СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

1-модул укук коргоо органдары

Внимание! Все тесты в этом разделе разработаны пользователями сайта для собственного использования. Администрация сайта не проверяет возможные ошибки, которые могут встретиться в тестах.
1-модул укук коргоо органдары боюнча тесттик суроолор

Список вопросов теста

Вопрос 1
  1. Кызматкердин кесиптик билимин, көндүмдөрүн, ээлеп турган кызмат ордуна ылайык келүүсүн, ошондой эле кызматтык өсүү келечегин мезгилдүү текшерүү бул?
Варианты ответов
  • аттестация
  • эс алуу убагы
  • жогорку билим
  • туура жооп жок
Вопрос 2

укук коргоо органы менен кызматкердин ортосунда түзүлүүчү, тараптардын укуктары жана милдеттери белгиленүүчү жазуу жүзүндөгү макулдашуу?

Варианты ответов
  • келишим
  • контракт
  • тартиптик көзөмөл
  • ротация
Вопрос 3

Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун судьясы болуу үчүн кандай талаптар коюлат?

Варианты ответов
  • Курагы 35 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 10 жылдан кем эмес, анын ичинде судьялык кызматта 5 жылдан кем эмес иш стажы бар.
  • Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 15 жылдан кем эмес, анын ичинде судьялык кызматта 5 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны.
  • Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 15 жылдан кем эмес, анын ичинде судьялык кызматта 5 жылдан кем эмес иш стажы бар.
  • баары туура
Вопрос 4

Судьянын ыйгарым укуктары Судьялар кеңешинин сунушу боюнча аны конституциялык мыйзамга ылайык дайындаган орган тарабынан төмөндөгү негиздер келип чыккан күндөн баштап мөөнөтүнөн мурда токтотулат?

Варианты ответов
  • судья каза болгондо, курагынын чегине жеткенде, жарандыктан чыкканда же башка мамлекеттин жарандыгын алганда;
  • өз ыктыяры менен кызматынан кеткенде же башка ишке которулганда
  • аны өлгөн же дайынсыз деп жарыялаганда, аракетке жөндөмсүз деп таанылганда
  • баары туура
Вопрос 5

Укук коргоо органдарында кызмат өтөөнүн принциптери?

Варианты ответов
  • мыйзамдуулук, укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштурууга бир түрдүү мамиле жасоо, укук коргоо органдарындагы кызматка жана кызмат боюнча көтөрүлүүгө жарандардын бирдей мүмкүнчүлүгү
  • бир башчылык жана субординация (баш ийүүчүлүк), саясий партиялардын жана саясий максаттарды көздөгөн башка коомдук бирикмелердин, ошондой эле диний уюмдардын иштерине катышуусуна тыюу салуу
  • кызматкерлердин кесипкөйлүгү жана компетенттүүлүгү, укук коргоо органдарындагы кызматта чектөөлөрдүн, милдеттердин, тыюу салуулардын, жоопкерчиликтин өз ара байланышы жана кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык кепилдиктер
  • баары туура
Вопрос 6

Сот канча инстанциядан турат, алар кандай аталат?

Варианты ответов
  • 3 инстанциядан турат алар райондук, шаардык, областык, Жогорку Сот.
  • инстанциядан турат алар областык, Бишкек шаардык, Жогорку Сот.
  • 3 инстанциядан турат алар райондук жана шаардык, областык жана Бишкек шаардык, Жогорку Сот.
  • инстанциядан турат алар райондук, областык, Бишкек шаардык.
Вопрос 7

Жергиликтүү Соттордун судьялыгына коюлучу талаптар?

Варианты ответов
  • 35 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат.
  • 40 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 10 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат.
  • 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат.
  • 25 жаштан кем эмес жана 65 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат.
Вопрос 8

Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда судьялар кандай негизги принциптерди жетекчиликке алат?

Варианты ответов
  • сот адилеттигин сот гана жүзөгө ашырышы, мыйзамда каралган учурларда сот адилеттигин акысыз жүзөгө ашыруу, сот актыларынын милдеттүүлүгү
  • соттордун өз алдынчалыгы жана судьялардын көз карандысыздыгы, мыйзамда белгиленген тартипте сот адилеттигин жүзөгө ашырууга жарандардын катышуусу
  • мыйзам жана сот алдында бардыгынын теңдиги, судьялардын жооптуулугу, бардык соттордо иштерди териштирүүнүн ачык-айкындыгы
  • баары туура
Вопрос 9

Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана укук коргоо органынын ведомстволук актыларында белгиленген, укук коргоо органдарынын кызматкеринин аткаруусу үчүн милдеттүү болгон кызматтык функциялары эмне деп аталат?

Варианты ответов
  • кызматтык милдеттер
  • кызматтык тартип
  • кызматтык наряд
  • ротация.
Вопрос 10

Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары кайсылар?

Варианты ответов
  • КР Сот органдары, КР Ички Иштер органдары, КР Прокуратурасы, КР Бажы кызматы, КР адвокатрура
  • КР Сот органдары, КР Ички Иштер органдары, КР Прокуратурасы, КР Бажы кызматы, КР УКМК
  • КР Сот органдары, КР Ички Иштер органдары, КР нотариаты, КР Бажы кызматы, КР УКМК
  • КР Сот органдары, КР Прокуратурасы, КР Бажы кызматы, КР юстиция органдары.
Сохранить у себя:

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!