Просмотр содержимого документа
«1-чейрекке карата тест 7-класс»
№ 1 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 7-А классынын окуучусу _______________________ I чейрекке карата информатикадан жазган тесттик иши
Информатика 7-класс I чейрек
1. Информатика кандай топтогу суроолорду изилдейт? A. Техникалык, семантикалык, прагматикалык; B. Семантикалык, техникалык, информациялык; C. Семантикалык, прагматикалык, математикалык. D. Техникалык, информациялык, математикалык;
2. “Информация” термини латынча кайсы сөздөрдү түшүндүрөт? A. Билдирүү, түшүндүрүү, кабарлоо, баяндоо; B. Кеп, текст, сүрөттөр, сандар; C. Информация, кабар, жаңылык; D. График, кабар, таблицалар;
3. Адам информация менен кандай иш-аракеттерди жасай алат? A. Көрүү, туюу-сезүү, даам билүү, жыт билүү, угуу; B. Жаратуу, берүү, кабыл алуу, сактоо; C. Кабыл алуу, сактоо, иштетүү, берүү; D. Жаңсоо, үн чыгаруу, берүү, угуу.
4. Эгерде информация түшүнүктүү жана чесим чыгаруу үчүн жетишээрлик болсо бул информациянын кайсы касиети? A. Объективдүү; B. Анык; C. Актуалдуу; D. Толук
5. Информация менен аткарылган аракеттер эмне деп аталат? A. Информацияныы сактоо; B. Информациялык процесстер; C. Информациялык иш-аракеттер; D. Информацияны иштетүү.
6. Алмаз 1-класстын окуучусу жана ал көбөйтүүнүн таблицасын жакшы билет. Бирок, ал англис тилин билбейт. Алмаз үчүн кайсы билдирүү информация болот? A. 2*8=16 B. My friend is schoolboy C. Мен Бишкекте жашайм. D. Англис тилинде 26 тамга бар.
7. Информациянын мазмуну эмнеден турат? A. Информациядан, кабарлардан турат. B. Жасалгаланышынан, кабарлардан турат. C. Формалардан, информациядан турат. D. Информациянын булагынан, кабыл алуучулардан турат.
8. Компьютер сөзү кайсы тилден алынган жана эмне деген маанини түшүндүрөт? A. Латын тилинен, ЭЭМ; B. Англис тилинен, эсептегич; C. Грек тилинен, эсептеп чыгаруу; D. Англис тилинен, эсептеп чыгаруу.