СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

КР Кылмыш жаза укугу

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
Кылмыш жаза укугунан 1-модулга түзүлгөн тесттик суроолорго жооп бергиле

Список вопросов теста

Вопрос 1

1.  Жазык мыйзамынын максаттары?

Варианты ответов
  • Инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, коомду, мамлекетти жана адамзат коопсуздугун кылмыштуу кол салуулардан коргоо жана мүлктүк жана мүлктүк эмес мамилелерди жөнгө салуу.
  • Кылмыштардын алдын алуу, ошондой эле кылмыштан бузулган адилеттүүлүктү калыбына келтирүү жана жарандардын салык тармагындагы мамилелерди жөнгө салуу.
  • Инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, коомду, мамлекетти жана адамзат коопсуздугун кылмыштуу кол салуулардан коргоо, кылмыштардын алдын алуу, ошондой эле кылмыштан бузулган адилеттүүлүктү калыбына келтирүү.
  • Мамлекетти жана адамзат коопсуздугун кылмыштуу кол салуулардан коргоо, кылмыштардын алдын алуу жана үй-бүлөлүк мамилелерди анын ичинде балдардын укук милдеттерин калыбына келтирүү.
Вопрос 2

Юридикалык аныктык принциби?

Варианты ответов
  • Юридикалык аныктык кылмыш үчүн жазык жоопкерчилигине тартууга негиздерин, ошондой эле кылмыш курамынын бардык белгилерин Кодекс менен так белгилөө мүмкүндүгүн билдирет.
  • Жазык мыйзамы жазалануучу жосунду (аракет же аракетсиздик) так жана айкын аныктоого тийиш жана кеңири чечмелөөгө жатпайт.
  • Жазык мыйзамын аналогу боюнча колдонууга тыюу салынат.
  • баары туура
Вопрос 3

Жарандардын мыйзам алдындагы теңчилик принциби?

Варианты ответов
  • Эч ким мыйзамдуу түрдө анын күнөөсү далилделмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү белгиленмейинче, кылмыш жасоодо күнөөлүү деп таанылууга жана жазык жазасына тартылууга мүмкүн эмес.
  • Жосундарды жасаган адамдар мыйзам алдында тең жана жынысына, расасына, тилине, майыптуулугуна, этностук таандыктыгына, диний ишенимине, курагына, саясий же башка көз караштарына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ошондой эле басмырлоого негиз болгон башка жагдайларга карабастан жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.
  • Адам анын күнөөсү аныкталган аракеттер (аракетсиздик) жана аларды жасагандыгынын натыйжасында келип чыккан кесепеттер үчүн гана жазык жоопкерчилигине тартылууга жатат.
  • Мыйзамдуу түрдө анын күнөөсү далилделмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун айыптоо өкүмү белгиленмейинче, анын күнөөсү аныкталган аракеттер (аракетсиздик) жана аларды жасагандыгынын натыйжасында келип чыккан кесепеттер үчүн гана жазык жоопкерчилигине тартылуу.
Вопрос 4

КР Жазыккодексинде каралган жосунду жасаган адамга колдонулуучу жаза жана жазык-укуктук таасир этүүнүн башка чаралары кылмыштын оордугуна, ошондой эле аны жасаган жагдайларга ылайык келүүгө тийиш жана эч ким бир эле кылмыш же жоруктар үчүн кайрадан жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн эмес бул?

Варианты ответов
  • Жазык жоопкерчилигин жана жазаны жекелештирүү принциби.
  • Адилеттүүлүк принциби.
  • Жазык жоопкерчилигинин жана жазанын өздүк мүнөздөгү принциби.
  • Гуманизм принциби.
Вопрос 5

Жазык мыйзамынын өткөн мезгилге карата колдонулушу?

Варианты ответов
  • Жосундун кылмыштуулугун жокко чыгаруучу же кылмыштуу жосундун жазык-укуктук кесепеттерин жеңилдетүүчү мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулат, башкача айтканда тиешелүү жосунду мындай мыйзам күчүнө киргенге чейин жасаган адамдарга, анын ичинде жаза өтөп жаткан же аны өтөгөн адамдарга жайылтылат, эгерде кылмыш жасалган мезгилден тартып, өкүм чыгарган мезгилге чейинки мыйзам бир нече жолу өзгөрүлсө, анда мыйзамдын жеңилирээги колдонулат.
  • Жосундун кылмыштуулугун жокко чыгаруучу же кылмыштуу жосундун жазык-укуктук кесепеттерин жеңилдетүүчү мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулат, башкача айтканда тиешелүү жосунду мындай мыйзам күчүнө киргенге чейин жасаган адамдарга, анын ичинде жаза өтөп жаткан же аны өтөгөн адамдарга жайылтылат жана жаза өтөп бүткөн жосунга да жаңы жаза белигленет.
  • Жосундун жазык-укуктук кесепеттерин жарым-жартылай жеңилдетүүчү же жарым-жартылай күчөтүүчү мыйзам ушул кесепеттерди жеңилдетүүчү бөлүгүндө гана өткөн мезгилге карата колдонулбайт.
  • туура жооп жок.
Вопрос 6

Гумандуулук принциби?

Варианты ответов
  • Эң жогорку социалдык баалуулуктар катары инсанды, анын өмүрүн жана ден соолугун, ар-намысын жана кадыр-баркын, кол тийбестигин жана коопсуздугун коргоону камсыз кылат.
  • Сот кылмыш жасаган адамга аны түзөтүү, ресоциалдаштыруу жана башка жаңы кылмыштарды жасоону алдын алуу максатында, ошондой эле социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүү максатында жазаны дайындайт. Жаза жана жазык-укуктук таасир этүүнүн башка чаралары дене-бойго зыян келтирүүгө же адамдык ар-намысты кемсинтүүгө жатпайт.
  • КР Жазык мыйзамында каралган жосундардын жазалуулугун же башка жазык-укуктук кесепеттерин негизсиз күчөтүүчү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүн эмес.
  • баары туура.
Вопрос 7

Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамынын аймактарда колдонулушу?

Варианты ответов
  • Жазык мыйзамы Кыргыз Республикасынын аймагында гана колдонулат.
  • Жазык мыйзамы КМШ аймагында колдонулат.
  • Жазык мыйзамы Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары колдонулат.
  • Жазык мыйзамы баардык өлкөлөрдө колдонулат.
Вопрос 8

Кылмыш жасаган адамдарды өткөрүп берүү (экстрадиция).

Варианты ответов
  • Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кылмыш жасаган жана анын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, эгерде мындай өткөрүп берүү эл аралык келишимде каралбаса да, жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн, жаза өтөө үчүн башка мамлекетке өткөрүп берилет.
  • Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кылмыш жасаган жана анын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, эгерде мындай өткөрүп берүү эл аралык келишимде каралса, жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн өткөрүп берилиши мүмкүн эмес.
  • Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары кылмыш жасаган жана анын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, эгерде мындай өткөрүп берүү эл аралык келишимде каралса, жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн, же болбосо жаза өтөө үчүн башка мамлекетке өткөрүп берилиши мүмкүн.
  • Туура жооп жок.
Вопрос 9

Кылмыштын түшүнүгүн белгиле?

Варианты ответов
  • Жазык мыйзамында каралган коомго коркунуч келтирген, күнөөлүү жана жазалануучу жосун (аракет же аракетсиздик).
  • КР жарандык кодексинде каралган коомго коркунуч келтирген, күнөөлүү жана жазалануучу жосун (аракет же аракетсиздик).
  • Жоруктар мыйзамында каралган коомго коркунуч келтирген, күнөөлүү жана жазалануучу жосун (аракет же аракетсиздик).
  • баары туура.
Вопрос 10

Кылмыштарды классификациялары кандай болуп бөлүнөт.

Варианты ответов
  • Оор жана өзгөчө оор.
  • Коомго чоң коркунуч келтирбеген, анча оор эмес, оор.
  • Чоң коркунуч келтирбеген, анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор.
  • Чоң коркунуч келтирбеген, анча оор эмес.
Вопрос 11

Кылмыштар жыйындысын белгилегиле?

Варианты ответов
  • Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн негизинде соттолгон же акталган кылмыштар
  • Адам жасаган эки же андан көп кылмыштар.
  • Жазык жоопкерчилигинен бошотулган кылмыштар.
  • Жазадан бошотулган кылмыштар.
Вопрос 12

Кылмыштын субъектиси?

Варианты ответов
  • Жазык мыйзамына ылайык жазык жоопкерчилиги келип чыккан куракта кылмыш жасаган акыл-эси жайында адам саналат.
  • Жазык мыйзамына ылайык жазык жоопкерчилиги келип чыккан юридикалык жак.
  • Мыйзамга ылайык жазык жоопкерчилиги келип чыккан психикалык жактан оорулуу жак.
  • Акыл-эси жайында эмес адам.
Вопрос 13

Алкоголду, баңги зат каражаттарын же башка маң заттарын пайдалануу менен мас абалында кылмыш жасаган адам жазык жоопкерчилигине тартылабы?

Варианты ответов
  • Тартылбайт.
  • Тартылат.
  • Бошотулат.
  • Жоопкерчилик жок.
Вопрос 14

Жазык жоопкерчилиги келип чыгуучу курак?

Варианты ответов
  • 14-16.
  • 16-18.
  • 18-20.
  • 17-19.
Вопрос 15

Жазык мыйзамында каралган, өзү жасачу жосунга (аракетке же аракетсиздикке) жана анын укукка каршы кесепеттерине карата адамдын психикалык мамилеси бул?

Варианты ответов
  • Кылмыш
  • Күнөө
  • Жорук
  • Жосун
Вопрос 16

Атайылап жасалган кылмыш?

Варианты ответов
  • Тикелей же кыйыр ниет менен жасалган укукка каршы жосун атайылап жасалган кылмыш деп таанылат.
  • Эгерде адам өз жосунун жазыктык укукка каршылыгын түшүнсө, зыян келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала билсе жана зыян келтирүүнү кааласа, же болбосо зыян келтирүү болбой койбостугун алдын ала көрө билсе, кылмыш түздөн-түз ниеттенүү менен жасалган деп таанылат.
  • Эгерде адам өз жосунун жазыктык укукка каршылыгын түшүнсө, зыян келтирүү мүмкүндүгүн алдын ала билсе, зыян келтирүүнү каалабаса, бирок зыян келтирүүгө түшүнүп туруп жол берсе (зыян келтирилишине кайдыгер болсо) кылмыш кыйыр ниеттенүү менен жасалган деп таанылат.
  • баары туура.
Вопрос 17

Эгерде кылмышты аягына чейин жеткирүү мүмкүндүгүн түшүнүп турса дагы, адам өз эрки менен кылмышка даярдык көрүүсүн же кылмышка аракеттенүүнү толук токтотуусу бул?

Варианты ответов
  • Жазадан бошотулган кылмыштар.
  • Кылмышка атайылап биргелешип катышуу.
  • Кылмыш жасоодон ыктыярдуу баш тартуу.
  • Кылмышты аткаруучулук.
Вопрос 18

Каралган кандайдыр-бир жосундун белгилерин формалдуу түрдө камтыса да, бирок олуттуу зыян келтирбеген же келтирбей турган аракет (аракетсиздик) кандай аталат?

Варианты ответов
  • Кылмыш болуп жасалбаган жосун.
  • Анча маанилүү эмес жосун.
  • коомго анчалык оор эмес кылмыш.
  • оор кылмыш.
Вопрос 19

Кылмыш үчүн жазанын түрлөрү кайсылар?

Варианты ответов
  • коомдук иштер, белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу.
  • түзөтүү жумуштары, айып пул, тартиптик аскер бөлүгүндө кармоо.
  • эркиндигинен белгилүү бир мөөнөткө ажыратуу, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу.
  • баары туура.
Вопрос 20

Сот атайын, аскердик, ардак наамынан, дипломатиялык рангынан же класстык ченинен ажыратуу жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу чараларын кандай жаза катары колдонот?

Варианты ответов
  • Негизги.
  • Кошумча.
  • Санкция.
  • Жеңил.
Сохранить у себя:

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!