Просмотр содержимого документа
«23-сентябрь мамлекеттик тил күнү»
1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамын кабыл алып, кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген.
- Азыркы учурда дүйнөдө 6 миңден ашуун тил бар. Дүйнө тилдери негизинен 14 үй-бүлөгө жана топторго бөлүнөт. Кыргыз тили алтай тобунун түрк тилинин курамындагы кыргыз-кыпчак группасына кирет.
Быйыл кыргыз тили Мамлекеттик тил статусуна ээ болгондугуна 34 жыл болду. Азыркы кыргыз тили калыптанганга чейин кыргыздар Орхон-Енисей жазма эстеликтеринде кездешкен байыркы руна жазуусунда, араб ариби, андан сон латын алфавитинде жазып келишкен. 1940-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин кириллицанын негизинде жазып келебиз.
«Кыргыз тили- кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан». Тилибиз дүйнөдөгү эң бай тилдердин бири экендиги анын өз жазуусу болгондугунан эле билсек болот. Биздин тилибизди байытып турган «Манас» эпосун алсак болот. «Манас» эпосу дүйнөдөгү эң чоң эпос болуп саналат.
Тил жөнүндө айтылган асыл- ойлор, ыр-саптар жана макал- лакаптар.
Бирге жүрөм, эне тилим кадырлайм,
Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм.
Башка тилди кандай жакшы крсөм да,
Эне тилим сүйгөнүмөн жанылбайм.
Алыкул Осмонов
Илим менен билимге къпүрө- тил, Көкөлөткөн адамды тили деп бил. Тил адамды бакытка бөлөп салат, Тил адамды шорлотот башын алат. Тил арыстан босогондо комдонгон, Бошоп кетсе өзүңдү да жеп койгон. Тирүү жанга эки нерсе керектир, Бири- тили, бири- дили ак көңүл. Жусуп Баласагын
Эне тилим эчен кылым карыткан, Эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан. Тили жоголгон журттун өзү да жоголот. Эне тилим- эне сүтүм, бакытым, Эне тилим түгөнбөгөн байлыгым. Мен- кыргызмын, мен ошого мактанам, Кыргыз тилин кылымдарга сактаган.