырдаал. Жаратылыштагы өзгөчө кырдаал, анын түрлөрү жана пайда болуу себептери (климаттык шарттын өзгөрүшү, жаратылышта автономдук жашашы, жүрүштө ооруп калуу (жабыркоо) уулануу, чактырып алуу ж.б. адамдын жаратылыштагы жүрүш-турушунун коопсуздук эрежелери).
Согуш-конфликттик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал (анын ичинде терроризм). Жарандык конфликттер жана согуштук окуялар, терроризм. Жарандык конфликттер тынч жашоону, өлкөдөгү конституциялык жана укуктук тартипти бузуп, коомдо жана мамлекетте жарандык араздашууга алып келет. Согуш окуялары бул мамлекеттин чегинде болгон аскердик иш-чаралар жана конфликттер, ошондой эле курамында жарандык жана мамлекеттер аралык башаламандык активдешкен аймактагы тынчтыкты жөнгө салуучу аскер контингенти бар күч структураларынын катышуусу. Терроризм - адамдын мурун курмандыкка учураткан жана мамлекеттин, коомдун туруктуулугун бузуу үчүн чогулган, куралданган аскердик иш-аракеттеги бандалардан калыптанган топ. "Террор" сөзү латын тилинен которгондо коркунуч, ужас дегенди түшүндүрөт.
Географиялык-климаттык шарттын алмашуусу. Географиялык-климаттык шарттын муктаждыктан алмашуусу (ата-энелердин жашаган жерин өзгөртүүсү, эс алууга баруу, аскерде кызмат өтөө ж.б.) жана адамдын абалына таасир берүүчү (температуралык режим, күндүн режими, убакыт, тамактануу режими, ичүү режими ж.б.) факторлор. Климатка ыңгайлашууда жүрүш-туруштун коопсуздук эрежеси.
Адамдын жаратылышта автономдук жашашы.
Өзүнө-өзү медициналык жардам көрсөтүү каражаттары. Автономия шартында таңуучу жана дары-дармек каражаттары бар (керек учурда муктаж болгон алып жүрүүчү минималдуу авариялык предметтердин жыйнагы) медициналык кутуча.
Коллективдүү коргоо каражаттары жана аларды колдонуу. Өзгөчө кырдаалдар шартында коллективдүү коргонуу каражаттарын пайдалануу тартиби, жашыруун, баш калкалоочу жайды түзүү жана анын ичин жабдуу. Жашыруун жайды толтуруу тартиби, жайгашуу жана андагы эрежелерди аткаруу.
Аба булгануу коркунучу болгондо практикалык иш-аракеттер. Аба коркунучу жакындоодогу иш-аракеттер. Баш калкалоочу жайга жашынуунун нормативдери (убакытты эсепке албастан группалык курамда). Газдан коргонуучу каражатты пайдаланууну үйрөнүү.
Жаратылыш шартында биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелери. Сыйрытып, кесип алууда, чымын-чиркейлер, жылан чакканда өзүнө-өзү жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү.
Чыгып кетүүдө, сынганда, үшүккө, күндүн нуруна кабылганда жардам көрсөтүү.
Сууга чөккөн адамга биринчи жардам көрсөтүү. Жасалма дем алдыруунун негизги ыкмалары.
Ден соолук жөнүндө түшүнүк жана ага таасир кылуучу факторлор. Алкоголизм.
I жана II бөлүм боюнча практикалык сабактар: Горизонттук багытты жергиликтүү предметтер жана күн боюнча аныктоо. Өзүнүн турган жерин аныктоо. Компастын же сааттын жардамы менен баруучу багытты тандоо жана ага чыдоо. Азимут боюнча кыймыл, жабык жана ачык жердеги багытты табуунун өзгөчөлүктөрү.
Убактылуу жашоого жай тандоо. Лагерди бөлүү. Отун чогултуу. Суу менен камсыздоо, анын тазалыгы жана жугушсуздандыруу. Түнөөчү жана от жагуучу жайды жабдуу. Отто тамак-аш даярдоо. Дары чөптөр менен таанышуу. Жүрүштөгү оорураак жаракат, алдын алуу жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү.

VII КЛАСС
Окутуу убактысынын темаларын болжолдуу бөлүштүрүү
Жер титирөө. Жер титирөөнүн келип чыгуусу. Жер титирөөнүн очогу. Жер титирөөнүн эпицентри. Жер титирөөнүн негизги параметрлери. Жер титирөөнүн кесепеттери. Жер титирөөдөн келтирилген зыянды жана жоготууларды азайтуу боюнча көрүлүүчү чаралар. Жер титирөө учурунда жүрүш-туруштун коопсуздук эрежелери боюнча рекомендация.
Жер көчкү, уранды, таш кулоо жана кар көчкүлөр. Жер көчкү, уранды, таш кулоо жана кар көчкүлөргө кыскача мүнөздөмө жана анын кесепеттери. Жер көчкү, уранды, таш кулоо жана кар көчкүлөрдү алдын ала эскертүү, жана келтирилген зыянды азайтуу боюнча көрүлүүчү чаралар. Калкка жер көчкү, уранды, таш кулоо жана кар көчкү коркунучу пайда болгон учурда кандай иш-аракет көрүү боюнча рекомендация.
Аяз, ысык, кардуу бороон, катуу шамал. Аяз, ысык, кардуу бороон, катуу шамалдын кесепеттери. Аяз, ысык, кардуу бороон, катуу шамалдын кесепеттеринен болгон зыянды азайтууга колдонулуучу чаралар. Калктын аяз, ысык, кардуу бороон, катуу шамал коркунучу пайда болгон учурда кандай иш-аракети.
Суу каптоо, суу ташкыны жана өрт. Суу каптоо жана суу ташкыны боюнча негизги түшүнүктөр жана классификациясы. Суу каптоо жана суу ташкынынын кесепеттери. Калкка суу каптоо жана суу ташкыны коркунучу пайда болгон учурда кандай иш-аракет көрүү боюнча рекомендация. Тоодогу жана токойдогу өрт коркунучтары. Тоодогу жана токойдогу өрттүн кесепеттери. Калкка тоодогу жана токойдогу өрттүн алдын алуу, аны өчүрүүдөгү коопсуздук иштери боюнча түшүнүк берүү. Өрт учурундагы жүрүш-туруштун коопсуздугу жана андан сактануу.
Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар. Жашыруун жол менен жасалган түзүлүштөгү техниканын жарылышы. Мектеп окуучуларынын өздөрү даярдоосу, майрамдарда жана өзгөчө Жаңы Жылда жашыруун жол менен жасалган каражаттарды колдонуудагы активдүүлүктөрү. Тиричилик газынын жарылуу коркунучу. Имараттын ичинде газдын таркалышына жол бербөө, газ приборлоруна балдарды жакындатпоо жана газды күйгүзгөндө: адегенде ширенкени жандырып алып, андан соң газ берүүнү ачуу эрежесин сактагыла.
Табигый кырсык курч мүнөздө болгон аймактагы окуучулардын иш-аракеттери. Табигый кырсык таасын болгон аймактагы окуучулардын иш-аракеттери.
Жаракат жана травма алганда биринчи медициналык жардам көрсөтүү. Жаракат алганда биринчи медициналык жардам көрсөтүү. Жарааттын ырбап кетүүсүн алдын алуу. Башка жана төшкө стерилденген таңууну (бинттен, жоолуктан, колдо болгон нерселерден) коюу эрежеси. Жогорку жана төмөнкү сөөк бөлүктөрү сынганда биринчи медициналык жардам көрсөтүү. Жабырлануучуну эвакуациялоо. Жабырлануучуну носилкасыз жеткирүүнүн жолдору.
Ден соолук жөнүндө түшүнүк жана ага таасир кылуучу факторлор. Наркомания.
1 жана 2 бөлүм боюнча практикалык сабактар: Табигый кырсык таасын болгон аймактагы окуучулардын иш-аракеттери. Жер титирөө, суу каптоо, суу ташкындары жана селден болуучу кесепеттер менен таанышуу. Аймактын коопсуздук картасын түзүү.
Сынык болгон учурдагы биринчи медициналык жардам көрсөтүү эрежелерин үйрөнүү. Стерилденген таңууну коюу. Жабырлануучуну эвакуациялоодо носилкасыз жеткирүүнүн жолдорун үйрөнүү.





Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!