6-класс Тест ( АКМО)
1. Эсептегиле: - =
а) б) в) г) -
2. 21,73 + 0,27 +17 туюнтмасын жөнөкөйлөткүлө.
а) 39 б) 38,73+0,27 в) 22,17 г) 21,9+0,27
3. Бөлүнүүчү 4444, тийинди 44,44. Бөлүүчүнү тапкыла.
а) 0,1 б) 100 в) 1000 г)10
4. Эсептегиле:
а) 8,9 б)1 в) 5,5 г)9,9
5. 0,78; 0,3456; 0,2345; 0,6 сандарынын эң чоңу менен эң кичинесинин суммасы канчага барабар?
а) 0,9456 б)1,1256 в) 0,8345 г)1,0145
6. Узуну 32,5 м, туурасы 24,7 м болгон тик бурчтук формасындагы участокту тор менен тосуу керек. Кандай узундуктагы тор талап кылынат?
а) 57,2м б)114,4м в) 49,4м г)802,75м
7. Теңдеменин тамырын тапкыла: х – 0,21 = 1,9
а) 1,69 б)2,11 в) 0,4 г)1,11
8. 0, 4, 5, 7 цифраларынын жардамы менен бардыгы канча үч орундуу сан жазууга болот?
а) 9 б)18 в) 6 г)24
9. 1,2; 0,07 жана 0,02 сандарынын арифметикалык орточо маанисин тапкыла.
а) 4,3 б)0,07 в) 0,43 г)1,29
10. Катыштын белгисиз мүчөсүн тапкыла: х : 5 = 17
а) 3,4 б) 85 в) 4,5 г) -3,4
11. Вера менен Лена х алманы y : z катышында бөлүп алышты. Алардын ар бири канчадан алма алат, эерде х = 18, у = 126, z =441
а) 7; 9 б) -4; 14 в) 63; 7 г) 4; 14
12. Берилген а жана в жактары боюнча тик бурчтуктун аянтын тапкыла: а=7,54см; в=6,2см
а) 46,748см2 б) 46,7см в) 13,74см2 г) 467,48 см
13. А (1,5) жана В (1,6) чекиттеринин тең ортосунда жаткан С чекитинин координатасын тапкыла:
а) С(1,52) б) С(1,54) в) С(1,55) г) С(1,59)
14. Ойлонулган санды 2 эсе кичирейтишип жана ага 45 ти кошушкан. Натыйжада 61 келип чыккан. Ойлонулган санды тапкыла.
а) 16 б)40 в) 32 г)49
15. Базага 84 т помидор ташып келишти. Ушул помидордун 30% тин магазинге жөнөтүштү.Базада канча тонна помидор калды.
а)54т б) 114т в) 26т г) 58,8т
16. Саат 16 : 00 көрсөткөндө, жебелеринин арасындагы бурч канча градус болот?
а) 900 б) 1120 в) 1190 г) 1200
17. Килограмм менен туюнткула: 0,06 т
а) 0,6 б) 600 в) 60 г) 0,60
18. 17,405 тен 100 эсе чоң санды жазгыла:
а) 1,7405 б) 1740,5 в) 17,405 г) 1740
19. 16 этаждуу үйдүн ар бир подъездинин ар бир этажында 4 төн квартира бар. № 165 үйү кайсы подъездде жана канчанчы этажда болуп эсептелет?
а)3п, 7э б) 2п, 13э в) 3п, 10э г)3п, 12э
20. 509 м де канча миллиметр бар?
а) 50900мм б)5090мм в) 509000мм г)5090000мм
21. Амалдарды аткаргыла: ( 2,37 + 3,86) ∙ 17 – 556,89 : 19 =
а) 76,7 б)76,6 в) 70,1 г)76,06
22. 120 жана 64 сандарынын эң чоң жалпы бөлүүчүсүн тапкыла.
а) 2 б)4 в) 6 г)8
23. Энеси 50 жашта, ал эми кызы 28 жашта. Канча жыл мурун кызы энесинен эки эсе жаш болгон?
а) 6 б)12 в) 8 г) 10
24. Эгерде а = -8, b = -13 болсо, a + b сандарынын суммасын тапкыла.
а) 9 б)5 в) 21 г)-21
25. 1 дин 6% ин ондук бөлчөк түрүндө жазгыла.
а) 0,6 б)0,006 в) 0,03 г)0,06
26. Туюнтманын маанисин тап: -(-1) ∙ [(-1) ∙(-4)] : [-(-3)] =
а) 1 б)4 в) -1 г)
27. 15 жана 18 сандарынын эң кичине эселүү санын тапкыла.
а) 60 б)90 в) 75 г) 80
28. Эки машина 97,7 тонна жүктү ташып келишти. Экинчи машина биринчи машинага караганда 4,1 т көп ташып келсе, биринчи машина канча жүк ташып келген?
а) 50,9т б)46,8т в) 48,85т г)20,7т
29. х тин кайсы маанисинде барабардык туура болот.
а) 116 б)216 в) -216 г)6696
30. АВ кесиндиси кандайдыр бир чекит менен эки бөлүккө бөлүнгөн. Биринчи бөлүктүн ортосунан экинчи бөлүктүн ортосуна чейинки аралык 10,6 дм ге барабар. АВ кесиндисинин узундугун тапкыла.
а) 10,6дм б)31,8дм в) 21,2дм г)42,4дм
6-класс
к/№ | Жооп | к/№ | Жооп |
| а | 16. | г |
| а | 17. | в |
| б | 18. | б |
| в | 19 | в |
| г | 20 | в |
| б | 21 | б |
| б | 22 | г |
| б | 23 | а |
| в | 24 | г |
| б | 25 | г |
| г | 26 | а |
| а | 27 | б |
| в | 28 | б |
| в | 29 | б |
| г | 30 | в |