СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Коллектив жөнүндө ой-толгоолор

Нажмите, чтобы узнать подробности

Коллектив- бул кары-жашына карабастан, бирмаксатты көздөгөн, бири-бирин сыйлаган, урматтаган, кыйын кезеңде жардамга келген, бир кыл кесип ээлерин же пикирлеш команда мүчөлөрүн бириктирген адамдардын тобу болот. Коллектив расасына, жынысына, туткан динине, билимине ж.б. сапаттарына карабастан чогулган адамдардын чөйрөсү болуп саналат. Коллективди алга сүрөгөн, иш билги, уюштургуч, көпчүлүк үчүн жанын аябаган адамдар башчылык (лидерлик) кылат. Ошол эле учурда коллектив ичинде оң айтса, тескери түшүнгөн, терс пейилдүү, өз көмөчүнө күл тарткан өзүмчүлдөр, ойду-келди сүйлөгөн тантык, жалпы элге кедергесин тийгизген жалкоолор да болуп калат. Ошондуктан ата-бабаларыбыз бекеринен айтпаса керек "кой аксагы менен миң" деп. Коллективди майда жиктерге ажыраткан эң жаман нерсе бул- бөлүп-жаруучулукка багытталган куйтучулук же билинбей жабышып алган"кенелер" болот. Алар билинбеген илдет катары болуп, коллективге кайсы бир учурларда сөзсүз терс таасирин тийгизет. Кээде, ал илдеттен арылуу эбегейсиз чоң эмгекти жумшоого түрткү кылат. Алар кээде хамелеонго окшоп, эл ичинде жандарын багып жүрө беришет. Ал эми коллективди жандандыруу, күчтөндүрүүдө бир беткей деле ыкма же жазылган мыйзамдар деле болбойт. Болгону ал күн санап, ар кандай шарттарга ыңгайлашуу менен, адамдардын бири-бирин түшүнүүнүн, урматтоонун, сөзгө туруу, кичи пейилдик, кечиримдүүлүк, айкөлдүк жана жоомарттык сапаттарынын жогору коюлушу менен ишке ашырылуучу көнүмүш адаттардын жыйындысынан пайда болот. Күчтүү коллектив болгон жерде, иштин ийгилиги ошончолук жогору болоорун турмуштук мисалдар далилдеп келет.

Категория: Всем учителям
21.05.2020 13:25


Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!