СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Нан тапсаң май жок, ...

Нажмите, чтобы узнать подробности

Табышмактуу тагдырга баш ийип жашаган пенде жашоодо ар кандай сыноолорго туш болот. Турмуш өзүнүн өйдө-ылдыйы, ысык-суугу менен пендени тарбиялап келет. Жашоодо бир нерсеге жетем десең дароо эле башка муктаждыктар чыга баштайт. Нан тапсаң май жок, май тапсаң нан жок болгон бир кем дүйнөдө адам баласы чексиз нерселерди каалап жашайт эмеспи. Ошондуктан пенденин каалоосу жана муктаждыктары таптакыр бүтпөйт. Каалоолорунун артынан жүрүп отуруп (адашууга, туура жолун жоготууга ийкемдүү жаратылган пенде) өзү тойсо да көзү тойбой, бул жалган дүйнөдөн кош айтышат.

Адам баласы тиричилик менен күрөшүп жатып кудайга болгон ишеними да өзгөрүп кеткенин байкабай калат. Арийне, мусулман ишениминде эң негизги нерсе, бул - кудайдын жалгыз экендигине ишенүү. Илгертеден элибиз «лаа илааха илла аллах, кудай өзүң бир сакта» деп оозунан түшүрбөй айтып келген. Кыргызча мааниси болсо «Кудайдан жалгыз» дегенди түшүндүрөт. Тагырак айтканда, ишенүүгө сыйынууга жалгыз сен ылайыктуусуң. Сенден башка кудайларды кабыл кылбайм, эч кандай күчкө, абройго, мал-мүлккө жана мансапка сыйынбайм дегендик. Эми мусулман коомуна көз чаптырсак кээ бир адамдар кудайга ишенет, бирок коркпойт. Элден уялат, бирок кудайдан уялбайт. Жаратканга эмес, жаратылгандарга сыйынат. Эл көрсүн, кожо көрсүн үчүн жашап, мактанчаактыгы менен өзүн өзү сүйүнтүп келет.

28.04.2020 05:35


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!