СДЕЛАЙТЕ СВОИ УРОКИ ЕЩЁ ЭФФЕКТИВНЕЕ, А ЖИЗНЬ СВОБОДНЕЕ

Благодаря готовым учебным материалам для работы в классе и дистанционно

Скидки до 50 % на комплекты
только до

Готовые ключевые этапы урока всегда будут у вас под рукой

Организационный момент

Проверка знаний

Объяснение материала

Закрепление изученного

Итоги урока

Жаратылыш жана биз дайым эриш-аркакпыз

Нажмите, чтобы узнать подробности

Просмотр содержимого документа
«Жаратылыш жана биз дайым эриш-аркакпыз»

ЖАРАТЫЛЫШ ЖАНА БИЗ ДАЙЫМ ЭРИШ-АРКАКПЫЗ
Сабактын максаты: 
1. Жаратылышты сүйүүнүн, даңктоонун белгилүү бир системасын окуучуларга жеткирүү. 
2. Окуучуларды өз оюн ачык айтууга, ой жүгүртө билүүгө үйрөтүү. 
3. Табиятты сүйүүгө, коргоого тарбиялоо. 
Сабактын жабдылышы: Кыргызстандын картасы, плакат, түстүү сүрөттөр.
Сабактын тиби: Сабак-конференция.
Сабактын жүрүшү: 
1. Уюштуруу 
2. Жаңы тема 
Саламатсыздарбы, бүгүнкү конференциянын катышуучулары. Ар бир доордун, ар бир табигый мезгилдин өзүнө ылайык мүнөздүү белгилери болот. Маселен, XXI кылым үчүн илимий-техникалык революция жана айлана-чөйрөнү, кен байлыктарды, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо мүнөздүү. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр адамдын алгачкы жашоо мезгилинен эле анын материалдык булагынын негизин түзүп, адамдын тамак-ашка жана ар кандай сырьелорго болгон талаптарын канааттандырып келишкен. Алардын көпчүлүгү эң баалуу промыселдик жана спорттук мергенчилик объектиси болуп саналат. Биздин конференцияга 7 областтан экология жана табиятты коргоо тармагында иштеген өкүлдөр келип отурат. Анда эмесе сөздү алгач Чүй областынан келген өкүл Базарбай уулу Тилекке берсек. 

Базарбай уулу Тилек: 
- Мен Базарбай уулу Тилек Чүй облусунун экология жана табиятты коргоо жаатында иштейм. Алгач Чүй областы жөнүндө кыскача маалымат берсем.
Биздин облус Кыргызстандын түндүгүндө орун алган. Негизинен өнөр жайы, айыл чарбасы эң жакшы деңгээлде десем жаңылышпайм. Облусубуздагы Карабалта килем комбинаты, Канттагы кант заводу, Вино-шарап-шампан комбинаттары, ошондой эле "Ата" фабрикасы, "Зина" кондитердик фабрикасы элдин талабын аткарууда чоң мааниге ээ. Ал эми табияттын кооз жерлерин айта кетсем. Чоңкемин жаратылыш паркы, Токмок рассадниги, Ала-Арча улуттук парктары кооз жерлер болуп эсептелет. Ала-Арча жөнүндө айта кетсем. Парк 1976-жылы уюшулган, аянты 19,2 миң га. Карагайлуу сейрек токой ушул капчыгайда. Тянь-Шань карагайы, арча, дарактар, чөп өсүмдүктөрү паркка көрк берип турат. Андан сырткары алардын рекреациялык мааниси зор. Паркты курчаган чокулар, мөңгүлөр, туризмдин, альпинизмдин борбору болуп эсептелет. Кыргыз тоолорунда тоо эчки, илбирс, аркар, канаттуулардан - ак кунас, кара кунас ж.б. кездешет.
Мугалим: 
Рахмат сизге. Анда эмесе сөз Талас облусунун өкүлү - Капар кызы Жайнагүлдө.
Капар к. Жайнагүл: - Талас облусу Кыргызстандын түндүк-батышында жайгашкан. Биздин областтагы Жер үй алтын кенинин, Киров суу сактагычынын мааниси чоң. Талас мамлекеттик коругу, Киров зоологиялык коругу, Беш-Таш жаратылыш паркы кооз жана көркөмдүү. Бул жерлерде сүт эмүүчүлөрдөн күрөң аюу, илбирс, аркар, тоо-теке, элик, каман, суур жана башкалар кездешет. Буларды сактоо, кам көрүү биздин милдетибиз деп ойлойм.
Мугалим: - Эмки сөздү Ысыккөлдөн келген өкүл Шайлообек уулу Шайырга берсек.
Шайлообек уулу Шайыр: - Биздин жерде курорттук маанидеги шаар жана шаарчалар көп. Мисалы, Чолпон-Ата, Жети-Өгүз жана башкалар. Ысык-Көл коругу 1948-жылы уюшулган. Ал сууда сүзүүчү канаттууларды сактоо үчүн уюштурулган. Коргоого алынган канаттуулар: ак куу, кызыл тумшук өрдөк, боз каз, куркулдак ак куу, кашкалдак ж.б.. Жээгиндеги бадалдар жана узун чөптүү саздак жерлер, аларды мекендеген кыргоол, коен ж.б. майда жаныбарлар корголот.
Мугалим: - Суроолор болсо берсеңиздер.
Окуучу: 
- Коруктарды жана парктарды эмне максат менен уюштурасыздар?
Шайлообек уулу Ш.: 
- Эң баалуу деп эсептелген жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн, канаттуулардын саны азайып кетип жатат. Ошолорду коргоп, сактап калыш үчүн уюштурулат.
Мугалим: - Рахмат Сизге, Шайырбек. Кезек Нарын облусунда.
Ормонбек кызы Айпери: - Мен Нарын облусунун экология жана табиятты коргоо жаатында иштейм. Нарын областы тоолуу келет. Биздеги Кара-Кече, Миң-Куш көмүр кендеринин Жетим-Тоодогу темир кенинин республикалык мааниси чоң. Соң-Көл, Чатыр-Көл, Каратал-Жаңырык коругу, Нарын коругу эң кооз жерлер болуп эсептелет. Нарын коругу 1958-жылы уюшулган. Анын аянты 599 миң га. Милдети эндемик жаныбары Тянь-Шань маралдарын, карагайлуу токойлорду коргоо. Андан сырткары мында эчки-теке, аркар-кулжа, элик бар. Облусттун тоолорунда сүлөөсүн, аюу, Нарын дарыясында Түркстан жаяны кездешет.
Мугалим: 
- Суроолор барбы? Суроо жок болсо, сөздү Ош облустунан келген Айдарбек к.Айпериде.
Айдарбек кызы Айпери: - Ош облусу республиканын түштүк батышында орун алган. Биздин аймактагы пахта заводу, жибек комбинаты кездеме чыгарууда эң чоң мааниге ээ.
Жашылча, жер-жемиштин бардык түрү өстүрүлөт. Мисалы: алма, алмурут, коон-дарбыз, помидор, капуста, пияз ж.б.. Кыргыз-Ата улуттук паркы жөнүндө айта кетсем. Парк 1992-жылы уюшулган. Аянты 11,3 минң.га. Милдети уникалдуу арча токоюн, көк гүл, колхикум, крокус, Түркстан жоогазынын коргоо болуп саналат. Тоолордо Түркстан арчасы, элик, тоо эчки, Ак-Буура дарыясында Түркстан жаяны кездешет, бул балык Кызыл китепке катталган.
Мугалим: 
- Айпериге суроо барбы?
Мугалим:
- Өсүмдүктөрдүн азайышына кимдер себепкер?
Айпери: 
- Аларды ар кандай максатта жок кылып жатышат. Мисалы: тамырын, мөмөсүн, жалбырагын дары, витаминдерди жасоо үчүн терип жатышат, о.э. арча, карагайларды, бак-дарактарды курулуш материалдары катары пайдаланышат.
Мугалим: -Рахмат сизге. Анда эмесе сөз Баткен облусунан келген Эсенгелди кызы Айнурада.
Эсенгелди кызы Айнура: - Саламатсыздарбы. Баткен облусу республиканын түштүк жагында орун алган. Биздеги Сүлүктү, Кызыл-Кыя көмүр кендерин айта кетсем болбос. Ал эми Баткен өрүктөрү өзүнүн даамдуулуктары менен көңүлдү бурат. Түркстан жана Алай тоо кыркаларынын арча, карагай токойлору эң баалуу компонент болуп эсептелет. Жаратылыш байлыктарынын ичинен жер байлыгы өзгөчө мааниге ээ. Коргоого алынган канаттуулардан кумай, ак төш көгүчкөн Түркстан, Алай, Памир тоолорунда кездешет.
Мугалим: 
- Рахмат Сизге. Суроо болсо берсеңиздер.
Суроо: - Корукка алынган канаттууларга кандай шарт түзүп бере аласыздар?
Айнура: - Алардын жашоо чөйрөсүн жакшыртабыз. Уяларын карайбыз, о.э. аңчылыкка чыккан адамдарга тыюу салабыз.
Мугалим: - Эми кезек Жалалабат областына келди окшойт.
Аскар: - Мен, Көчкөнбаев Аскар, Жалалабат областынын жаратылышты коргоо бөлүмүндө иштейм. Жалалабат республиканын түштүгүндө орун алган. Бир канча суу сактагычтар бар. Мисалы: Токтогул ГЭСи, Ташкөмүр, Шамалдысай, Күрпсай, Үч-Коргон ГЭСтери. Андан сырткары Ташкөмүр, Көк-Жаңгак көмүр кендери, Майлуу-Суу лампочка заводу, Кара-Көлдөгү "Достук" заводу элдин талабын аткарууда чоң мааниге ээ. Жаратылышы кооз жерлерибиз аз эмес. Мисалга алсак, Сары-Челек коругу. Ага жаңгак, карагай, клен, алма, алмурут, арча, долоно жана башкалар көрк берет. Көлдүн өзүнүн кооздугу кайдигер калтырбайт. Беш-Арал коругу бул дагы эң кооз жер. Мындагы Мензбир сууру, кундуз, суусар, мадыл, илбирс жана башкалар корукка алынган.
Чычкан өрөөнү да көрктүү болуп эсептелет. Өрөөндөгү арча, карагайлар, тал- теректер о.э. Чычкан суусу өзгөчө адамга жагымдуу келет.
Мугалим: - Рахмат сизге. Суроо болсо берсеңиздер.
Суроо: - Чычканга жыл сайын балдар эс алып барышат. Ошолорго кандай чаралар көрүлүп жатат?
Аскар: - Туура айтасыз, бардык эле окуучулар жаратылышка аяр мамиле жасоону билишпейт. Муну мугалимдер көзөмөлгө алышат. Алар менен тарбиялык иштерди өткөрүшүп, мүмкүн болушунча тазалыгын эске алышып, таштандыларды таштабаганга үйрөтүшөт.
Мугалим: - Рахмат сизге. Эми окуучулардын сүрөттөрүнө көңүл бурсак. Айткылачы, бул сүрөттөрдү кандай максат менен тарттыңар? Эмнени ойлодуңар?
Окуучу: - Биз сүрөт-төрдү тартуу менен бирге жаратылышты сүйүүгө, коргоого, даңктоого даяр экенибизди билдиребиз. Ошондой эле ар бир окуучуну жаратылышты сүйүүгө, коргоого үндөп кетмекчибиз. 
Мугалим: - Эң жакшы. Сөзүбүздүн аягында айтаарыбыз, жаратылыш менен дайым эриш-аркак бололу. Бул конференцияны жөн эле өтүп койгон жокпуз. Сүрөттө көрүнүп тургандай күн нурунун жылуулугу биздин жашообузду жандандырат. Бийик Ала-Тоолорубуз көрк берет, көк кашка суулар жашообуздун негизин түзөт. Жердеги өсүмдүктөр, жаныбарлар жаратылыштын көркү эмеспи. Ошондуктан ушул сулуулукту алаканга салып, аяр тутуп алалы демекчимин.
Үй-тапшырма: Жаратылыш жөнүндө дилбаян жазып келгиле.


Скачать

Рекомендуем курсы ПК и ППК для учителей

Вебинар для учителей

Свидетельство об участии БЕСПЛАТНО!