СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

1-дакабрь СПИДке каршы курошуу куну

Категория: Прочее

Нажмите, чтобы узнать подробности

СПИДке каршы курошуу куну

Просмотр содержимого документа
«1-дакабрь СПИДке каршы курошуу куну»

Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү

Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү — ар жыл сайын 1-декабрда белгиленүүчү күн.Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач "Төрт-Г" деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу (вирус) бара-бара анын кабылдоосуна (синдром) алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.

Тарыхы[

1981-жылы АКШдан жай айында Гаити мамлекетинен келишкен жалаң эркек мейман жарандардан 5 учур далилденген. Дарт героин колдонгон гемосексуал, гемофилик адамдардан байкалган (Төрт-Г). Натыйжада 1981-жылы алгачкы конференция өткөрүлүп, коңгуроо кагылган.СССРде 1985-жылы чет элдик жарандан КИЖКнын (кишинин иммундук жетишсиздигинин козгогучу) биринчи учуру катталган жана маалымат өтө жашыруун сыр катары сакталып, ал ачык айтылган эмес. 1986-жылы америкалык айым каза таап, ал иммундук жетишсиздиктен көз жумганы белгилүү болгон. Натыйжада Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан СПИД боюнча глобалдык программа негизделген. Ал эми Бириккен Улуттар Уюму 1988-жылы (БУУ) 1-декабрды Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү деп жарыялаган. Акыры БУУ 1996-жылы СПИДге каршы "Бириккен программа" кабыл алган. Дал ушул жылы Кыргызстанда КИЖК алып жүргөн эң биринчи учур катталган.

Ооруу тууралуу[

БУУнун "Бириккен программасынын" баяндамасы боюнча, 2009-жылы дүйнөдө 60 миллион адам аталган ооруга чалдыгып, 25 миллион киши каза болгон. 2008-жылы Жер шарында 430 миң ымыркай иммундук жетишсиздик, демек, СПИД менен төрөлгөн. Натыйжада 15 жашка чейинки КИЖК алып жүргөн балдардын саны 2,1 миллионго жеткен.

17 жыл аралыгында Кыргызстанда 5 миңден ашуун жаран иммундук жетишсиздик козгогуч жана кабылдоо менен ооругандыгы айтылган. Ал эми 2005-жылга чейин Теңир-Тоо жергесинде СПИД менен ооруган адам жок деп эсептелсе, 2013-жылы алардын саны 57 адамды түзгөн. Алардын ичинен төртөө ушул дарттан каза болгондор. 2016-жылдын 1-ноябрына карата Кыргыз өлкөсүндө ВИЧ менен ооругандардын расмий көрсөткүчү 6983тү түзгөн, анын ичинен Кыргыз Республикасынын жарандарынын саны 6617ге барабар болгон. ВИЧке кабылгандардын 66,4 пайызы 20-39 жаштагылар. Өлкөдө ВИЧ-инфекцияны аныктоочу 46 лаборатория бар. 2016-жылдын 1-декабрына карата өлкө боюнча ретровируска каршы терапияны 2574 адам алган. Алардын ичинен 412си кичинекей балдар. Ал эми шприцти алмаштыруучу 37 пункт иштээри маалым болгон.





1-ДЕКАБРЬ: Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү

    

 

Бириккен улуттар уюму 1988-жылы 1-декабрды СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү деп жарыялаган. Ал эми 1996-жылы СПИДге каршы "Бириккен программа" кабыл алынган. Дал ушул жылы Кыргыз өлкөсүндө СПИДди алып жүргөн эң биринчи учур катталган.

Айрым маалыматтар боюнча, мындан 91 жыл мурда СПИД илдети айыккыс дарт болуп саналып, кооптуу жана жугуштуу болгондуктан ХХ кылымдын кара тумоосу (чума) деп аташкан.

ВИЧ жана СПИД деген эмне? ВИЧ же кыргыз тилинде АИВ деп айтылат. Ал - адамдын иммун жетишсиздик вирусу дегенден кыскартылган. ВИЧ илдетине кабылган бейтаптар вирустун организминде бар экенин көпкө чейин сезишпейт.

СПИД же кыргыз тилинде ЖИКС - жуктурулган иммун жетишсиздик синдрому. Бул оорунун акыркы баскычы. Акыркы баскычта адамдын иммундук системи начарлап, организм түрдүү оорулар менен күрөшө албай калат. СПИДди айыктыруу мүмкүн болбогондуктан бул илдет менен жабыркагандар кургак учук, өпкөгө суук тийген, коркунучтуу шишик жана башка ооруларга кабылса, ал оорулар организмде өтө тездик менен өөрчүп, өлүмгө алып келет.

Бир катар окумуштуулардын иликтөөсүнө ылайык, ВИЧ - 1926-жылы адамдарга маймылдан жуккан. Конго Республикасында 1959-жылы эркек адам белгисиз дарттан каза болгон. Дарыгерлердин көп убакытка созулган изилдөөлөрүнүн жыйынтыгынан кийин анын өлүмүнө СПИД оорусу себеп болгону аныкталган. АКШда СПИД оорусу биринчи жолу 1969-жылы сойкулардан аныкталган.

Дүйнөдө ВИЧ/СПИДден канча адам жабыркайт?

  • 2016-жылы дүйнөдө ВИЧ оорусу менен жашагандардын саны 36,7 миллион адамды түзгөн.

  • 2016-жылы ВИЧти 1,8 миллион адам жугузуп алган.

  • 2016-жылы СПИД оорусунан көз жумгандар 1 миллионго жеткен.































47. А Темирбаев атындагы орто мектеби.







Тарбиялык саат.

Буткул дуйнолук СПИДке каршы

курошуу куну.







Мугалим : Каратаева Сабира


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!