СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Өрнөктүү өмүр

Нажмите, чтобы узнать подробности

Лейлек районунун борбору Исфананын бир нече колотторунун боорунан агып чыккан булактардын суусу биригип, кичинекей дарыяны түзүп, ал Исфанадан Тажикстанды көздөй агып өтөт. Аны коңшулаш тажик эли сугат жерлерине пайдаланып келишет. Мына ушул кичинекей дарыяны жээктеп Чимген, Калта-Кол, Чалды-Балды жана Мурза-Патча айылдары жайгашкан. Мурза-Патча айылы кыркынчы жылдардан кийин өздөштүрүлө баштаган, ага чейин эл ушул айылдын батыш-түштүк жагында дарыянын наркы өйүзүндө -Кабылан-Алды айылында жашашкан. Айыл азыркы мезгилде Тажикстан менен чектешип турат. Бүгүнку учурда эски таш үйлөрдүн, коргон дубалдардын орду бар.

Сталин колхозунун Кабылан-Алды айылында жөнөкөй үй-бүлөдө турмуш кечирип, өмүр сүрүп жүргөн мезгилде Матмурат уулу жоронун үй-бүлөсүндө кубанычтуу окуя болду.1928-жылы ал уулдуу болуп, азан айтып атын Дыйканбай коюшат.

1944-жылдын сентябрында Д. Жороев Сүлүктүдөгү ФЗОго (фабрика-заводдук окуу) кирет. Д. Жороевдин кенчилик кесиптин өнөр сырларын үйрөнүүсү, өздөштүрүүсү ФЗОдон башталат. Д. Жороев 1945-жылдан 1947-жылга чейин №6 кенде бекемдөөчү болуп иштейт. 1947-жылдан баштап ал өткөөлчү болуп эмгектенген.Артта калган бригаданы уюштуруп, көмүр өндүрүүнүн темпин жогорулатып, милдеттенмени 106% аткаргандыгы үчүн №6/18-кендин бригадири Д. Жороев СССР Жогорку Советинин Президиумунун Указы менен 1966-жылы 29-июнда Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган. 1971-жылы Ленин ордени менен сыйланган.1972-жылы "Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген шахтеру" деген наам берилген. Кыргыз ССР Жогорку Советине депутат болуп шайланган.

Д. Жороев үч уул, алты кызды тарбиялап өстүргөн. Уул-кыздары ата-энесинин мээнетин жогору баалап, атын бийик көтөрүп келет.

18.01.2020 19:08


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!