© 2024, id56641454 26
СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ
Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно
Скидки до 50 % на комплекты
только до
Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой
Организационный момент
Проверка знаний
Объяснение материала
Закрепление изученного
Итоги урока
Кыргызстандын аймагындагы эн алгачкы уруулук бирикме болуп Сактар саналат. Сактар Борбордук Азиядагы байыркы элдердин бири болуп саналат жана европеиддик рассада болгон. Суроо: Алардын негизги кесипчилиги эмне болгон?
Сактардын коргондорунан табылган буюмдардын жасалышы жырткычтардын стилинде болгон. Сактарга тиешелүү айбандардын колодон жасалган сөлөкөттөрү менен кооздуктар, курмандык чала турган такта, шам чырак, конус формасындагы бутары бар казандар ж.б археологиялык эстеликтер Кыргызстандын кайсыл аймактарынан табылган?
. Аскер демократиясы доорунда сак урууларында социалдык тенсиздик пайда болгон. Сак коргонундагы кайсы табылгалар аталган фактыны далилдей алат?
. Сактардын башкаруучулары «падышы» титулун алып жүрүшкөн жана байыркы чыгыш иран түрк тилинде сүйлөшкөн. Грек булактарында сактарды-алар жаа атуу боюнча эн мыкты чеберлер, алардын ар бир аткан жебеси бутага таамай тийип жатты –деп жазышкан .Суроо: Кайсы тарыхый булактарда сактарды «Азиялык скиф» деп жазышкан?
. Александр Македонскийге сактардан элчилер келип төмөнкүдөй сөздөрдү айтышкан.
«Танаисти ( Сырдарыя) кечип өтсөн сен биздин аймактын учу-кыйырсыз, кенендигин билесин: Сен сактарды эч качан кууп жете албайсын. Экинчи жолу бизди алыста калды деп ойлосон, сен бизди өз лагериндин жанынан көрөсүн. Биз артындан сая түшө кууп, ошол эле учурда көзгө илешбей качып кетебиз»-ушундан кийин Македонский Сыр-Дарыя сактарына кол салган.Суроо: Александр Македонский менен Сыр-Дарыя сактарынын ортосундагы салгылашуу качан болгон?
. Грек булактарында сактардын аялдары да каармандык менен согушта куйөөлөрүнө жардам бергендиги жазылган. Томирис, Зарина, Спаретра аттуу баатыр аялдардын аты жазма булактарында сакталып калган. Суроо: «Сен кан төгүүнү каалайсынбы каалашынча канн төгүлөт»- бул фраза……. Таандык.
. Ахеменийлер( Перс) династиясынын негиздөөчүсү Кир II өзүн « өлбөстөр» деп атаган 200 мин армиясы менен сактарга кол салып, айла-амал менен сак ханышасы Томиристин баласы Спаргаписти өлтүрүп коет. Ошондо Томирис «Сен канды көксөп калыпсын, мен сенин канынды ɵзүнɵ ичирем» -деп айткан. Суроо: Перс падышасы Кир II менен сактардын ортосундагы чечүүчү салгылашуу качан жана жыйынтыгы кандай аяктаган?
Сактардын дүйнɵлүк окуяларга, тактап айтканда грек-перс согуштарына активдүү катышып, ɵзүнүн каармандыгын кɵрсөтүшкөн: Суроо: Төмөндөгү окуяларды болуп өткөн датасына дал келтиргиле:
А) Гек-Перси согуштарына катышкан 1б.з.ч 490-жылы
Б) Марафон салгылашына катышкан 2) б.з.ч 500-449-жж
В) Фермопиль салгылашына катышкан 3) б.з.ч 479-жылы
Г) Платея салгылашына катышкан 4) б.з.ч 480-ж
Кыргызстанда «падышалык» мүрзө дөбөлөр сак урууларына тиешелүү. Кыргызстандын түндүк аймактарында тиграхауд сактары, түштүк аймактарында хаомаварга сактары жашашкан. Мал чарбасында короо-короо кылчык жүндүү койлорду, того ылайыкташкан үйүр-үйүр жылкыларды, эки өркөчтүү төөлөрдү, уйларды багышкан. Дыйканчылыкка ылайык жерлерде сугат иши өнүккөн. Буудай, арпа, тару айдашкан. Суроо: Узун Канжар-Акинак : аскер балтасы, уч канату жебелер Кыргызстандагы байыркы кайсы урууларга тиешелүү?
Казакстандагы атактуу Ыссык мүрзө дөбөсүнөн, Борбордук Азиядагы (Иран) баалуу маалымат жазылган Бехустун аскасынан жана грек булактарынан сактарга тиешелүү көптөгөн маалыматтарды алабыз.Бехустун аскасындагы жазууларды Перстердин эн белгилүү башкаруучусу Дарий I өзүнүн жетишкендиктерин даназалоо максатында жаздырган. Суроо: Дарий Iменен свактардын ортосундагы салгылашуу качан жана жыйынтыгы кандай болгон?
Б.з.ч V-IV кК сак атчандарында пластиналуу соот-шаймандар жана металл туулгалар менен корголгон оор куралданган аскер отряддары пайда болгон. Алардын куралдары кылыч, найза, кыскы канжар, (Акинак) жаа жана жебе жана калкан болгон. Сактардын туусунда көбүнчө жыландын жана ажыдаардын сүрɵтү тушурулгɵн. Суроо: Байыркы сактар жɵнүндɵ маалыматты ким жазып калтырган?
Сак коомундагы башкаруу түзүмү кандай болгон?
Сак урууларынын мал чарбачылыгындагы ɵзгɵчɵлүгү эмне?
Сактардын перс падышасы Дарий I менен болгон согушунда Ширак аттуу сактардын баатыр койчусу тууралуу уламыш сакталып калган. Анда «Койчу Ширак ɵзүнүн армиясы менен келе жаткан Дарий I дин алдына чыгып , бети башын канатып, сактардан кордук кɵргɵнүн айтат жана перстерге жол кɵрсɵтүп берүүгɵ киришет. Жүрүп отуруп перс жоокерлерин чɵлдүү талаага алып келет. Ошондо алданып калганын түшүнгɵн Дарий I Ширакты ɵлтүргɵн». Суроо Бирок Дарий Iдин ийгиликтүү согуштарынын натыйжасында , баш ийген элдердин катарында сактардын канча бɵлүгү болгон?
Жогорудагы сүрɵттɵ Бехустун аскасындагы перс падышасы Дарий I тарабынан тартылган текст, сүрɵттɵр берилген. Анда Дарий Iге баш ийип турган 9 башкаруучу турат. Суроо жогорудагы сүрɵттү пайдаланып сак башкаруучусун тапкыла?
Жогорудагы баральефте кɵрсɵтүлгɵн сак башкаруучусунун атын аныктагыла:
Сак уруулары менен байланышта болгон окуяларды хронологиялык ирээтте жайгаштыргыла:
I) Сак-урууларынын Сыр-Дарыядагы А. Македонский менен салгылашуусу
II) Сактардын перс падышасы Кир IIни женип алышы
III) Сактардын грек-перс согуштарына катышуусу
IV) Сактардын Дарий I тарабынан багындырылышы
V) Сак-Усун согушу жана сактардын Тянь-Шандан батышка сүрүлүүсү
. Б.з.ч VI-V-кк Орто Азиялык Сактар Тиграхауд жана Хаумаварга деп аталган эки уруу союзуна биригишкен. Суроо: Тиграхауд сактары Хаумаварга сактарынан эмнеси менен айырмаланган?
Б.з.ч VI кылымдын 30-20 жылдарында сак уруулары Персиянын кайсы падышалары менен согушкан?
Хундардын империясы күч алып турган чакта ɵз алдынча болууга умтулган усундар б.з.ч II к ортосунда Чыгыш Туркстандан Борбордук Тенир-Тоого жылып, бул жердеги сак урууларын каратып алышкан. Ушуга байланыштуу Жети-Суулук жергиликтүү сактар батышка, Орто Азиянын Борбордук бɵлүктɵрүнɵ, бийик тоолуу жерлерди карай журт которууга аргасыз болушкан. Суроо:Б.з.ч 160-жылы Тянь-Шань сактарын кимдер басып алып , Жети-Сууда ɵздɵрүнүн мамлекеттерин негиздешкен?
Сак-массагет, скиф-сармат кɵчмɵн урууларынын буюмдарынын жасалыш стилин атагыла:
Дал келтиргиле:
А) Асман аргымактары ɵлкɵсү 1) хундар
Б) «Он урук эл» деген мааниде 2) давандыктар
В) «күчтүү жоокер» 3) усундар
Г) түрк тилдүү элдердин аталары 4) сактар
Сак тиграхауд башкаруучусунун кийиминин реконструкциясын белгилегиле:
Айрым тарыхчылардын айтымында сактар кайсы уруу менен ассимиляцияланып , анын натыйжасында түрк этносу жаралган?
Сактар кайсы жаныбарды ɵзгɵчɵ кастарлаган жана ɵлгɵн сактардын мүрзɵсүнɵ курал-жарак менен кошо коюлган?
Дарий I аскерин суусуз чɵлгɵ алдап кеткен сак койчусу Ширактын эрдигин байыркы тарыхчылардын кимиси сүрɵттɵгɵн?
.Кайсы тарыхый булактарда сактар «азиялык скиф» деп аталган?
. Сак армиясынын кыскы канжары кандай аталган?
Томирис деген тарыхый инсан ким болгон?
Б.з.ч II к Усун урууларынын Кыргызстан аймагына кɵчүп келүүсүу менен кайсы уруу сүрүлүп, ассимиляцияланып жок болуп кеткен?
Сактар Сейхундун (Яксарт) жээгин мекендеген .Сɵз кайсы дарыя жɵнүндɵ болуп жатат?
. Геродот скифтер жана сактар бир эл деп жазган. Бул абдан эр жүрɵк, эркиндикти сүйгɵн жана согушчан эл. Жазма булактар перстер менен болгон согуштарга, грек-перс согуштарына сактардын катышкандыгы, Александр Македонский менен болгон согуш тууралуу маалымат берет. Геродот сактар менен скифтер бир эл деп туура айтканбы? ( Бир нече далилдерди белгиле)
© 2024, id56641454 26