СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Кат 2020 –жылдын 12 – февралындагы № 03 -1/794
Бишкек, Ош шаардык билим берүү
башкармалыктарынын, райондук,
шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн
жетекчилерине
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 2019-2020 - окуу жылында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билим берүүнүн программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияны (мындан ары текстте – ЖМА) уюшкандыкта өткөрүү максатында төмөндөгү предметтер боюнча жыйынтыктоочу аттестациянын форматын маалымдайт:
1) ХI класста (кыргыз, орус, ѳзбек жана тажик) эне тили жана адабияты боюнча эссе;
2) IX класста (кыргыз, орус, ѳзбек жана тажик) дилбаяндын элементтерин камтыган баяндама;
3) IX жана ХI класстарда математика боюнча жазуу иши;
4) Орус, ɵзбек жана тажик тилдеринде окутулган мектептер үчүн кыргыз тили боюнча жана кыргыз тилинде окутулган мектептер үчүн орус тили боюнча комплекстүү тест (IX, ХI класстар).
Жазуу иштерин баалоо мектептин экзамендик комиссиясына тапшырылат. Комиссия өз ишинде сунуш кылынган туура жооптор менен баалоо чен - өлчөмдөрүн колдонот. Экзамендик иш берилген чен - өлчөмдөр боюнча коюлган баллдарды жыйынтыгын беш баллдык баалоо тутумуна которуу менен бааланат.
Мектептин предметтик комиссиясы (мындан ары текстте – ПК) Жободо белгиленген тартипте окуучулардын сынак иштерин ѳткѳрүүнү жана баалоону жүргүзѳт.
Билим берүү уюмдары жана билим берүүнүн аймактык органдары ЖМАны уюштуруу жана ѳткѳрүү маселелери боюнча катышуучуларга маалымдоону КРнын БИМдин жобосу, буйруктары, нускамалык-методикалык каттарына ылайык, ошондой эле он-лайн байланышы аркылуу жүргүзөт.
ЖМАга даярдануу үчүн тексттин жана тапшырмалардын үлгүлөрү министрликтин сайтына жайгаштырылат (
Сынактарды ѳткѳрүүнүн формалары
Эссенин кѳлѳмү 150 сѳздѳн кем эмес жана 300 сѳздѳн кѳп эмес болушу керек. Эссени жазуу учурунда ѳз позициясын кѳркѳм чыгармалардын мазмунуна, жана ошондой эле ѳзүнүн турмуштук тажрыйбасына таяп (жеке таасирленүүсү, ѳздүк ой жүгүртүүлѳр, билимдер ж.б.) аргументѳѳгѳ болот.
Эскертүү: эне тили боюнча жазуу иштери эки баа менен бааланат: биринчиси мазмунуна жана кебинин калыптанганына (кептик нормаларды жана стилдик каражаттарды тандоо эрежелерин сактоо), экинчиси – орфографиялык, пунктуациялык жана грамматикалык нормалардын сакталгандыгына коюлат.
Математика боюнча тапшырмалар окутуу программасынын татаалдык деңгээлине ылайык (базалык жана тереңдетип окутулган) түзүлгѳн.
Тест үч бѳлүккѳ бѳлүнгѳн 25 ташырмадан турат:
Ишти тариздөөдө сынак тапшырмаларын аткаруунун тѳмѳнкү талаптарын сактоо зарыл:
Тапшырмаларды текшерүү тиркелген баалоонун чен - өлчөмдөрүнүн негизинде жүргүзүлѳт.
Мамлекеттик/расмий тилдер боюнча комплекстүү жазуу тесттери IX, XI класстардын окуучуларынын функционалдык сабаттуулугун текшерүүгѳ багытталган. Тест 3 бѳлүктѳн турат:
Класс |
Аткаруу убактысы |
Тесттин бѳлүктѳрү |
9-класс |
1,5 саат |
1-Бөлүк - Лексика. Грамматика 2-Бөлүк - Окуу жана түшүнүү |
11-класс |
2,5 саат |
1-Бөлүк - Лексика. Грамматика 3-Бөлүк - Окуу жана түшүнүү 2-Бөлүк - Жат жазуу тапшырмасы менен |
1-бѳлүк. Тесттин максаты – предметтик стандарттарда жана программаларда аныкталган коммуникативдик маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон тилдик компетенциянын калыптануу деңгээлин текшерүү.
Класс |
Убакыт |
Мазмуну |
Ташырмалар |
Лексика. Грамматика |
|||
9-класс |
30 мүнѳт |
- жак, сан (атооч, этиш) - жөндөмө категориясы (А, И, Б, Т, Ж, Ч) - сан атооч, сын атооч, ат атооч, тактооч, кызматчы сөздөр - сүйлөмдүн түрлөрү |
Берилген тѳрт жооптун ичинен бир туурасын тандоого 40 тапшырма |
11-класс |
50 мүнѳт |
- кептин түрлөрү - кептин стилдери - сөздүн тике жана өтмө маанилери - сүйлөмдүн баш жана айкындооч мүчөлөрү - жак, сан (этиш) - жөндөмө категориясы (А, И, Б, Т, Ж, Ч) - сүйлөмдүн түрлөрү |
Берилген тѳрт жооптун ичинен бир туурасын тандоого 60 тапшырма |
2-бѳлүк. Тесттин максаты – аныкталган коммуникативдик маселелерди чечүү үчүн окуудагы сүйлѳѳ кѳндүмдѳрүнүн жана ыкмаларынын калыптанышынын деңгээлин текшерүү.
Класс |
Убакыт |
Мазмуну |
Ташырмалар |
Текстти окуу жана түшүнүү |
|||
9-класс |
50 мүнѳт |
- Мазмунду толук түшүнүү (биографиялык текст, кѳркѳм текст, диалог) - Берилген маалыматты түшүнүү (илимий-популярдык, публицистикалык, коомдук-саясий текст) |
2 текст жана берилген тѳрт жооптун ичинен бир туурасын тандоого 15 тапшырма |
11-класс |
60 мүнѳт |
- Толук түшүнүү (жарнама, кулактандыруулар, анаонс, маалымкат, аба-ырайынын божомолу) - Мазмунду толук түшүнүү (биографиялык текст, кѳркѳм текст) - Берилген маалыматты түшүнүү (илимий-популярдык, публицистикалык, коомдук-саясий текст) |
3 текст жана берилген тѳрт жооптун ичинен бир туурасын тандоого 20 тапшырма |
3-бѳлүк. Тапшырмалуу жат жазуу (11-класстын окуучулары үчүн гана)
Жат жазуу беш баллдык система боюнча бааланат. XI класс үчүн жат жазуунун кѳлѳмү – 110-125 сѳз.
Эскертүү: түшүнүксүз сѳздѳр жана сүйлѳмдѳр түшүндүрүлүп, татаал кыскартылган сѳздѳр аббревиатурасы менен кошо тактага жазылат.
© 2020, Карабаева Аида Райымбековна 514