СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаш муундарды тарбиялоодо ата-эненин ролу

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жаш муундарды тарбиялоодо ата-эненин ролу»

Бүгүнкү жаңы социалдык-экономикалык шарттарда жаш муундарды рухий-адептик жактан тарбиялоодо ата-эненин ролу

Бүгүнкү жаңы социалдык-экономикалык шарттарда жаш муундарды рухий-адептик жактан тарбиялоодо ата-эненин ролу

Улуттук компьютердик гимназиянын 2023-2024-окуу жылынын тарбия  иштеринин планы     Максаты:  Окуучулардын инсандык калыптануусу, чыгармачылык, интеллектуалдык  өнүгүүсүнө шарт түзүү, өзүн-өзү башкаруу принциптеринин негизинде  социалдаштыруу жана рухий-адептик сапаттарга,көндүмдөргө ээ болуу     Милдеттери:  1) Тарбия процессине ар бир окуучуну тартуу,  2) Окуучулардын өз алдынчалуулугун, жоопкерчилигин, чыгармачылыгын өстүрүү,  3) Окуучунун ден соолугунун физикалык өнүгүп-өсүүсү  4) Ар бир окуучуга “ийгилик” ситуациясын түзүү  5) Окуучуларды окутууда жана тарбиялоодо жетишкендиктерге жетишүү  үчүн мугалимдердин педагогикалык жана профессионалдык маданиятынын деңгээлин жогорулатуу     2023-2024 окуу жылындагы тарбия иштеринин приоритеттүү багыттары:     жарандык –патриоттук тарбия  нравалык –эстетикалык тарбия  экологиялык тарбия  өзүн-өзү башкаруу

Ата-энелердин билим берүү системасындагы  укуктары жана милдеттери Урматтуу ата-энелер! Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү мыйзамына» ылайык Сиздердин ар бирииңиздин милдеттериңиздер белгиленген. Алар: (22-статья ) - Жашы жете элек балдардын ата-энелери (алардын мыйзамдуу өкүлдөрү) окутуунун түрүн жана билим берүү мекемелеринин типтерин тандап алууга, ошондой эле балага үй-бүлөдө билим берүүгө; - Окутууну улантуу үчүн баланы окутуунун кандай гана болбосун этабына билим берүү мекемесине жиберүү; - Окуп жаткандардын Мамлекеттик стандарттын чектеринде билим алууга болгон укугунун сакталышын талап кылууга укуктуу болушат.

Ата-энелердин билим берүү системасындагы укуктары жана милдеттери

Урматтуу ата-энелер! Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндөгү мыйзамына» ылайык Сиздердин ар бирииңиздин милдеттериңиздер белгиленген. Алар: (22-статья )

- Жашы жете элек балдардын ата-энелери (алардын мыйзамдуу өкүлдөрү) окутуунун түрүн жана билим берүү мекемелеринин типтерин тандап алууга, ошондой эле балага үй-бүлөдө билим берүүгө;

- Окутууну улантуу үчүн баланы окутуунун кандай гана болбосун этабына билим берүү мекемесине жиберүү;

- Окуп жаткандардын Мамлекеттик стандарттын чектеринде билим алууга болгон укугунун сакталышын талап кылууга укуктуу болушат.

Милдеттери:  - Балдардын ден-соолугун, алардын рухий жана дене-бой жагынан өнүгүшүн, үй-бүлөдө адеп-ахлактык жагынан калыптанышын камсыз кылууга, турмуштук жана окуу шарттарын балдарга түзүп берүүгө;  - Балдардын билим берүү мекемелерине жиберүүгө жана алардын негизги билим алышынын милдетин алууга;  - Баланын укуктары жөнүндө конвенциянын принциптерин сактоого;  - Билим берүү мекемелери менен кызматташып турууга милдеттүү.   

Мектептин милдеттери:  - Билим берүү стандартына ылайык жогорку деңгээлдеги билим жана тарбия берүү. Ата-эненин милдеттери:  - Мектеп берген жогорку билимди окуучу талаптагыдай өздөштүрүү үчүн бардык шарттарды түзүп берүү жана улуттук каада-салтты сактоо менен тарбиялоо. Окуучунун милдеттери:  - Ата-эне түзгөн шартка ылайык, мектеп берген билимди жогорку деңгээлде өздөштүрүү менен мектептин ички тартип эрежелерин туура сактоо.

Мектептин милдеттери: - Билим берүү стандартына ылайык жогорку деңгээлдеги билим жана тарбия берүү.

Ата-эненин милдеттери: - Мектеп берген жогорку билимди окуучу талаптагыдай өздөштүрүү үчүн бардык шарттарды түзүп берүү жана улуттук каада-салтты сактоо менен тарбиялоо.

Окуучунун милдеттери: - Ата-эне түзгөн шартка ылайык, мектеп берген билимди жогорку деңгээлде өздөштүрүү менен мектептин ички тартип эрежелерин туура сактоо.

КАНТКЕНДЕ БАЛАМДЫ  ТУУРА ТАРБИЯЛАЙМ   Али кичине дебестен, тарбияны бешиктен баштайлы.

КАНТКЕНДЕ БАЛАМДЫ ТУУРА ТАРБИЯЛАЙМ

Али кичине дебестен, тарбияны бешиктен баштайлы.

Үй -бүлөдө балдар тарбиясында зарыл болгон эрежелер   1. Үй- бүлөдө жылуу мамиле, Ѳз ара урматка негизделген, жакшы моралдык-психологиялык климатка зарыл болуусу. 2. Үй-бүлөдө ар бир бала ата-энелер тарабынан сүйүүгө, кам кордукка бөлөнүп, ошол эле учурда талап да болушу керек. 3. Балдар чынчылдык, тууралык, калыстык атмосферасында чоңойсо жакшы болот. 4. Балдар эркин ойлоого, өз ой пикирин айтууга, өз көз карашын жакшы сөз менен түшүндүрүп, коргоого укуктуу болуусу. Эркин ойлоп, сүйлөй алган балдар өз алдынча болуп өсөт, өзүнүн пикири, көз карашына ээ болот.

Үй -бүлөдө балдар тарбиясында зарыл болгон эрежелер

1. Үй- бүлөдө жылуу мамиле, Ѳз ара урматка негизделген, жакшы моралдык-психологиялык климатка зарыл болуусу.

2. Үй-бүлөдө ар бир бала ата-энелер тарабынан сүйүүгө, кам кордукка бөлөнүп, ошол эле учурда талап да болушу керек.

3. Балдар чынчылдык, тууралык, калыстык атмосферасында чоңойсо жакшы болот.

4. Балдар эркин ойлоого, өз ой пикирин айтууга, өз көз карашын жакшы сөз менен түшүндүрүп, коргоого укуктуу болуусу. Эркин ойлоп, сүйлөй алган балдар өз алдынча болуп өсөт, өзүнүн пикири, көз карашына ээ болот.

8. Балдарда кайсы сапаттарды тарбиялагысы келсе, ата-эне ошонун үлгүсүн өздөрүндө көрсөтүү. М: чынчыл болуусу,өздөрү билим, маданияты, эмгекти сүйүүсү ж.б.  9. Үй- бүлөдө жаман адаттардан алыс болуу, жакшы адаттарга көнүгүү. М: «Сигарет чекпе», «ичимдик ичпе» деп коюп ата-эне өзү ичсе болбойт. Ошондой эле артыкча шан-шөкөт, артыкча жасануу, төрөпейилдикке жол бербөө керек.Балдар үй бүлөдө жөнөкөй, жарашыктуу, жупуну адаты, жашоо образын сезүүсү туура болот.  10.Үй-бүлөдө балдарды келечекке багыттап тарбиялоо. Мында «Сен болочок студент, өмүр жолдош, күйөө, келин, ата-эне, атуулсуң» деп ошого келечектин талаптарын эске алып, өзүңдү –өзүң даярда деп айтып туруу керек.  11.Үй-бүлөдө ата-энесинин өз ара мамилеси урмат-сыйга, ишенимге негизделип, балдарга үлгү болуусу зарыл. Аларга өз ара мамиленин тазалыгын, сулуулугун, эмгекке жана ишенимге негизделген үлгүсүн көрсөтүү керек.

5. Үй- бүлөдөгү мамиледе ач кыйкырык, истерика, уруп согуу жемелөө, какшыктоо ж.б мүмкүн болсо такыр жок болуусу керек.    6. Балдар «мүмкүн», «керек», «мүмкүн эмес», «уят», «болбойт», «болот» ж.б каалоолорду зарыл учурда чектеген, керек болсо тыюу сала билүү, балдардын обу жок каалоосун чектөө тарбиянын эң маанилүү методдорунун бири,-деп айткан В.А.Сухомлинский.  7. Үй- бүлөдөгү традициялык каада салттар жакшы эмоциялык сезимдер менен коштолуусу керек. М: Туулган күн, де малыш, майрам күнү ж.бсүйүнүү капалык- кубанычты бөлүшүү, кыйынчылыкты чогуу жеңүү, жакшылыкка чогу жетишүү жана ошол үчүн чогу сүйүнүп бири-бирин кучактап куттуктоо балдарда жакшы сезимталдыкты жаратат.

12.Үй-бүлөдө бардык иш –чараларда, жашоодо терс көрүнүштөрдөн: жасалмалуулук, көз боемочулук, эки жүздүүлүк, шылуундук, ачкөздүк, көрө албастык, ашыкча шаңдануу, калпычылык ж.б. оолак болуп сактануу.  о  13.Үй-бүлөдө убакытка аяр мамиле кылуу. Бардык ишти өз убагы менен чогуу пландаштырып, эмгек, эс алуу, окуу, саякат, баарлашуу бардыгы өз убагы менен болуп туруусу керек.  о  14.Үй-бүлө мүчөлөрү чогу окуп, талкуулоочу китеп, чогуу көрүп талкуулоочу теле берүү болуу зарыл.

15. Эзелтен дасторкон алдындагы сүйлөшүү баалуу болгон. Ошол үчүн дасторкон четинде маектешүүдө күндө тарбиялык бир багытыңы же бир чыгарма же улуу инсандарды сөз кылып, сүйлөшүп олтуруу эң сонун тарбиялык таасир берет.   16.Балдар үй-бүлөдө аңгеме, насааттар менен тарбия албайт, күндөлүк турмуштан өзүнөн да тарбия алат.

Сүйүүңүздү ченемсиз бериңиз Жараткан сизге ушундай таттуу наристе насип кылганына бактылуусуз. Муну балаңызга сөзсүз түрдө билдирдип туруңуз. Кучагыңызга кысып, жүзүнөн сүйүп, көп- көп эркелетип, анын сиздин жашооңузда маанилүүлүгүн баса белгилеп айтыңыз. Мында наристеңиз өзү эле ата- энесине эмес, ата- энеси да өзү үчүн маанилүү экенин түшүнүүгө жол ачылат.

Сүйүүңүздү ченемсиз бериңиз

  • Жараткан сизге ушундай таттуу наристе насип кылганына бактылуусуз. Муну балаңызга сөзсүз түрдө билдирдип туруңуз. Кучагыңызга кысып, жүзүнөн сүйүп, көп- көп эркелетип, анын сиздин жашооңузда маанилүүлүгүн баса белгилеп айтыңыз. Мында наристеңиз өзү эле ата- энесине эмес, ата- энеси да өзү үчүн маанилүү экенин түшүнүүгө жол ачылат.
Башкалар менен салыштыра көрбөңүз Кандайдыр бир нерсе жасоодо, маселен сабак окууда, баланчанын уулу жакшы окуйт экен, менин балам да ошондой деген өңдүү салыштыруу жарабайт. Анткени ал учурда сиздин балаңыз сабакты жакшы окуй албай турган болсо, анын балалык акылында демек баланчанын баласы билимдүү мен билимсиз экенмин да деген сыяктуу туура эмес тушүнүктөр кетип калышы мүмкүн. Ошондуктан салыштыруунун ордуна жасай турган нерсенин пайдалуу жана жакшы жактарын гана айтып жыйынтыгында туура чечимди өзү кабыл алууга акырындык менен түрткү бериңиз.

Башкалар менен салыштыра көрбөңүз

  • Кандайдыр бир нерсе жасоодо, маселен сабак окууда, баланчанын уулу жакшы окуйт экен, менин балам да ошондой деген өңдүү салыштыруу жарабайт. Анткени ал учурда сиздин балаңыз сабакты жакшы окуй албай турган болсо, анын балалык акылында демек баланчанын баласы билимдүү мен билимсиз экенмин да деген сыяктуу туура эмес тушүнүктөр кетип калышы мүмкүн. Ошондуктан салыштыруунун ордуна жасай турган нерсенин пайдалуу жана жакшы жактарын гана айтып жыйынтыгында туура чечимди өзү кабыл алууга акырындык менен түрткү бериңиз.
Сын айтпаңыз Балаңыздын туура эмес жасаган ишин талкуулаңыз, бирок өзүн сындабаңыз. Мисалы, ал жерде жаткан табакты байкабай басып алып сындырып койду дейли. Көпчүлүк ата-энелер: мына, сенин эч нерсеге эбиң жок, чоркоксуң, дайыма эле бир нерсени сындырып же талкалап басып жүргөнүң жүргөн деген сөздөрдү айтышат. Бул сиздин абдан чоң катачылыгыңыз болуп эсептелет. Ошондуктан андай сөздөдүн ордуна мына балам, эки жагыңды, бут алдыңды карабай чуркасаң ушундай болот, кел эми муну жыйнап таштандыга ыргыталы десеңиз эң туура болот. Мындай учурда ал озүнүн ийкемдүүлүк сапаттарын өнүктүрүү аракетине тушөт. Ал эми өзүн сындаган учурда айланасындагы өзүнө байланыштуу туура эмес жасалган нерселердин бардыгына өзүн күнөөлөп, түнт болуп, өзүн баалай турган касиеттерден кур калышы ыктымал.

Сын айтпаңыз

Балаңыздын туура эмес жасаган ишин талкуулаңыз, бирок өзүн сындабаңыз. Мисалы, ал жерде жаткан табакты байкабай басып алып сындырып койду дейли. Көпчүлүк ата-энелер: мына, сенин эч нерсеге эбиң жок, чоркоксуң, дайыма эле бир нерсени сындырып же талкалап басып жүргөнүң жүргөн деген сөздөрдү айтышат. Бул сиздин абдан чоң катачылыгыңыз болуп эсептелет. Ошондуктан андай сөздөдүн ордуна мына балам, эки жагыңды, бут алдыңды карабай чуркасаң ушундай болот, кел эми муну жыйнап таштандыга ыргыталы десеңиз эң туура болот. Мындай учурда ал озүнүн ийкемдүүлүк сапаттарын өнүктүрүү аракетине тушөт. Ал эми өзүн сындаган учурда айланасындагы өзүнө байланыштуу туура эмес жасалган нерселердин бардыгына өзүн күнөөлөп, түнт болуп, өзүн баалай турган касиеттерден кур калышы ыктымал.

Чебердеп чек коюңуз Үстүртөн караганда балага канчалык эркиндик берилсе, ал ошончолук көбүрөөк өзүнө ишенимдүү болгондой сезилет. Мында бир аз талаш жарата турган маселе бар. Өзүнө ишенимдүүлүк жогорулаганы менен өзүм билемдик деген сапат да кошо өнүгүп кетиши мүмкүн. Ал эми мындай өзүм билемдик сапат, албетте, баалуу сапаттарга кирбейт. Баланыз мындай сапат менен ар бир нерсеге

Чебердеп чек коюңуз

  • Үстүртөн караганда балага канчалык эркиндик берилсе, ал ошончолук көбүрөөк өзүнө ишенимдүү болгондой сезилет. Мында бир аз талаш жарата турган маселе бар. Өзүнө ишенимдүүлүк жогорулаганы менен өзүм билемдик деген сапат да кошо өнүгүп кетиши мүмкүн. Ал эми мындай өзүм билемдик сапат, албетте, баалуу сапаттарга кирбейт. Баланыз мындай сапат менен ар бир нерсеге "мурдун" сала берип айланасындагылар менен болгон мамилеси оорлошуп, озүн оор басырыктуу алып жүрө албай калышы ыктымал. Ошондуктан эң башкысы тиешелүү чек коюулар дароо эле көп болбосун. Алгач эң эле жөнөкөй нерседен баштыңыз. Мисалы: "Балам, башка балдардын оюнчуктарын күч колдонуп тартып алба, сураганга үйрөн. Кыздарды ыйлатканга болбойт, ал эми үйдө катуу кыйкырган туура эмес"- деген сыяктуу жеңил тыюу салуулар. Андан соң акырындык менен балаңыз экөөңүздөр тыюу салынган нерселерди жасабоого келишим тузүп алыңыздар.
Мактап туруңуз, бирок муну да чеги менен Келечекте өзүнө ишенимдүү инсанды тарбиялоодо аны менен өзгөчө

Мактап туруңуз, бирок муну да чеги менен

  • Келечекте өзүнө ишенимдүү инсанды тарбиялоодо аны менен өзгөчө "тилде" сүйлөшүү керек. Мисалга, ал тарткан сүрөттөргө баа берүүдө "мастан кемпирге окшоп калыптыр же иттей кызык сүрөт го"- деп айтуудан алыс болуңуз. Анын ордуна "балам, сен тарткан сүрөттөр абдан кызыктуу экен. Балким бөлмөңө илип коебуз? Азаматым менин! Талантуу балам менин"- деген сыяктуу сөздөрдү колдонгонуңуз дурус. Андан кийин акырындык менен кеңеш бериңиз, балам, балким бул жерин дагы коюураак кылып боеп койсок кандай болот же бул тарабын түздөп коелу деген өңдүү.
Шылдыңдабаңыз Адамзат тарабынан келген эң эле коркунучтуу соккунун бири шылдындап күлүү болуп эсептелет. Аң сезими калыптанып калган балаңыздын жоругун башкаларга айтууда чебердеңиз. Мисалга, анын бир күн бою өзүнүн аракети менен, бирок, маани бербей эки башка байпак кийип жүргөнүн башкаларга баяндап берип, жыйынтыгы катуу шылдың сымал күлкүлөр менен аяктаса, анда бул учур балага терс таасирин тийгизет. Балада мен өзүм жасаган нерсе күлкү жаратат экен деген сезим пайда болуп, ал өз алдынча кийим кийгенден баш тартып коюшу жана басынып калышы мүмкүн. Ошондуктан балаңыздын алдында шылдыңдуу күлкү менен анын жоруктарын айтпаңыз.

Шылдыңдабаңыз

  • Адамзат тарабынан келген эң эле коркунучтуу соккунун бири шылдындап күлүү болуп эсептелет. Аң сезими калыптанып калган балаңыздын жоругун башкаларга айтууда чебердеңиз. Мисалга, анын бир күн бою өзүнүн аракети менен, бирок, маани бербей эки башка байпак кийип жүргөнүн башкаларга баяндап берип, жыйынтыгы катуу шылдың сымал күлкүлөр менен аяктаса, анда бул учур балага терс таасирин тийгизет. Балада мен өзүм жасаган нерсе күлкү жаратат экен деген сезим пайда болуп, ал өз алдынча кийим кийгенден баш тартып коюшу жана басынып калышы мүмкүн. Ошондуктан балаңыздын алдында шылдыңдуу күлкү менен анын жоруктарын айтпаңыз.
Талап кылбаңыз   Балаңыз кандайдыр бир аракетинен сиздин үмүтүңүздү актабай калгандыгын сезип калса, анда ал өзүн баалаганды токтотот. Ал, жасаган нерсемден баары бир майнап чыкпайт экен деп, экинчи жолу эч нерсеге аракеттенбей коюшу мүмкүн. Ошондуктан ал жасай албаган же аткарбаган нерсесин аз-аздан туура жасоону талап кылыңыз. Балаңыздын курагына дал келбеген нерсени талап кылбаңыз. Мисалы, бала- бакчада бир иш-чарага сиздин да балаңыз катышты жана кайсы бир ролду жаратуу тапшырылды. Анын жашоосунда мындай учур биринчи жолу болуп жаткандыктан көп нерсе тушүнүксүз болуп коркунуч жаралышы мүмкүн. Ошондуктан аны алгач үйдө ролду ойнотуңуз. Андан кийин туугандардын алдында. Ошентип акырындык менен үйрөтүңүз. Дароо эле балаңыздан эл алдында роль жаратууну талап кылбаңыз. Көпчүлүктөн сүрдөп такыр эч нерсе айтпа коюшу мүмкүн.

Талап кылбаңыз

  • Балаңыз кандайдыр бир аракетинен сиздин үмүтүңүздү актабай калгандыгын сезип калса, анда ал өзүн баалаганды токтотот. Ал, жасаган нерсемден баары бир майнап чыкпайт экен деп, экинчи жолу эч нерсеге аракеттенбей коюшу мүмкүн. Ошондуктан ал жасай албаган же аткарбаган нерсесин аз-аздан туура жасоону талап кылыңыз. Балаңыздын курагына дал келбеген нерсени талап кылбаңыз. Мисалы, бала- бакчада бир иш-чарага сиздин да балаңыз катышты жана кайсы бир ролду жаратуу тапшырылды. Анын жашоосунда мындай учур биринчи жолу болуп жаткандыктан көп нерсе тушүнүксүз болуп коркунуч жаралышы мүмкүн. Ошондуктан аны алгач үйдө ролду ойнотуңуз. Андан кийин туугандардын алдында. Ошентип акырындык менен үйрөтүңүз. Дароо эле балаңыздан эл алдында роль жаратууну талап кылбаңыз. Көпчүлүктөн сүрдөп такыр эч нерсе айтпа коюшу мүмкүн.
Түрткү бериңиз   Балаңызга сиздин колдооңуз абдан керек. Ошондуктан кайсы бир жумушту аткарууда

Түрткү бериңиз

  • Балаңызга сиздин колдооңуз абдан керек. Ошондуктан кайсы бир жумушту аткарууда "Мен билем, сенин колундан баары келет! Алга, мен сага ишенем" – деген сыяктуу коштоочу сөздөрдү көп айтыңыз. Ал бир ишти аткараарда "апам айткан, демек, менин колумдан келет" деген ишенич менен ийгиликке жетише алат.
Жоопкерчиликке үйрөтүңүз Балаңызга тынымсыз, бирок аз-аздан тапшырма бериңиз жана анын аткарышына көз салыңыз. Маслен, күн сайын саат мынчада гүлдөргө суу куюп турууну же балыктарга жем салууну тапшырыңыз. Алгачкы күндөрү тапшырмаңыздын аткарылбай калгандыгын көрсөңүз, жемелебеңиз. Жөн гана гүлдөр суу жок кургап калган турбайбы, балыктар сени жем берет деп күтүп калган турбайбы деген сыяктуу билдирүүлөрдү эскертип туруңуз. Ошондой эле, туугандарыңыз келген учурда сиздин үйдөгү гүлдөр жана балыктар балаңызга гана муктаж экенин, эгер ал жок болсо азыктанбай калышаарын айтып, кыйыта мактаңыз. Муну уккан балаңыз жоопкерчиликтүү болууга үйрөнөт.

Жоопкерчиликке үйрөтүңүз

  • Балаңызга тынымсыз, бирок аз-аздан тапшырма бериңиз жана анын аткарышына көз салыңыз. Маслен, күн сайын саат мынчада гүлдөргө суу куюп турууну же балыктарга жем салууну тапшырыңыз. Алгачкы күндөрү тапшырмаңыздын аткарылбай калгандыгын көрсөңүз, жемелебеңиз. Жөн гана гүлдөр суу жок кургап калган турбайбы, балыктар сени жем берет деп күтүп калган турбайбы деген сыяктуу билдирүүлөрдү эскертип туруңуз. Ошондой эле, туугандарыңыз келген учурда сиздин үйдөгү гүлдөр жана балыктар балаңызга гана муктаж экенин, эгер ал жок болсо азыктанбай калышаарын айтып, кыйыта мактаңыз. Муну уккан балаңыз жоопкерчиликтүү болууга үйрөнөт.
Эмгекчилдик сапатка ээ болгон бала жашоодо эч качан кор болбойт. Андыктан, балаңызды кичинекейинен эмгек кылууга үйрөтүңүз.   1. Балаңызга өзүңүз үлгү болуп, чачылган китептерин улам жыйнап туруңуз. Бала мындай иреттүүлүккө көнүп калат да, бара-бара муну кадимки көрүнүш катары кабыл ала баштайт. Кийин баланы эмгекке үйрөтүү да оңой болот. 2. Бир аз чоңойгон балаңызга бара-бара буюмдарын өзүнө жыйнатып үйрөтүңүз. Баланы кызыктыруу үчүн бул жумушту оюнга айландырып жиберсеңиз болот. 3. Кээде балдар ата-энесине жардам берүүнү өздөрү каалап калышат. Балаңыздын мындай сунуштарынан эч качан баш тартпаңыз. Эгерде бала сууну төгүп-чачып, чаңды таза сүрбөсө да мактап коюңуз. Ошондо чоңойгондо ал сиздин чыныгы жардамчыңыз болот. 4. Тапшырган ишиңизди аягына чейин чыгаруусун көзөмөлдөңүз. 5. Балаңыз өзүн жакшы алып жүргөнү үчүн же мектептен жакшы баа алып келгени үчүн аны кайсы бир жумуштан бошотуп “сыйлык” тартуулайм десеңиз жаңылышасыз. Мындай ыкма тескерисинче баланын эмгекти сүйүүсүнө тоскоол болот, жалкоолукка чакырат .

Эмгекчилдик сапатка ээ болгон бала жашоодо эч качан кор болбойт. Андыктан, балаңызды кичинекейинен эмгек кылууга үйрөтүңүз.

  • 1. Балаңызга өзүңүз үлгү болуп, чачылган китептерин улам жыйнап туруңуз. Бала мындай иреттүүлүккө көнүп калат да, бара-бара муну кадимки көрүнүш катары кабыл ала баштайт. Кийин баланы эмгекке үйрөтүү да оңой болот.
  • 2. Бир аз чоңойгон балаңызга бара-бара буюмдарын өзүнө жыйнатып үйрөтүңүз. Баланы кызыктыруу үчүн бул жумушту оюнга айландырып жиберсеңиз болот.
  • 3. Кээде балдар ата-энесине жардам берүүнү өздөрү каалап калышат. Балаңыздын мындай сунуштарынан эч качан баш тартпаңыз. Эгерде бала сууну төгүп-чачып, чаңды таза сүрбөсө да мактап коюңуз. Ошондо чоңойгондо ал сиздин чыныгы жардамчыңыз болот.
  • 4. Тапшырган ишиңизди аягына чейин чыгаруусун көзөмөлдөңүз.
  • 5. Балаңыз өзүн жакшы алып жүргөнү үчүн же мектептен жакшы баа алып келгени үчүн аны кайсы бир жумуштан бошотуп “сыйлык” тартуулайм десеңиз жаңылышасыз. Мындай ыкма тескерисинче баланын эмгекти сүйүүсүнө тоскоол болот, жалкоолукка чакырат .
6. Мектеп курагындагы балдарыңызды өзүнөн кичүү бөбөгүнө кам көрүүгө үйрөтүңүз. 7. Жумушту эч качан жаза катары колдонбоңуз. 8. Ишти туура эмес жасаганда аны эч качан урушпаңыз. Кантип туура жасаш керек экенин жай түшүндүрүңүз. Эмгек кылганга көнгөн бала:  - Мектептеги башка теңтуштарынан өз алдынчалуулугу менен айырмаланат; – Уюштуруу иштерине жөндөмдүү болот;  – Активдүү, жоопкерчиликтүү болот;  – Өзүнө-өзү кам көрө билет;   – Физикалык жактан күчтүү болот;  – Ден соолугу чың болот;   – Так, ишенимдүү кыймыл-аракетке ээ болот;  – Эске сактоо жөндөмдүүлүгү жакшы өнүгөт;  – Ой жүгүртүүсү мыкты болот. Анткени, эмгектенүүдө балага буюмдарды бири-бири менен салыштырууга, карама-каршы коюуга туура келет.
  • 6. Мектеп курагындагы балдарыңызды өзүнөн кичүү бөбөгүнө кам көрүүгө үйрөтүңүз.
  • 7. Жумушту эч качан жаза катары колдонбоңуз.
  • 8. Ишти туура эмес жасаганда аны эч качан урушпаңыз. Кантип туура жасаш керек экенин жай түшүндүрүңүз.
  • Эмгек кылганга көнгөн бала: - Мектептеги башка теңтуштарынан өз алдынчалуулугу менен айырмаланат; – Уюштуруу иштерине жөндөмдүү болот; – Активдүү, жоопкерчиликтүү болот; – Өзүнө-өзү кам көрө билет;  – Физикалык жактан күчтүү болот; – Ден соолугу чың болот;  – Так, ишенимдүү кыймыл-аракетке ээ болот; – Эске сактоо жөндөмдүүлүгү жакшы өнүгөт; – Ой жүгүртүүсү мыкты болот. Анткени, эмгектенүүдө балага буюмдарды бири-бири менен салыштырууга, карама-каршы коюуга туура келет.
Ошентип, акыл оюн өстүрүп, дүйнө таанымын кеңейтип, керектүү билим алып, өзүн адептүүлүккө, ыймандуулукка тарбиялап, жакшы менен жамандын, арам менен адалдын арасындагы айырманы ачыктап түшүнүү, диний көз карашынын пайдубалын түптөө үчүн арышын кенен таштаган ар бир адамга «Арыбаңыз!» гана демекчимин.

Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!