СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жолдо жүрсөң, сак бол!”

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жолдо жүрсөң, сак бол!”»

Тема: “ЖОЛДО ЖҮРСӨҢ, САК БОЛ!”

Сабактын максаты: Окуучуларга жолдо жүрүүнүн эрежелерин үйрөнүшөт. Шаардын, айылдын көчөлөрүндөгү жол эрежелерин үйрөнүшөт. Балдар өзүн-өзү сыйлоого, тыкандыкка, тактыкка, улууларды сыйлоого, кыраакылыкка тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Светофордун макети, жол белгилеринин үлгүлөрү жана керектүү адабияттар.

Сабактын жүрүшү: а) уюштуруу;

б) мугалимдин аңгемеси: Балдар, бүгүн биз тарбиялык сабагыбыздан «Жолдо жүрсөң, абайла!» деген темада сабак өтөбүз. Азыркы мезгилде техниканын өнүккөндүгүнө байланыштуу атайын жолдор, машина жолдор да абдан да көп. Кыргызстандын бардык булуң-бурчуна авто жолдор салынган. Ал эми бул жолдордо жүрүү үчүн атайын эрежеге баш ийүү керек. Айрыкча кыймыл көп болгон шаарда жүрүү үчүн төмөнкү эрежелерди эске тутуп, тротуар менен басып, бир аз оң жагына жакын жүрүү керек. Эгер тротуар жок көчө болсо, анда жолдун сол жагы менен транспорттун кыймылына каршы жүрүү керек. Светофордун сигналына баш ийүү шарт. Көчөнүн бир жагынан экинчи жагына светофордун жашыл жарыгы күйгөндө гана же жол кыймылын жөнгө салгычтын сигналына карап гана өтүү керек. Көчөдөн жөө кишилер баскан жер менен өт, эгер ал жок болсо, эки жолдун кайчылашкан жеринен түз басып өт. Көчөнүн бир жагына өтүүдөн мурда эки жагыңды жакшылап карагын, ал үчүн адегенде сол жагыңды, жолдун ортосуна келгенде оң жагыңды карагын. Автобустан же тролейбустан түшөрүң менен көчөнүн аркы бетине «өтөмүн» деп ашыкпа! Эгерде өтө турган болсоң, келе жаткан транспорту билиш үчүн артыңды карагын. Эгерде өйдө-төмөн жүрүп жаткан транспорттор көп болсо, өзүңдөн чоң кишилер менен биргеликте өт. Көчөдөн өтүп бара жатканда оң жаккы бурулушка сак болгун, анткени түз келе жаткан транспорт кээде оң жакка бурулуп кетиши мүмкүн. Мындай учурда алар кичине фараларын жандырып белги берет. Коньки же велосипед менен жүргөндө өтүп бара жаткан машинанын артына жабышып ойноо жөнүндө ойлобогун, ал абдан зыян. Келе жаткан машинанын алдынан жүгүрүп өтпө, сен бул туура эмес кылыгыңды эрдик деп түшүнбөгүн. Андан жалаң гана сен жапа чекпейсиң, шофер каттуу жаза алат. Ата-энеңди чоң кайгыга саласың. Эгер сен кокустан машинаны көрсөң ордуңдан жылба, машина сени айланып өтөт. Ата-энеңден уруксат болгондо гана өз алдыңча транспортко түшүү керек. Кандай транспорт менен кайсы жерге барарыңды анык билгин. Мектеп жашындагы кенже балдар автобустун алдыңкы эшигинен кире алышат. Машина же автобуска түшүп жатканда түртүшүүгө болбойт. Автобустун ичинде балалуу аялды же карыган кишинин кирип келгенин көрсөң ошол замат ордуңду бошоткун. Эгер кишилер келген аялдамага түшүшпөсө сени өткөрүп коюусун сурангын. Автобустун же тролейбустун эшиги автоматтык түрдө жабылгандыктан түшөөрдө, кирээрде абдан сак болгун, жол эрежелерине так болгун.

Жол китеп

Түшпөсүн түк колуңдан,

Чыкпасын түк оюңдан.

Түркүн түстүү белги бар,

Жол бойлото коюлган.

Күндүзбү же кечтеби,

Эл уктаган кездеби.

Окуй бер бул жол китеп,

Ачык турган беттери.

Олку-солку болбо көп,

Мындай китеп жолдо көп.

Турат сага эскертип,

«Түз бас», «оңго», «солго» деп.




Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!