СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жашоо деген эмне

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жашоо деген эмне»

Сабактын темасы: Жашоо деген эмне? Жашоодо максат коё бил.



Сабактын максаты:
1. Билим беруучулук: “Жашоо жана жашоонун максаты” жонундо ой жугуртууго оболго тузуу.
2. Онуктуруучулук: Оз оюн так, туура суйлоого калыптанышат.
3. Тарбия беруучулук: Суйлоп жаткан адамды уга билууго жана турмушта багытты туура коюуга калыптанышат.


Сабактын тиби: Аралаш
Сабактын методу: Инновациялык метод.
Предмет аралык байланыш: География, сурот, адабият, тарых.
Сабактын жабдылышы: План-конспекти, “Ойлон, ойгон” К.Жунусалиев, интернет булактары, техникалык каражат.
Сабактын журушу: Уюштуруу. –Саламатсынарбы, балдар! Бугун биз “Жашоо деген эмне? Жашоодо максат коё бил.” деген темада класстык саат отобуз.
 Мугалимдин созу:


    Ар бир корсотулгон суротко маалымат берилет.
    Жаралып бул дйного келген кунун
    Жаралып эне сутун эген кунун
    Кереметтуу кучагына сени алган
    Жашоону тушунобуз мына бугун.

     Ынаалап алгач ирет коз ачканда
     Эне суту оозунда, мандайында
     Алпештеп ак бешикке болоп баккан
     Апакен болот сенин мандайында.

     Коз уялткан кун дагы нурун чачат
     Наристе да жашоонун даамын татат
     Жан дуйносу суудай тунук балакай да
     Бара-бара кадам шилтеп кас-кас басат.
     Мектептин босогосун аттаганда
     Алиппени “а” тамгадан баштаганда
     Аттин ай, ал бактылуу балалык кез
     Билимге суугарылып аста-аста.

     Убакыт учкан куштай зымырап тез
     Мына эми мектепти да бутуруу кез
     Алтындай ардактуу эже-агайлар,
     Балдарынар силерди унутпас эч.


    Келечекке кадам таштап кайрат менен
    Жогорку окуу жайга келдик эми
    Кучтуу дем, жалындуу жаштык менен
    Жашоонун жалынын сездик эми.

    Каректер каректерге чагылышып
    Махабаттын жалынына багынышып
    Ээрчишип эгиз козулардай
    Корушпосо бат эле сагынышып.
 
    Сезимдердин сересинде жетелешип
    Суйуунун денизинде кулач керип
    Баш кошушту бактылуу ушул куну
    Дилдеринен бири-бирине ант беришип.

    Тагдырдын тайганына жыгылбастан
    Жашоонун багытында жанылбастан
    Балдарынын кулкусуно тойбой-тойбой
    Омур суруп жашап келет кайгырбастан.

    Турмуштун дангыр жолун бирге басып
    Жашоонун ак карасын бирге таанып
    Кармашкан колунар узулбосун
    Бактылуу омур суруп бирге каарып.


Жашоодогу багыттар:
1. Ыраазычылык
2. Кечиримдуулук
3. Сабырдуулук
4. Кен пейилдуулук
5. Кулку
6. Суйуу
7. Жоопкерчилик
8. Изденуучулук


Аракеттер:
1. Бугундон баштап мен озумду козомолдоп, терс ойдун болушуна жол бербеймин.
2. Бугун мен, кечке чейин бардыгына ыраазычылыкта жургонго аракет кылам.
3. Бугундон баштап мен озумдун жашоом учун толук жоопкерчиликти алганга аракет кыламын.
4. Бугун мен, жан дуйномду, адилетсиз деп эсептеген сезимдерден тазалайм.
5. Бугун мен, баардык адамдарды кечирем, жана аларды тушунгонго аракет кылам.
6. Бугундон баштап мен, сабырдуу болгонго уйроном.
7. Бугундон баштам мен, жашоомдо жаралган ар бир кыйынчылыкка кулку менен жооп беремин.
8. Бугундон баштап мен, жан дуйномду таанып-билуу учун изденем.   “Татыктуу жашоо учун шашыл. Унутпа, ар бир кунун озунчо бир омур”. (Луций Анней Сенека)
“Жашоо байлык топтоо учун эмес, байлык жашоону жакшыртуу учун берилет” (Сади Ширази)
“Жашоо – жараткандын сизге белеги. Татыктуу жашоо, сиздин озунузго белегиниз”. (Фридрих Вильгельм Ницше.)
Кана эмесе балдар! “Жашоо” дегенди кандай тушуносунор? 


5 минуттук эссе.
     Улуу максаттарды кой.
      “Кыска мооноттогу жол болбостукка конулунуз чокпош учун, сиздерде узак мооноттогу максаттар болушу керек”. (Чарльз С.Нобель).
       Албетте, максатсыз жашаса болот, ал эмес, азыркы кезде кобубуз ушундай максатсыз омур суруудобуз.
       Бирок, максатсыз жашоо – бул маанисиз жашоо. Адамдын жашоосундагы максаттын жоктугу, анын ички дуйносунун осуусун токтотуп, анын кызыкчылыгын олтуруп, анын деградацияланышына алып келет.
      Максатсыз жашоо адамдын ички жан-дуйносундогу булбулдоп куйгон умуттун шамын очуруп, анын ички дуйносун эле эмес, сырткы дуйносунун да карангылыгына алып келет.
      Андыктан айтаарым, алдыга максаттарды коюнуздар, улуу максаттарды коюнуздар. Анткени максат деген – бул чытырман, уч кыйыры жок токойдон адашканга – компас, чексиз корунгон океана адашкан кемеге – маяк болот,  максат бул адамдын жашоосун жарык кылып, боз ондонгон турмуш – тиричиликти, жашоонун бардык тусторуно болойт.
    Максат бул адамдын ар бир кунуно маныз берип, аны жашоосунун ар бир минутасын туура пайдаланганга уйротот.
    Максат бул адамдын жашоосундагы бардык кыялдарын  орундатуучу улуу куч.
    “Биз дуйнодогу озгорууну коруш учун, озубуздо ошол озгоруу болушу керек. (Махатма Ганди)

Бышыктоо: Долбоор тузуу, жактоо.
Мээримгул:
Жан жыргаткан жаратылыш кучагы
Адам ошол сулуулукту туябы
Жаратылыш чыны менен театр
Адам болсо анда актёр сыягы.

Аскат:
Жашоо – озу бир озгочо керемет
Турмуш болсо ойдо – ылдый термелтет
Даамын татып ачуу дагы таттуусун
Жомоктогу каарамандардай элестеп.

Айгерим:
Жаралганын бул жашоого бакыт деп бил
Жакшы жашап отолу омурдо бир
Конулубуз калбасын жаман создон
Куюлткан керемет тил.

Адилет:
Турмушта басып отуп далай жолду
Баарына чыдаган адам болот.
Жасаган жакшысын да, жаманын да.
Адам учун жашоонун койну кенен.

Наргиза:
Ар дайым алдыга кадам таштап
Баралычы жакшылыктын ак жолунда
Туу болсун ошол биздин багытыбыз.
Адамзаттын басып откон жашоосунда.


Тапшырма: Ар биринер жашоодогу максатынарды жазып келгиле.


Баалоо.















Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!