СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

21-март Нооруз майрамы

Категория: Завучу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«21-март Нооруз майрамы»

Сабактын темасы: Нооруз майрамы


Сабактын максаты: Нооруз майрамынын өтүүшүн белгилөө менен

ата-бабаларыбыздын каада-салттары боюнча түшүнүктөрдү тереңдетет.

Сабактын жүрүшү:

  • Нооруз майрамынын майрамдалышы;

  • Кыргыз элинин майрамдык дасторконунун даярдалышы;

  • Улуттук оюндардын жүрүшү боюнча маалыматтады берүү.


Урматтуу биздин меймандар! Кымбатуу окуучулар! Жаз алдынан кылтыйып чыккан байчечекей, кайкып учкан чабалекей, балдыр тили балдай татыган бала, бетинен нур тѳгүлгѳн мээрман эне, кажыбаган кайратман эне,кажыбаган кайратман ата, деги бүтжаратылыш, Жан жаныбар да, жаз келгенде жанданып, ажарланып кѳркүнѳ чыгат. Мына ушундай күндѳ, күн менен түң теңелгенде жакшылыкты, токчулукту койнуна кысып, кут менен шат кылып Нооруз келет.

Эмесе азыр сиздердин астыНыздарда 8»е» классынын окуучуларынны улуттук салтты унутпай улоо, үйлѳнүү, ата-салтын кадырлоо максатындагы Нооруз майрамына арналган тарбиялык саатыбызды ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер.

1-окуучу: Ассалоом аллейкум, кадырлуу коноктор!

2-окуучу: Саламатсыздарбы, ага-эжелер!

1. Асылзаада апалар!

2. Пейилинен кут тѳгүлгѳн мырзалар!

1. Керр маралдай селкилер!

2. Сиздерди Нооруз шаңында

1. Тоо гүлүндѳй сулуулукту

2. Тоо булагындай тунуктукту

1. Арчадай жаштыкты

2. Наристедей тазалыкты

1. Ысыккѳлдѳй тереңдикти

2. Кыргыз пейилиндей кенендикти каалайбыз!


  1. Бабалардан байырлаган конуш жайдан

Байыртадан келе жаткан Нооруз майрам

Мынакей астыңарга келип калды

Апалар түтѳт арча, богун камдан

  1. Дасторкон толо нан болсун

Башыбызга бакыт-таалай консун

Адамдар дайым ак пейил болуп

Дасторкон дайымкенен болсун!

Хор: «Нооруз»

Улуу аян түн келди

Дыйканга жыргал күн келди

Түндгүгүңдү түрүп кой

Мейманыңа күлүп кой

Алас3 ар балээден калас

Дасторконун жайнатып

Сүмөлөгүн кайнатып

Умай эне куту бар

Дасторкондун жыты бар

Алас3 ар балээден калас

Нооруз, Нооруз, Нооруз

Ушул учурда Умай эне арчаны менен баарын аластап чыгат:

Ала, алас, алас

Ар балээден калас

Айдан Аман, жылдан эсен бололу

Жарык түндү кеңири берсин

Орообуз нанга толсун

Оозубуз нанга толсун

Балкеттин баары

Ушуну менен чыгып жок болсун!


1-Алып баруучу:

Келгин куштар жаз келгенин күбөлөп,

Келди Нооруз, кайнап көжө, сүмөлөк.

Эрте жазда ачылган кош гүлдөрдөй,

Жигит кызга, кыз жигитке сүйөнөт.


2- алып баруучу:

Келди Нооруз жаңы күн,

Бизге сунуп жаз гүлүн

Жаңы күндү тосолу

Жарык маанай, достук күнүн


1. Нооруз жөңүндө тарых барактарынан.

НООРУЗ

Борбордук Азия элдери байыртадан эле аздектеп келген, эң бир сүймөнчүктүү майрам. Нооруз майрамы элдик эсеп боюнча жаңы жылдын келиши. Бул мезгил күн менен түндүн теңелишине тура келип, ошондуктан майрам 21-мартта белгиленет. Нооруз – жаңы күн дегенди билдиретю себеби, ушул күн узарып, кышы менен жатканжердин тоңу кетип, бозоргон жер бетине жан кире баштайт, жер жарылып көк чыгат. Ошондуктан, Нооруз жаркыраган жаздын, жашарган көктөмдүн, жакшы үмүт тилек менен биримдүүлүктүн, кайрымдуулук менен боорукерликтин майрамы катары эсептелип, ушул күнү дасторкон кенен жайылып, Нооруздун сый тамагы сүмөлөк менен чоң көжө сыяктуу атайын, майрамга арналып даярдалган даамдар коюлуп, элибиз бири-бирине болгон жакшы тилектерин айтышып, ниеттерин билдиришкен. Ушул күнү бардык жерде балбылдата от жагашып, оттун үстүнөн чоң, Кичине дебестен секириришип, алардын арасынан малды да айдап өтүшкөн. Үй ичин, короону, бак-шактарды арча, чекенди күйгүзүп аласташкан. Аластоодо:

Алас, алас, алас,

Ар балээден калас!

Жакшылыкты Теңир берди,

Жарык күндү кеңири берди..

сыяктуу каалоолор, ой- тилектер айтылган. Ушул күнү Баба Дыйкандан мол түшүм сурашып, үрөндү жакшылыкка жумшалсын деп себишет. Ага-туугандар, достор, коңшу-колоңдор бири-бирин сыйлашып, таарыннычтарын жазып, кечирим сурашкан, көкүрөгүндө кир калбагыдай дилин тазартышкан. Мына ушунусу менен Нооруз барктуу жана нарктуу. Нооруз жыл башы болгондуктан улуттук майрамдардын эң улусу жана эң эле салттанаттуусу.

Кыргыз эли эзелтеден белгилеп келген бул улуттук майрам бир кездерде дин майрамы катары жерилип келсе, кийинки жылдары демократиянын шарданы менен кайрадан жанданып, өз деңгээлинде майрамдалып келатат.

2-окуучу: Нооруз жер жүзүндөгү эң алгачкы майрамдардын бири.Анын Биздин заманга чейинки IV кылымдан мурда эле пайда болуп, азыркы мезгилде да жашап жатышы дүйнөдөгү эң байыркы дин – Зорастризмге байланыштуу.

2. Бир жолу Зорастр жазгы Нооруз майрамынын убагында таңга маал (хаома) сыйкырдуу ичимдик жасоо үчүн суу алмакчы болуп дарыяга келет. Ал так ортосунан суну сузуп, кайра жээкке чыкканда, б.а. ошол маалда жазгы таңдын жыпар жыт аңкыган айдыңында бир керемет көрүнүш пайда болот.

  1. Алып баруучу: Ошол күндѳн баштап Зорастр ѳтүлүүчү

Жети (7) майрамдын жетинчисин бүт мусулман элинин улуу майрамы Нооруз (жаңы күн)-жаңы жыл майрамын атайылап байыркы нугуна салып, жаз баарына күн менен түндүн теңелген учуруна туташтырган

  1. Алып баруучу: Ошентип, Нооруз жаркыраган жаздын, жаштык жигердин күжүрмѳн эмгектин, жакшы тилек-үмүттүн биримдүүлүктүн, ыйман-адептүүлүктүн таттуу, даамдуу жайыл дасторкондун майрамы. Ал элибизде ѳтүүчү майрамдардын эң улуусу, эң бир салтанаттуусу болгон. Бул күндүн чын куран айынын 20сынан-21не караган түнү ѳткѳрүшкѳн.

1.Алып баруучу: Эмесе, Ноорузду күлкү –шаттыкка аралаш ыр күү, элдик оюндар, улуттук каада – салттар, элдик оозэки чыгармачылыктын бири макалдарды, жаңылмачтарды айтуу менен бирге Нооруз тоюнун шаңын шаңга бѳлѳйлү.

2. Дикломациялар: Нооруз майрамы

Жаңы жылга жаз мегзили жарашкан,

Жашыруун сыйкыр нурун тараткан.

Ушул күнү күн менен түн теңелип,

Күн узарат жан жаныбар самашкан.


3. Нооруз майрам жергебизге келе Бер,

Бакыт, таалай үндөрүн себе кел.

Элге жерге ак тилегин айтышып,

Аластасын ак элечек энелер.


4. Жыл жаңырып бүчүр бүрдөп дарактан,

Куштар сайрайт көчө бойлоп баратсаң.

Нооруз майрам жаңылануу майрамы,

Жан дүйнөдө үмүттөрдү жараткан.




5. Нооруз майрам жаңы жылы элимдин,

Берекесин арттырып кел жеримдин.

Жакшы тилек үмүттөргө жарашкан,

Жаратылыш майрамындай сезилдиң.


2.Алып баруучу: Ырдасак ырдан баштайлы.

Ыр: «Кыргыз калкым»

«Кыргыз калкым»

Кемер кур, кемсел ѳтүк, ак калпагым

Кээ бирѳѳ билбей жүрѳт анын баркын

Элиме белги берип тааныштырган

Атыңдан кагылайын кыргыз калкым


Үйүнѳ конок келсе жүзү жарык

Кой союп күтүп алуу ата салты

Кызытып кымыз берип май жедирген

Пейлиңден кагылайын кыргыз калкы


Ооз комуз, кыл кыяк, чоор үнү менен

Комузуң коңгуролуу үч кыл таккан

Чер жазып чертип жатып кыргызым деп

Айланам акылыңдан ойлоп тапкан.


1. Кѳрктүү да кооз саймалап,

Кѳп гүлдѳр ѳсүп жайнаган

Жасантып жердин келбетин

Жаз мезгил келди кайрадан.

2.

Күүлѳнүп алыс жайлардан

Келгин куш келип байыр алган

Токойду,бакты аралап

Жаз мезгил келди кайрадан

3.

Талаасын дыйкан айдаган

Эгин ѳсүп чайпалган

Жашыл түс кирип мейкинге

Жаз мезгил келди кайрадан


4. Козу-улак ойноп маараган

Желеге кулун байлаган

Кымызга, айран, сүткѳ бай

Жаз мезгил келди кайрадан.

1-Алып баруучу:

Мына ушинтип, жергебизге жаз келди.

Жаз менен кошо майрамдар келди. Жаз мезгилинде кайсы майрамдарды майрамдайбыз? Окуучулар жооп беришет:

-8-март Аялдар майрамы

-21-март Нооруз майрамы

-1-май Эмгекчилердин майрамы

-9май- Жеңиш күнү

-5май- Конститутция күнү ж.б.

2- алып баруучу:

Кыргыз элинин майрамдык дасторконунун даярдалышы жана Улуттук оюндардын жүрүшүнө көңүл буралы. Бул боюнча окуучулар маалыматтарды беришишет.








Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!