№ | Аткарылуучу иштин мазмуну | Ресурстар | Күтүлүүчү натыйжалар |
1 | “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылы боюнча Кыргыз Республикасынын Жарлыгы менен таанышуу жана иш план иштеп чыгуу | Токтомдун мазмуну, Иш пландар | Токтом менен таанышышат Иш пландар бекитилет |
2 | Санариптештирүүнүн максаттары жана интернет мейкиндиги тууралуу доклад | Интернет тармагы, доклад | Окуучуларга маалыматтар жеткирилет |
3 | Кыргыз информатиктер ассоциациясына мүчө болуу | КИАнын шарттары | КИАга мүчөлүккө кабыл алынуу |
4 | Окуучулар арасында мини олимпиадаларды уюштуруу | Жоболор, суроолор, тапшырмалар, компьютерлер | Окуучулар жеке долдоорлорун жазышат |
5 | Информатика жумалыгын өткөрүү | Жумалыктын иш планы | Сабактар, интеллектуалдык оюндар өткөрүлөт |
6 | Информатика мугалиминин өздүк сайтын түзүү | Гугл сервистери | Мугалимдин жеке сайтын ачып, маалыматтарды жайгаштыруу |
7 | Гугл аккаунт, ютуб каналын, электрондук почта ачуу | Гугл сервиси | Гугл сервисине катталуу жана андан маалыматтарды жайгаштыруу |
8 | “Компьютер жана биз” сүрөт конкурсун уюштуруу (5-7-класстар) | Буйрук, жобо, окуучулардын эмгектери | Окуучулардын Paint программасында иштөөсүн баалоо жана кызыктыруу |
9 | “21-кылымдын жаштары” информациялык технологиялардын өнүгүү тарыхы боюнча семинар | Сабактардын иштелмеси, докладдар, буклеттер, окуучулардын ойлоп табуу долдоорлору ж.б | Катышуучулардын эмгектери, мыкты проекттилердин парады өтөт |
10 | Анимация жасоо, мултьфильм тартуу (проекттик иш 8-9-класстар) | Видеофайлдар, презентациялар ж.б | Проекттик иштер, клип жасоо, мультфильм жасоо боюнча |
11 | Мектептеги мугалимдерге интернет менен иштөө багытында тренинг уюштуруу (мүмкүнчүлүккө жараша) | Тренингдин планы | Мугалимдердин компьютердик сабаттуулугун жоюу боюнча иштер жүргүзүлөт |
12 | Телеконференция уюштуруу (электрондук почта аркылуу) | Документтер, файлдар, тиркемелер, шилтемелер ж.б | Электрондук почта аркылуу кат алмашуу |
13 | Информатика боюнча он-лайн банкинг түзүү (электрондук китептер) | Электрондук китептер топтому | Сайттардан китеп алуу, сактоо, алмашуу |
14 | Өз билимин өркүндөтүу боюнча окууларга катышуу | Окуу семинарлардын программасы | Өз алдынча иштөө |
15 | Информатика мугалиминин электрондук портфолиосун түзүү | Электрондук портфолио | Портфолио түзөт |
16 | Дубал гезиттер конкурсун уюштуруу, мектеп ичинде семинар сабактарды уюштуруу | Гезиттер, сабактардын иштелмелери | Конкурс уюштурулат. Мектептик семинар уюштурулат |
17 | 13-сентябрь “Программисттер күнүнө” карата “Мыкты программист” мини олимпиадасын өткөрүү | Олимпиаданын жобосу, тапшырмалар, окуучулардын эмгектери | Мини олимпиада өткөрүлөт, сыйлыктар берилет, окуучулар өз алдынча программалоого үйрөнүшөт |
18 | Pascal ABC жана Python программалоо тилдери боюнча окуу семинараларга катышуу | Программалоо тилдери, дисктер ж.б | Программалоо тилдерин үйрөнүү |
19 | Предметтик олимпиадага катышуу | Жобо, тапшырмалар | Олимпиада өткөрүлөт, окуучунун билими бааланат |
20 | “Код сааты” программалоо акциясына катышуу | Жобосу | Акцияга катышуу менен программа түзүшөт |
21 | Электрондук китеп түзүү, аны өздүк сайтка жана гугл сервисине жайгаштыруу | Китепче, программалар | Өтүлгөн сабактары боюнча китеп жазылат жана сайтка жайгаштырылат |
22 | Мультиуроктон сайт ачуу | Сайттын дареги | Сайт ачып, сабактарды сайтка жүктөө |
23 | Жыл жыйынтыгын чыгаруу жетишкендиктер, кемчиликтер | Анализ | Жыйынтык чыгарылып, жетишкендиктер жана кемчиликтер боюнча анализ чыгарылат |