СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Кыргыз адабияты 11-класс

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
3-чейрекке карата тест

Список вопросов теста

Вопрос 1

18 жашында 1943-жылы аскердин катарына чакырылып, Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы кызмат өтөгөн кыргыз эл акыны?

Варианты ответов
  • Алыкул Осмонов
  • Темиркул Үмөталиев
  • Сооронбай Жусуев
  • Байдылда Сарногоев
Вопрос 2

Сооронбай Жусуевдин кыргыз даткасына арнаган ыр түрүндөгү романы?

Варианты ответов
  • "Алай ханышасы"
  • "Курманжан датка"
  • "Асылзат"
  • "Алай даткасы"
Вопрос 3

Драматург Токтоболот Абдумомунов качан, кайда туулган?

Варианты ответов
  • 1920-жылы Таластын Шекер айылында
  • 1922-жылы Кеминдин Атаке кыштагында
  • 1930-жылы Оштун Кең-Суу айылында
  • 1940-жылы Чүйдүн Панфилов кыштагында
Вопрос 4

Т. Абдумомунов кайсы жылы, кандай чыгармалары үчүн Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты болгон?

Варианты ответов
  • 1970-жылы "Сүйүү жана үмүт", "Абийир кечирбейт" драмалары үчүн
  • 1930-жылы "Машырбек үйлөнөт", "Ыйык таштар" пьесалары үчүн
  • 1960-жылы "Атабектин кызы", "Тар капчыгай" драмалары үчүн
  • 1965-жылы "Каркыралар кайтканда", "Бюро жүрүп жатат" чыгармалары үчүн
Вопрос 5

"Абийир кечирбейт" драмасынын идеясы кайсы накыл кепке карама-каршы келет?

Варианты ответов
  • Асыл - таштан, акыл - жаштан
  • Акылдуунун сөзү - кыска, айта салса - нуска
  • Алдыңа келсе, атаңдын кунун кеч
  • Аганы көрүп, ини өсөт, эжени көрүп, сиңди өсөт
Вопрос 6

Драмадагы окуя кайсы каармандын тегерегинде өнүгөт?

Варианты ответов
  • Омордун
  • Сейиттин
  • Нияздын
  • Нурдиндин
Вопрос 7

Шайыргүл ак көңүл, ниети таза, куулук-кытмырдыгы  жок болгондуктан кайсы каарман менен жолдоштук мамилесин сактап калат?

Варианты ответов
  • Нурдин менен
  • Масадык менен
  • Омор менен
  • Нияз менен
Вопрос 8

Драмада ким өз абийири алдында таза?

Варианты ответов
  • Нурдин, Сейит
  • Нияз, Нурдин
  • Масадык, Шайыргүл
  • Нияз, Сейит
Вопрос 9

Драматург, кино-сценарист, Эл жазуучусу, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кайсы белгилүү инсан жөнүндө сөз болуп жатат?

Варианты ответов
  • Ч. Айтматов тууралуу
  • Мар Байжиев тууралуу
  • Токтоболот Абдымомунов тууралуу
  • К. Баялинов тууралуу
Вопрос 10

"Төрт адам" драмасы кимдин калемине таандык?

Варианты ответов
  • Мар Байжиевдин
  • Токтоболот Абдумомуновдун
  • Сооронбай Жусуевдин
  • Сүйүнбай Эралиевдин
Вопрос 11

"Төрт адам" драмасында кайра жаралуу жолуна түшкөн каарман ким?

Варианты ответов
  • Азиз
  • Искендер
  • Нази
  • медайым
Вопрос 12

Нарын облусунун Тянь-Шань районунун Эчки-Башы деген айылында  1937- жылы жарык дүйнөгө келген жазуучу?

Варианты ответов
  • Алыкул Осмонов
  • Кеңеш Жусупов
  • Сүйүнбай Эралиев
  • Мар Байжиев
Вопрос 13

Кеңеш Жусуповдун калемине таандык эссени ата.

Варианты ответов
  • "Байыркынын издери"
  • "Бир өмүрдүн сабагы"
  • "Ыр сабындагы өмүр"
  • "Эне кудурети"
Вопрос 14

"Ыр сабындагы өмүр" эссесинде кайсы улуу акындын өмүр жолу баяндалат?

Варианты ответов
  • Ч. Айтматовдун
  • Т. Кожомбердиевдин
  • А. Осмоновдун
  • Э. Ибраевдин
Вопрос 15

Чыңгыз Айтматовдун публицистикалык жанрдагы чыгармаларын белгиле.

Варианты ответов
  • "Кызыл алма", Ак кеме"
  • "Бугу эне", "Тоолор кулаганда"
  • "Кыямат", "Кылым карытар бир күн"
  • "Бизди ойготкон китептер", "Ысык-Көлдүн куту жана куну"
Вопрос 16

Устат жана шакирт мамилесин чагылдырып,  публицистикалык жанрда чыгарма жазган жазуучу ким?  Чыгарманын аталышы?

Варианты ответов
  • Ш. Абдраманов "Полот хан"
  • Ч. Айтматов "Ысык-Көлдүн куту жана куну
  • Б. Алымов "Шакиртиме кат"
  • С. Байгазиев "Иниме кат"
Вопрос 17

Айылдык жигит Момунбекке арналган кат тууралуу чыгарманын аты жана автору?

Варианты ответов
  • "Иниме кат" С. Байгазиев
  • "Шакиртиме кат" Б. Алымов
  • "Бизди ойготкон китептер" Ч. Айтматов
  • "Полот хан" Ш. Абдраманов
Вопрос 18

Тарыхый-публицистти,  анын чыгармасын белгиле.

Варианты ответов
  • Абдрасул Токтомушев "Какшаалдан кат"
  • Чыңгыз Айтматов "Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт"
  • Шабданбай Абдраманов "Полот хан"
  • Советбек Байгазиев "Иниме кат"
Вопрос 19

"Ар улуттун улуттугун аныктаар,

Тил деген бул -

Метрикасы улуттун!"  бул саптар кайсы акындын, эмне деген чыгармасынан?

Варианты ответов
  • Шайлообек Дүйшеев "Кайдыгерлик"
  • Алыкул Осмонов "Музыка"
  • Сооронбай Жусуев "Алакан"
  • Эсенгул Ибраев "Улут болсом, тилим менен улутмун"
Вопрос 20

"Кайдыгерлик" ыр жыйнагы кайсы акындын калемине таандык?

Варианты ответов
  • Шайлообек Дүйшеев
  • Эсенгул Ибраев
  • Сүйүнбай Эралиев
  • Сооронбай Жусуев
Сохранить у себя:

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!